Улук Уракун: Куурчактардын чоң казаты

  • 28.03.2023
  • 2235

Cүрөт mvremya.ru/article булагынан алынды.

ГРОТЕСКТҮҮ НОВЕЛЛА

Себеби пианино ичип алган, мен эмес.
Том Уэйтс

Баардык нерсенин башаты Сөз демекчи, бу жолу дагы балээнин баары ошо сөздөн башталган. Куурчак театрындагы керектен чыккансып чаң басып жаткан куурчактардын кээси сыртты көздөй боштондукка чыгабыз деп чамынышкан. Куурчактардын тили чыгып, алар өз алдынча ой жүгүртө турган болгондо, кайдан-жайдан эркиндик деген сөздү угушат. Кимиси кулактарына шыбырап кеткени белгисиз, айтор, ошол учурдан тарта куурчактардын арасынан кээ бири башканы унутуп коюп жалгыз гана жаңкы табышмактуу түшүнүк жөнүндө кеп кылып, ага жетүүнү эңсеп калат. Окуянын башы ушу, уландысы ылдый.

“Кечки маал, театр ээн калганда, алдыңкы эшик ачылат, аны өзүбүз ачабыз, бул биздин эркиндигибиздин башталышы болот!” деп шериктештерин шыктандырган Микки Маус, алардын саат 20:00дөн кечикпей вестибюльга чогулушуусун талап кылат.

“Жок, биздин оордубуз ушу театрда! Сыртта бизди кандай сыноолор күтүп турарын кайдан билебиз”, – деп мындай авантюрага каршы чыккандар да болот. Алар менен бирге өтүмү жок суу жүрөк куурчактар бул сунуштан дароо эле баш тартышат.

“Гордийдин түйүнүн” акыры кесип, театрдын сыртындагы мейкиндикке баш багып, эркиндиктин даамын татам дегендердин саны азырак эле болуп чыга келет.

Белгиленген убакта вестибюльдун ар кайсыл бурчунан, мамычалардын көлөкө тараптарынан күбүр-шыбыр үндөр менен коштоло баягы топ куурчактын жүрүшү угулат. Караңгы бөлүктөн бери жарыкка карай четинен чыга келгенде Дон Кихоттун жана кайда болбосун анын аркасынан калбай илээшип жүргөн Санчо Панса, Күлала кыз, Кожо Насреддин, Кожожаш, Жез кемпир, Микки Маус, Шрек, Кемчонтой, Али-Баба, Питер Пэн, Капитан Крюк, Жалгыз көздүү желмогуз, Алпкаракуш, Сур эчкинин сөлөкөттөрү көрүнө баштайт. Дүбүрөп отуруп алар залдын борборуна топтолот.

– Урматтуу кесиптештер! – деп шамдагай Микки Маус биринчи болуп сөз баштайт. - Силердин чечкиндүүлүк кылып бул жакка келгениңиздерге абдан кубанычтамын. Тарых үчүн эң татыктуу иш кылдыңар деп эсептейм. Биздин саныбыз азырынча ойдогудан аз, балким катарыбыз дагы толукталар. Белгисиз жайга бет алуу ой-максаты көпчүлүктү чочутту окшобойбу. Алар өздөрүн эмнеден куру калтырып жатканын түшүнүшкөн жок. Алтынга арзычу нерсени көрө жана баалай билүү көрлөрдүн колунан келбейт тура. Муну айтып жатканымдын себеби, эркиндиктин баасы өтө кымбат болгон чыгар, ошол себеп көбү үчүн ал көтөрө алгыз жүк экен. Бирок биз ага капаланбайбыз, анткени кеп санда эмес, сапатта! Туурабы?! Биз бир ууч болгонубуз менен, жаркын кыялыбыз жана ага жетиш үчүн башыбызды бириктирген максатыбыз бар! Ал бизге дем жана күч-кубат берет. Андыктан, ар нерседен күмөн санап тайсалдабастан, алга карай биргеликте ишенимдүү кадам таштайлы! – деп Микки ашыкча узун жана көрктүү кебин жыйынтыктагыча болбой Капитан Крюк анын сөзүн бөлө:

– Делдең кулак, мен мобу жерге, бир чети, денемди кайыштырган ар кайсы орой колдорго кор болбош үчүн, экинчиси, күңүрт бөлмөнүн бир бурчунда томсорууну каалабаганымдан келдим! Мен мындай шордуу жашоодон көрө, шарап ичип, кыз-келиндердин кучагында жыргалга баткым келет! Ошондуктан сен куру сөзүң менен көөдөнүбүздү толтурууну ташта! Андан көрө, алтын жөнүндө оозанып калдың, жанагы кымбат делген эркиндигиңе токтололучу. Кымбат болгону эң сонун! Мага кымбат нерселер абдан жагат! А бирок ага жеткен соң, аны кантип өлчөп, кантип бөлүштүрүп алабыз, ошол маселени азыртан чечишип коёлу! – деди.

– Жүзүкара! Спектакльдеги ролуң менен турмушуңдагы өз маңызыңда айрымаң жок ачкөз неме окшойсуң - эчтеке боло элек жатып жок байлыкты бөлүшүүнү көксөгөнүн кантейин! – Крюктун айтканына нааразы болгон Питер Пэн башын чайкады.

– Жаагыңды бас, учуучу табияттын катасы! Же болбосо башыңды кесип туруп илмегиме илип алам, уктуңбу?! – деп ачууланды Крюк.  

– Эй, каракчы! Акырынчы! Сенсиз деле башым ооруп турат. Өзүңөн акыл кеп чыкпаса, башкаларга сөз берчи! – деди Крюкту карап кыжырданган Шрек.

Крюк ага мукактанып жооп кайтарууга даабай турду эле:  

– Сенин өзүңөн жарыткан ой чыкпаган соң көрүнгөнгө акылдуусунбагын, зөөкүр! – Жез кемпир Шректи жемеге алды.

Ошол замат чогулган топ ызы-чуу эле боло түштү. Биринен бири өтүп ажылдашкан жолдошторун көрүп көңүлү түшкөн Жалгыз көздүү желмогуз жини келип күбүрөдү:

– Шериктештикке мага жалаң келесоолор буюруптур да!

Ага арданган Кожожаш:

– Ырайымсыз досум, сенин дайны жок жалпыбызды кемсинткениңе жол болсун! Көңүлүң толбосо, анда текеберчилик кылбай жалгыз түш сапарга! – деп жооп кайтарды.

– Сөз ээсин табат эмей, ай, Кожоке, коё турчу эми, кырылдап койсо ошого чычалай бербей! – деген Али-Баба, Жез кемпирге карай: - Андан көрө, Жез тумшук эне, билерман жан элең, сиз уккан чыгаарсыз, айтыңчы, сыртта бизди эмне күтүшү ыктымал?

– Айткандын оозу жаман, көргөндүн көзү жаман демекчи, сыртың толо сыр, жөнтөгүм. Ал жакта айтып бүткүс сыноолор күтүп жатат бизди. Тышта күн тийсе куйкалайт, жаан нөшөрлөсө же кар жааса денеңди жараксыз кылып салат дешет. Сыртта желмогуздар да бар имиш. Аларын биздеги тээ ичтеги ширманын артында эч нерседен кам санабай уктап жаткан ажыдаардан коркунучтуу дешет. Аларың жан алса экинчи тирилгис кылып алат экен.

Анда Кемчонтой:

– Мына сага акысыз шоу-тамаша! Мурда эмне айткан жок элеңер бул шумдугуңарды?! Эй, достор! Мен мындай балекет баскан нерсеңерге макулдугумду берген эмесмин! Эркиндик – бул эң алгачкы байлык деп туруп мени алдап барып желмогуздарга жем кылганы турасыңарбы! Жок, кечирип койгула, мен бул жоругуңарга караманча каршымын! Акылсыздык менен ажал издегендер бара бергиле, а мен кала турган болдум, - дегени менен кууланып башкалар эмне дээрин күтүп калды.

Демейдеги оюн кайпактап көпчүлүккө билдире албаган Санчо Пансанын чечкинсиз мүнөзүн өйдөдө айтылган сөздөрдөн улам ичин заматта каптап кирген коркунуч сезими жеңип, бечара эптеп кобуранды:

– Ооба, айымдар жана мырзалар, мен Кемчонтойдун айтканына кошулат элем. Эп көрcөңүздөр, кыраакылык кылып артка кайталы. Сактыкта кордук жок демекчи, уруксат болсо, акылга сыйбас шашылыш кадамдарга баруудан баш тарталы.

– Олку-солку болгон акмак! – деп кайран Дон Кихот Санчонун кезектеги тажаткыр коркоктугуна ачуусу келип каарданып турган кези. - Деле жанынын таттуулугун айтайын! Эскертип коёюн, ашыкча былжырасаң, жанагы желмогуздарга сени так мен өзүм салып берем, уктунбу?!

Жол башчысы болуп келген Дон Кихоттун үрөй учурган сүрүн көрүп жүрөгү такыр эле согончогуна түшкөн Санчо башын жерге салып, каршы чыгуу оюнан кайтып, тил ооздон куру калды.

– Баатырым! – эшегин тетири минген амалкөй Кожо Насреддин ортого түшүп Дон Кихотко кайрылды. – Бир ачууңузду мага бериңиз. Сиздин алдагы торопой сымаал томпойгон жардамчыңызды ашкере тилдеп аткан көрүнөсүз. Балким байкуштун айткандарынын жөнү бардыр.

Муну уккан Санчо бираз көөнүн көтөрдү.

– Ооба, баарыбыз Сиздин көптөгөн эрдиктериңиз жөнүндө кабардарбыз, - Кожо Насреддин Дон Кихоттун көңүлүн алуу менен бирге аны акыл калчап иш кылууга чакырып турган чагы. – Ал жетишкендиктериңизди уккан киши Сиз менен суктанбай коё албас. Эр жүрөктүгүңүз Роланд, Зигфрид, Сид өңдөнгөн улууларга теңелсе, атагыңыз, керек болсо алардыкын алда канча ашып түшүп, дүйнөнүн бүткүл булуң-бурчуна тараган. Сиздин атыңызды укпаган тирүү жан жоктур бул ааламда. Бирок кабыланым, мени угуңуз - жети өлчөп бир кесели! Чындыктын жүзүн көрүңүз: Сиздин жаныңызда Ланселот, Парсифаль же Тристандар эмес, бизге окшогон кудайдан жөө качкан кем акылдар турабыз. Ошондуктан Сизден суранычым, бизге кысым көрсөтүп Гитлер, Сталин, Муссолини, Мао Цзэдун деген жалаңгыч диктаторлордун деңгээлине түшпөй, Гераклдай кенен болуңуз!

Калп айткан менен болобу, Кожо Насреддиндин сөздөрү Дон Кихотко балдай жагып, баатыр сынган бабанын ички дүйнөсүн балкытып, маанайын көтөрдү. Жакшы сөз жарым ырыс экенин Кожо Насреддиндей түшүнгөндөр аз чыгар.    

Ал ортодо баятан баарын тыңдап үн катпаган Күлала кыз талкууга кошулду:

– Достор! Албетте, айтылган ойлор себептүү. Ошентсе да бир нерсени эсибизден чыгарбасак, бизге эркиндик деген эмне экенин билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат! Эки гана жолубуз бар: же кайраттуулук кылып жашообузду өзүбүз өзгөртөбүз, же керт башыбызды ойлоп, башкалардын колунда оюнчук болуп жүрүп өтөбүз.

Муну уккан жыйындагылар ойлоно түшүштү.

Ошол маалда залдын караңгыга баткан түп тарабынан караандар көрүнгөндөй болду. Чогулгандын баары тынчып, ал тарапка көз чаптырса үч атчан жакындап келаткансыды. Көп өтпөй Манас, Ахилесс жана падыша Артур жарыкка чыга келишти. Суктандырган үч көсөмдү көрүп топ куурчак кошумча дем-күч алып, жүгү жеңилдеп туйлап калган жаныбардай сүйүнүчү коюндарына батпады. Дон Кихот Росинанттын үстүнөн секирип түшүп, тизе бүгүп урмат көргөздү. Жанында баягы үч баатырды жалдыраган бойдон эшегинин үстүндө оозун ачып отурган Санчо Пансаны найзасынын сабы менен желкеге бир койду эле, куурагыр аңтарылып жерге түштү. Тура калып эки жагын карап элеңдеп, чала-була күбүнүп, Дон Кихоттун тизелеп турганын көрүп жанына коштоп отура калды.

Дон Кихот оң колун жүрөк тушуна алып:

– Арыбагыла, көк жалдарым! – деп жаңы келгендер менен учурашты.

- Арыба, Ламанчанын жер кыдырган эр жүрөк рыцары! – деп баягылар жооп кайтарышты.

Башкалар менен саламдашкан соң, падыша Артур топ жыйынга кайрылды:

– Кымбаттуу кесиптештер, эгер каршы болбосоңор араңарга бизди да кошуп алгыла. Болду-болбоду пайдабыс тийер.

Куурчактар уккан кулагына, көргөн көзүнө ишенбей, уу-дуу болуп эрлердин бул сунушун чексиз кубаныч менен тозушту. Ал тургай Алпкаракуш менен Сур эчки дагы жанданып, үндөрү вестибюльду жаңыртты.

- Ыраазыбыз! – падыша Артур да кубанычын жашырбай улантты. - Баардыгыңардын эрдигиңерге таазим! Көбү коркуп жолго чыкпай койгондо силер тайсалдабай оордуңардан козголуп, өз тагдырыбызды өзүбүз тандайбыз деп, зындандын түзүмүнө баш ийүүдөн баш тарттыңар. Бирок мен четин угуп калдым, араңарда келишпестик ойлордон улам талкуу жаралды окшойт. Аны оорунсуз талаш-тартышка өткөрүп ийбейли. Баардыгы өз каалообуз менен болгону артык, демек, эч кимди зордобойбуз. Эгерде кимдир бирөө кетенчиктеп, өзүнөн өзү күмөн санап, чечимине бекем эмес болсо, анын ушу жерден артка кайтканы дурус. Анткени убакыт тар, күн батып калды, жакында түн кирет. Убакыттан уттурбайлы.

– Туура! - деп Манас Артурдун айтканына кошулду. – Сөздү кыскарталы. Келгиле, калчубуз калып, тайманбастарыбыз тобокелге барып бизди азгырып жаткан эркиндикке сапар алалы! Эмнеси болсо да чогу болсок, башыбызга мүшкүл түшсө бирге жеңербиз, кийин оюбуз ишке ашып максатыбызга жетсек, кубанычын бирге бөлүшөрбүз.

Ахилесс Манас менен Артурдун айтканына башын ийкеп кыскача кошумчалады:

– Бали, бир боорлорум! Дегениңерде айып жок. Коркокторго биздин арабыздан оорун табылбайт! Андыктан эгинди топондон ажыратып демекчи, тезинен жолго түшөлү!

Ал аңгыча көзү жашылданган Дон Кихот үч баатырга суктана карап, унчукпастан тура албай:

- Сөзү менен иши төп келген сырттандарым! – силерди ушуга чейин пир тутуп келдим эле. Дүйнөнүн төрт тарабында даңкы бар укмуштай эрдигиңер мен үчүн дайым үлгү болчу. Ушул жерде силердей атагы асман жарып, жер жүзүн дүңгүрөткөн кабыландардын кашында турганым – чексиз сыймык! Тагдыр мени силердей асылдардын катарына кошуп, эркиндикке чогу бет алууну буюргандыгына канчалык деңгээлде бактылуу экенимди сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Кандай оор сыноолор болбосун, кандай тоскоолдуктар алдыбызда күтүп турбасын, силердин жаныңарда болуу мүмкүнчүлүгү үчүн жанымды берүүгө даярмын! – деди.

- Өз ара, Ламанчалык асыл жан! – деп жооп кайтарды падыша Артур. – Андай болсо бул ийгиликтин жышааны деп билели! Алга, достор!

- АЛГА-А-А-А!!! – деген топ куурчактын сүрөөнү баягы арасында кайсалап күмөн санагандарга да ишеним берди...

Уландысы>>>>>

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз