Бектурали Исамидин уулу: Аял – бакыт, аял – жакут, аял – шам

  • 03.02.2023
  • 2156

Йе, могу отурушту караң. Дымактуу. Акындык кыял, акындык ой чабыт жүргүзүп отурбайбы... Тар чөйрөдө Ташмылтык аташат экен аны. Таш мылтыктай бар экен. Ырларын жөнөтүптүр. "Чү" дегенде:

Тиги айыл... Ооба, ошол топурак,

Топ-топ балдар, кара күчүк, боз улак.

Кулпусу жок, ачык турган эшиктер,

Кучак жайып, конок тосуп отурат...

Ушул саптарды окуганда эле бали дедим. Көркөм талапка жооп берет экен дедим. "Эми бизде жаңы тартип мамындай, - дедим: - авторлор ар бир алты айда РухЭшке 1000 сомдон взнос төгөсүңөр, жарым жыл чыгармаңарды бекер жарыялайм. Ансыз адабий аянтчаны кармоо мага кыйын" десем, шар эле "Мбанкыңыздын номурун жөнөтүң, азыр эле котором" деди. Мунусуна да бали дедим!

Мбанк-0700532585 бердим. Тыйынын шак которду.

Анан учур адабиятынын акындары ушул жигиттей тың-тарс, шар, шыр болсо деп тиледим! Болбосо биздин коомдо акындарды көбү жүдөмүштөй, бечерадай, чөнтөгүнүн түбү тешиктей элестетишет. Акындын образын өзгөртүшүбүз керек. Акын десе көбү терек сүзүп тырайып жаткан алкашты же апенди мүнөздүүлөрдү элестетпей, акын турмушунда чыйрак, чөнтөгүндө банктык эсеби бар, ааламдык ой чабыты кенен инсан деп элестетиши керек.

Мен акын-жазуучулардын бечара болуп жашаганын көргүм келбейт. Биз адабияттын зоболосун көкөлөтө турган мезгил келди. Эркин чыгармачылык, эркин экономика, жаратман экономика менен жуурулушуп жашай турган доор. Адабият интеллектуалдуу товарга айланышы керек. Андыктан адабияттагы жаңы ысым, жаңы дүбүрт, жаңы таланттар Бектурали Ташмылтыктай тың болгула! Шар болгула!

Ал эми мен жөнүндө кимиң эмне десеңер дей бергиле. Баягы О`Шакир көрдүйнөнүн көтүнөн кууган кокуй болуптур дегиле. О`Шакир ар бир акын-жазуучудан алты айда бир взнос талап кылчу болуптур дегиле. А мага эмне, жинди деген жинди да))) девеле улуттук адабиятты жаңы тепкич, жаңы багытка бурган ишмердигимди кыла берем)))

 

АЙЫЛДАГЫ ЭЛЕСТЕР

Тиги айыл... Ооба, ошол топурак,
Топ-топ балдар, кара күчүк, боз улак.
Кулпусу жок, ачык турган эшиктер,
Кучак жайып, конок тосуп отурат.

Укмуш элес, жашоо түгөл, калк иштеп,
Утурумдуу тирүүлүктө тартыш көп.
Ата калат, зор түйшүктү көтөрүп,
Бала барат мектебине нан тиштеп.

Төрдө отурат чоң ата ичип ысык чай,
Топчуланган ак көйнөгү бырышпай.
Ак нан жаап апа жүрөт тандырда
Анын жүзү оттон дагы ысыктай.

Кыш чилдеси, карда бассаң кычырап,
Кара көмүр – таза тамак бышырат.
Маара узак, үшүп калса кыш айы,
Мейман болуп меш түбүндө ысынат.

Жемиш жоктур, күнгө бышкан жемиштей,
Жанагы айыл... Ооба, ошол бейиштей.
Башка жерде окшошу жок өзүнө,
О ЖАРАТКАН, бир жасаган зерикпей.

БИР ООЗ СӨЗ
Бир ооз сөз – бүт жүрөктү канатуу,
Бир ооз сөз – жаңылыкты таратуу.
“Кечириң” – деп кемчилик түшүнүп,
Бир ооз сөз – урушкандар жарашуу.

Бир ооз сөз – достошкондор бөлүнүү,
Бир ооз сөз – жинденгенде сөгүнүү.
Бир ооз сөз – акылманга айлануу,
Бир ооз сөз – акмак болуп көрүнүү.

Бир ооз сөз – кылмышыңды жашыруу,
Бир ооз сөз – тууганыңды качыруу.
Башка чаап сүйлөгөнгө рахмат деп,
Бир ооз сөз – таш атканга аш уруу.

Бир ооз сөз – душманыңа сыр ачуу,
Бир ооз сөз – ден соолугуң сурашуу.
Ичтен чыккан ушакчынын айынан,
Бир ооз сөз – падышаны кулатуу.

Бир ооз сөз – кимдигиңди билгизет,
Бир ооз сөз – башты көккө тийгизет.
Бар топтогон кадырыңа доо кетип,
Бир ооз сөз – жерге сени киргизет.

Бир ооз сөз – жоого аскер  аттанат,
Бир ооз сөз укса гүлдөр баш багат.
Бир ооз сөз айткан үчүн тилди эмес,
Бир ооз сөз – тилге кошуп башты алат.

Бир ооз сөз – турат сени камчылап,
Бир ооз сөз – болот сага шам чырак.
Бир ооз сөз – сактап калса өлүмдөн,
Бир ооз сөз – уккан үчүн жан чыгат.

Бир ооз сөз – зор ийгилик жаратуу,
Бир ооз сөз – түн аяктап, таң атуу.
Бир ооз сөз – үмүт берүү башкага,
Бир ооз сөз – жашап туруп жашатуу.

КЫШ
Кар жаады бүт дүйнөнү аластап,
Көңүл кирсиз, аалам жаңы, кар аппак.
Күндө баскан кир жолдорду таба албай,
Керек бүгүн бардыгыбыз адашсак.

Күн тийгенде жер бетинен нур учат,
Кенен үйдү мештин оту жылытат.
Бүт сүйүүсүн ороп туруп кар менен,
Бүгүн баары сүйгөндөрүн урушат.

Күрс-күрс жөтөл... тынчтык бербей турду да,
Чоңдор үчүн кыш чилдеси Тундра...
Кызыл сабиз калган эмес эч жерде,
Койгон балдар кар кишинин мурдуна.

Чана тепкен жолдор изин салууда,
Чатырдагы муздар эрип тамууда.
Адамзатка ар убакта кыш керек,
Аппак кардай бир тазарып алууга.

МЕН АЙЫЛГА БАРГАНДА
Канча кечтик өзөн суунун жайыгын,
Катаар элек тентек иштин  айыбын.
Аалам жолго багыт берген үчүн да,
Ар бир адам сүйсө керек  айылын.

Балдар жүрөт чырпык атты чапкылап,
Бүгүн айыл тосту мени жакшылап.
Сүйүнгөнүн кыйкырыктан билдирип,
Сарайлардан короз чыкты каккылап.

Айыл деген аруу болбос мынчалык,
Адамдарда арамдык жок кылчалык.
Илим алып, көп кыйналды дегенсип,
Иттер бүгүн үрбөй жатты тынч алып.

Башын буруп күткөн экен келет деп,
Бутун тушап саачу апам  тебет деп.
Кайдан тепсин, жоош тартып уйубуз,
Кубангандан сүт бериптир челектеп.

Кошуналар  үйгө жүр дейт четинен,
Кары-жашы өөп жатты бетимен.
Жактырганым билген үчүн тооктор,
Жумуртканы  берип салды экиден.

Майрам болду, казан асып, ыс чыгып,
Мен барганга кеткен өңдүү кыш жылып.
Дастарконго эми колум тийгенде,
Достор келди, мага тааныш ышкырык.

СЕНДЕГИ КЕРЕМЕТ
СЕНИН үнүң ойготот жаздыгыман,
Сүйүү болуп кезиктиң тагдырыман.
Бүт дүйнөмдү толуктап жалгыз өзүң,
Билсең эгер башкасың бардыгынан.

Мүмкүн эмес күлкүңдү унутканга,
Маңдайдагы жылмаюуң улук танга.
Карагаттай көзүңдөн ай уялып,
Күн жашынат аска тоо, булуттарга.

Гүлдөр өсөт суктанып бакчаңдагы,
Майрам тосот изиңдин баскан жагы.
Жаздыгыңа баш коюп уктаганда,
Жымыңдашат жылдыздар асмандагы.

Сөздөрүмдү арнасам терип четтен,
Сезимиме кадырлаш, шериктеш СЕН.
Кылым бою эрибес муздар дагы,
Кол тийгизсең кубанып эрип кеткен.

ҮЧ КАЛЫҢА АШЫКМЫН
Жасалгандай нур жүзүң бермет менен,
Жарыштагы маарасың эл жетпеген.
Болгон чындык дүйнөнүн сулуулугун,
Бото көздүүм, мен аны СЕН деп келем.

Кирбей калсаң түшүмө жатканымда,
Куйкаланат бүт денем ак жалынга.
Бар бакытты өзүң деп сезген үчүн,
Баягыдай эмесмин, башкамын да.

Кубат берип калемдин күч, табына,
Канат болсоң ырымдын учканына.
Ай шооласын акмалап караттырган,
Ашык болдум жүзүңдүн үч калына.

Куп жарашса бир калың маңдайыңда,
Келбетиңди саламын кандай ырга.
Кийинкиси көз асты, эриниңде –
Көргөнүмдө төгүлөт бал чайым да.

Алмаштырбайм “ҮЧ КАЛДЫ” башкасына,
Айдай сулуу, ак чырай, нак татына.
Көзүнө көз, өзүнө жолдош тутуп,
Кир жугузбайт “АЛ МЕНИН” жакшы атыма.

АЯЛ, СЕН...
Аял – бакыт, аял – жакут, аял – шам,
Аялга арнап күн шооладан жаяр таң.
Аял – улут, аял – эне, аял –жар,
Аял –дүйнө, сен ишенип таянсаң.

Аял үчүн айдан шоола түшкөндөй,
Аял жокто аалам, дүйнө, бүт нөлдөй.
Аялга деп ыр жазылып жүрөктөн,
Азап согуш аял менен бүткөндөй.

Алар бизди жакшылыкка камчылап,
Аял, аял, сен деп жүрөк жанчылат.
Бешиктеги бала менен кулпурсаң,
Бул дүйнөгө сени көксөп ай чыгат.

Аял – энем, аял – кызым, уюткум,
Аял – түгөй, жамгырындай булуттун.
Аял менен кошо жылып тирүүлүк,
Аял гана улоочусу УЛУТТУН.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз