Нодирабегим Иброхимова: Мен, атам жана Алцгеймер (конкурска №18)

  • 20.05.2023
  • 2675
  • 2

Сүрөт www.kultura.uz/view булагынан алынды.

АҢГЕМЕ

Алоис Альцгеймер. Нейропатологиянын атасы. Адам мээсинин иш-аракети басаңдаганы, башкача айтканда, өз ысымын алып жүргөн ооруну ачкан жана изилдеген окумуштуу. Мен анын атын акыркы жылдары көп атайм. Бул сөз мага кыйла жакын болуп калды. Альцгеймер жүрөк ооруусунан элүү бир жашында каза болгон. Балким, өмүрү узак болгондо бул дарттан айыгып, мен азыркыдай үмүтсүздүктүн айланпасына түшмөк эмесмин...

Жок, мен бейтап эмесмин. Эгер ооруганымда, бейтап экенимди да билмек эмесмин. Альцгеймер менен ооругандар мага окшоп колуна калем алып, өз тарыхын жазат беле? Жок, жазбайт. Башынан өткөргөндөрүн жазат беле? Билбейм. Алар эмнени туюшат өзү? Анткени, алар эч нерсени эстей албайт, эмнени жазсын? Бүгүн эртең менен эмне тамак жегенинби? Жок, жок, такыр эстей албайт болчу.

Альцгеймер деген сөздү биринчи жолу атамды тыкыр текшерген дарыгерден уккам. Ал муну бир аз түшүндүрүп берди. Ооба, ооба, туптуура. Ал чындыкты айтты. Атамдын көзайнегин көптөн бери өзүм таап берчүмүн. Ал күндө китеп текчесинин үстүндө турчу, атам аны негедир таппай калчу. Анан... анан атам ишканасын адаштырды. Жети жыл мурун бошогон ишканасына барып, ордун башка бирөө ээлеп алганын айтып кыжыры кайнады. Учурдагы ишканасы жөнүндө айтсам, эстей алган жок... Мен таңгалдым. Унутчаактык. Келесоо чалыштык. Апам карылык белгиси сезилип баштаган атама жаңгак бере баштады.

Атамдан олуттуу тынчсызданган учурларыбыз дагы көбөйдү. Жумушунан бошотуп, үйдө карадык. Нервдери чарчады, жакшылап эс алсын, өтүп кетет деп санаторияга жаткырдык. Бир күнү көргөнү барсам, атам жок. Издеп кеттим. Издеп-издеп, айылдан таптым. Байкемдин уулу өзү кабар берди. Атам атасыныкына келип отуруп алыптыр. Үйдүн азыркы ээси –  байкемдин баласын тааныбай, жаңжал да чыгарыптыр. Маркум ата-энесин сураптыр…

Мен атамды алдап-соолап алып кеттим. Келип эң мыкты невропатологго көрсөттүм. Изилдөөлөр, текшерүүлөр, эксперименттер... анан Альцгеймер менен тааныштым. Ошондон бери ал биз менен бирге. Бул оору тууралуу окубаган булагым, барбаган дарыгерим, сурабаган өтүнүчүм калаган жок. Бирок мен бир да чара таба алган эмесмин.

Чындыгында бейтаптар үчүн бул эң жакшы оорукана жайы болсо да, атамды үйдө багып айыктырууну чечтик. Бирок жумушка кеткенимде, апам жалгыз кыйналарын билчүмүн. Айла канча, биздин үй-бүлөдө үч гана адам бар. Мен эчактан бери сүйгөн жигитиме турмушка чыгууга макулдашкан болсом да, бирок азыр жуучу күтүүгө даяр эмеспиз. Дегеле мындай абалда үй-бүлөмдү таштап, турмушка чыгуу мен үчүн акмактык эле. Сүйгөнүмө буларды айтканымда, баары бүттү. Апасы атамды жиндилердин катарына кошкондон кийин – баарына чекит койдум.

Ошондо атамдын эркек туяксыз экени мага абдан сезилди. Апам да ар күнү күрсүнүп уктай албачу болду.

Атам уулу бар-жогун деле билбейт. Бир күнү ал мени да тааныган жок. Кызыңызмын десем, апамды карады. Апам ырастагандан кийин ишенди окшойт. Бирок анын карашы башкача эле...

– Мен бир аз сейилдеп келем, – деди атам бир күнү көчөгө жол алып. Биздин шерик болуубузду каалабады. Биз айласыздан коё бердик. Санаам тынбай, тымызын артынан жөнөдүм. Атам аллеяда сейилдеп, анан артына кайтты. Үйүбүздү таппай кыйла кыйналды... Колунан жетелеп кеттим.

Бул окуяларга да көп убакыт болду. Азыр атам ооруканада жашайт. А мен үйдөмүн. Күн сайын жумуштан чыгып атамдын алдына барам. Бир жылдан бери мени тааныбайт. Атам бейтааныш адамдар менен сүйлөшөт. Күн сайын бир эле темада.

– Бүгүн жубайым мени көргөнү келди. Сен аны тааныбайсың, — деп жылмайып койду. - Ал дагы мен жакшы көргөн мейиз кошулган пирог алып келиптир. Чай ичип тамактандык. Эртең дагы келем деди.

Мен сумкамдан мейиз кошулган пирог чыгардым.

- Татып көрүңүз, меники да даамдуу...

– Жок, убара болбо. Андан көрө балдарыңа алып бара гой.

Балдарым болгондо сүйүнүп алып бармакмын. Атама көп жолу өзүмдү тааныштырдым, эстесе керек деп үмүт кылдым, акыры унчукпай калдым. Эң негизгиси, атам өзүн жакшы сезип жүрөт.

Алсыз маанайда үйгө кайттым: ээн калган бөлмөлөр жубатам дейт мени. Китеп текчемдеги кадырлуу китептерим мага жолдош. Бирин алып окуйм, жашоодон алыстайм. Кыял дүйнөсүндө бир аз жашап, күч алам. Кээде Анна Каренина менен, кээде Онегин менен жалгыз болгум келет. Бирок... бирок Альцгеймер алдыман жылбайт, ал башкаларды алдыма жолотпойт. Анын айынан мен сүйгөн адамдарымдан айрылдым. Ал менин кубанычымды тартып алды. Ал мени жалгыздык өлкөсүнүн туткунуна айлантты.

Эртең менен жумушка кетем. Жазуу-сызуулардан кийин, кайра атамдын алдына барам. Бул жолу атам апам алып келген даамдуу тамакты мактайт. Мен алып келген тамакты жегиси келбейт. Кызыгы, атам апамды таптакыр унутпайт. Ал тургай бир жолу мага отуз жыл мурун кантип таанышканын да айтып берди. Көздөрү суу болуп кетти... Ыйлап жибербеш үчүн таңдайымдагы ачуу “ташты” жуттум, жуттум, жуттум... Жүрөгүм дагы бир таш менен толду.

Апам бизди таштап кеткенине эки жылдан ашты.

Мен бул тууралуу атама эч качан эскерткен эмесмин. Эстесем, жүрөгүмдөгү таштар бири-бирине урунуп, ооруну күчөтмөк. Бирок билбейм... апамдын кантип каза болгонун билбейм. Жумуштан үйгө келдим. Апам коридордо созулуп жатат, атам болсо жайбаракат гезит окуп отурган эле. Дароо тез жардам чакырдым, жүрөгүм токтоп калгандай болду. Дарыгер апамдын каза болгонун айтты. Атам бизди карап унчуккан жок. Анан атамды алып кетишти...

Атам акыркы убакта өзү менен өзү сүйлөшүп, көзүнө арбактар көрүнүп, агрессивдүү болуп жүргөнүн байкаган элем, бирок... эч качан апамды унутпайт деп ишенчүмүн. Апамдын мойнунда манжалардын издери бар болчу...

Ооба, мен күндө атамды көргөнү барам. Психиатриялык ооруканада атама окшогон бейтаптар дээрлик жок. Альцгеймер бир гана менин коногум. Ал кетпей турган конок. Мен аны менен күн сайын жолугушам. Бир гана атам аны тааныбайт. Ал өзүнүн бейтап экенин да билбейт. Менин келип-кеткенимдин да айырмасы жок. Бирок бүгүн…

– Ошол күндү унутууну каалайм, – деди капысынан. – Бул жакка башка келбе. Мен унутууну каалайм.

Атам ошондой деп үстөлдөн туруп кетти. Карап кала бердим... Менимче, мындай жашоо эч качан бүтпөсө керек. Менимче, түбөлүк ушул калыпта жашайбыз... Ушундай пикир менен жүргөнүмдө бир кишиге жолугуп калдым. Биз кокустан тааныштык.

— Дарыгермин. Альцгеймер оорусу боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүп жатам... - маегибиздин туу чокусу ушул болду.

– Менин атам, – деп акыры ыйлап жибердим. Көпкө сүйлөдүм. Жүрөгүмдөгү таштар көбүк сыяктуу жарылып-жарылып кетти. Бир аз жеңилдегендей болдум. Көбүкчөлөр көзүмдөн жаш болуп чыгып, бетиме агып түштү. Ал эрксизден көз жаштарымды сүрттү.

— Менин апам ушул оорудан каза болгон, — деди ал. Альцгеймер аны да жоктогон экен. Конок болгон экен. Бирок өзү менен бирге апасын да алып кеткен.

— Мен атамдан айрылгым келбейт, — үмүт менен ага карадым.

— Мен Альцгеймерди жеңем, — деди ал ишеним менен.

Жүрөгүмдө үмүт гүлдөрү ачылгандай болду. Куштай жеңил болуп үйгө кайттым. Китеп текчемдеги досторум менен учраштым. Сүйүү баянын колума алдым...

Альцгеймер дагы деле мени карап турат, бирок ал мени токтото алган жок...

Өзбек тилинен которулду.

Нодирабегим ИБРОХИМОВА 1989-жылы Фергана облусунун Алтырык районунда төрөлгөн. 2011-жылы Өзбекстан мамлекеттик дүйнөлүк тилдер университетинин эл аралык журналистика факультетин аяктаган. Өзбекстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Аңгемелери Орусия, АКШ, Индия, Въетнам, Түркия ж. б. мамлекеттердин түрдүү басылмаларында бир нече жолу басылып чыккан. Ошондой эле “Көз байлоочу же миң жылдык өмүр”, “Эзүү жана сүйүү”, “Дүйнөдөгү эң бактылуу адам”, “Мен, атам жана Альцгеймер” аттуу авторлук жана “Той белеги”, “Өмүрдүн беш белеги” “Ааламдардын согушу”, “Жалын ичиндеги аял”, “Боорукер дөө” аттуу котормо китептери жарык көргөн.

2018-жылы “Амарантус” адабий агенттиги өткөргөн конкурста өзбек тилинен англис тилине которулган “Эң мыкты котормо” номинациясында 1-орунга ээ болгон. 2017-жылдын ноябрь айында Швецияда өткөн “Европанын ачык адабияты фестивалы жана китеп форумунда” финалисттердин бири болгон. 2017-жылдын аягында Өзбекстан Жаштар союзунун сыйлыгынын проза багытында «Жылдын эң мыкты жаш калемгери» номинациясын жеңип алган.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарийлер (2)

  • - Наружное утепление фасада цена

    Наша бригада профессиональных исполнителей подготовлена предоставить вам актуальные технологии, которые не только ассигнуруют надежную оборону от холодных воздействий, но и подарят вашему жилью модный вид. Мы функционируем с новыми компонентами, ассигнуруя долгий срок службы работы и отличные выходы. Утепление наружных стен – это не только экономия на обогреве, но и ухаживание о экологической обстановке. Экологичные технологические решения, какие мы производим, способствуют не только личному, но и сохранению природной среды. Самое основное: [url=https://ppu-prof.ru/]Сколько стоит утепление фасада дома[/url] у нас стартует всего от 1250 рублей за квадратный метр! Это доступное решение, которое преобразит ваш домик в истинный тепличный локал с минимальными затратами. Наши проекты – это не исключительно утепление, это создание пространства, в где каждый элемент отражает ваш личный стиль. Мы учтем все ваши пожелания, чтобы осуществить ваш дом еще дополнительно приятным и привлекательным. Подробнее на [url=https://ppu-prof.ru/]ppu-prof.ru/[/url] Не откладывайте занятия о своем обители на потом! Обращайтесь к специалистам, и мы сделаем ваш обиталище не только более теплым, но и по последней моде. Заинтересовались? Подробнее о наших услугах вы можете узнать на нашем сайте. Добро пожаловать в пространство удобства и качественной работы.

  • - Сделайте ваш сайт непревзойденным источником дохода с нашей профессиональной помощью по SEO!

    Мы группа специалистов по SEO-оптимизации, работающих над увеличением посещаемости и рейтинга вашего сайта в поисковых системах. Мы получили заметные достижения и желаем поделиться с вами нашими знаниями и навыками. Что мы можем вам предложить: • <a href=https://seo-prodvizhenie-ulyanovsk1.ru/>аудит продвижения сайта цена</a> • Анализ всех аспектов вашего сайта и разработка уникальной стратегии продвижения. • Оптимизация контента и технических аспектов вашего сайта для максимальной эффективности. • Регулярное отслеживание и анализ результатов, с целью постоянного улучшения вашего онлайн-присутствия. Подробнее <a href=https://seo-prodvizhenie-ulyanovsk1.ru/>https://seo-prodvizhenie-ulyanovsk1.ru/</a> Наши клиенты уже видят результаты: увеличение трафика, улучшение позиций в поисковых системах и, конечно же, рост прибыли. Мы готовы предложить вам консультацию бесплатно, для обсуждения ваших требований и разработки стратегии продвижения, соответствующей вашим целям и бюджету. Не упустите шанс улучшить свои результаты в интернете. Обращайтесь к нам уже сегодня.

Комментарий калтырыңыз