Улук Уракун: Чемпиондор клубу

  • 16.04.2023
  • 2346

(Фантастикалык аңгеме)

“Жер кыймылын эч кандай оптикалык эксперимент менен аныктоо мүмкүн эмес, ошентсе да жер Күндүн айланасында тегеренет”.
Альберт Эйнштейн

(1922-жылдын 14-декабрында Жапониянын Киото университетинде айтылган «Мен салыштырмалуулук теориясын кантип түздүм» дегени Physics Today, 1982-жылдын августунда келтирилген.)

Түшүмдө Жер планетасы экемин. Адегенде кадимки өзүмдүн адам кейпимде тынч эле бөлмөмдө жаткам, дубалдагы өз колум менен тарткан граффитилерди карап. Ал жерде Роллинг Стоунз музыкалык тобунун логотиби – тилин сунган ооз турчу. Ансыз деле кыпкызыл бийкеч-ооздун тилине жараштырып Кыргызстан желегин кызыл жаян кылып тартып койгом. Жанында Орто кылымдагы Жапониянын ниндзяларынын курал-жарагынын бири саналган сюрикэн аттуу алыстан ыргытуучу бычагына окшогон Ву-Танг Клан тобунун логотиби жаркырайт.  

Бөлмөнүн баардык периметри боюнча «Бутч Кэ́ссиди жана Са́ндэнс Кид», “2001: космостук одиссея”, “Апокалипсис эми!”, “Тактылардын оюну”, “Мушкерлер клубу”, “Расёмон”, “Затойчи”, “Кинг-Конг”, “Годзилла”, “Жаактар”, “Метрополис”, “Короого караган терезе”, “Сансет Бульвар”, “Жаран Кейн”, “Чоң шаар жарыктары”, “Паравоз “Генерал” өңдүү дүйнөлүк кинематографтын эң мыкты тасмаларынын постерлери илинген.

Керебеттин сол жак тарабындагы дубалды каалгадан баштап терезеге чейин зор өлчөмдө англисче SHOWTIME деген жазуу кооздойт. Бул сөз кезинде, 1979-жылдан тарта 1991-жылга чейин Америка Кошмо Штаттарынын Улуттук Баскетбол Ассоциациясынын “Лос-Анжелес Лейкерс” аттуу командасынын курамында сыйкырчы аталган улуу Мэжик Жонсон менен легендарлуу Карим Абдул-Жаббар ойногон тапта пайда болгон. Ал учурда Жерри Басс клубду сатып алып, толугу менен оюндун концепциясын жаңыртып, аны жөн эле спорттук атаандаштык эмес, чыныгы шоуга айланткан. Экстраваганттуу бизнесмен оюн-зоокко Голливуддун көрүнүктүү жылдыздары менен чирлидерлерди аралаштыра кумарланган көрүүчүлөрдүн кан басымын көтөрөр өтө бийик деңгээлдеги шоу көргөзүп, биринчи болуп кесиптик баскетболдо мелдеш өткөрүү салтында революция жасаган.

Ага шайкеш Мэжик Жонсон өзүнүн таң калтырар данктары менен жолдошторуна карабай туруп топ узатуу сыяктуу укмуштуудай стили, ошондой эле белгилүү “асман кайырмагы” менен элдин оозун ачырган Карим Абдул-Жаббар көрүүчүлөргө керемет оюн тартуулашчу. Так ошондо баскетбол - спорт эле эмес, балет искусствосу болуп калган. Аталган элементтердин баары кошулуп, кызгылт көк-алтын түстөгүлөр SHOWTIME аталчу. Ал кез – даңктуу клубдун алтын доору... Шоу маалы!..

Мага келсек, ошентип түшүмдө керебетте жатсам, курутуп бөлөкчө шоу башталды! Алгач жер силкинди. Андан соң жер шарын сел каптады. Нухтун кемеси болууга да жарабаган бактысыз бөлмөм да сууга толду. Мени суу көмгөн соң, мен кайып болдум, бирок аң-сезимим ордунда десең. Бир убакта менин аң-сезимим жердин аң-сезими болуп калды. Мен жерге айландым окшойт.

Силкинсем, ичим чулкулдап ооругандай. А баягы мени каптаган селден улам сыртымдагы континенттер суу алдында калып, мен бара-бара көпкөк түскө боёлдум. Эгер жер топтой болсо, ачык күрөң түстөгү баскетбол тобу да көк түстөгү топко айлангансыды. Тумчугуп, бүткөн боюм калтырап, өз орбитаман жарылып чыкчудай болуп турдум.         

Бир маалда солк эте түштүм, жаным чыгып кеткенсиди. А аң-сезимим оордунан козголбоду. Өзүмө келсем, УБА чемпиондорунун чемпиондору мени менен кадимкидей баскетбол ойноодо. Курамда жалаң мурунку, кийинки легендалар. 1950-жылдардан тарта азыркыга чейинки дөө-шаалар. Эң мыкты оюнчу наамынын ээлери.

Чамасы, көзү өткөндөрү менен азыркылары биригип, баарынын курагы бир экен. Баары жаш, болуп-толуп турган чактары. Тим эле Олимп кудайларындай, кыймылдашса ааламда апаат болчудай. Жүрөгүм токтоп калчудай, алардын колунда топ болдум. Мени менен келтире ойношту.

Бирде түн, бирде күн болгонсуп, жылдыздар, ай, күн баары биригип прожектор болуп беришти. Чексиз космос мейкиндигинде легендалар арасында улуу оюн жүрдү.

  • 6-номурда он бир жолку УБА чемпиону, “Бостон Селтикс” командасынын борборчусу, теңдешсиз Билл Рассел.
  • 13-номурда эки жолку УБА чемпиону, “Филадельфия Севенти Сиксерс” жана “Лос-Анжелес Лейкерс” командасынын борборчусу, тарыхта жалгыз өзү бир жолку оюнда жүз упай топтогон оюнчу Уилт Чемберлен.
  • 44-номурда УБАнын бир жолку чемпиону, “Лос-Анжелес Лейкерстин” чабуулчу коргоочусу, УБА логотибинде көрсөтүлгөн Жерри Уэст.
  • 1-номурда УБАнын бир жолку чемпиону, “Милуоки Бакс” командасынын баштоочу коргоочусу, “Улуу О” атанган Оскар Робертсон.
  • 33-номурда УБАнын алты жолку чемпиону, “Лос-Анжелес Лейкерстин” борборчусу, Брюс Линин досу жана Мухаммед Алинин пикирлеши, сөздүн баардык маанисинде дөө-шаа Карим Абдул-Жаббар.
  • 6-номурда УБАнын бир жолку чемпиону, “Филадельфия Севенти Сикерс” командасынын жеңил форварды, Майкл Жордандын кумири, оюнду сыйкырдуу актка айланткан Нью-Йорктон чыккан феноменалдуу “Доктор Жей” аталган Жулиус Ирвинг.
  • 33-номурда УБАнын үч жолку чемпиону, “Бостон Селтикс” командасынын жеңил жана оор форварды, атактуу Ларри Бёрд.
  • 32-номурда УБАнын беш жолку чемпиону, “Лос-Анжелес Лейкерс” командасынын баштоочу коргоочусу, көрүүчүлөрдүн баарына өз күлкүсүн жугузган кайталангыс Ирвин “Мэжик” Жонсон.
  • 23-номурда УБАнын алты жолку чемпиону, “Чикаго Буллз” командасынын чабуулчу коргоочусу, оюнду ченебес бийик деңгээлге көтөрүп, аны бүткүл ааламга даңазалоо менен бирге адамзатын сүйгүзгөн, дүйнө жүзүнө дүң болгон баскетбол кудайы Майкл Жордан.
  • 34-номурда УБАнын төрт жолку чемпиону, “Лос-Анжелес Лейкерс” жана “Майами Хит” командаларынын борборчусу, лиганын негизги мокочосу болуп “Дизель” атка конгон өлтүргүч-машина, улуу жана коркунучтуу Шакил О’Нил.
  • 8-номурда УБАнын беш жолку чемпиону, “Лос-Анжелес Лейкерстин” чабуулчу коргоочусу, жалгыз жана кайталангыс “Кара Мамба” аталган Коби Брайант.
  • 3-номурда УБАнын үч жолку чемпиону, көрктүүлүгүндө чек жок, ылдамдуулугу үчүн “Флэш” атка конгон Дуэйн Уэйд.
  • 23-номурда УБАнын төрт жолку чемпиону, “Кливленд Кавальерс”, “Майами Хит” жана “Лос-Анжелес Лейкерс” командаларынын жеңил жана оор форварды, өз муунунун жүзү, тарыхтагы эң мыкты баскетболчу наамы үчүн салгылашып Майкл Жордандан так талашкан, 21-кылымда баскетболдун чыныгы “Падышасы” делген ЛеБрон Жеймс.
  • 30-номурда УБАнын төрт жолку чемпиону, “Голден Стэйт Уорриорз” командасынын баштоочу коргоочусу, айып аянтчасынан тышкаркы үч упайлык ыргытуулар боюнча баскетбол тарыхында түшкө кирбеген натыйжага жетип, чыныгы революция жасап “Снайпер” атка конгон Стефен Карри.
  • 34-номурда УБАнын бир жолку чемпиону, өзү дөө болсо да акылга сыйбас тез жана алдына ким чыкпасын талкалоочу оюну үчүн “Creek Freak” атка конгон, азыркы муундун негизги оюнчусу жана УБАнын үмүтү, түбү нигериялык, Греция жараны Яннис Адетокунбо.

Оюнду көзөмөлдөп, талаа сыртында Рэд Ауэрбах, Фил Жексон, Пэт Райли аттуу легендарлуу машыктыруучулар да жүрөт.

Мына анан оюнду көрүп ал! Чексиз космос мейкиндигинде баягы титандар мыжыгып, мендеги абанын баарын чыгарып салчудай ойношту. Тердеген алакандары менен мени кармаганда электр зарядын алгандай эле болом. Бир паркетти каккылайм, бир шакекчени көздөй учам, анан барып тактага тийип рикошет болуп шакекченин торуна сүйүктүү үндүн коштоосу менен кирем, кээде таза кирем.

Ар бири өзүнүн белгилүү ыкмаларындагы ыргытууларын көргөзүшөт, түрлүү дриблингдерди, эсти оодарган, көргөндүн көз жоосун алган көрктүү слэм-данктарды жасашат.

Бир маалда баягы оор сезим жоголуп, тескерисинче, өзүмдү өтө жеңил сезе баштадым. Гравитациялык тартылуу кыйла азайып, салмаксыздык пайда болгонсуду. Канаттуулар да мындай жеңилдикти сезбесе керек.

Титандар бака-шака, кээде каткырык-күлкүлөрү чыгат, кээде бирин бири сүрөп ураан чакыргансып калышат. Галактикалар менен кошо бүткүл аалам солкулдап турду.

Ал аңгыча кайдан-жайдан мага кол салууну көздөгөн белгисиз бир сары жылаан сымал узун жандык пайда болду. Мен паркетке тийген сайын мени жарып салуу максатында аркаман түшпөй сойлоп кубалайт. Бирок ага болобу, баягы титандар ээ-жаа бербей ойношот. Эр болсоң тартып алмак тургай мага тийип көр! Менин коргоочуларым берки желмогузду мага жолотпой ойношту. Аягы тигил неме чарчадыбы, айтор, артка чегинип анан көздөн кайым болгонсуду.

Доктор Жейдин мени колуна алган соң тактаны көздөй көкөлөгөнүн айт! “Аба баскетболу”, көрсө, абанын падышасы аталган Майкл Жордан менен эмес, ага чейин эле алда качан Доктор Жей менен кошо пайда болгону чын турбайбы, мен ага толугу менен ынандым. Ал учса, анын колунда абада калкып баратып кадимкидей бүткөн боюм дирилдеп, тулкумду адреналин каптайт.

Дайны жок чоңдугу менен бирге ченебес күчкө ээ болгон, “кара бороон” стили менен атаандаштарынын жүрөгүн түшүрүп, далай жолу шакекчеге даңк кылам деп тактаны кошо талкалаган Шакил О’Нил мени өзүнүн килейген алаканына алганда, жаным кабыгымдан мына-мына чыгып кетейин дейт.

“Үч улуу дөө” – Билл Рассел, Уилт Чемберлен, Карим Абдул-Жаббар - колдоруна мени былк этпей кармаганда, жүрөгүм токтогонсуйт, айланам катып калгансыйт. Абдул-Жаббар мени көкөлөтө “асман кайырмагы” стилинде ыргытканда жагымдуу баш айлануу менен барып шакекчеге тийбей таза кирип, торду силкип өтөм.

ЛеБрон болсо мени менен данктарды шакекчеге барскан менен мык каккандай эле кагат. Мэжик Жонсондун жада калса оюн учурунда да жүзүнөн жугуштуу күлкүсү кетпегенин көрүп маанайым көтөрүлөт, жаным жай алат. 

Деги койчу, кайсы бирин айтайын! Аң-сезимим пайда болгону мындай оюн көрө элек элем. Чыныгы “космостук жемге” күбө эле эмес, анын катышуучусу болдум!       

Жалындуу оюн соңуна жетти окшойт, чемпиондор кучакташып, бири бирине алкыш айтып, кызуу талкууга кирип, мени паркетке таштаган бойдон унутуп, өзүлөрү караңгы тарапты көздөй барып, буу сыяктуу издерин суутуп кетишти.

Дүнүйөмдү курутуп баягы сойлогон желмогуз паркетте кайрадан көрүндү. Сырткы күчтүн кийлигишүүсүз кыймылдабаганымдан кача албайм, кыйкырык салып жардамга да чакыра албайм. Тиги канкор болсо сызган бойдон түптүз мени көздөй келип, чекесиндеги мүйүзү менен жарып кетти! Чоң жарылуу болду! Ааламдын кеңейишине чоң жарылуу себеп болгонбу же жокпу, айта албайм, бирок мен Жер планетасы, чоң жарылуудан улам жок болдум!

Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети...

Аң-сезимимди Москва менен Вашингтондун кызыл баскычы такыр өчүрдү окшойт. Эч нерсе жок... Боштук.  

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз...

Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз