Чыныгы окуучу жөнүндө икая

Осмон имериясынын тушунда Турциядагы султандын бир коногу, бул жерде жашаган белгилүү Шейхтен этият болушун эскертет, анткени Анатолияда аны менен от менен сууга кирсе кошо барар миңдеген окуучулары бар дейт... Эгерде Шейх ага каршы чыкса, мамлекетте чаң тополоң болуп, ал тактысынан айырылып каларын айтат.

Ал жөнүндө мындай сөздөрдү угуп, султан Шейхти өз көзү менен көргүсү келип, аны алып келүүгө желдеттерин жиберди. Шейхти хан сарайга алып келишкенде султан ага суроо берди:

- Сенин артыңдан ээрчиген миңдеген  чыныгы окуучуларың бар дейт. Ошол чынбы?

- Жок, бул жалган, - деди Шейх.

- Кызык, анда канча окуучуң бар? - деп сурамжылоосун улантты султан.

- Бир жарым, - деди ал табышмактуу.

- Бир жарымбы? Кызык экен, муну кандай түшүнсө болот? Анда эмне үчүн сиздин артыңыздан ээрчий турган миңдеген окуучуларыңыз бар экенин, ал тургай төңкөрүш жасаганга кудуретиңиз жетет деп айтышты?..

Шейхтен жооп болбогон соң султан сөзүн улантты:

- Андай болсо, текшерип көрөлү. Сиздин сөзүңүздүн чындыгын өзүм тактап билишим керек. Көпкө созбой бул ишти бүрсүгүнү эле жасайбыз. Шаар сыртында кенен талаа бар, бардык окуучуларыңызды ошол жерге чакырабыз.

Бул аңгемелешүүдөн кийин султан чабармандарын Шейхтин окуучуларына жиберип, бүрсүгүнү Шейх шаардын сыртында болорун, алардын катышуусу аябай зарыл экендигин айтып чакырып келүүгө жумшады.

Ал арада Султан талаанын четине чоң чатыр тиктирди. Чатырдын ичине бир нече койду эч кимге көргөзбөй байлап коюларын буюрду.

Белгиленген күнү талаага Шейх менен жолугушуу үчүн жүз миңдеген адам агылып келди. Султан Шейхке шыбырады:

- Сиз бир жарым эле окуучум бар дебедиңиз беле. А булар кимдер? Алар өздөрүн сизге шакиртпиз деген үчүн бул жерге келишти да, туурабы?

- А балким ошентип эсептешет, бирок сөз менен гана ошондой. Чындыгында андай эмес. Мен сизге айткандай, менин бир жарым эле окуучум бар. Аны бир аздан кийин өзүңүз көрөсүз.

Анан султан чогулган элге кайрылды:

- Шейх чоң кылмыш жасады. Эгерде аны сактап калыш үчүн өз өмүрүн кыюуга макул болгон он адам чыкса, ал аман калышы мүмкүн.

Эл күрү-гүү түшүп, бири-бирине чочулай карап турушту. Ошол учурда эл ичинен бир адам суурулуп чыкты:

- Ал менин Шейхим, ал менин Окутуучум. Мен ал үчүн жаным курман. Анын ордуна мени өлтүргүлө!

Султандын берген белгисинен кийин ал адамды чатырга сүйрөп кетишти. Чатырдан каны сыртка агып чыккандай кылып, бир койду мууздап жиберишти. Канды көрүп чын эле адамдын башы кесилди деп ойлошсун деди.

Агып чыккан канды көргөн элдин үрөйү учту. Арасында жыгылып калгандар да болбой койгон жок.

Аңгыча чатырдан кайрадан султан чыгып, чогулгандарга кайрылды, эми ал устаты үчүн жанын кыюуга даяр тогуз кишини чакырды. Бардыгы жымжырт болуп калышты. Бир аздан кийин алардын арасынан бир аял чыгып келип, Устаты үчүн өлүмгө даяр экендигин билдирди.

Мурдагыдай эле аны да чатырга алып киришип, экинчи койду мууздашты.

Агып чыккан кан мурдагы жерге сиңип бүтө элек канга барып аралашканын көргөн эл коркуп, четинен тарай башташты. Бир нече мүнөттөн кийин миңдеген окуучулардан бири да калган жок.

Ошондо Шейк султанга кайрылып:

- Көрдүңүзбү, менин бир жарым эле окуучум бар экенине эми ишендиңизби? - деп сурады.

Султан башын ийкеди. Анан өзүнчө кобуранып койду: “Эми түшүнүктүү. Демек, эркек –бул бир окуучу, ал эми аял – жарым окуучу экен да”.

- Жок, жок, - деди аны уккан Шейк. – Тескерисинче, аял – бир окуучу, а эркек – жарым окуучу.

Султандын түшүнбөй калганын көргөн Шейх өз сөзүн чечмелеп берди:

- Эркек аны дароо эле өлтүрүшөрүнө, болгондо да мыкаачылык менен мууздаларына көзү жеткен эмес, анда балким тирүү калам деген үмүт бар эле, А аял бардыгын көрүп, билип туруп өлүмгө мойнун тосуп берди. Мына ошол аял менин чыныгы Окуучум” деген экен Шейх.

Булак: al-chemy.ru

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз