Карел Чапек: Тамырына доо кеткен нарк

  • 25.04.2023
  • 3240

Сүрөт https://www.calend.ru/persons/768/ булагынан алынды.

АҢГЕМЕ

Байыркы доор. Үңкүрдүн кире беришинде тынч эле. Эркектер найзаларын соройтуп, таң эрте Бласк же Рейцке карай жолго чыгышты, ал жерден үйүр бугулардын изине түшкөн эле; аялдар токойдо кожогат терип жүрүшкөн. Алардын чайылдаган үндөрү, ызы-чуусу ошол жактан угулуп; балдар, кыязы, дарыядагы чоң таштын астында сууга түшүп жыргап ойноп жатышса керек. Үй-жай, оокатың менен иши жок бул тентек, сары ооз балапандарды ким тыят! Ал эми карыя Янечек октябрдын жумшак күнүндө магдырап уктап, тагыраагы, коңурук тартып, мурдунан ышкырыгы чыгып жатканына карабай ал ойгоо, такыр эле уктабай жаткандай, карыган башчы катары, өз милдетин аткарып, уруусунун үңкүрүн кайтарып, башкарып жүргөндөй түр көрсөткөнү.

Анын аялы Янечкова байбиче аюунун терисин жаңы эле жерге жайып, учтуу таш менен кыра баштады. «Мындай терини, — деген ой кемпирдин башына капысынан келип, — жанагы чала-була жасай салып балдарын шылтоолоп таштай салган жел таман келиндей болбой, аябай жакшы тазалап, ийлеш керек, андай кылбаса көз ирмемде суу өтмө болуп тытылып жок болот! Бирок келин өзү билбесе, же уулум ага унчукпаса, эмнеге алардын тиричилигине кийлигишпейм. Келиним оокаттын баркын билбейт! Оо Кудай, тери тешилип калган тура! Болгондо да дал ортосу! Оо, курган адамдар, – деп кейиди кемпир. – Кандай олдоксон неме аюунун аркасынан найза сайды экен?  Тери эч нерсеге жарабай калыптыр! Жок, менин эрим өмүрүндө мындай кылган эмес, ал дайыма кекиртекке сайганга аракет кылчу...»

– Э-хэ, хм, – ушул маалда Янечек карыя көзүн ушалап күбүрөнүп койду. – Биздикилер кайтып келе элекпи?

– Кайдан келишмек эле? – деп кобурады аялы. – Мунун айтканын кара.

– Ох-ох-ох, – деп үшкүрдү чал уйкулуу көздөрүн ирмеп.

– Алар келгиче качан дейсиңби. Келишер. А аялдар кайда?

– Мен аларды кайтарып жүрдүм беле? – Янечкова ачуулуу жооп кайтарды. – Түшүнүктүү да, жүрүшкөндүр бир жерде темселеп.

– Ахх, – карыя Янечек оозун чоң ачып эстеди. – Темселеп жүрүшөт дечи. Андан көрө, жок... жок, айтканда эмне... Мейли! Жүрө беришсин...

Кайрадан тынчтык өкүм сүрдү, бир гана Янечкова эпчилдик менен нымдуу терини кырып жатты.

– Айтты-койду дебе, – далысын ойлуу тырмап жатып сөзүн баштады Янечек, –  көрөсүң, биздикилер кайрадан куру кол келишет. Башкача болмок беле, – булар сөөк учтуу жаңы найзалары менен эмне кыла алышат, андан эч кандай пайда жок... Мен уулума канча айттым: түшүн, найзанын учтарын жасоого жарай турган бекем, катуу сөөк жок! Мына, жада калса сен аял болсоң да түшүнөсүң, моюнга алыш керек: сөөктө да, мүйүздө да... анчалык талкалоочу күч болбойт? Сөөк менен сөөктү сындыра ура аласыңбы? Бул айдан ачык эмеспи! Таштан жасалган уч… мына ошону уч дейт. Албетте, ташты иштетүү үчүн көп убара тартыш керек, бирок кандай мыкты куралдуу болосуң! Муну уулуңа канча айтсам да түшүнбөдү го?

— Белгилүү да, — кейип макул болду байбиче Янечкова. – Азыр эч кимге буйрук бере албайсың.

– Мен эч кимге буйрук берип жатканым жок! – деди жаны кашайган карыя. – Буйрукту мындай кой, берген кеңешти укпай жатпайбы. Кечээ эле аска түбүнөн ушундай сонун жалпак катуу таштын сыныгын таап келгем. Аны бир аз жонуп-кырып учтап койсо, найзанын учу даяр болмок. Аны алып келип уулума көрсөттүм:

– Мына, карачы, жакшы таш бекен?

– Жакшысы жакшы дечи, а бирок аны эмне кылабыз, ата?

– Найзага уч кылбайсыңбы, – дедим.

– Коюңузчу ата, муну менен асылышып олтуралыбы! Мындай эч нерсеге жарабаган шагыл үңкүрдүн ичинде тебеленип жатпайбы, муну жасаган күндө да найзанын сабына кантип бекитмек элек? – дебеспи.

– Жалкоолор! — чал капыстан жарылып кетти.

– Азыр баары катуу ташты иштеткенден жалкоолонушат, кептин баары ушунда! Бузулушту! Албетте, сөөктөн учту заматта жасай аласың, бирок анын сынганы да бат!

– «Сынса эмне экен» дейт уулуң. Жаңысы менен алмаштырып коёбуз, ошону менен иш бүтөт!

– Ой, ой, бул адамдар деги кайда барат? Эч нерсе боло электе – жаңы найза! Мага өзүң айтчы, сен ушундайды кайдан көрдүң? Билесиң да, мурда даңазалуу оттук таштын учу жылдар бою кетилчү эмес! Эсиңде болсун, алар баары бир кайра кайрылышат, менин оюмча, алар биздин эски таш куралдарыбызга ыракат менен кайра кайтышат! Эгер бир нерсени: эски жебелердин учтарын, балкаларды, таштан жасалган бычактарды таап алсам аларды сактап жүрөм... Анан аларды таштанды деп жатканын карабайсыңбы, иттин баласы.

Ачуусу менен ызасы карт башчыны муунтуп жиберди.

– Мен дагы ошондой ойлойм, – деди кемпир күйөөсүн кайгылуу ойлордон алаксыткысы келип. – Бул терилерге деле ошол мамиле. «Апа, эмнеге мынча кырып жатасыз убара болуп, өзүңүздү аясаңыз боло, терини күл менен тазалап көрүңүз, жок дегенде сасыбайт» дейт келиним. Мага үйрөтпөй эле койсун! — кемпир Янечкова бул жерде жок келинине асыла кетти.  

Өзүмө эмне керектигин жакшы билем! Байыртадан бери терини кырып эле тазалап келишкен, сопсонун терилерди алышкан! Албетте, эгер жалкоо болсоң... аз иштегиң келет да! Ошентип алардын ойлоп таппагандары жок, колдорунан келсе баарын өзгөрткүлөрү бар. Күл менен терини тазала деп! Бул мурда кулак уккан нерсеби?

— Сен эч нерсе кыла албайсың,— деди чал. — Биздин байыркы каада-салттарыбыз алар үчүн түккө татыбайт. Таш курал колго ыңгайсыз дешет. Мунун жарым-жартылай чындыгы бар дечи, бирок биз эч качан ыңгайлуулуктун артынан кууган эмеспиз, азыркылар алакандарын жооруткулары келбей карап олтурушат! Айтсаң, минтип олтурса каякка барабыз? Азыркы балдарды эле алалычы. «Аларды жайына коюңуз, ата, ойношсун» дейт келиниң. Макул, жөн жайына бош коё берелик, анан эмне болот?

— Жок дегенде ушул жерде жөн коюшса, — нааразы болду кемпир. — Айтканыңда калет жок, булар өздөрүн кантип алып жүрүүнү билишпейт!

– Мына, азыркы тарбия, – деди Янечек байбичесин кубаттап. – Кээде уулуңа бир нерсе десең: «Сен, ата, муну түшүнбөйсүң, азыр башка заман, доор башка… Качандыр бир убакта сөөктөн жасалган учтарды артка таштап, адамдар башка материалдарды пайдаланганды үйрөнөт», — дейт. Билесиңби, бул өтө эле аша чапкандык: кимдир-бирөө таштан, жыгачтан же сөөктөн күчтүү материалды көрдү беле! Сен келесоо аял болсоң да, моюнга алышың керек... бул... бул бардык чектен сыртка чыккан нерсе!

Янечкова байбиче эки колун тизесине койду.

— Уксаң, — деди ал. – Алар бул келжиреген нерселерди кайдан алышат?

— Бул азыр мода деп жатышпайбы, — деп кобурады карыя тишсиз оозун кыбыратып. – Тиги тарапты карасаң, тигил жакта, бул жерден төрт күн жүрүш жерде, белгисиз тентиген уруу келип жайгашыптыр дешет, ар кандай будуң-чаңга салган иштер ошолордон чыккандай... Биздин жаштар келжиректин баарын ошолордон үйрөнүп жүрүшөт. Сөөк куралдар да, башкалар да ошолордун ойлоп тапкандары. Ал тургай алардан сатып алып жатышыптыр! – деди чоң ата ачууланып. – Аларга биздин эң мыкты терилерибизди беришет экен! Качан эле чоочундар жакшылык менен келишчү эле? Белгисиз тентимиштер менен аралашуунун кажети бар беле?! Ата-бабаларыбыз бизге туура осуят калтырышкан, келгиндердин ким экенин териштирип олтурбай кол салып, дароо ата-бабаларына жөнөтүш керек. Кылымдар бою ушундай болуп келген. Көп сөздүн кереги жок, ойлонбой туруп өлтүрүү керек! – десем: «Эмне деп жатасыз, ата. Азыр мамилелер башка, азыр товар алмашуу деген бар!» – деп жатпайбы уулуң.

– Товар алмашуу имиш! Эгер мен кимдир-бирөөнү өлтүрүп, анын колунда болгон нерсесин тартып алсам, анда бул сага товар, а эмне үчүн мен ага бир нерсе беришим керек, кандайдыр бир алмашуулардын эмне зарылчылыгы бар?

«Бул туура эмес, ата. Анткени сен муну адам өмүрү менен төлөп жатасың, бул өкүнүчтүү» дейт уулуң. Көрдүм, адам өмүрүн аяшканын! Мына сенин азыркы дүйнө таанымың, – деп күбүрөнүп койду карт башчы. – Булар коркоктор! Болгону ушу, аларга бирөөнүн өмүрү аянычтуу имиш! Сен мага түшүндүрүп берчи, эгер алар бири-бирин өлтүргөндөн корксо, анда кантип тамак таап жешет? Кантсе да кайберендер азайып баратат! Көрдүңбү, алар адам өмүрүнө боор ооруйт, бирок каада-салтты билишпейт, ата-бабаларын, ата-энелерин сыйлашпайт... Шайтан алгырлар! – деп кыйкырып жиберди чоң ата жаны кейип.

Бир жолу үңкүрдүн дубалына буйволдун чопо сүрөтүн тартып жаткан чимкиригин тарта албаган бир балакайды көрдүм. Аны кежигеге чапсам уулум болушуп жатпайбы: «Аны жайына койсоңчу, буйвол тирүү сыяктуу, жакшы тартылыптыр!» дейт. Билесиңби, бул өтө эле аша чапкандык! Качан эл ушундай тантырак иштерди жасачу эле? Кылаарга ишиң жок болсо, жок дегенде ташты жонуп пайдалуу иш кылбайбы, дубалга буйволду тартпай! Мындай келесоолуктун кимге кереги бар?

Янечкова байбиче эриндерин кымтып унчукпай калды.

– Буйвол эле болсо кана... – деп кобуранды ал бир аздан кийин.

–  Эмне дейсиң?

– Эч нерсе эмес, – деди байбиче кымырынып. – Айткандан да уяласың... Билесиңби, – деди ал, – акыры батынып, бүгүн эртең менен үңкүрдөн... мамонттун азуусунун сыныгын таптым... Жылаңач аялдын кейпин оюп жасашыптыр. Көкүрөгү, анан калган жактары… – түшүндүңбү, баардык жери ачык?

– Койчу! - чал чочуп кетти. – Аны ким жасаптыр?

Янечкова ийинин куушурду:

— Ким билет! Кыязы, жаштардын бири болсо керек. Ал ыплас немени отко салып жибердим, бирок көкүрөгү… тимеле шумдук!

– Тьфу! Атаңдын көрү-ай, бара турган жерибиз калбай калды го, – карыя Янечек онтолоп жиберди. Бул бузукулук! Билесиңби, ушунун баары сөөктөн болбогон нерселерди оюп жасашканынан болуп атпайбы! Мындай уятсыздык биздин оюбузга да кирмек эмес, анткени катуу таштан андай нерселерди жасай албайсың... Мына, алардын ойлоп табуулары кайда алып барат! Булар тозокко барып түшкүчө жаңы нерсе ойлоп тапканын коюшпайт! Жок, болбойт! – деп пайгамбарлык илхам менен бакырды байыркы карыя Янечек, – Бул шермендечилик көпкө созулбайт!

1931

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз