Каныбек Иманалиев: Ак маанай поэзия

  • 15.01.2024
  • 3882

Кыргыз ыр дүйнөсү кыздар поэзиясынан эч качан колу куру эмес.

Мектепте окуп жүргөндө Н.Жетикашкаева, Н.Жүндүбаева, Т.Адышева менен Ж.Тынымсеитованын ырларына үңүлүп окусак, студент кезде М.Абылкасымова, А.Дегенбаева, Д.Жамансартова, М.Буларкиева, С.Абдыкадырова, Г.Момунова, С.Акматбекованын ырларын издеп окуп, А.Чойбекова, А.Узакова, Т.Закирова, А.Бегимкулова, Б.Карагулова, Б.Чотурова, Ө.Калыева, Ф.Абдалованын махабат саптарын жаттаар  элек.

Андан бери доор алмашты. Акыркы учурда кыздар поэзиясынын өтө таланттуу толкуну келе атат. Алар жөнүндө кийинчерээк сөз болор. 

Азыр болсо поэзиядагы курбалдашым, чыгармачылыкта санаалашым жана мен сыйлаган мырза жигит Кансултандын өмүрлүк жубайы Бакыт айымдын бул тырмак алды жыйнагы тууралуу сөз болсун. Ысымын азыр калың журт кеңири тааныбаган менен, студент кезиндеги Бакыттын ырлары өзгөчө эле. Кийин баарыбыз турмуштун түйшүгү менен кетип, бирин-экин гана ырларын кээде басма сөздөн окуп калып жүргөм.

Бул кол жазмасы менен таанышып кадимкидей эргүү алдым.

...Эне, ...бир тууган, ...бала-бакыра, ...өмүрлүк жар, ...уулдары, ...туулган жер, ...Сары-Челек, ...Ысык-Көл, ...Соң-Көл, ...Тоо, ...табият темасындагы жана арноо ырлары.

Жасалмалуулук жок. Баары чын жүрөктөн. Энелик сезим менен жазылган мээримдүү,... боорукер,... кечиримдүү,...кең пейил,... жумшак, ...назик, ...ажарлуу, ...ак маанай ырлар.

Автор, эмнеге тынчсызданса, сүйүнсө, санаа тартса, ойлонсо, кейисе, ошонун баарын ыр саптарына салган. Нукура поэзия гана ошондой болот. Жаш курагы жетилген поэзия.

Чыныгы жүрөктөн (автордон) чыныгы жүрөккө (окурманга) жетет. Айрыкча үй-бүлө темасында бул ыры өтө таасирдүү жазылган.

Жылтылдаган кара чачтар суюлуп,
Жылдан жылга бир туугандай туюлуп,
Жаныбызды бөлүп бердик балдарга,
Жашоо деген чоң деңизге куюлуп.

Же “Жол жомогу” ырында:  

...Энтелеңдеп ээрчип алган айылдан,
Эрке шамал артыбыздан агылган.
Чырактарым, бөбөктөрүм элестейт,
Чыксам үйдөн ошол замат сагынган.

Бир сөз менен айтканда, изденүү жолунда. Өзү “Көл сүйлөйбү?”

Акын Бакыт Мырзатаева

"Ооба, уулум, көлдүн ширин тили бар, 
Сеникиндей, сүйлөйт, ырдайт билип ал.
Тээ тереңден келген түрмөк толкунда,
Ата-бабам – Эр Манастын үнү бар..." ырында жазгандай, Бакыт айымдын ырларында чыныгы эненин ыйык үнү бар. Эненин үнү ар качан жүрөккө жакын туюлат. Калп айтпайт. Санаа тартат. Убайым жейт. Жакшылык гана каалайт.

Поэзиянын ары түйшүктүү, ары машакаттуу жолунда аруулук менен арыбастыкты, тунуктук менен карыбастыкты, улуулук менен бийиктикти каалайм!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз