Екатерина Зубкова: Ата-энелер балдарына үйрөтөр жети өрнөк

  • 15.04.2020
  • 4385

Ата-энелер өз балдары үчүн жеткен жадаткыр экенин түшүнүшпөйт!
Жорж Бернард ШОУ

Балдардын жүрүш-турушун керектүү нукка багыттап, аларга зарыл баалуулуктарды жеткире билүү жеңил иш эмес. Бул жерде жөн гана тажатма акыл-насааттарды айта берүү жетишсиз. Балдар келечекте мен да ушундай болсом деп кыялданып, аны туурай турганга үлгү болор адамдар болуусу зарыл. “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” дейт эмеспи. Ушул ыңгайдан караганда: ата-эне таасири – тарбия ишиндеги эң эффективтүү каражат болуп саналат.

Курулай эле акыл айта бербе

Ата-энелер балдарын жаман болсун демек беле, аларга дайыма жакшы адаттарды үйрөтүп, жакшы окууга, коопсуздук эрежелерин сактоо керектигин кудайдын куттуу күнү кулактарына куя беришет. Бирок бул айтылган акыл-кеңештер дайыма эле бутага таамай тие бербейт. Кээде балдар ал кеңештерди укмак турсун, өчөшкөнсүп тескерисинче жасап жаткандай туюлат.

Айткан акыл-насааттарыңыз курулай убара болуп, текке кетип жатканын көрсөңүз, анда күнөөнү башка тараптан издеңиз. Өзүңүздүн жүрүм-турумду караңыз. Өзүңүз айткан кеңештерди өзүңүз жашоодо колдонуп жүрөсүзбү? Балким балаңыз сиз кылганды кылып, так өзүңүздү туурап жүргөндүр?

Чоң кишинин сөзү менен иши ачакей чыкканда алдыда эки жол бар – өзүңдүн жүрүш-турушуңду оңдо же айткан акыл-кеңештериңди өзгөрт. Балким балаңыздан көргүңүз келип кыялданган сапат үй-бүлөңүз үчүн, балаңыз үчүн анча деле мааниге ээ эместир.

Албетте, балдар – бул клондор эмес, алар бардык жагынан атасы менен апасынын айтканы менен болуп, аларды такма-так туурап чоңойбойт. Бирок ата-энелер өздөрү чын дили менен аракет кылышса, аларга өздөрү каалаган баалуулуктарды үйрөтүп, таасир берүү мүмкүнчүлүгү бар чөйрөлөр аз эмес.

Балдар ата-энелеринен эмнелерди үйрөнөт

1. Окууга болгон мамиле

Балдарына оку, оку деп какшап айткан менен, өздөрү жаңы бир нерсе үйрөнбөгөнүнө 20 жылдан ашып, китепти колуна акыркы жолу качан алганын эстей албаган ата-энени элестетиңиз.

Эми ар дайым жаңы нерселерге кызыгып, окуп, үйрөнүп, үйрөнгөн нерсесин турмушта колдонуп жүргөн, өз кесибине керектүү заманбап билимдерди алып, маянасы жогору адис болууга жетишкен ата-эне менен аны салыштырып көрүңүз.

Бош убактыңызда балдарыңызга үй тапшырмасын аткартып, көзөмөл кылганыңыз, албетте, жакшы. Бирок өзүңүз курстарга жазылып, жаңы нерселерге умтулууңузду, окууга болгон жоопкерчилигиңизди балаңыз көрүп-билип турса, бул андан да жакшы эмеспи.

Азыркы учурда билимиңизди өркүндөткүңүз келсе, мүмкүнчүлүктөр арбын. Интернет баракчаларынан адистигиңизден тышкары, бардык тармактар боюнча бекер окутар каналдарды, макалаларды, лекцияларды, роликтерди тапса болот. Айтмакчы, баштагыдай эле каалаган китебиңизди бекер берген китепканалар дагы эле бар экенин унутпаңыз.

Балдар жаңы билимдерди алган ата-энелеринин ийгиликтерин көргөндө, алар да билимдин пайдасын түшүнүп, окууга болгон шыктануулары жаралат. Билим алуу алар үчүн мойнуна салынган камыт болбой, пайдалуу жана жагымдуу ишке айланат.

2. Жоопкерчилик жана милдет

Өзүңүз берген убадаларды аткарбасаңыз, анда балаңыздан кандайдыр бир ортоңуздарда болгон келишимди аткарышын күтүү кыйын. Ата-эненин айтканын аткарбай коюшуна ар дайым керектүү шылтоо табылса, анда баласы да “бошобой калдым”, “чарчадым”, “жетише албай калдым” – деген сыяктуу шылтоолорду тапканды бат эле өздөштүрүп алат.

Ошол эле учурда кээ бир ата-энелер сөзсүз айтканымды аткарышым керек деп, өз ден-соолугуна зыян келтирип алган учурлар да кезигет.

Эгер чоңдор балдарын өз милдеттерине акыл-эс менен карап, жоопкерчиликтүү болууну үйрөткүлөрү келсе, анда ар бир жасаган кадамдарын алар менен акылдашып, кеңешип жасагандары оң. Мисалы, апасы: “Бүгүн тай энеңдикине барып келели дедим эле, бирок чарчап турам” десе, андан барышты же барбашты ары кеңешип чечип алышат.

Балдар ата-энелиринин ар кандай шарттарда эмне кылышарын байкап турушат. Өздөрү кокус кечигип калса досторунан кечирим сурайт, бара албай калган жерлерине телефон чалып эскертип, кечирим сурайт.

3. Сый көргөзүү жана сылыктык

Балага жаш кезинен сыйлоо менен мамиле кылсаң, ал эч качан оройлук жасабайт. Ооба, өткөөл жаш учурунда андай жагымсыз учурлар болушу мүмкүн, бирок бул калыптанган адат эмес, убактылуу нерсе.

Эгер ата-энелер балдарынын чөнтөктөрүн аңтарбай, каттарын окубай, кабыл алган чечимдерин сыйлап, жеке инсандык касиеттерине доо кетирбей өстүрсө, анда бекем көз карашы бар мыкты адамды тарбиялап чыгышына шарт түзүп берген болот. Андай адам бирөөлөрдүн ишине кийлигишпейт, бирөөлөрдүн ой-пикирин уга билет жана сыйлайт. Ал эми “эмне кылышты балдарынан мыкты билген” ата-энелер бактысыз карылыктын камын жей берсе болот. Андай тарбия көрүп чоңойгон балдар, кийин ата-энесине өз эркин таңуулап, анын жашоосуна аралашып, ага чын ниетинен камкордук кылып жатам деп ойлошот.

4. Коопсуз кыймыл

Жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоо боюнча канчалык көп айтылбасын, эки жолдун кесилишинде кызыл жарык күйүп турганына карабастан баласын колунан сүйрөп бара жаткан ата-энелерди байма-бай жолуктурса болот. Андан кийин мектептен жолдо жүрүү эрежелерин мээсине куюп окутса да, ал эгерде шашып баратса, же жол ээн болсо кызыл жарык тоскоол болбосун жакшы билет.

Чоңдор спам-чалууларга кандай жооп беришти, кредиттик келишим шарттарын түшүнүп окууну балдарына үйрөтүп, ага өз аракеттери менен үлгү болушу керек. Бүгүнкү маалымат айдыңын коопсуз пайдаланганды, соцтармактарда эмнелер жөнүндө айтса болот, эмнелерди айтпаш керектигин түшүндүрүп, өз баракчаларын сыр сөз менен коргоону, баалуу маалыматтардын резервдик көчүрмөлөрүн сактап коюуну өз мисалында көргөзүп туруу максатка ылайык.

5. Туура тамактануу жана ден-соолукка камкордук

Кандай тамактануу жөнүндө талаш-тартыштарга кайрылбай эле коёлук. Болгону, бала чагында үй-бүлөсүндө кандай тамактанып жүрүшсө, алардын тамактанууга болгон талаптары ошол боюнча кала берүүсүнө мүмкүнчүлүктөр көп болорун эсибизден чыгарбайлы. Балаңыз чоңойгондо ким болсо дейсиз, эң мыкты тамактарды тандап жеп, ичимдик ичкен мырза чалыш адамбы же сергек жашоо өткөзгөн сыпайыгер болушун каалайсызбы. Уул-кыздарыңыз даамдуу тамактарды келиштире жасаган мыкты кулинар болсо дейсизби же убактысын сарамжалдап, дүкөндөн жарым жартылай даяр тамагын жеп көнгөн адамдардын катарын толуктаса деп ойлойсузбу.

Албетте, үй-бүлөдө чипсылар менен газдалган сууларды сатып алып колдонбой койсо эле, балдар анын даамын татып көрбөйт дегендикке жатпайт. Ал аны сөзсүз байкап көрөт. Бирок анын даамды сезүү органдары үйдөн даярдалган даамдуу тамактарга көнүп калгандыктан, көпчүлүк бөлүгү чипсылардан турган рационго көнө албайт.

Активтүү эс алууга, сейилдөөгө, сергек жашоого болгон мамиле ата-энелеринин таасири менен калыптанат. Эгерде апасы келечекте баласынын ден-соолугу чың болсо деп кыялданса, анда ал аларды дарыгерлерге эле алып барбастан, өзү да алдын ала кароолордон өтүп, дарыгерлердин көрсөтмөлөрүн туура аткарып, тишин дарылаткандан качпашы керек.

6. Акчага болгон мамиле

Биз жаш кезибизде эле ата-энелерибиздин акча тууралуу кандай ойдо экенин көрүп жүрөбүз, ошого жараша өз тыянагыбызды чыгарабыз. Акчаны жакшы көрсө болобу же ага кайдигер мамиледе болуу керекпи? Бай болуп жашоо өткөзгөн жакшыбы же “бул биз үчүн эмеспи”. Сарамжал болуу – жакшы сапатпы же бул кедейлерге тиешелүүбү? Бай болгон уятпы? Кайрымдуулук жасоо керекпи? Кредит алууга болобу? Ай сайын келечекте болчу чыгымдарга акча топтоо зарылбы? Акчаң тартыш болуп турса да, ойноп-күлүп акча коротконуң туурабы?

Чоң адамдар ар дайым өз кылган иштери менен ушул суроолорго жооп берип турушат, жана өз балдарына үлгү болушат. Ошондуктан, ата-энелер балдарына финансы маселесинде кандай жолду көрсөтүшөрүн жакшылап ойлонуулары абзел.

7. Өзүңө болгон ишеним

Кээде ата-энелер ашкере активтүүлүгүн көргөзүп, бардык маселени өздөрү чечишет, ошондуктан балдар бардыгын атам менен апам гана билет, менин колумдан эч нерсе келбейт деген тыянакка келет. Бул жерде ата-энелер өздөрүнүн мамилерин бир аз өзгөртүп, балдарына өз алдынча болуу үчүн эмне кылуу тууралуу ойлонуулары зарыл.

Бирок балдар ата-энесинин өздөрүнүн ишенимине бекемдигин көбүнчө кыймыл-аракеттерин тууроо аркылуу кабылдашат. Ошондуктан, ата-энелер өтө чектен чыкпай, өз ишенимдерине бекемдигин көрсөтө билиши керек.

Албетте, балдарга туура тарбия берүү үчүн кайсы жагынан үлгү болуу керектиги бул айтылгандар менен чектелип калбайт. Сиз үлгү болор мындан башка дагы көп жакшы сапаттарды, адаттарды жана көрсөтмөлөрдү эстейт болушуңуз керек.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз