Нагиб Махфуз: Баланын бейиши

  • 06.03.2024
  • 3280

АҢГЕМЕ

Египет жазуучусу, драматург, сценарист. 1988-жылы адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты болгон.

- Ата…

- Угуп жатам?

- Надия досум экөөбүз дайыма чогуу жүрөбүз.

- Абдан жакшы, кызым.

- Класста да, тыныгууда да, ашканада да чогуубуз.

- Керемет. Ал татынакай, тарбиялуу кыз.

- Бирок «Кудайдын мыйзамы» сабагында мен башка класска барам, ал башка класска барат.

Дасторконду саймалап жаткан аялына жалт караса, анын жылмайып турганын көрдү. Ал да жылмайып:

- Бул болгону «Кудайдын мыйзамы сабагында» гана да.

– А эмне үчүн, ата?

– Анткени сенин ишенимиң башка, анын ишеними башка.

- Кандайча?

– Сен мусулмансың, ал болсо христиан.

- Эмнеге, ата?

- Сен али жашсың, чоңойгондо түшүнөсүң.

- Мен чоңмун.

- Жок, балам, сен али кичинекейсиң.

- Мен эмне үчүн мусулманмын?

Билим берүүнүн заманбап ыкмаларына биринчи эле кадамдан доо кетирип албаш үчүн сабырдуулукту, этияттыкты көрсөтүү керек эле.

- Атаң мусулман, апаң мусулман, демек сен да мусулмансың.

- А Надиячы?

- Анын атасы да, энеси да христиандар. Ошондуктан ал дагы христиан.

- А эмне үчүн андай, атасы көз айнек тагынгандыктанбы?

- Жок, көз айнектин тиешеси жок. Болгону анын чоң атасы да христиан болгон.

Кызы бул темадан тажап, кептин нугу башка жакка бурулгуча, ал ата-бабаларын санап айта берүүнү чечти. Бирок кызы алаксыган жок:

- Кайсынысы жакшы, мусулманбы же христианбы?

Атасы бир аз ойлонуп жооп берди:

- Экөө тең жакшы.

- Бирок баары бир бирөө жакшыраак болот да!

- Эки дин тең жакшы.

- Надия экөөбүз эч качан ажырабай жүрүш үчүн христиан болуп алсам болобу?

– Жок, кызым, мүмкүн эмес. Ар бир адам ата-эненин динин сакташ керек.

- Эмне үчүн?

Чынында заманбап билим берүү оңой нерсе эмес көрүнөт!

– Чоңойгуча күткүң келбейби? — деп суроо менен жооп берди атасы.

- Жок, ата.

- Жакшы. Сен мода эмне экенин билесиңби? Демек, бирөө бир моданы ээрчийт, экинчиси башкасын жактырат. Мусулман болуу акыркы мода. Демек, мусулман бойдон калышың керек.

– Демек, Надия эскичилби?

– Надияң менен куруп кал!

Кылдаттык кылса да ката кетиргени көрүнүп турат. Эми бул абалдан чыгуу керек.

- Бул табит маселеси, бирок ар ким өз ата-энесинин динин мойнуна алышы керек.

- Мен ага эски мода менен жүргөнүн, а мен жаңы моданы ээрчип жүргөнүмдү айтсам болобу?

Ал кызынын сөзүн шашылыш бөлдү:

- Диндин баары жакшы. Мусулмандар да, христиандар да Кудайга ишенишет.

- Бирок эмне үчүн алар ар кандай бөлмөлөргө барып ишенишет?

- Анткени ар ким өз жолуна ишенет.

- Ал кандайча?

– Аны кийинки жылы же андан кийинки жылы билесиң. Азырынча мусулмандар да, христиандар да Кудайга ишенерин билүү жетиштүү.

– Кудай ким, ата?

Ал бир аз түшүнбөй калды. Көпкө ойлонду. Анан сабырдуу болууга аракет кылып сурады:

– Бул тууралуу мектепте мугалим эмне деди?

— Ал сүрөөнү окуду, биз куранды үйрөндүк, бирок мен эч нерсе түшүнгөн жокмун. Кудай ким, ата?

Дагы бир аз ойлонуп, жылмайып койду:

– Ал дүйнөдөгү бардык нерсенин Жаратуучусу.

- Баарын… баарын ал жаратты беле?

- Ооба, баарын.

- Жаратуучу деген эмнени билдирет?

- Ал баарын кылды дегенди билдирет.

- Ал баарын кантип кылды?

- Өзүнүн кудуреттүү каалоосу менен.

- Ал кайда жашайт?

- Дүйнөнүн бардык жеринде.

- Ал эми дүйнө боло электечи, ал кайда жашаган?

- Жогору жакта...

- Асмандабы?

- Ооба.

- Мен аны көргүм келет.

- Бул мүмкүн эмес.

- Жада калса телевизордон дагыбы?

- Телевизордон дагы.

– Анан аны эч ким көргөн эмеспи?

- Эч ким.

- Анда сен анын жогору жакта экенин кайдан билесиң?

- Анткени ушундай.

- Анын жогору жакта экенин ким биринчи билген?

- Пайгамбарлар.

- Пайгамбарлар?

- Ооба, мисалы, Мухаммед пайгамбар.

- Алар муну кайдан билишкен, ата?

- Аларга берилген өзгөчө касиеттери менен.

- Алардын көздөрү абдан күчтүү беле?

- Ооба.

- Эмнеге, ата?

- Себеби Алла аны ушундай кылып жараткан.

- А эмнеге ошондой жараткан?

Сабырынын акыркы калдыктарын жоготуп, мындай деп жооп берди:

- Анткени ал каалаганын жасай алат.

- Ал кандай неме?

- Аябай кубаттуу, аябай күчтүү, ал каалагынын жасай алат.

- Сендейби, ата?

Ал каткырып жибере жаздап араң токтоду.

- Анын эч бир теңдеши жок.

- Эмне үчүн ал асманда жашайт?

- Жер ал үчүн өтө кичинекей. Бирок ал баарын көрүп турат.

Ал бир аз ойлонуп, анан мындай деди:

- Бирок Надия ал жерде жашаган дейт.

- Анткени ал жер бетинде болуп жаткан нерселердин баарын өзү ушул жерде жашагандай эле билет.

- Анын айтымында, аны адамдар өлтүрүшүптүр.

- Бирок ал түбөлүктүү тирүү жана эч качан өлбөйт.

- Ал эми Надия өлтүрүлгөнүн айтат.

- Жок, кагылып кетейиним менин, аны өлтүрүп койдук деп ойлошту, бирок ал өлбөйт, тирүү.

- Чоң атам да тирүүбү?

- Жок, чоң атаң каза болгон.

- Аны адамдар өлтүрдү беле?

- Жок, ал өзү өлгөн.

- Эмне үчүн?

- Ал ооруган, ошондон каза болду.

- Кичинекей сиңдим да ооруп жатпайбы, эми ал да өлөбү?

Аялынын чыдамы кете баштаганын көрүп, кабагын чытып, унчукпа дегенсип ишарат кылды.

- Жок, кудай буйруса айыгып кетет.

- А чоң ата эмне үчүн өлүп калды?

- Ал ооруду, анын үстүнө ал карып калган.

- А сен да оорубадың беле, сен деле карыгансың, а эмнеге өлбөй калдың?

Апасы кыйкырып жиберди, кыз түшүнө албай, атасын карады.

- Кудайдын каалаган күнү өлөбүз, - деди атасы.

- Эмне үчүн ал биздин өлүшүбүздү каалайт?

- Бул анын өз эрки.

- Өлүм жакшы нерсеби?

- Жок, балам.

- Анда эмне үчүн Кудай жаман иштерди кылат?

- Кудайдын буйругу ошондой, адамдар өлүшү керек.

- Бирок өзүң айттың го, бул жакшы эмес деп.

- Мен жаңылыптырмын, балам.

- Апам эмнеге мен сени өлөсүң десем ачууланды?

- Анткени Кудай аны азырынча каалабайт.

- Качан каалайт?

- Ал бизди бул дүйнөгө жөнөтөт, анан бизди бул жерден кайра алып кетет.

- Эмнеге?

- Кеткиче бул жерде жакшы иштерди кылсын дейт.

– Кетпей койсок болбойбу?

- Эгерде адамдардын баары кетпей жашай берсе, жерге батпай калмакпыз.

- Жакшы нерселердин баарын бул жерде калтырабызбы?

- Биз мындан да жакшы жерге барабыз.

- Кайда барабыз?

- Асманга.

- Кудайгабы?

- Ооба.

- Аны көрөбүзбү?

- Ооба.

- Ал жакшыбы?

- Албетте.

- Андай болсо качан кетебиз?

- Бирок биз колубуздан келген бардык жакшылыктарды жасай элекпиз.

- Чоң атам жасады беле?

- Ооба.

- Ал эмне кылды эле?

- Үй салып, бак тиккен.

– Биздин тууганыбыз Туту эмне кылды эле?

Атасы айласы кетип апасын карады.

- Ал да кеткенге чейин кичинекей үй салган.

- Ал эми кошунанын баласы Лулу мени урат, ал жакшылык кылбайт.

- Ал жаман бала.

- Ал эмне өлбөйбү?

- Алла кааласа өлөт.

- Ал эч кандай жакшылык кылбаса делеби?

- Баары өлөт. Ал эми жакшылык кылган Кудайга барат, жамандык кылган отко күйөт.

Кызы үшкүрүнүп, бир азга унчукпай калды. Атасы чарчаганын сезди. Ал ага туура жооп бердимби деп тынчсызданып жатты. Бул суроолор анын жан дүйнөсүндө жаткан күмөн ойлорду ойготту. Бирок кызы кайрадан үн катты:

- Мен дайыма Надия менен бирге болгум келет.

Ал аны таң калып карады эле, кызы мындай деп түшүндүрдү:

- «Кудайдын мыйзамы» сабагында да.

Атасы каткырып жиберди. Апасы да күлдү. Оозун чоң ачып эстеди да, мындай деди:

- Балдар менен мындай маселелерди талкуулоо мүмкүн эмес деп ойлогом.

- Кызыңыз чоңойгондо ага бардык шектенүүлөрүңүздү айта аласыз, – деп акырын үн катты аялы.

Ал аялынын жүзүнө карап, анын олуттуу же тамашалап жатканын түшүнүүгө аракеттенди, бирок анын эч нерсе болбогондой, жайма-жай сайма сайып жатканын көрдү.

(Орусчага которгон В.Кирпиченко)

Кыргызчалаган Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз