Мухтар Магауин: Оң жана сол (конкурска №17)

  • 20.05.2023
  • 2634

АҢГЕМЕ

Мен кичинекей кезимде оң бутум кайсы, сол бутум кайсы – ажырата албайт элем. Оң буттун, сол буттун өзүн эмес. Өтүктү. Өтүктүн кай сыңары кай бутка кийилерин айырмалай албайм. Адегенде бир бутумду кийем. Ойлонуп отуруп, экинчисин кийем. Эки бутумду катар коюп, салыштырып карайм. Тескеридей. Ооштуруп кайта кийем. Дурус. Жок, тескери. Кайта ооштурам. Эки өтүктүн башын тийиштирип, уруштуруп, салгылаштырып көрүп, дагы бир аз ойлоном. Алмаштырсам бекен, алмаштырбасам бекен...

Акыры сыртка чыгам. Башка балдар оюнга эчак киришкен. А мен... мен  даяр эмесмин. Обол оң менен солду аныктап алуум керек... Кары тапталбаган, бирок көп да борпоң эмес, аппак жерге барып, эки бутумду катар коюп, өтүктүн изин түшүрөм. Ошондон кийин опоңой.  Мөөрдөй басылган эки издин башы жанаша турса – баары дурус: оң өтүк – оң бутта, сол өтүк – сол бутта. Эгер эки издин башы кайкайып, эки жакка карап турса – тескери, демек, сол бутка оң өтүк, оң бутка сол өтүк кийилген.

Бир кызыгы, ак кардын бетин салмактуу басканда түшкөн издерди текшергенде, көбүнчө өтүгүмдү тескери кийген болом. Бул кезде оюн кызыган чак: алиге эшик алдында убараланып жүргөнүмдү байкаган балдар кыйкырып чакыра баштайт. Аларга оңой. Бутуна кийиз пима (чокойдун түрү), көн чокой, атүгүл кийиз байпак иле салгандары бар. Өтүк кийген бирөө жок. Оң кайда, сол кайда деп баш оорутушпайт. А сен болсо өзүңө өзүң ызаланып, мындай кордукка чыдабай ыйлап ийе жаздап, үйгө кайта киресиң. Өтүктү дагы бир ирет ооштуруп кийүү керек. Өтүк ооштуруу – эриккендин иши эмес. Чубалган чулгоосу да бар. Аны тегиз жазып, таманыңа жана шыйрагыңа бүктөлтпөй кылдат ороп, четин кайрып, оролгон чулгоонун ичине кыстарасың. Жумушу көп. Нукура эмгек. Арыдан-бери бүтпөйт...

Көп ойлонсом керек. Көп убаралансам керек. Акыры өтүк кийгендин эң оңой жолун таптым. Кайсынысы оң, кайсынысы сол деп бал ачпаймын. Чулгоону жакшылап ороймун да, колума илинген өтүктү кез келген бутума кийе салам. Токтоосуз сыртка чуркайм. Карга басып, катар из салам. Эки өтүк кыналып, кучакташчудай болуп турса, токтоосуз оюнга кошуласың. Баштары бирикпей, бири бирине аркасын салгандай турчу болсо, кайта ичкери кирип, өтүктү алмаштырып кийесиң. Тез-тез. Бүгүн биринчи жолу. Тамаша!

Ал эми жайдын күнү кантем? Кар жокто изди кантип билесиң? Опоңой. Жайында өтүк кийбейбиз. Ботинка, сандал аттуу жок. Жаз келип, күн жылыса – бүттү: жылаңайлак текирең-таскак саласың. Ушундай ысыкта бут кийимге бутун дымыктырып жүргөн улууларга жаның ачыйт. Кийин сен да улуулардын катарына кошуласың, ошондо элден уялып, бутуңа бирдеңке кийүүгө туура келет. Бирок ага дейре дагы далай заман бар. Кандай жакшы! Ыракат!

Андан кийинчи? Азырчы? Ага болдук. Ата болдук. Чоң ата болдук. Бар эркиң өз башыңда сыяктанат. Бирок элден өзгөчөлөнүп, каалаганыңдай жүрө албайсың. Күн ысыкта да бутка бирдеме кийүү керек. Жашы үлкөн бизди айтсасың, азыркы бала-чакалар да бешиктен бели чыкпай жатып, тар калыпка түшүшөт. Буттун калыбы бар, баштын калыбы бар, сөздүн калыбы бар... Жер да ошондой, аба да ошондой, убакыт да ошондой. Кийбей койгонго мүмкүндүк жок. Тынымсыз өсүү, аталык камкордук, пландуу тиричилик ушуга алып келди. Бул арийне, биздин темабыздан тыш аңгеме...

Кайра оң менен солго келсек, азыр оң-солду адашпай ажыратам. Өтүктү да, туфлини да. Андан аркысы кыйыныраак. Оң жак кайсы, сол жак кайсы, карманчу багыт, умтулчу чек кайда, не болду, не болбоду – шыр ажырата албай, ойлонуп калар жагдайлар али да кездешет. Карга басып текшерейин десең, из жок. Кыйналасың, ойлоносуң, ошондон кийин... колуңа калем аласың. Жанагы белгисиздик белгилүү болот, түшүнүксүз татаал ойлор чынжыр таризде чубалып, кагаз бетинде оймо-чиймелене баштайт. Башаламан учсуз ойлор иреттелет, туман тарайт, күн жаркырап чыгат. Аалам толкун сыңары кубулуп, бүт ажары көз алдыңа тартылат. Из деген ошол.

Өткөн өмүрүңдүн, азыркы жашооңдун, болочок багытыңдын сүрөтү. Өз изиң, өз сүрөтүң эле эмес, ата-бабаңдын руху, бүгүнкү бала-чакаңдын жана тууган-уругуңдун деми, болочок урпактын ой-мүдөөсү – жалпы тарых тамгасы. Өзүң гана көрбөйсүң, жалпы журт көрөт. Окуду, билди. Оң кайсы, сол кайсы, эки бутту кантип бирдей таштоо керек, кайда барабыз, эмнеге умтулабыз, көздөгөн мүдөө-максатыбыз эмне – алардын баары чиймеленип жазылган. Карга эмес, кагаз бетине түшкөн, ташка чегилген, түбөлүккө жазылган; жел да, бороон да, топон суу менен сел өчүрө да, жогото да албайт; балаңдын баласына өтүп, чебере-кыбыралардын урпактарына жетчү ибарат. Миң жаштагы урпакка калтырылган осуят.

Ошонун баары – аппак кардын бетине түшкөн, оң менен солду ажыраткан алгачкы изден башталган.

Чындык ушул.

1990

Казак тилинен оодарылды.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз