Каухар Биймамат кызынын көз кырындагы турмуш

  • 06.03.2023
  • 1161

Сүрөт www.wallpaperbetter.com булагынан алынды

ӨНДҮРҮШ  

Көчөдө машине көптүгүнөн кадам сайын тыгын, а өлкөдө машине тетигин чыгарган бир да завод жок.

ШТРАФ

Аңгек болуп оюлган жолго машинеси тыгылып калды. Андан күү менен айдап чыгам деп, эреже бузулду.

УЛУТТУК ИДЕНТТҮҮЛҮК

Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча тегерек үстөл уюшулуп, орус тилинде өттү.

ПАРАДОКС

Улуттун мыкты баалуулугу чагылдырылган макаласын расмий тилде жактабаганы үчүн колдоо таппады...

ТУФЛИ

– Апа, бул туфли мага жарашпайт экен, караңызчы?! Бутумду талпайтып көрсөтүп...

– Кызым, бул туфлиге мен жарашпайт экемин, карачы, – кара жумуштан калжыйган келбетин жашыра бүшүркөдү...

КЕСИП

– Өзүм каалаган кесипкке өтпөй калдым!

– Кандай кесипти кааладың эле?

– Котормочу!

– Ээ, баш оорутуп эмне кыласың? Мугалимдикке заочный тапшыр да, бүткөнчө Россияда иштеп кел, бүткөн соң мектепке ишке киресиң, иш даяр болот.

Ошондой кылды.

ЭРТЕ КЕЛГЕН ТУРНАЛАР 2

Калың карлуу кышта аттын омуросунан келген карды жиретип, бээ жетелеген тестиер балдар сүйлөшүп барат:

– Ээ, бизде кыш дайыма катаал, эжеке айткандай чын куран же бугу айында жаз келет...

– Ооба, бизде эле ошондой, түндүк уюл тараптагы мамлекеттерде бизден да катаал дейт ко!

– Бизден катаал болсо, аталарыбыз эмнеге ошол жакка иштегени кетишти...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз