Артур Шницлер: Бойдоктун өлүмү (конкурска №16)

  • 18.05.2023
  • 2811

Сүрөт artday.bg булагынан алынды

АҢГЕМЕ

Эшикти кимдир-бирөө ишенимсиз тыкылдатты, доктор ойгонуп, чыракты тамызып, төшөктөн турду. Мемиреген уйкудагы аялына бир карады да, халатын кийип, оозгу бөлмөгө чыкты. Бөлмөдө турган боз жоолукчан кемпирди тааный албады.

– Биздин төрө капылеттен эле өзүн жаман сезип калды, – деди кемпир. – Доктор мырза, суранам, ага саалгытпай барыңыз.

Доктор үндү тааныды. Бул бойдок досунун экономкасы[1] болчу. “Менин досум азыр элүүнүн кырында, бир нече жылдан бери жүрөгү ооруйт, балким чындап эле абалы чатактыр,” – деген ой анын башына кылт этти.

– Азыр чыгам, мени күтүп туруңуз? – деди доктор.

– Кечиресиз, доктор мырза. Мен дагы эки мырзага барышым керек.

Кемпир соодагер менен жазуучунун ысымын атады.

– Аларга эмне үчүн барасыз?

– Төрө аларды дагы бир жолу көрсөм дейт.

– Дагы бир жолу көргүсү барбы?

– Ооба, мырза.

“Ал досторун чакырса, демек, көр оозуна жакындаганын сезгени,”– деп ойлоп, кемпирден сурады:

– Төрөнүн жанында кимдир-бирөө калдыбы?

– Албетте, Иоганн жанынан карыш жылбай отурат, – кемпир жөнөй берди.

Дарыгер уктоочу бөлмөгө кайтып барып, шыбыш чыгарбай ылдам кийинди да, жүрөгү сыздап ооруй баштаганын сезди. Бул ооруу досумду жоготот экенмин деген ойдон эмес, кыйла жыл мурда буркан-шаркан жүргөн теңтуштарынын да, өзүнүн да ичер суусу жакын калганын өнө бою сезип, акыл-эсине бүлүк салганы.

Дарыгер жаздын нымдуу, жылуу түнүндө үстү ачык тырашманке менен бойдок досунун шаар четиндеги үйүнө аттанды. Ал баш көтөрүп, бөлмөнүн ачык терезесиндеги күңүрт жарык караңгы түнгө сиңип кетип жатканын көрдү.

Дарыгер тепкич менен өйдө чыкты, кызматчы каалганы ачып, ийилип саламдашары менен муңайынкы маанайда сол колун ылдый түшүрдү.

– Кандай? – деди деми кыстыккан дарыгер. – Кечиктимби?

– Ооба, мырза, – жооп кайтарды кызматчы, – он беш мүнөт мурда төрөнүн жаны үзүлдү.

Дарыгер терең дем алды да, бөлмөгө кирди. Байкуш досунун колдору ак шейшептин үстүндө сунулуп, көк тарткан эриндери чала жабылган. Суюк сакалы иретсиз саксайып, тал-тал бөлүнгөн ак чачтары ымшыган, кубарган чекесин жаап калган. Керебеттин жанындагы үкөк үстүндө турган электр лампанын жибек калпагынан түшкөн көлөкөдөн жастык кызгылтым көрүнөт. Дарыгер маркумга суроолуу карады. “Ал акыркы жолу биздин үйдө качан болду эле?” Жооп тапкансыды. “Эстедим, ал күнү кечинде кар жааган. Демек, бул былтыр болгон экен.” Алар акыркы учурда сейрек жолугушкан.   

Сырттан аттардын дүбүртү угулду. Дарыгер жасаттан тескери бурулуп, терезе сыртындагы түнкү абада сеңселген ичке бутактарды көрдү.

Кызматчы киргенде, дарыгер андан маркум кантип үзүлгөнүн сурады.

Ал кадимки аңгемени баштады: маркумдун абалы күтүүсүздөн начарлап, дем алуусу оорлоп, керебеттен ыргып турат. Бөлмөдө аркы-терки баса баштайт, анан эле кат жазчу үстөлгө өбөктөп отуруп калат. Кайра төшөгүнө араң жетип, чаңкагандан кайра-кайра суу сурап, онтоосу басылбаганын, бутуна туруп, күтүүсүздөн жаздыкка кулаганын айтып берди. Дарыгер башын ийкеп, оң колун маркумдун ымшыган чекесине койду.

Кимдир-бирөөнүн тырашманкеси келди. Дарыгер терезеге барды. Тырашманкеден түшөрдө үй тарапка суроолуу тигилген соодагерди көрдү, өзүнө эшик ачкан кызматчы сыяктуу сол колун эрксизден ылдый түшүрдү. Соодагер маркумдун өлгөнүнө ишенбегендей башын силкип алды, дарыгер ийинин куушуруп, өтө чарчаганын сезип, суналган өлүктүн бут жагына көчүк басты.

Үстүндөгү сары пальтосун топчулабаган соодагер бөлмөгө кирди. Ал калпагын каалга тушундагы кичинекей үстөлгө коюп, дарыгердин колун кысты.

– Күтпөгөн иш! – деди соодагер.– Эмне болуптур?

Анан маркум жакка ишенбегендей башын бурду.

Дарыгер болгон ишти айтты да:

– Үлгүргөндө деле мен ага жардамдаша алмак эмесмин, – деп кошумчалады.

– Ойлоп көрсөңүз, – деди соодагер,– мен аны менен туура бир апта мурда театрда сүйлөшкөм. Кечки тамакка чакыргам, бирок ал адатынча өзүнүн жашыруун жолугушууларынын бирине шашып кетип калган.

– Анысын токтоткон эмес беле?– деди дарыгер капалуу жылмайып.

Кайра тырашманке келди. Соодагер терезенин жанына барды. Тырашманкеден чыгып жаткан жазуучуну көрүп, кайгылуу окуяны жүзүмдөн байкабасын деп сактангансып, артка басты. Дарыгер портсигарын ачып, тамеки алып, күнөөлүү кишидей тамекини манжалары менен ары-бери айлантты.

– Ооруканада иштеп жүргөн мезгилден калган адат, – деди дарыгер актангансып. – Кээде түн ичинде палатадан учуп чыгып, тамеки түтөтөсүң: кеселге морфий саясыңбы же кесел өлгөнүн тастыктайсыңбы, айрымасы жок.

– Билесизби, – деди соодагер, – мен канча жылдан бери өлгөн адамды көрө элекмин? Табытта жаткан атамды көргөндөн бери он төрт жыл өтүптүр.

– Аялыңызчы?

– Аялымды өмүрүнүн акыркы көз ирмемдеринде көргөм, кийин көрбөдүм.

Жазуучу бөлмөгө кирди, берки экөөнүн колун кысып, калтаарыган көздөрү керебетке кадалды. Анан чечкиндүү басып керебеттин жанына барды, маркумду кунт коюп карады. Эриндери жек көргөндөй титиреди. “Демек, ошол экен да”,– деп күбүрөндү. Эбактан бери жакын тааныштардын арасынан тиги дүйнөгө ким биринчи кетет деген суроо ага тынчтык бербей жүргөн.

Бөлмөгө экономка кирди. Ал жаш толгон көздөрү менен керебеттин жанына чөкө тизелей отуруп, ыйлап жиберди. Эки алаканын кудайга жалбаргансып жуурканга жайды. Жазуучу экономканы сооротуу үчүн анын ийиндерине эки колун аяр койду.

Соодагер менен дарыгер нымдуу жазгы абага маңдайларын сылатып, терезенин жанында турушту.

– Анын баарыбызга чабарман жибергени укумда жок иш, – деди соодагер. – Бизди эмне, өлүм оозунда жатканымды көрсүн дегенби? Же бир маанилүү сөз айткысы келгенби?

– Өзүм жөнүндө айтсам, таңгаларлык эчтеке жок, мен дарыгермин, – деди дарыгер кайгылуу жылмайып. – А сиз, – деп соодагерге кайрылды, – ага кээде соода-сатык жүргүзүү жагынан кеңеш берчүсүз. Балким сизге акыркы осуятын айтууну каалагандыр.

– Болушу мүмкүн, – деди соодагер.

Экономка чыгып кетти. Анын чоң бөлмөдө башка кызматчы менен сүйлөшкөнү досторго угулуп турду. Жазуучу керебеттин жанында кокоюп, маркум менен ички сырларын бөлүшүп жатты.

– Менимче, – соодагер дарыгерге акырын шыбырады, – жазуучу акыркы убакта аны менен көп жолуккан. Мүмкүн, эмне болгонун ал бизге түшүндүрүп берер.

Артына кайчылаштырган колунда калпагын кармаган жазуучу ордунан жылбай турду. Көздөрү маркумдун жабык көздөрүнө көзөп ийчүдөй тигилди. Берки эки мырзанын тынчы кете баштады. Соодагер жазуучунун жанына барып, жөтөлүмүш болду.

– Үч күн мурда, – деди жазуучу оозун араң кыбыратып, – биз шаардын сыртындагы жүзүмзарды эки саат кыдырганбыз. Ошондо ал эмне жөнүндө сүйлөгөнүн билгиңиздер келеби? Швецияга баруу жөнүндө, – жайында бармак; Watson басмасы Лондондо чыгарган Рембранддын жаңы альбому жөнүндө жана Сантос-Дюмон[2] жөнүндө сүйлөшкөнбүз. Ал дарижаблды башкаруунун математикалык жана илимий өзгөчөлүктөрүн мага чечмелеп түшүндүргөн. Ачыгын айтсам, мен ал сөздөрдүн көбүн түшүнгөн эмесмин. Ырас, ал өлүм жөнүндө ойлочу эмес. Сыягы, биз кайсы бир куракка жеткенден кийин өлүм жөнүндө мурдакыдай ойлонбой калабыз.

Дарыгер коңшу бөлмөгө чыгып кетти. Бул бөлмөдө тамеки тартса болот деп чечти өзүнчө. Ал кат жазуучу үстөл бетиндеги күмүш күл салгычта тамекинин күлүн көргөндө, денесин түшүнүксүз коркунуч басканын сезди. “Мен кетпей эмне кылып жүрөм мында? – деп сурады өзүнөн үстөл жанындагы орундукка отурарда. – Мени дарыгер катары чыкырышкандыктан, бул үйдөн кетип калууга башкалардан укугум артык. Аны менен достугубуз анчейин болчу. Менин курагымда, – ал өзүнчө ойлонуп жатты, – ушул мүнөзүм менен кесиби жок эч бир адам менен достошуу мүмкүн эмес, андай адамдардан эч качан дос да күтпөдүм. Маркум бай болбосо, эмне кылмак? Кыязы, чыгармачылык менен алектенмек. Ал алчы-таасын жеген тапан эмес беле.” Дарыгер өздөрүнүн жалпы досу – жазуучунун чыгармаларына байланыштуу маркумдун шишке сайгандай таамай сөздөрүн эстеди.

Бөлмөгө жазуучу менен соодагер кирди. Жаңы эле ээсин жоготкон орундукта дале от тамызылбаган тамекини тиштеп отурган дарыгерди көргөндө, жазуучунун жүзүндө таарыныч пайда болду. Жазуучу артындагы эшикти жапты. Жаңы кирген мырзаларга алар бөтөн дүйнөдө жүргөндөй сезили.

– Сиз деги бир нерсе түшүнөсүзбү? – деди соодагер.

– Эмне?– деди жазуучу эсин жоготкон немедей.

– Аны ушу бизге, ооба, бизге чабарман жөнөтүүгө эмне мажбурлады экен?

Жазуучуга олуттуу жүйө издөөнүн зарылдыгы жоктой көрүндү.

– Биздин досубуз, – жазуучу түшүндүрүп кирди, – өлүм чукулдаганын сезген. Ал соңку мезгилде элден четтеп, жалгыз жашады. Жаратылышынан кишиге жакын адамдар мындай учурда мурдакы жоро-жолдошторун көрүүнү самайт.

– Анын сүйгөн аялы бар эмес беле, – деди соодагер.

– Оо, сүйгөн аялы, – деп кайталаган жазуучу кашын жек көргөндөй серпип алды.

Ушу чакта дарыгер үстөлдүн ортоңку жашыгы жарым-жартылай ачык экенин байкады.

– Керээзи ушул жашыкта болбосун? – деди ал.

– Керээздин бар-жогунан бизге эмне пайда? – деди соодагер жактырбай. – Айрыкча, ушу саатта. Айтмакчы, анын эжеси бар, үй-бүлөлүү, Лондондо жашайт.

Бөлмөгө кызматчы кирди. Ал мырзалар менен катафалк, жайга узатуу, кожоюндун өлүмү тууралуу кулактандыруу берүү жөнүндө масилеттешүүнү каалаган. Ал билгенден керээз маркумдун нотариусунда сакталуу. Бирок керээзде маркумду узатууга зарыл чыгымдарга байланыштуу бир нерсе болору күмөн.

Жазуучу бөлмөнүн үп, ысык экенин сезди. Ал оор терезелердин бириндеги калың кызыл парданы четке жылдырып, терезенин эки каалгасын кенен ачты. Жазгы түндүн көгүлтүр мунарыгы бөлмөгө закымдагы жел кемедей сүздү. Дарыгер кызматчыга кайрылып, маркум аларга эмне үчүн чабарман жибергенин, анткени дарыгер катары аны бул үйгө узак жылдан бери чакырышпаганын каңкуулады. Кызматчы ушул эле суроону күтүп турган экен. Ал пиджагынын чөнтөгүнөн алакандай капчыгын чыгарып, ичинен бир баракты алды, төрө жети жыл мурда эле көр оозунда турганда жүзүн көргүсү келген досторунун тизмесин түзүп койгонун айтты. Ошондуктан, төрө непада акыл-эсин жоготуп койсо деле, кызматчы өз эрки менен мырзаларга чабарман жиберүүгө толук укуктуу болмок экен.

Дарыгер тизмени алып, беш адамдын аты-жөнүн көрдү. Тизмеде бул жердеги үчөөнөн башка маркумдун эки жыл мурун өлгөн досунун, бир бейтааныш кишинин ысмы жазылыптыр. Ал бейтааныш – фабрикант, төрө анын үйүндө тогуз же он жыл мурда конок болгон, бирок фабриканттын дареги не жоголуп, не унутулуп калганын түшүндүрдү кызматчы. Мырзалар бир-бирине оңтойсуз, кооптоно карашты.

– Муну кандай түшүнсөк? – деди соодагер. – Ал өмүр соңунда бизге кайрылып, сөз сүйлөөнү каалаган эмеспи?

– Өзүнө арналган коштошуу зыйнатындагы сөзүн, – деп кошумчалады жазуучу.

Дарыгердин көзү үстөлдүн ачык суурмасынын ичиндеги конвертке урунуп, латын шрифтери менен бадырайта жазылган “Досторума” деген жазууну окуду.

– Оо! – бакырып ийген доктор конвертти колуна алып, башынан өйдө көтөрүп, жанындагыларга көрсөттү. – Бул бизге экен, – кызматчыга баш жаңсап, анын бөлмөдө артык баш экенин туюнтту. Кызматчы чыгып кетти.

– Бизгеби? – жазуучу көздөрүн алайтты.

– Бизге экенинен күмөн жок, – деди дарыгер, – бизде конвертти ачканга толук укук бар.

– Бул биздин милдет, – деп ырастады соодагер пальтосун топчулап.

Дарыгер айнек чөйчөктөгү кагаз кесчү кестикти алып, конверттин бүктөмүн толгоп ачып, эки бүктөлгөн катты алды да, көзүлдүрүгүн тагынды. Ошол учурдан пайдаланган жазуучу катты шып иле коюп, окуганга камданды.

– Кат баарыбызга арналган эмеспи,– жазуучу сөз кыйытып, люстранын жарыгын баракка түшкөндөй кылып үстөлгө жөлөндү. Соодагер анын жанына жылды. Дарыгер ордунан козголбоду.

– Балким, сиз катты баарыбызга окуп бересиз? – деп кайрылды соодагер.

Жазуучу окуй баштады:

“Досторума”. – Ал жылмайып, окуганды токтотту. – Ооба, мырзалар, ушинтип жазылган, –эч шашпастан, кат окуганын улантты.– “Менин жүрөгүм он беш мүнөттөй мурда токтоду. Силер менин жаныма чогулуп, бул катты чогуу окуганга камданып турасыңар, эгер менин жаным чыгып бараткан кезге чейин кат жоголбосо, кошумча сөзүмдү айтам. Эгер буйруса, көңүлүм көтөрүлүп, мага башка да жакшы каалоолорду айтууга илхам келиши мүмкүн.”

– Эмне? – тактап сурады дарыгер.

– Жакшы каалоо айткандай илхам, – деп кайталады да, жазуучу катты окуганды улантты.– “Мен ошондо мага кыпындай пайда алып келбес катты жок кылам, ал силерге жагымсыз саатты, ашып барса бир нече убак узартат, кээсинин жашоосуна сөөк сыздаткан из калтырат.”

– Сөөк сыздаткан из калтырат? – көзүлдүрүгүнүн айнегин бет аарчысы менен аарчыган дарыгер түшүнбөгөндөй кайталады.

– Ошондой го, – деди үнү кырылдаган дарыгер. Жазуучу улантты:

“Мына, мен өзүмдөн сурайм: каттын силерге тийгизген таасирин жүзүңөрдөн көрө албаймын, бирок андай катты жазуу үчүн үстөлгө отурууга кайдагы бир таңгалыштуу кежирлигим кармоодо. Эгер каттын таасирин өз көзүм менен көрө алсам, алган ыракатым ушу азыр жан дилимден жасайын деп чечкен акылга сыйбас эки жүздүүлүгүмдү кечирүү үчүн кыпынчалык да калка болмок эмес.”

– Ха! – деп кыйкырды дарыгер өзүнө чоочун үн менен. Жазуучу дарыгерди ачуулуу көздөрү менен бир карап алып, катты мурдакыдан ылдам жана калбааттуу окуганды улантты:

“Ооба, бул – ачуу тамаша, башкача түшүнбөгүлө, чынында силерге каршы эч жаман оюм жок. Силерге өз чама-чаркыма жараша ак пейилден мамиле кылам,  силердин да мага болгон мамилеңер ошондой эмеспи. Менде силерге деген жек көрүү сезими эч болгон эмес. Анда-санда тамашалап күлгөнүм менен, силерди эч качан шылдыңдабадым. Атүгүл азыр силер кабылган осол абалда, кийин эстеген сайын кабыргаңар кайышып, жаныңар ачышкан учурда деле, силерди кемсинттим деп ойлобойм. Береги ачуу тамашанын башаты кайда? Балким, бул дүйнөдө калп менен жашап, жан кыйнабайын деген жүрөк тереңиндеги изги тилектен жаралдыбы? Эгер менин өмүрүмдө жок дегенде бир жолу – кээси айткандай, кенедей эле өкүнүч сезими жаралганда, эки жүздүүлүккө чыдабай бул дүйнөдөн кетүүдөмүн деп кыялдана алмакмын.”

– Тезирек каттын аягын окуңузчу, – деди дарыгер өзүнө жат жаңы үн менен. Соодагер ошо көз ирмемде акындын шал болгондой кыймылсыз манжалары араң кармаган барактарды жулуп алып, каттын аяккы саптарын тез таап окуду:

“Бул тагдыр экен, менин кымбаттуу досторум. Мен аны өзгөртө албайм. Мен ар бириңдин катыныңардын койнуна киргем. Ооба, ар бириңдин.”

Соодагер күтүүсүздөн токтоп, кагаздардын ичинен биринчи баракты тапты.

– Сиз эмне издеп жатасыз?– деп сурады дарыгер.

– Кат тогуз жыл мурда жазылыптыр, – деди соодагер.

– Андан ары окуңуз, – буйругандай айтты жазуучу. Соодагер улантты:

“Албетте, аялдар менен байланышым ар кандай болду. Алардын бирөөсү менен нике кыйып үйлөнүп, бир нече ай чогуу жашадык. Экинчиси менен мамилем – эл оозунда айтылгандай, жаман комедиядагыдай болду. Үчүнчүсү менен ымалабыз оттой ысык болгондуктан, мен ага түбөлүккө ажырашпас үчүн чогуу өлөлү дедим. Төртүнчүсү көзүмө чөп салгандыктан, үйдөн кууп чыккам. Дагы бир айым менен болгону бир мертебе жастык бөлүштүм. Менин асыл досторум, баарыңардын толгооңор басылды да! Жаңылдыңар! Бул, менин да, ошол аялдын да өмүрүндөгү эң ажайып саат болгондур, балким. Ушундай, досторум. Башка айтар сөзүм жок. Мен барактарды бүктөп, кат жазчу үстөлүмдүн суурмасына салып коём, кокус маанайым өзгөрүп, тытып салбасам же мен жан таслим болор алдында силерге тапшырмайынча ошол суурмада жатат. Кайыр.”

Дарыгер катты соодагерден алып, башынан аягына чейин кылдат окуп чыкты. Анан колдорун көкүрөгүнө кайчылаштырды да, ага табалагандай карап турган соодагерге бурулду.

– Баса, сиздин аялыңыз былтыр каза болгон,– деди дарыгер жайбаракат, – бирок андан чындыктын кылы кыйшайбайт.

Жазуучу тарамышы тарткан немедей башын оңго, солго сереңдетип, бөлмөдө ары-бери басып, “куу тумшук” деп күбүрөндү, анан тиги неме абада каалгып жүргөнсүп, чалкалай калып шып жакка карады. Ал аялынын аруузат күлгүн курагын, бир учурда ошол ай чырайлуу перини кучагынан чыгарбай, көөлгүп жатканын эстегенге аракет кылды. Көз алдында өзү көп эстеген, унуткан аялдардын элестери тартылды, бирок канча чымырканса да арзуу кылган селкисин элестете албады. Себеби, аялынын денеси эбак кургап, аны азгырган жыпар жытын жоготкон, анын үстүнө ага болгон чоктой сүйүүсү өчкөнү качан. Бирок кыялында элеси көрүнбөгөн ошол аялынын ага жасаган мамилеси мурдагыдан өзгөрдү: жазуучунун ийгиликтерине сыймыктанган, оорчулугун тең бөлүшкөн, ич дүйнөсүн терең түшүнгөн жаншерик доско жана изги өмүрлүк жарга айланды. Жашырганда не, досунун тагдырына суктанганын сыртына чыгарбай жүргөн карт, митайым бойдоктун жөн жайдан туруп, сүйүктүү досунун түгөйүн тартып алууга дити барганына жазуучу таңыркаган деле жок. Өмүрүнө башка адамдар кандай таасир этти? Жазуучу тээ илгери жана кечээ жакында махабат айдыңында башынан өткөргөн түрдүү окуяларды эстеди; албетте, аларсыз анын адабий жашоосу толук болбойт, мунун баарын көргөн колуктусу бирде жылмайып, таназар албаса, бирде көз жашын көлдөтүп, муңканат эле. Мунун баары азыр кайда? Анын баары аялы эмне кылып жатканын ойлобостон жана түшүнбөстөн, жанагы наадандын койнуна өз боюн таштаган шекилдүү бозоруп, алыска сиңип кетти. Коңшу бөлмөдө бырышып уйпаланган жаздыкты жазданып жаткан маркумдун башындагы ушул сааттар жөнүндөгү ойлору сыңары дайынсыз жоголду. Балким бул керээзде жазылгандын баары калптыр? Тиги бечара өзүнүн түбөлүк унутуларын билип, көркөм мурасын мезгил өлтүрө албас жазуучудан өч алуу үчүн атайын жасаган кусамат эмеспи!? Ушундай болушу мүмкүн. Ийе, жазылгандын баары чындык болгондо деле, анын бул кылганы – арзыбаган жана өтөөсүнө чыкпаган өч алуу.   

Дарыгер алдында жаткан барактарга үңүлүп, азыр үйдө уктап жаткан, акырындап карылыкка алдыра баштаган, момун, жок, ак көңүл аялды ойлоду. Өзүнүн үч баласын да ойлоду: улуу уулу ушу тапта бир жылдык аскер кызматын өтөөдө, ортончу кызы жакында адвокатка турмушка чыгат, бир нече күн мурда болгон бий кечесинде белгилүү художник сүйкүмдүү, татынакай кичүү кызын сүрөткө тартууга уруксат сураган. Ал өзүнүн куркулдайдын уясындай үйүн да ойлоду, ал эми маркумдун катында айтылгандын баарын  чебер токулган жана тырмактын агындай чындыгы жок калп, былжырак сөз деп билди. Ага маркумдун керээз – каты кыпындай да жаңылык айтпады шекилди. Дарыгер өмүрүндөгү таңгалыштуу мезгилди эстеди: бул он төрт-он беш жылдай мурда болгон, ошондо анын дарыгерлик тажрыйбасында ар кандай жамандыктар башталган, ал адегенде алапайын таппай, анан акылы ойт берип, ою азоо аттай дүрбөп, шаарды, никелүү жарын, үй-бүлөсүн таштап кетейин деп чечти. Дал ошол тушта чалды-куйду жашоого өттү, жел колтук эркекке айланды, кийин башка эркек үчүн жанын кыйган жээликме шуркуяга жолукту. Ошондо мурдагы жолоюна кантип кайра түшкөнү азыр такыр эсинде жок. Кеселдей бир келип кеткен  ошол опур-топурлуу күндөрү аялы анын көзүнө чөп салган кейпи. Ооба, ошондо болгону анык, аялы ала кылды аттаганын ал дайыма билген. Атүгүл бир мертебе аялы анысын мойнуна алып коё жаздабады беле? Ишара да кылбады беле? Он үч же  он төрт жыл мурда... Бул качан болушу мүмкүн...? Бул жайкы өргүүдө экөө саякаттап жүргөн күндөрдүн биринде иңир кирген маалда кайсы бир мейманкананын террасасында болгондой эле? Ал ошондо айтылган сөздөрдү эстөөгө чымыркана аракеттенди.

Соодагер терезенин жанында мемиреген аппак түнгө үңүлүп турду. Ал өлгөн зайыбын эстегенге бүт дити менен аракет кылып жатты. Бирок канчалык чымырканбасын эртең мененки боз тарткан асманды, илмегинен алынган эшиктин босогосунда карбол кислотасынын жана гүлдөрдүн жытына уугуп турганда, көңүл айткан адамдардын улам колун силкилдеткендери, үстүндөгү кара костюмдан башка эч нерсе анын эсине келбеди. Акырындап отуруп, зайыбынын элеси да көз алдына тартылды. Ырас, адегенде анын чоң портреттеги образын көрдү. Мейманканадагы пианинонун артындагы дубалга илинген  алтындын буусу жалатылган алкакка салынган портретте отуз жаштагы айым балга кийчү адеми көйнөкчөн тартылыптыр.

Бир аздан кийин жыйырма беш жылдай мурда баш кошуу жөнүндө жасаган сунушуна макулдук берген жүзү кубарган, тартынчак жаш селки эсине түштү. Артынан эле театрдын ложасында өзүнө жанаша отурган, бирок аны байкабагандай болуп, жан дүйнөсү менен сахнага тигилген күлгүн курак келиндин элеси пайда болду. Анан ал узак сапардан кайтып келгенде,  күтүлбөгөн ышкысы козголуп, көздөрү жайнап босогодон күтүп алган колуктусун эстеди. Ошол замат биртике болсо көк нурсуз көздөрүнөн жашы шоргологон, диртилдеп, жашоосун тозокко айланткан ажаан аял көз алдына тартылды. Андан соң оорулуу наристеге үйрүлүп кам көрүп отурган мээрман энени, анын ич көйнөгүнүн астындагы үлбүрөгөн денесин эстеди. Наристе узак жашабады. Акыр аягында кыйналган эриндеринин бурчтары салаңдап, маңдайында муздак тердин тамчылары жайнаган өңү купкуу аялды көрдү. Эфир жыты толгон бөлмөдө кыймылсыз жаткан аялга боору ооруп, ичинен аяды. Азыр эле көз алдынан чагылгандай ылдам өткөн жана башка жүздөгөн образдар эки жыл мурда жайга берилгенде, өзү ыйлап узаткан адамга таандык экенин билип турду. Маркумду жайга берилгенден кийин соодагер желкесинен зылдын кара ташындай баскан жүк жеңилдегенин тулку бою менен сезген. Ага өзүндө кандайдыр сезим дүрт этиши үчүн ушул образдардын ичинен бирөөнү тандап алуусу абзелдей көрүндү; ошондуктан ушу чакта ал уят-сыйытты жана ачуусу зарыл образды издеп, боштукка сүңгүп баратты. Ал бак-дарактардын арасындагы үйлөргө көз салып, илең-салаң болуп турду; саргылт жана кызгылтым үйлөр айдын жарыгында күңүрт тартып, абада сүзүп бараткан дубал сыяктуу көрүнүүдө.

– Түнүңүздөр бейпил болсун, – деди дарыгер ордунан туруп. Соодагер аны карай бурулду.

– Мага да бул жерде калгандын зарылдыгы жок.

Жазуучу катты алып, байкатпастан плащынын чөнтөгүнө салып, коңшу бөлмөнүн эшигин ачты. Ал өлүк жаткан керебетке басып барды да, колун артына алып, өлүктү дем чыгарбай карап турганын берки экөө тиктеп калышты. Алар бурулуп чыгып кетишти.

Соодагер залда турган кызматчыга кайрылды:

– Балким, нотариустун колундагы керээзде маркумду көмүү боюнча  кандайдыр бир тескеме бардыр.

– Төрөнүн Лондондогу эжесине телеграмма жөнөтүү эсиңизден чыкпасын, – деп кошумчалады дарыгер.

– Албетте, – деди мырзаларга эшикти ачкан кызматчы.

Мырзалар тепкичтен түшүп баратканда, жазуучу аларды кууп жетти.

Көчөдө жеңил арабасы күтүп турган дарыгер:

– Экөөңүздөрдү тең алып кете алам, – деди.

– Жок,  ыракмат, – деди соодагер, – мен басуум керек.

Ал экөөнүн колун кысып коштошту да, бет маңдай соккон түнкү мелүүн желге жымыйып, шаарды көздөй жөнөдү. Бакта чымчыктар сайрай баштады. Жазуучу, дарыгер отурган жеңил араба соодегерди кууп өтүп баратканда, үч мырза тең мыйыгынан жылмайып, саал эңиле баштагы калпактарын астейдил өйдө көтөрүштү. Дарыгер кадыресе үнү менен:

– Театрда бизге кайсы жаңы спектаклди көрсөткөнү жатасыз? – деп жазуучудан сурады.

Жазуучу жаңы драмасын сахналаштыруудагы эбегейсиз тоскоолдуктар тууралуу айтып кирди, драмада адамзатка ыйык деп эсептелген баалуулуктардын бирин калтырбай жиликтеп сындалганын жашырбай моюнуна алды. Дарыгер сөздү укпастан башын ийкеп отурду. Жазуучунун оозунан эчен кайталанып, жат болуп калган сөздөр чыгып жаткандыктан, ал өзү да эмне сүйлөп жатканын уккан жок.

Дарыгердин үйүнүн жанында эки мырза тең түшүп калды, араба жүрүп кетти.

Дарыгер дарбазанын коңгуроосунун туткасын силкилдетти. Алар үн катпай турушту. Кызматчынын дабышы дарбазага жакын токтогондо, жазуучу:

– Түнүңүз бейпил болсун, менин кымбаттуу докторум, – деди таноолору дирилдеп, анан жай кошумчалады:– Сиз билесиз да, мен да аялыма эч нерсе айтпаймын.

Дарыгер жазуучунун жан жагына карап, мээримдүү жылмайды. Дарбаза ачылып, достор бир биринин колдорун силкилдетип коштошту. Дарыгер көрүнбөй калды, дарбаза жабылды. Жазуучу жолго түштү.

Ал көкүрөк тушун сыйпалап көрдү. Ооба, кат ордунда экен. Аялы катты күйөөсүнүн кагаздарынын арасынан бүтүн, ачылбаган бойдон табат. Жазуучу өзүнө таандык даргөйлүк менен аялы анын мүрзөсүнүн жанында:“Оо, кандай айкөл элең... эркектердин сарасы!”–  деп күбүрөп турганын көз алдына элестетти.

Англис тилинен которулду.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк– 4169585341612561.

[1] Экономка – акчалуу адамдардын үй чарбасын башкарган аял.

[2] Сантос-Дюмон (1873–1932), авиациянын пионери, Еврпа тарыхындагы “керемет доордогу” дүйнөөгө таанымал инсан.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз