Атамдан уккандарым

  • 13.02.2023
  • 2162

*   *   *

Балам, булбулдун мукам үнүн текшерүү үчүн калыстар тобуна сагызган отуруп калган да учурлар болот.

*   *   *

Балам, кээ бир сөз айтылат, а кээ бир сөз далилденет. Ыйык сезим туюк болот.

*   *   *

Балам, өз үйүңдө тынч уктаган да өтө чоң бакыт, билгенге.

*   *   *

Балам, жакшы сабак үчүн бир доска, бир бор жетиштүү. А калганы сенин жөндөмүң, аракетиңден көз каранды.

*   *   *

Балам, чынында достук жашка карабайт.

*   *   *

Балам, күн сайын бат бүтүүчү нерселерге кызыгып баратабыз. Тез эле бүтсө, тез эле келсе, тез эле алсам, тез эле, дагы да тез эле деп калдык, бирок даамдуу нан бышыш үчүн эң биринчи тандыр өзү бышып, нанды бышыра ала тургандай тапка келиши керек.

*   *   *

Балам, жакшылыктын ачкычы – жамандыктын жапкычы.

*   *   *

Балам, кайгыңа кошулуп боору ооругандар абдан эле көп болот, бирок ийгилигиңе кубангандар аз эле, бул тээ илгертен бери келе жаткан көрүнүш.

*   *   *

Балам, бузуучу эмес, куруучу болгун. Анткени бузуш кимдин болсо колунан келет, а баары эле кура албайт.

*   *   *

Балам, үй-бүлө “МЕН” дегендердин эмес, “БИЗ” дегендердин бирге жашоосу.

*   *   *

Балам, комузду билбегенге берсең – бир дарак, а билгенге берсең – бир сабак.

*   *   *

Балам, китептердин барактары саргарып кетсе, сен аны эски дебе. Анын сары беттери кымбат алтынга тете. Китебиңдин актыгы эмес, сага берер пайдасы маанилүү.

*   *   *

Балам, шартка, ыңгайга, кырдаалга жараша өзгөрүү – эки жүздүүлүккө кирбейт.

*   *   *

Балам, ысык баштан, суук буттан өтөт. Керектүү таштын оору жок, дайыма жаныңда кошумча кийим жүргөнү жаман эмес. Үшүсөң киесиң, болбосо чечип коёсуң.

*   *   *

Балам, адамдын жүзү эң кымбат жана кол тийгис. Анткени сулуулук, жылмаюу, мээрим, нур дал ушул жүздө жайгашкан эмеспи. Ал эми ошондой жакшылыктардын ойронун чыгарып, муштум узатып, канга боёгондук – акмакчылык эмей эмине?..

*   *   *

Балам, кичи пейил, сылык, жөнөкөй болуу, башкаларга жардам берүү, көп адамдарга кол сунуу, алардын өтүнүчүн аткаруу абдан жакшы. Бирок өзүң үчүн да жашаганга үйрөн! Кимдир-бирөөлөргө сен дайыма керексиң деген менен, кимдир-бирөөлөргө зарылчылыкта гана керексиң!

*   *   *

Балам, адал деп эсептелген жандыкты тепкенге болбойт!

*   *   *

Балам, элден чыкпа. Элдин назарынан калба. Элдин акысына тийбе. Элге берсең айтпа, айтсаң бербе. Жегениң жерде калат, бергениң элде калат. Эрден ашсаң болот, бирок элден аша албайсың, анткени ал – ЭЛ.

*   *   *

Балам, тирүү жүргөн бардык жандыктын, өсүмдүктүн, мөмө-жемиштин убал-сообу бар. Ким эмнени кордосо, мезгили келгенде ошол нерсеге зар болот.

*   *   *

Балам, адамдын көзү көп китеп окугандан эмес, ыңгайсыз шартта окугандан бузулса керек...

*   *   *

Балам, көп сүйлөгөн адамды чечен дегенге болбойт.

*   *   *

Балам, колуңдагы телефон сенин эсиңди алып, башыңды оорутуп уктатат, а китеп жан дүйнөңдү эргитип, мээңди сергитип уктатат, аз келгенсип эртеси да пайдасын берет.

*   *   *

Балам, кошунанын мөмөсү биздин жерге түшкөнү менен ал баары бир кошунаныкы...

*   *   *

Балам, алдыңдан өткөн кара мышыктын иши бар, сенин да ишиң бар, бирок кара мышыктан коркуп артка кадам таштоо – акылдуу адамдын иши эмес.

*   *   *

- Балам, алманы эмне кылыш керек?

- Жеш керек да!

- Эй жарыктык, биринчи тигиш керек.

*   *   *

Балам, жакшы деген оору болбойт, бардык оору жанга азап берет, бирок эч жериңди оорутпай туруп жармашкан илдети күчтүү оору бар, ал – жалкоолук. Анын дарысы эч жакта сатылбайт, аны МЭЭНЕТ деген дарыгер сакайтат.

*   *   *

Балам, кыйналганда эле эмес, бакытка балкып, ооматың таш жарып турганда да Жаратканды эсте.

*   *   *

Балам, мөмөсү быша элек даракка чыгып, шактарын сындырба, ар бир нерсенин жетиле турган убактысы бар, сабыр кылганды үйрөн.

*   *   *

Балам, канча досуң бар экенин билбейм. Албетте, достун көп болгону жакшы, бирок дайыма ак бойдон, таза дилинен, өмүр бою сага кызмат кылган “китеп” деген досуң бар, аны унута көрбө.

*   *   *

Балам, улутчул болбо, бирок мекенчил бол. Экөө эки башка түшүнүк.

*   *   *

Балам, оор салмакты көтөргөндөр гана балбан эмес, таң атар замат кайраттуулук менен үстүндөгү жеңил жуурканын көтөрүп кете алгандар көбүрөк балбан.

*   *   *

Балам, “билбейм” деген сөздү айткандан уялбагын, анткени бардык нерсени билүү мүмкүн эмес. Билген кишидей көрүнөм деп, аброюңа доо кетирип алышың ыктымал. Бирөө билип сурайт, бирөө сыйлап сурайт, дагы бирөө сынап сурайт, акылыңдын, маалыматыңдын жетишинче жооп бер, бирок топчуну төөгө айлантпа.

*   *   *

Балам, азыр атасыз өскөн бала эмес, акылсыз өскөн бала “жетимге” айланууда.

*   *   *

Балам, жыгылсаң тур, уктасаң ойгон, баштасаң бүтүр, чыксаң түш, барсаң кел, алсаң бер, бузсаң оңдо, кыскасы, бекер отурба! Керектүү, пайдалуу нерселер менен алектен, “жөн эле” деген сөз мага жакпайт, анткени бул максатсыз адамдын гана тилинен чыгуучу сөз. Ал эми турмушта токтоп турууга мүмкүн эмес, экөөнүн бири болот: алга жыласың же артка кетесиң, булар сенден көз каранды.

*   *   *

Балам, аркалаган кесибиңди ушунчалык берилүү менен сүйгүн, эгерде Жараткан дагы бир жолу кесип тандоо мүмкүнчүлүгүн берсе, кайра эле азыркы кесибиңди тандагандай болгун.

*   *   *

Балам, он беш жыл жашаган алманын узундугуна он беш күн жашаган ашкабактын бою жете алат. Мында маанилүүсү кимдин кызматы канчалык деңгээлде керектүү экендиги, негизги маселе ушул жерде. Тездик менен өскөн ашкабактын зарылдыгы  көп болсо он беш күн болор, болбосо ага да жетпейт. Ал эми он беш жыл жашаган алманын пайдасы канчалык экендигин өзүң жакшы билесиң. Демек, бардык нерсеге жетүүдө сабырдуу болуп, ар бир иште топук кылуу керек. Кыска убакытта зор ийгиликтер дайым эле жарала бербейт. Анткени он беш жылдык өмүрдө он беш жылдык тажрыйба, он беш жылдык  өнүгүү, он беш жылдык тарых, он беш жылдык жашоо бар, ал ошонусу үчүн керектүү.

*   *   *

Балам, адеп дегени бирөөлөрдү урматтап, сыйлап коюу менен эле чектелбейт. Эч ким жокто жалгыз, өзүң менен өзүң калганда да жаман ишти жасоодон сактанып, ошол адепсиз көрүнүшкө баруудан айбыгып, кез-кезде өзүңдөн уялып, ыксыз нерседен тартынып турсаң, мына ошол чыныгы адеп.

*   *   *

Балам, колдонбогон илимиң – башыңа артылган жүк.

*   *   *

Балам, тилиңе сак бол. Тилдин айынан падышага жеткен бар, тилдин айынан зынданга да кеткен бар. Тиш – азыктарды майдалоо үчүн эле эмес, анча-мынча тилди катып туруу үчүн да жаратылган.

*   *   *

Балам, сүйлөгөндө элге карап сүйлө. Сөзүңдүн уккулуктуу, пайдалуу болушун кааласаң, анда кагазды карап сүйлөбө. Элдин жүзү сенин эмне кылууң керектигин айтып турат. Эгер сени кунт коюп, маани берип угушса, демек сөзүңдү улантсаң болот, ушул көрүнүш тескерисинче болсо сөз сүйлөгөндү токтотушуң керек.

*   *   *

Балам, өзүңө да маани бер. Элде бар көңүл, сенде да бар.

*   *   *

Балам, эмне белек бергениң маанилүү эмес, кантип бергениң маанилүү.

*   *   *

Балам, эл колдонгон буюмга зыян келтирбегин.

*   *   *

Балам, маданият дегенди бир сөз менен түшүндүрүү кыйын, ал ошончолук чоң нерселерди ичине камтыйт, бирок сахнада жүрүү, бийлөө, ырдоо, көркөм окуу гана маданият экен деп түшүнүп алба, көчөдө түкүрбөй жүрүү да чоң маданият.

*   *   *

Балам, жүрөгүң таза, багытың түз, максатың так, аракетиң бекем болсо, бардык ийгиликке жетесиң.

*   *   *

Балам, илгери ден-соолугум экөөбүз акча издейт элек, азыр акчам экөөбүз ден-соолук издеп жүрөбүз, бирок таба элекпиз, көрсө, бардык нерсе акча менен бааланбайт турбайбы. Эч качан оорубагыла, садага болоюндарым...

*   *   *

Балам, саламды берүүгө да, алик алууга да милдеттүүсүң. Бирок кээде саламыңа алик албаган адамдарды кезиктиресиң. Ошондой кырдаалга туш болсоң, эгерим жинденбе, сен өз милдетиңден кутулдуң, алик алабы, албайбы – аны өзү билет. Маанилүүсү – саламды биринчи болуп узатканың.

*   *   *

Балам, эркек баланын кызыл түстөгү кийимдерди кийбей эле койгону жакшы.

*   *   *

Балам, сүйлөгөндө уга тургандай эле эмес, көзгө көрүнө турганчалык кылып сүйлөш керек, ал үчүн билим талап кылынат.

*   *   *

Балам, жашоо көптөгөн аттиңдерден жана балкимдерден турат.

*   *   *

Балам, ээр иттен кичине, бирок аттан бийикте турат. Чычкан мышыктан коркот, бирок пилдин сазайын берет. Ааламдын басымдуу бөлүгү деңизден турат, бирок тунук булактай боло албайт. Бир чөлкөмдөн башталып, аягы узарып бүтпөгөн дайралар бар, бирок алар ташты тешкенге кудурети жетпейт. Ал эми дайыма тамчылап турган кичинекей тамчы канчалаган таштарды тешип жиберет. Маанилүүсү – чоң болууда же көп болууда эмес, дайыма аракеттенип, туруктуу болууда.

*   *   *

Балам, жаш кезде энергиялуу болосуң, көп нерсеге жетүүгө мүмкүнчүлүгүң бар. Ошондой болсо да ден-соолугуңду жакшы сакташың керек. Кара жумуш оор болушу мүмкүн, бирок бир саат уктасаң кадимкидей эс алып каласың. Ал эми нервден чарчаган жаман, ал уктап коюу менен ордуна келбейт. Биринчиден, эч качан ооруба, бирок кээ бир майда ооруларга да дары-дармекти колдоно бергениң дурус эмес.

*   *   *

Балам, бардык нерсе сен күткөндөй болбой калышы мүмкүн, ошондой кырдаалдарга да даяр болгун.

*   *   *

Балам, жаратылыштын мыйзамына каршы келе турган иштерди жасабагын. Мисалы, теректи тескерисинен тикпе, өсүп турган даракты себепсиз кеспе, айтып отурсаң толтура.

*   *   *

Балам, башыңдын иштебей калганы үчүн буттарың азап тартпасын. Жасап бүтүп ойлонбой, ойлонуп бүтүп жасасаң адашпайсың, колу-бутту да кыйнабайсың.

*   *   *

Балам, баары акылдуу боло алат, бирок баары парасаттуу боло албайт. Ошон үчүн парасаттуу адам акылдуу адамга караганда бир топ кыйын болот.

*   *   *

Балам, алтын идиштен суу ичсең да, айнек идиштен суу ичсең да бирдей. Маанилүүсү –ичиндеги суу таза болсун. Ошол сыяктуу эле кийимиң да эч нерсени чечпейт, ошол кийимиңдин ичиндеги муштумдай эт баарын чечет.

*   *   *

Балам, улуулар да жаңылыштык кетирет. Сен алардын катасын эмес, жаңылган жолунан кантип туура жолду таап кеткенин үйрөнө бил!

*   *   *

Балам, сабак бербеген мугалимдериңе да салам айткын, анткени алар баары бир мугалим. Ал эми бардык мугалимдердин тилеги бир: жакшы окуучуну тарбиялоо.

*   *   *

Балам, “улууларды сыйлаш керек” деген мыйзам эч бир китепке жазылган эмес, ал кыргыздын канына сиңген. Азыр сыйласаң, эртең өзүң да сый көрөсүң.

*   *   *

Балам, адам акылга толгон башы менен эмес, ыйманга толгон жүрөгү менен барктуу.

*   *   *

Балам, максаты жок адам – кетмен, максаты бар адам – дыйкан. Ким кимди иштетип жатат түшүндүң да.

*   *   *

Балам, бул турмушту кино дейбиз ээ. А киного сценарий жазылат. Ошол турмушуңдун сценарийин жазып жатканда карандашыңды башка бирөөгө бербегин.

*   *   *

Балам, бардык эле мактоонун чын эместигин унутпа. Эрсиң деп ээрден, аксың деп аттан учурган да ушул мактоо.

Бектурали ИСАМИДИН уулу

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз