Чимаманда Нгози Адичи: Америка элчилиги (конкурска №15)

  • 17.05.2023
  • 1630

Сүрөт www.peoples.ru/ булагынан алынды.

Чимаманда Нгози Адичи – 1977-жылы Нигерияда туулган. Нигериялык жазуучу, белгилүү феминист. Чыгармаларын англис тилинде жазат. Африка адабиятында окурмандардын жаңы муунун өзүнө тарта алган көрүнүктүү жазуучу катары бааланган. Дүйнө жүзүнө «Феминист бол» аталыштагы ураан астында өздүк лекцияларын окуп келет.

1996-жылы АКШга кетип, ал жактан медицина жаатында билимин уланткан. 2003-жылы АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин «адабият» бөлүмүнө магистратурага тапшырган. 2005-жылдан 2012-жылга чейин АКШнын ар кайсы көрүнүктүү университеттеринен стипендия менен каржыланып, түрдүү багыттагы өз ишмердүүлүгүн, чыгармачылык иштерин жүргүзүп турган.

АКШда жүрүп алгачкы жараткан аңгемелери АКШдагы бир нече адабий сыйлыктарды жеңип алган. «Америка элчилиги» аңгемеси 2003-жылы «О`Генри» сыйлыгын жеңген. Жазуучуга атак-даңкты 1967–1970-жылдары Нигериядагы жарандык согушту чагылдырган «Жарык күндүн жарымы» аталыштагы романы алып келген. Чыгармалары жалпысынан адабият боюнча Эл аралык деңгээлдеги 33 сыйлыкты алган. Анын ичинен 14 жолу биринчи орунга татыган.

Учурда АКШда, Африкада жана башка континенттерде аялдар укугу жана эркиндиги, демократиялык баалуулуктар боюнча лекцияларды окуйт. Нигерия жана башка Африка өлкөлөрү демократиялык принциптерге гана таянып өнүгүшүнө үндөп келет.

АҢГЕМЕ

Аял Лагостогу америка элчилигинин короосунда көк папкадагы документтерин колтугуна кыскан бойдон  бет маңдайын мелтиреп тиктеген бойдон былк этпей олтурду. Кезекте турган эки жүздөй адамдын ичинен кырк сегизинчи болуп тизмеге жазылды. Колдоруна «The Guardian», «The News» жана «The Vanguard» сыяктуу гезиттерди асынган гезит сатуучулар утур келип гезитти бетине такаганын да элес алган жок. Колго чөйчөк кармап кайыр сурап жүргөндөргө, балмуздак саткан велосипедчен адамдарга, айтор, эч нерсеге көңүл бурбай жым олтурду. Кулак түбүндө ызылдаган майда чымындарды кол жаңсап айдап коюш да оюна келбеди. Бир маалда чоочун эркек далыдан акырын түрткүлөп:

- Жыйырма найраны[1] эки ондук кылып бере аласызбы? – деди.

Ал ошондо гана эркекти бир топко үңүлүп карап, анан кай жерде олтурганын эми эстегендей эсин жыйнап:

- Жок, – деп башын чайкады. 

Аба үп тартып нымдуу. Аялдын ысыктан башы айланып, кечээ доктор Балогун эмнелерди аткарыш керектиги тууралуу айткандарын эсине топтой албады. Ал аялга дары бериштен баш тартты, себеби аял виза тууралуу элчиликтеги маекте бир аз өзүнө тың болгону дурус.  

Артындагы эркек аны дагы түрткүлөп, аял бир силкинип алып, жонун сыздаткан оорудан кыйкырып жибере жаздады. Денеси жыйрылып, доктур Балогун ал балкондон секирип жибергенден бери толук өзүнө келе электигин айтканын эстеди.

- Карасаң, тиги келесоо жоокерлер эмне кылып жатышат, – эркек артынан үн катты.

Аял моюнун акырын буруп артты караганда, үймөлөктөшкөн адамдар көрүндү. Жоокер колундагы узун камчы менен улам күүлөнүп, жерде жаткан эркекти башка-көзгө чапкылап сабап жатат. Бечара эркек бети-башын колу менен корголоп, жерде тыбырчылап оонаганы. Эркектин кара көз айнеги жерге ыргып түшкөндө, жоокер өтүгү менен көз айнекти бырчалата тепседи.

- Эл жоокерге жалдырап кулдук урганын кара, – артындагы эркек дагы үн катты. – Биздикилер жоокерлерге кулдук уруп, булар ушуга көнүп алды.

Аял үндөгөн жок.

Себеби, келгендердин баары Америка элчилигине таң азанда келип туруп калыш үчүн жылдыз тарап баштаганда ойгонушкан, айрымдары түнү бою уктабаган. Бул жерге келгенде кезекке тургузуу үчүн ары-бери айдактаган жоокерлердин шилтеген камчысынан боюн ала качкан баары виза алуу үчүн узун кезекке каз катар тизилишкен. Эгерде Америка элчилиги бүгүн кабыл албаса, бүрсүгүнү кайра кезекке турушка туура келет. Америка элчилиги шаршемби күнү эч кимди кабыл албашы баарына маалым. Аялдар менен эркектер генерал Абачанын[2] өкмөтү таркаткан гезиттер менен билдирүүлөр боюнча маектешип, жынсы шымчан жаш жигиттер Америкага студенттик визаны кандайча алса болорун божурап жатышты.

- Тигинин канжалаган бетин карасаң. Бетин камчы тилип, – деди артындагы эркек.

Аял бурулуп карабады. Караганда эмне, кандын түсү пальма майындай кыпкызыл болорун көрбөй жүрүппү. Анын ордуна аял назарын элчиликти бойлой кеткен четине көк майса чөп эгилген Элеке Кресент бурулуш көчө тарапты, ал жактагы топтолгон элге бурду. Кымгуут тротуар. Базар Америка элчилиги ачылганда ишин баштап, элчилик жабылар замат тык токтойт. Ал жердеги пластик отургучтарды саатына жүз найрага ижарага берген жайдын иши да сээлдей түшкөн. Цемент мамычаларга коюлган жыгач текчелерде таттуулар, манго, апельсиндер жайнайт. Башына тамеки салынган жайык табакты коюп, колдоруна кездеме кармап жаш соодагер жигиттер жүрөт. Балдарын астына алган сокур кайырчылар бирөө-жарым садага таштап өтсө, англис, йоруба, пиджин, игбо, хауса[3] тилинде ырдап дуба кылышат. Андан обочодо эптей салма фото студия. Узун бойлуу эркек бетине бор менен «Сапаттуу фото бир саатта, Америка визасын туура толтурууга жардам беребиз» деп жазылган тактайды кармап турат. Аял ал жайда шалактаган олтургучка олтуруп паспортко сүрөткө түшкөн. Сүрөттө бетин бир аз агартып чыгарыптыр. Зарыл болгондуктан, ага карабай ошол сүрөттү алышка туура келди.

Эки күн мурда ата-бабасы байырлап келген Умунначи шаарындагы жашылча талаасынын четиндеги бейитте жакын санаалаш саналуу адамдардын коштосунда уулун жерге берди. Уулунун кайгысы менен жүрүп, жакын санаалаштарын дурустап эстей албай калды. Андан бир күн алдын күйөөсүн менчик Тойота авто-унаанын багажына салып досунун үйүнө жеткирип барган. Досу күйөөсүн жашыруун жол менен өлкөдөн чыгарып кетти. Буга чейин аялга эч кандай паспортко сүрөткө түшүүнүн зарылдыгы жок эле, Угоннаны мектепке ташып, Биггс мырза иштеткен тез татымдан уулуна ичине сосиска салынган май токоч сатып берип, Маджек Фашектин авто-унаасында экөө радиону коштоп ырдап, айтор, жай турмушта күн кечирип келбеди беле. Эгерде ошол кезде көзү ачык бирөө жакын арада башында жаман иш түшөт десе, албетте, буга каткырып күлмөк. Тилегениң ушулбу дегенсип көзү ачыктын колуна он найра акча карматып, басып кетмек.

- Элчилик кызматкерлери терезе аркылуу ичкериден байкап, жоокерлер элди кантип сабаганын тамаша кылып карап турушса керек, – деди артында турган эркек.

Аял ичинен эркектин ардеменин башын божурабай шүк турушун ушунчалык каалады. Баласынын күйүтүн унутуп, саамга эсин жыйып алышка эркектин утуру бежиреп сүйлөгөнү ушунчалык тоскоолдук кылды. Ал көчө тарапка дагы карады; заары бетине чыккан жоокер андан узап баратты. Каарданган ынды кара жоокер башка ынды караны кааласа ашатып сөгөт, кааласа урат. Керсейип басканы төрт күн мурда аялдын үйүнө арткы эшигин талкалап, ичкери адыраңдап кирип келген каракчы эркектерден айырмасы жок.

Атырылып кирип келген эркектер:

- Күйөөң кайда?! Кайда жатат? – дешип ач-айкырык сала бөлмөдөгү шкафтарды, ал тургай жашиктерден бери аңтарышты. Бою алты футтан ашык адам чакан жашиктин ичине батып кетмекпи. Капкара шымчан үч эркектин оозунан арактын, ачуу калемпирдин сасыган жыты урду. Угоннаны боюна кыскан бойдон ооздон келген ачуу калемпирдин жытына ушунчалык жийиркенип олтура берди.

- Күйөөң кайда качып жоголду?! Айт дейм, канчык! – эркектердин бирөө ызырынган бойдон тапанчаны башына такады.

- Билбейм, кечээ чыгып кеткен бойдон келген жок, – деп жооп берди. Бир маалда аласынан ысык сийдик салаалап агып баштады.

Үстүнө капюшону бар капкара көйнөк кийген бирөөсү оозунан арактын жыты буркурап, көздөрү кутурган иттин көзүндөй кызарган. Көбүнчө ошол кыйкырып жатты, бир маалда үстөлдөгү сыналгыны талкалай тепти.

- Күйөөң гезитке эмне деп былжырап жазганын билесиңби? Анын бузуку экенин билчү белең? Ага окшогон шүмшүктү түрмөгө тыгыш керек, себеби буга окшогон эл бузарлар Нигериянын өсүп-өнүгүшүн каалашпайт.

Жаалданган эркек күйөөсү ар дайым NTA телеканалынан кечки жаңылыктарды көрчүдөгү диванга олтурду да, аялды күчкө салып чөгөлөтө кармап, тапанча менен белге уруп:

- Жакшынакай сулуу аял экенсиң, эмнеге ушундай бузукуга жар болуп жүрөсүң?

Эркектен жагымсыз жыт келип, деминен чыккан сасык жытка жийиркенип араң турду.

- Аялды жайына кой, – деди такырбаш шериги. – Кеттик.

Аял эркектин колунан бошонуп, дивандан турду. Капюшону бар капкара көйнөкчөн эркек аялдын жамбашынан кармалады:

- Охх, жаным, денең кандай жумшак, кандай назик, – деди кармалап жатып, тапанчасын туш келди ар жерине мээлеп.

Ошол кезде Угонна ыйлап жиберип, апасын көздөй жөнөдү. Бая эркек жаалданып кыйкырып жатканда апасынын кучагында бүшүркөп жым олтурган. Эркек пальма майы куюлган идишти талкалай атканда, кыпкызыл пальма майы Угоннанын көкүрөгүнө жаба чачылды.

- Апельсинден ооз тийиңиз, – деди артында кезекте турган эркек ага алты баш апельсин салынган пластик баштыкчаны сунуп. Эркек апельсинди качан сатып алганын деле байкабаптыр.

- Жок, ыракмат, – аял баш чайкады.

- Алыңыз, эч болбосо бирди. Саардан бери наар ала элек окшойсуз.

Аял ошондо гана эркектин жүзүнө жакшылап карады. Кебетеси куник эркектин москоол бети көрүндү. Үстүндө үтүктөлгөн саркеч көйнөк, моюнга көк галстук тагынган эркектин сүйлөшү англис тилинде адашып кетиштен корккон адамдай астейдил. Байкашынча, заманбап күркүл банктардын биринде иштеп ирденип, жашоосун оңоп алгандай.

- Жок, ыракмат, – деди аял. Анын алдындагы аял жалт карап, виза керемети боюнча америкалык министерликти атаган чиркөө кызматынын ишин кеп салгандарга аралашып кетти.

- Эч болбосо бирди жеп алсаңыз боло, – деди артындагы эркек ага апельсин салынган пластик баштыкты жакын кармап.

Аял дагы баш чайкады. Эки көздүн ортосу лукулдап оорутуп жатты. Балкондон секиргенде, баш тамыры үзүлүп кеткендей сыздап оорутту. Балкондон секирбестен, ага жармашып өскөн манго дарагынына тырмышып түшсө деле болмок. Эркектер кажылдап, ичкериде эмне кеп болгону угулбай, ошого тарс эткен үнгө аял анча маани берген эмес, мүмкүн шамал алдында асмандагы чагылган үнүдүр, жерге жая жабылган кыпкызыл так пальманын төгүлгөн майыдыр деп ойлогон. Алардын үнү угулуп турду: “Аял эми элге эмне дейт?! Ога бизди ушундай кылгыла деди беле?! Кичинекей бала! Мунун апасын сабаш керек! Анда да балээ! Ооба. Жүр, жылдык бул жерден!”

Аял ошондо балконго атып чыгып, терезеге буту менен чыгып, экинчи кабаттан ойлонбой туруп секиргенде, учуп барып дарбаза туштагы таштанды салынган челектин ичине кулаган. Жүрүп кеткен авто-унаанын үнү сээлдегенде ордунан туруп, денеси сасыган таштанды жыттанып батирине кайтты. Эшиктен кирди да, жерде сулап жаткан Угоннаны кош колдой кармап көкүрөгүнө кысты, анан көз жашын салаалатып уулун жүзүнөн сүйдү. Анын алдында эми өзүн эч качан кечирбес. Баласын кучактап мүңкүрөп жерде жатты.

- Виза тууралуу болор маектешүүдөн толкунданып жатасызбы? – артындагы эркек сурады.

Аял буга жооп катары ооруган далысын акырын күйшөп, болор болбос жылмайды.

- Киргенде адам жүзүнө тике карап жооп бериңиз. Сөздөн адашсаңыз, оңдойм деп убара болуштун кереги жок. Анда тигилер жалган айтты деп ойлошот. Менин көп тааныштарым болбогон нерседен виза албай калышты. Мен АКШга конок катары барууга визага арыз толтурам. Эмгек өргүүмдө Техаста жашаган байкеме барып келейин деп чечтим.

Эркектин сөзү аялга кайрат айткандай угулду. Алды-артында чубалып кезекте тургандардын баары күйөөсүн качырып, баласынан ажыраган аялга жардам беришке келгендей туюлду. Кулагына туш-туштан үн угулгансыйт: “Суроолорго маалкатпай тарс-тарс жооп бер. Балаңдын өлүмү тууралуу төкпөй-чачпай айт. Сөздү өтө көркөмдөп жибербе, себеби бул жерге качкын макамын алып, АКШга кетүү максатында шылуундар кайдагы бир жок тууганы бийлик тараптан киши колдуу болгону тууралуу калп айтышып, булардын андай жалган сөздөргө кулактары бышып бүткөн. Балаңдын өлүмү тууралуу чындыкты айт. Ыйла, бирок бырылдап узак эмес”.

- Алар адамдын мүлкү АКШ стандартына жооп берсе да, миграциялык виза бербей жатышат. Бирок угушума караганда, Европага виза алыш оңой. Сиз миграциялык виза алганы кайрыласызбы же жөн гана конок катары баруугабы? – эркек суроо узатты.

- АКШдан башпаанек алууга, – деп жооп берди аял. Муну уккан эркектин оозу ачылып калышын билип турса да, анын жүзүнө бурулуп карабады.

- Башпаанек алууга? Мындай макамдагы виза алыш өтө эле кыйын.

«The New Nigeria» газетасына чыккан күйөөмдүн макаласын бул киши окуду бекен? Балким окугандыр. Күйөөсү жазган демократиялык маанайдагы макаласы чыгар замат дүң болгон, генерал Абача өз кызыкчылыгын ойлоп гана өлкөдө төңкөрүш уюштурганын, төңкөрүштү ишке ашырган карапайым эл алданып, азыр эми канкор генерал каршылаштардын атчусун аттырып, каматчусун түрмөгө тыгып, каалагандай кутурганы тууралуу кенен макаласы жарык көргөн. Аскер кийимчен адамдар гезит редакциясын бастырып киришип, гезиттин жаңы санынын басымдуу бөлүгүн капкара авто-унаага жүктөп кетишкен. Кийин күйөөсүнүн макаласы жарык көргөн гезиттин көчүрмөсү бүтүндөй Лагосто жайнап кетти. Жакын коңшусу гезит көчүрмөсү ар кандай жарнактар илинген башкы чоң көпүрөнүн дубалында чапталып турганын көрүптүр. Аскер кийимчен адамдар күйөөсүн кармап, эки жума бою ур-тепкиге алып кыйнап, ал аз келгенсип бычак менен бешенесине «L» тамгасын тилип жазышыптыр (Lier англис тилинде жалганчы деген котормочудан). Күйөөсү чыгып келгенде, андан кабар алганы келген достору виски ичип олтуруп, анын бычак тилген маңдайын акырын сыйпалап көрүштү. Досторунан бирөө ага: «Сендей азаматтар турганда Нигерия эчтекеден кем болбойт» – дегени эсинде. Күйөөсү өз өлкөсүнүн жараны, журналист катары өз милдетин аткарганын, аскер кийимчен эркек аны өлөрчө тепкилеп, тамеки сунганын божурап олтурду. Сүйлөп жатып толкунданып кеткенде, сөз таппай кекечтенгенин айт.

- АКШдан башпаанек сураган көп адамга виза берилбейт, – жанатан бери ардемени сүйлөгөн артындагы эркек үнүн көтөрө сүйлөдү.

- «The New Nigeria» гезитин окуйсузбу? – деди аял жүзүнө карабастан, анын ордуна алдыда турган жубайлар бир куту печенье сатып алышканын, кутуну ачканда печеньенин шыгыраганын карап турду.

- Албетте. Сизге ошол гезит керекпи? Анын көчүрмөсү дале сатылып жатат.

- Жок, жөн гана сураганым.

- Эң сонун гезит. Ал гезитте иштеген эки журналистти аябай сыйлайм. Элге чындыкты жеткириш үчүн өмүрүн тобокелге салып иштөөдө. Чыныгы тайманбас эр жүрөк жигиттер. Кана эми, бизде ошондой азаматтар көп болсо, атаганат.

Жолдошу азаматтан мурун, көздөгөндөн кайтпаган өжөр. Бир ай мурда аталаш тууганы үйлөнүп, күйөөсү той чыгымынын бир бөлүгүн өзү көтөргөнүнө карабай, тойго катышуудан баш тартып, камакта жаткан журналисттен маек алууга Кадунага жөнөп калды. Жолунан кайтпаган күйөөсү жөнөп баратканда, аял: «Бул бийликти жек көргөн жалгыз эле сен эмессиң го. Бир аз демиңди басчы» – деп артынан күңкүлдөп кала берди. Аял үлпөт тойго жалгыз жөнөдү, күйөөсү Кадунага чаап кетти. Күйөөсү кайтып келген соң биртке баарлашкандай болушту; экөөнү бириктирип турган баласы тууралуу баарлашат көбүнчө. «Балаңдын кылыктарын сага айтып берейин. Көрсөң ичиң элжирейт. Ананайыным...» – деп кеп учугу башталат, күйөөсү жумуштан келер замат. Анан баласы экөө эртеден бери көргөн-билгендерин атасына божурашат.

- Демек гезиттеги ошол эки журналистти чыныгы азаматтар дейсиңби? – аял артындагы эркекке бурулуп караганча суроо узатты.

- Албетте. Бул баарынын эле колунан келбейт. Мындай ишке батынышка бул өлкөдө бизге окшогондордун кайраты да, эрки да жетпейт.

Эркек муну айтарын айтты да, учурдагы аскердик диктатор бийликтин таламын талашып, демократиялык маанайдагы адамдарды, иш-аракеттерди каргап-шилеген бийликтин кошоматчысына байкабай оюмду айтып алдымбы дегенсип, аялды шектүү тиктеди узакка. Бир жагынан алганда, аял ага Зария университетинин журналистика бөлүмүндө окуп жүргөндөн баштап коомдук-саясый иштерге жигердүү аралашып, генерал Бухаринин өкмөтү студенттерге бөлүнгөн жөлөк пулга тыюу салганда, нааразылык митингин уюштурганын, «Evening News» гезитине бийлик тараптан «The Guardian» басылмасынын кабарчысына болгон кол салуу тууралуу макала жазганын, күйөөгө чыккан соң төрт жыл боюна бүтпөй, балага зар болушканын, кийин боюна бүтөр замат ишке чыкпай калгандыгын төкпөй-чачпай айтып бермек.

Аял эркектен жүзүн буруп, кезекте турган элди айланчыктап жүргөн кайырчыларга карады. Колуна теспе кармаган узун этек көйнөкчөн эркектер Куран сүрөөлөрүн окуп элди сагаалап жүрүшөт; оорукчан балдарын жонуна көтөрүп ар кимге жал-жал тиктеген аялдар; көзү азиз эрди-катынды кызы алдыда жол баштап жетелеп алган. Кир жакалуу моюнга Ыйык Мариянын сүрөтү түшүрүлгөн төш белги тагып алган.

Ышкырган бойдон гезит саткан киши келип токтоду. Колуна кармаган гезиттердин арасынан «The New Nigeria» гезитин учурата албады. Баары түгөл сатылып кетсе керек. Гезитке «Абача башкарган жылдар: 1993–1997» аталыштагы күйөөсү жазган макала жарык көргөндө, буга анча деле маани берген эмес, ал жерде болгону буюртма киши өлтүрүүлөр, калкка пайдасы жок келишимдер жана жымырып жок болгон казынадагы акчалар тууралуу жазылган. Мунун чоо-жайы Нигерияда сокур менен дүлөйгө деле маалым. Аял мындан эч кандай жамандык күтүп кабатыр болгон эмес, макала чыккандын эртеси Би-Би-Си радиосу бозгунда жүргөн нигериялык саясый илимдердин профессорун маекке тартканда, профессор сөз арасында макаланын авторуна адам укуктары боюнча эл аралык «Human Rights Award» сыйлыгын ыйгаруу керектигин кыйытат. Репрессияга каршы калем менен күрөшүп, жер карап көнгөн элди эркиндикке үндөө менен көзүн ачып, дүйнөнү тааныткан жаран деп сыпаттап өткөн.

Күйөөсү ички дартын аялга билдирбешке аракет кылды. Андан кийин күйөөсүнө тынымсыз белгисиз номерлерден чалуулар башталды. Качан ага алыс таанышы жашыруун чалып, өлкө башчысы аны жердин жети катмарынан болсо да таптырам деп кекенгенин айтканда гана күйөөсү өзүн коёр жер таппады. Чалган адамдын айтуусуна караганда, аскер кийимчен желдеттер анын изине эчак түшүптүр. Эгер камакка алынса, ал жактан тирүү чыгышы күмөн. Телефондон сүйлөшүп бүткөн соң, күйөөсү эшик кайтарган адамга көрүнбөш үчүн авто-унаанын багажына түшүп качышка аргасыз болду. Эшик кайтарган адамды жок жерден балээге илештиргиси келбеди. Аскер кийимчендер сураса, көрбөдүм деп кутулар. Угоннаны коңшусуна таштап, күйөөсү чый-пыйы чыгып шаштырганына карабастан, багажниктин ичине суу септи, багажниктин ичи салкындап, күйөөсү деми кысылып кыйналбасын деди. Авто-унаа менен бирге иштеген журналисттин үйүнө жашыруун таштап келди. Эртеси күйөөсү Бенинге аман-эсен жеткенин айтып өзү чалды.

Журналист досунун тааныштары аркылуу чегарадан аман-эсен өтүптүр. Атлантага тажырыйба үчүн барганда алган америка визасынын мөөнөтү бүтө элек болчу, ошол визасы аркылуу Нью-Йоркко барып башпаанек сураганды ылайык көрдү. Аял ага эч кабатыр болбосун, Угонна экөөндө баары жакшы экенин, мектепте окуу жылы аяктаган соң виза алып Америкага учуп барарын айткан. Ал түнү Угонна уктабастан бөлмөдө оюнчуктарын ойноп олтурган маалда аял китеп окуп олтурган. Үч чоочун эркек ашканага капыстан бастырып келишкенде, Угоннаны уктатып койбогонуна кейип, өзүн өзү ушунчалык жек көрдү.

- Ох-ий, күн куйкалай турган болду. Элчилик адамдарга көлөкө жай даярдап койсо, өлөбү. Визага алган акчадан жумшап көлөкө жай куруп коюшса болмок, – арттагы киши кейиди.  

Анда дагы бирөөсү америкалыктар өз чөнтөгүнө гана иштегенин айтып кейисе, ары жактан башкасы бизди ит ордуна көрбөй, куйкалаган күн астында кезек күттүрүп койгону эмнеси деп наалыды. Анын жанындагы буга каткырып күлдү. Аялдын назары жанына келе калган сокур кайырчыларга бурулуп, сумкасынан жыйырма найра акча алып, садага сунду. Акча колуна тиер замат алар эбиреп-жебиреп пиджин акцентинде англисче булдуруктап, анан игбо жана йоруба тилинде анын келечегин айтып кирди:

- Кудай жалгасын, сиз көп акча табасыз, көңүл сүйгөн кишиге турмушка чыгасыз, жакшы жумуш табасыз.

Аял узап бараткан кайырчыларды көз менен узатып кала берди. Кайырчылар эмнегедир аялга «Көп балалуу болосуз» дешпедиби. Арттагы башка аял садага сунса, ага көп балалуу болорун айтышкан.

Элчиликтин дарбазасы ачылып, ичкериден көрүнгөн күрөң кызматтык формадагы киши кыйкырды:

- Элүү адам киргиле да, форма толтургула. Калгандар кийин келгиле. Бүгүн элчилик элүү адам гана кабыл алат.

- Бешенебиз бар экен, – деди анын артындагы эркек.

Аял виза тууралуу сурак-жооп алган айымды айнек тосмон артынан карап олтурду, сары чачы желкесине жайылган көгүш көз айым кырбуусу күмүш түстүү көз айнек артынан ар бир кагазга үңүлүп карап жатты.

- Виза алууга түрткөн өзүңүз тууралуу кошумча жагдайларды айтып бересизби? – виза маселесин караган айым аялга карап сылык жылмайды. (Ушул жерде уулун өлтүрүп кетишкени тууралуу көп нерселерди айтып берсе болот эле.)

Аял жанаша терезеден виза тууралуу сурак-жооп жүргүзгөн айымдын жибип кетишин ушунчалык каалап, айымды артынан карап турган кара костюмчан эркекке жалт карады. Эгер ушул мүнөттө капкара костюмчан эркекпи же элчиликте иштеген башка бирөө аялдын уулунун өлүмүнө байланышкан ички даргөйүн териштирген айымдын кулагына бир ооз шыбыраса, аялдын жүрөгү мүмкүн кубанычтан жарылып кетмек.

Баласын өлтүрүп кетишкенин гана боздоп ыйлап айтып бергиси келди. Чырактай уулун өлтүрүп салышты. Эми анын борсулдап күлгөнүн эч качан укпайт. “Нанды “на-на” деген ширин тилиңден и-ий. Көтөрсөм мойнума бек жабышкан көкүрөк күчүгүм. Түрдүү түстөгү кубиктерди кынап, оюнчук үй курганын көргөн атасы: «Жаман балам келечекте улуу сүрөтчү болот окшойт» – деп сыймыктанар эле. Кайсы бирин айтасың, кайсы бирин...”

- Бул бийлик тараптан деп жазыптырсыз, туурабы? – айым суроо узатты.

Бийлик тараптан кысым көргөн жаранга саясый бозгун катары башпаанек алууга бир аз мүмкүнчүлүктөр каралган. Өзү менен бирге үч эркек кишиге виза алуу мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, каралашкан жакын адамдары катары күйөөсүн, бир тууган агасына да виза берүү жагы бекитилген.

- Ооба. Алар бийлик өкүлдөрү болчу, – деди аял.  

- Муну тастыктап бере аласызбы? Муну тастыктаган керектүү далилдер барбы?

- Ооба. Кечээ аны жерге бердик. Уулумдун сөөгүн...

- Кайрат кылыңыз. Кайрат... – деди айым. – Бирок мага бул бийлик тараптан болуп жатканын далилдеген документтер керек. Этникалык тараптар ортосунда жаңжал тутанып, буюртма киши өлтүрүү болгону маалым. Бизге өкмөт тарабынан Сизге кысым болуп, Нигерияда калуу Сиз үчүн өтө кооптуу болуп жаткан жагдайларды таамай көрсөткөн документтер керек.

Аял артында акактай тиштери көрүнгөн помада менен кыпкызыл боёлгон эринге карады. Сепкил баскан жүздөгү кыпкызыл боёлгон эрин. Аял сурак-жооп жүргүзүп жаткан айымга «The New Nigeria» гезитине чыккан макала бир баланын өмүрү менен бааланганы тууралуу айтып жибере жаздады. Бирок батынбады. Америкалык элчиликте иштеген бул айым өлкөдөгү демократиялык маанайдагы басылмалар тууралуу кыпындай маалыматы жоктой, алтургай элчиликтин күн куйкалаган күнөстүү дарбазасынын алдында ысыкта сагаалаган элдин даргөйү менен деле иши жоктой.   

Айым кеп баштады:

- Америка Кошмо штаты саясый кысымга кабылган жарандарга жаңы жашоо тартуулайт, бирок бул үчүн бизге далил керек. Элчилик далилдүү документтерге таянып...

“Жаңы жашоо... Эх, арман дүйнө. Уулум өлгөн соң, мага эми кайдагы жаңы жашоо. Кардымдан чыккан баланы өзүмө бек кыса жыттаганда гана жаңы жашоого келгендей болбодум беле. Уулум гана мага эне деген ардактуу наамды, жаңы жашоону тартуулай алган. «Мен Угоннанын апасы болом» – дегенди өзгө арасында сыймык менен айтып, башты бийик көтөрүп жүрбөдүм беле”.

Уулун жерге бергенде жайга бир туугандары окшош кара кийинишип, ошондон уламбы, айтор, бирөө: «Баланын энеси ким?» – деп сурар замат, өзөктү өрттөгөн азап-кайгысын эптеп чыдап ичке жутту да, ага тике карап: «Мен апасы болом», – деди. Уулунун сөөгүн бөтөн жайга таштабай, ата-бабасынын сөөгү жаткан жерде жерге берди. Уулунун бейитине кичинекейинде ширесин тамшанып соргон гүлдөрдү эгип койгусу келди. Кичинекей баланы өз койнуна алган алакандай гана жер. “Алакандай жер бетине мен эми ширелүү гүлдөрдү эгем. Сени сагынганда, кусадан буулукканда бейитиңе келем да, топурагына тизелей олтуруп, анда өскөн гүлдөрдүн ширесин соруп өзүмдү сооротом. Анан сага бейиш тилейм. Сен ойногон түрдүү түстөгү оюнчуктар сымал бейитиңде түркүн түстүү гүлдөр бажырайып гүл ачар, күчүгүм. Сен гана жоксуң”.

Жанаша турган үстөлдө кимдир-бирөөнүн виза тууралуу документтерин караган элчилик кызматкери микрофондон болушунча кыйкырды:

- Жетишет! Сиз айткан жалган маалыматтарды уга берип тажадым, мырза!

Кара костюмчан виза тапшырып жаткан адам ичинде толтура документ салынган папканы булгалап каяша айтты:

- Жаныңды жебе! Адамдарга бир аз сылык мамиле кылганды качан үйрөнөсүңөр. Карап тур, мен түз Вашингтонго арызданам!

Арыдан күзөтчү келип, жаалданган кишини сыртка жетелеп жөнөдү. Киши ызырынып кыйкырган бойдон күзөтчүнүн жетегинде чыгып кетти.

Бир маалда тигил айымдын жүзүнө суроолуу карады.

Анын көзүнө ушундай көрүндүбү же башканданбы – аңдабады. Сурак-жооп алып жаткан айым ичинен бирдемеге толгонуп жаткандай туюлду, ак жуумал айым чачын түздөмүш болду. Анын келечеги азыр ушул айымдын колунда. Аялдын даргөйүн такыр түшүнгүдөй эмес. Пальма майына бул айым тамак деле жасап көрбөсө керек. Демек, таза пальма майы ачык кызыл түстө болорун, пальма майы эскиргенде коюуланып саргыч түскө келерин элчиликте иштеген бул айым кайдан билмек.

Аял акырын турду да, сыртка жөнөдү. Сурак-жооп алган айым артынан бирдеме дегендей болду. Аял артка бурулуп караган жок. Айым аялдын артынан кыйкырган бойдон калды.

Америка элчилигинен чыкты да, колдоруна табак көтөрүп алиге дейре тилемчилик кылган топ кайырчыны аралай өтүп, токтоп турган авто-унаасына олтуруп жөнөп кетти.

Англис тилинен которулду.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

[1] Найра – Нигерия акча бирдиги.

[2] Абача Сани (1943–1998) – Нигериялык аскердик жана мамлекеттик ишмер. Нигерияда аскердик жана мамлекеттик ар кайсы жетекчилик кызматтарды аркалап келген. 1993-жылы өлкөдө төңкөрүш уюштуруп, анын арты менен президенттик тактыга олтурат.

Абача башкарган жылдар өлкөдө коррупциянын гүлдөп өсүшү, эркин басылмаларды кысымга алуу, оппозизия жана бийликке сын айткан жарандарды куугунтукка алуу же көзүн тазалоо, буюртма киши өлтүрүү, сырткы саясаттагы майнапсыз иш-аракеттер менен коштолгон. АКШ өлкөдө адам укуктары кескин тебеленип кеткенин баса белгилеп, ал башкарган жылдар өлкөгө бир нече ирет санкцияларды киргизген.

Өлкөнүн мунайды сыртка экспорттоп сатуудан түшкөн төрт миллиард доллардан ашуун акчасын сыртка жымырып чыгарып кеткен. Президенттик тактыга келер замат үй-бүлөлүк башкарууга ыктап, өлкөдөгү маанилүү саясый жана каржылык маселелерди баласы жана бир туугандары көзөмөлдөгөн.

1998-жылы жүрөк оорусунан капыстан каза болгон. Айрым такталбаган маалыматтарга караганда атайын ууландырып өлтүрүлгөн.

[3] Йоруба, пиджин, игбо, хауса – Нигериядагы жергиликтүү тилдер.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз