Улук Уракун: Куурчактардын чоң казаты

  • 20.04.2023
  • 1522

Сүрөт dreamstime.com булагынан алынды.

ГРОТЕСКТҮҮ НОВЕЛЛА

(2-бөлүгү, башы мында>>>>>)

Куурчактар үчүн театрдын кулпуланган алдыңкы эшигин ичинен ачып сыртка чыгууга бир гана тоскоолдук бар – ал бу башынан көптү өткөргөн байыркы дүйнө менен тең сыяктуу таасир калтырган, бир буту чолок, бир көзү азиз, көөдөнү кирилдеген кароолчу кемпир. Эшиктин ачкычы так ошо кемпир ээлеген кире бериште жайгашкан кароолчунун кабинкасындагы илгичте дайым илинип турат.

Театр кызматкерлери иштен тарап кеткенден кийин баягы кемпир эшикти илип, акырын барып кутудай кабинкасындагы чакан керебетинде таң аткыча коңурукту кош тартмай.

Мындан пайдаланып козголоңчу куурчактар аркан таап келишти да жаңыдан көзү илинген кемпирди керебетине бекем ороп таңышты. Ачкычка жеткен соң Питер Пэн учкан тейде эшикке барып сепилди ачты. Куурчактар жалпылап кол кабыш кылышты.

Эшик кычырап шоолаланды...

Сырттан муздак шамал...   

Тик бурчтуу каалганын ары жагындагы чексиз мейкиндикте көз уялткан жарыктар, кулак тундурган ызы-чуу, кызыктай жыттар каңырсыйт экен. Ажайып көрүнүш куурчактардын эсин оодарды. Жадагалса Күлала кыз менен Микки Маус эстеринен танып, турган жеринен жерге сулап, кобуранган жезкемпир аларды шыпыргысы сабы менен чукуп, өздөрүнө келтирди.

Баятан күпүлдөп аткан топ куурчак демин басып, сыртка чыгууга батына албады.

– Ойго келбес кубулуш, – таңданган Крюк секин үн чыгарды.  

Ким биринчи жол баштайт деген маалда падыша Артур демилге кылып сапарлаштарына:

– Көптөн күткөн учур келди. Жүрүңүздөр, босогону ары аттап өтөлү, - деди.

Катар тизилген куурчактар жайдан басып сыртка чыгышты. Күүгүм узап, караңгы кирер маал экен. Баш-аягы туюк жерде каякка жол жүрөрдү билбей, эшик алдындагы баскычтуу аянтчада тыныгып калышты.

Театр алдында таштандыга толгон чоң гүлбакча көрүндү. Арыда аркыраган үндөр. Жарык чачкан жандыктар ары-бери шуулдайт.    

– Сабыр болгула, достор! Коркконго кош көрүнөт. Биз дөөлөргө көрүнбөөгө аракет кылабыз, – Манас жанындагыларды акыл-эске келтирди.

– Ооба, караңгыдан пайдаланып, амал кылалы. Дөң, таш, бактарга жашынып, арылап көрөлү, - Кожо Насреддин оозун жыйгыча эле баскычтуу аянтчанын оң тарабындагы караңгыдан калдайган көлөкө чыгып, топ куурчактын арасындагы сур эчкини тырпыратып басып жыгылбаспы. Кара мышык эмей, караңгы түн куурчактарга өзү кол салды. Куурчактар чачырап, кыйкырык-чаңырык салып качышты.

– Жезкемпир эскерткен желмогуздардын бири ушул бейм?! Питер Пэн, Алпкаракуш, тезинен тутканы көздөй учкула! Эшикти ичинен жапканга жетишпесек, бул желмаян бизге акыр заман салганы калды! – падыша Артур буйрук берди.

Артур Күлала кызды, Манас Микки Маусту, Ахилесс Жезкемпирди учкаштырып алганга жетишишти. Калганы алардын артынан калбай, кайра театр тарапка тызылдашты.

Дүрбөп качкан куурчактар желмаяндын канын кызыттыбы, сур эчкинин жансыз денесин таштап, беркилерди кууп жөнөдү.     

Куурчактар театрга топурап кирип, Питер Пэн менен Алпкаракушка жардамдашып, оор эшикти жабууга аракет кылышканы менен, жетишпеди. Баягы уу тырмак имаратка сүңгүп кошо кирди, алдынан чыккан семиз Санчо Пансанын артынан түшө кубалап алды. Эшеги экөөнөн кайрат качкан берки байкуштар жарыша айкырып, вестибюлду айлана качышты.

– Жан соога, мырзам, жан соога! – жанына таш баткан Санчого кең дүйнө тарып барат.

– Мен мында, Санчом! Коркпо! Мен эле болсом сени алдагы жандыкка алдырбай калайын! Кокус сени арамга жем кылсам, анда Дон Кихот атыман айрылып, Ламанчанын жер кыдырган эр жүрөк рыцары делбей, жалпы Испанияны шерменде кылган жалтак каапыр атка коноюн, - Дон Кихоттун найзасын суна кара мышыктын аркасынан түшүп алганы.

– Асылзаадалар! – Шрек дароо Дон Кихотту жандай чуркап, артта учкашкандарды аттарынан түшүрүп жаткан үч көсөмгө кайрылып турганы: - Тезирек! Жардамга!

Дегиче болбой баягы үч кыраан баатыр көздөрүнөн жалындаган от чачылып, миңген буудандарын көз көрүнөө чаап, желмаянды туш-тушунан каптап келип калганы.

– О, кудай-ай! О, куураган жаным! О, кудай! – деп тагдырына наалып, жай турмушунда онтоп кыймылдап, оонап жатканга көнгөн Санчо эми мынтип жаны көзүнө көрүнгөндө – эшегин минип эпеңдеп, тепеңдеп тездеген кербези.  

Ошол маалда вестибюлду айланып кубалашкандардын алдынан Жалгыз көздүү желмогуз менен Кожожаш чыга калбаспы. Аны көргөн кара мышык капыстан токтоду. Кулагын жапырып, үксүйгөн жүнү түктүйдү, арка бели бүкчүйдү. А заарданган жырткыч коркунучтуу ышкырды. Асынган жаасын камдай салган Кожожаш демин басып, кара мышыкты көзгө мээлеп, таамай атты. Көздөн айрылган канкор жагымсыз кыйкырык салып, тап берип секирди.

Куугундан кутулган Санчо берки жүрөктөрү түшкөн кароолчунун кабинкасынын маңдайындагы отургучтардын алдына жашынган куурчактардын жанына жетип, эшегинен кулап, турбай жатты. Чарчап-чаалыккан эшеги экөөнү тең куурчактар өздөрү жашынган жайга сүйрөп кетишти.

Дон Кихот жетип келип кой-ай дегиче болбой каарданып бакырып, кара мышыкты найзасы менен капталга сайды. Өзөгү өрттөнгөн кара мышык кайратында шек жок бабаны үстүнөн чапчып басып калды. Аны көрүп бери жакта шыкаалаган куурчактар чаңырып жиберишти. “Мырзам!” деп Санчо өкүрдү.

Падыша Артур, Манас, Ахилесс, Кожажаш, Жалгыз көздүү желмогуз, Шрек, баарылап кара мышыкка секирип, аны тырпыратып калышты. Согуш учурунда Ахилесс ийини менен согончогунан жаракат алды. Кожожаштын далысына жырткычтын тырмагы матып кетти.

Канжалаган кара мышык аягы күчтөн тайды. Жалгыз көздүү желмогуз анын мойну-башын бурап, толгоп, кайрып, үзүп алалбай жатканда падыша Артур кылычын сунуп, кара мышыктын башын кыя чапты.     

Уу тырмактын астында уйпаланып колу-бутунан ажырап, денесинин тамтыгы кеткен кайран Дон Кихот мерт кеткен экен. Аны көргөн Санчо жакындап келип жер чапчып ыйлады.       

Жерден турбаган Ахилесс менен Кожожашды куурчактардын баары курчашты.

– Ушунча болду, достор, эми кайратыңардан кайтып, коркуп артка кайтпагыла! – деп суранды Кожожаш. – Биздин өлүмүбүз текке кетпесин... Досторум, муңданбагыла! Мен арман кылбайм. Анткени силер менен бирге сыртка чыгып эркиндиктин даамын сезип, анын өңүн көрдүм. Биримдигиңерден жазбагыла. Күлала кыз айтмакчы, бирөөнүн колунда оюнчук болгуча, башыңарды бийик көтөрүп, өз жашооңорго өзүңөр кожоюн болуп, өмүрүңөрдү маңыздуу жашап өткүлө. Узун түндөн кыска күн артык.

Ахилесс найзасын падыша Артурга, кылычын Манаска сунуп:

– Бир боорлорум! Мобу куралдарым мени далай жолу өлүмдөн сактады эле. Эми булар силерге кызмат кылсын. Жаныңарда болсо, мени да эстен чыгарбай жүрөрсүңөр. Кошкула, менин теңдешсиз түгөйлөрүм! Дагы көрүшөрбүз... 

Куурчактар баштарын жерге салып, ыйлап турушту. Баатырлар көз жумду.

(уландысы бар)

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз...

Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз