Айдай Бекбоева: Лупа

  • 13.03.2023
  • 1135

Балдар үчүн аңгеме

Бүгүн Азаттын туулган күнү. Ал кудуңдап өзүнчө сүйүнүп жүрдү.

– Бизден белек! – кутудагы белегин беришти ата-энеси.

– Ой-ий! Бул эмне, кандай белек? – дароо эле кутучаны шаша-буша ачып жатты. Кыргызча-англисче сүрөттүү сөздүк анан лупа экен.

Мына кызык! Чынында чет тилин үйрөнө албай, убара болуп жүргөн.

– Мен азыр! – деди да, лупаны колуна алып сыртка чуркап чыкты.

Ити Азатты эле күтүп тургандай, куйругун шыйпаңдатып жанына келе калды. Тамак экен деп ойлоду окшойт, лупаны жалап көрдү.

Шумдугуң кур! Тили кыпкызыл, тиштери арбайып бир паста арыстанга окшоп кетти. Азаттын  жүрөгү «шуу» дей түштү.

– Ой! Ой! Сен эмне, арстан болуп кеткенсиңби? – деп артка кетенчиктеди.

Артта тапчанда мышыгы жаткан. Анын муруттарын санады:

– Бир, эки, үч...

Мышык көзүн ачып Азатты бир карады да «сенсиңби?» дегендей кайра көзүн жумуп уйкусун улантты.

– Тим эле, карасаң! – деп мышыгын жактырбай бурула бергенде, лупа колунан жерге түшүп кетти.

Аны алайын деп эңкейди эле, жердеги ызылдашкан кумурскаларды байкап калды. Кумурскалар ары-бери каттап жатышты. Бир кумурска өзүнөн чоң чемичкенин данын көтөрүп алыптыр. Тарталаңдап араң эле көтөрүп бара жатат. Өжөр окшойт, тиштегенин коё берчүдөй эмес. Таштап коёт деп ойлогом, жок, таштабады. Акыры үйүнө жеткирди.

Баштаган ишиңди таштаба...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз