Мухтар Ауэзов: Жетимдин үлүшү (конкурска №13)

  • 08.05.2023
  • 2303

АҢГЕМЕ

Ш. калаасынын түштүк батышында жашаган элди калаага байланыштырган кара жолдун үстүндө Аркалык деген тоо бар. Талаанын жылаңач, кунары качкан узак жолунда чарчап-чаалыгып келаткан жолоочуларга Аркалык алыстан көрүнүп дем берип турат.

Жолдун алкымындагы көлдөлөңдөй созулуп жаткан тоо кыркасы он чакырымга жакын созулганы менен жайылбаган кереге сыяктанган, жалгыз тоо. Талаанын ортосунда жалгыз турган Аркалык түндүктөн да, түштүктөн да соккон шамалдан коргой албайт. Кыштын башталышында эле жааган кар тоону жумурткадай тегиздеп салат. Ошондуктан башка жерлерде күн чайыттай ачык болуп турганда Аркалыктын боорунда көпчүлүк учурда бороон басылбай, улуп-уңшуп турат. Алыстан караганда да Аркалык бир бүдүрү жок жылаңачтай көрүнөт. Жыл сайын кыш башынан кар көп түшүп, малга жайсыз болгондуктан андагы олтурган элдин малы көп чыгымга учурап, башка эл аман-эсен олтурганда, булар жуттун калабасынан кутулушпайт. Андыктан бул жерди мекендеген эл көбүнчө кедей болушат.

Илгертеден ата-бабаларынын конушу болгондуктан, башка барар жерлери жок үчүн бул жерде жашаган эл “теңирине жалынып” олтура беришет. Буларды ачтан өлтүрбөй баккан бир гана Аркалыктын дыйканчылыкка ыңгайлуулугу (Тоо этектериндеги түз жерлерге себилген эгин жакшы түшүм берип, узак-кыска мөөнөткө азыктарын даярдап алышчу).

Аркалык анын түштүк батышын ээлеген кошуна элдерге жакшы белгилүү. Анын себеби, Аркалык калааны сырттагы элдер менен байланыштырган кара жолдун боюнда жайгашканында. Узак жолдо же көлүктөрү чарчап-чаалыканда, же авто-унаалары бузулган учурларда, узакка созулган бороондордо, талаадагы катаал аба ырайында чоң жолдон өткөн адамдар ушул Аркалыктан баш калкалоочу жай жана түнөк табышчу.

Аркалыктагы жолу өткөн ашуу – Күшүкбайдын ашуусу аталат. Күшүкбай Аркалыкта жашаган беш-алты айылдын түпкү бабасы. Анын баатыр адам болгондугун айтышат. Дал кара жолдун оозундагы жапыз дөңсөө үстүндө таш коргон менен тосулган жалгыз бейит бар. Ошол мүрзө Күшүкбайдыкы. Ошондон улам ашуу Күшүкбайдын ашуусу аталып калган.

Ары-бери өткөн жолоочулардын көбү Күшүкбайдын ким экенин, кандай доордо жашап өткөнүн билишчү. Аларга бул окуялар тууралуу кабар жеткирген өз заманынын санжырачылары – доорлорун жокчулукка өткөзүп, жакырчылыкка батып, тажатма, суук жашоо өткөзүшкөн карылар эле. Алардын акыркы өкүлдөрүнүн көбү айылдын калп кошуп сүйлөбөгөн, кадырлуу карыялары болгондон кийин алдынан эч ким каршы чыгып, каяша айтпагандар эле. Алар Күшүкбайдын жүрөгүн сөз менен кооздошчу эмес, а анын жүрөгүнүн токтобой согуп турушун көздөшчү. А кооздогондор башкалар эле...  

Болгону, алардын ачылып сүйлөп бериши үчүн бир аз шарт керек болчу. Биринчиден, кожоюн койлору менен ээн шамалдуу талаадан кечинде аман-эсен келип, чарчап-чаалыккан белин түзөп, очокко жылынып алышы керек, экинчиден, көлүгүнө да, өзүнө да тамак сураган сырттан келген жолоочулар болбошу керек. Ошол убакта үйдө көңүлү сүйгөн, кадыр-барктуу конок болгону жакшы. Мал короого кирип, жай олтуруп чай ичилип, казандын алдында от балбылдап, мурдуна кайнаган эттин жыты келип турганда гана санжырачы аксакал эргип сүйлөй башташчу.

Көбүнчө кечке чарчап келген меймандар уйкусурап олтурушчу, бирок кунт коюп тыңшап угушчу. Кулагы менен да, жүрөгү менен да тыңшашчу.

Мына ошондой көңүлдүү отуруштардын биринде өткөн күндөр тууралуу көп кызыктуу окуяларды айтып отуруп, санжырачы аксакал сөзсүз Күшүкбайдын тарыхын унутта калтырбай кайталар эле.

Күшүкбай жыйырма бир жашында каза болгон экен. Жаш кезинен жортуулга чыгып, заманынын көп баатырларынын арасында балтыр эти ката элегине карабай, далай кыйын кезеңдерде акыл таап, кажыбаган кайратын, эрдигин көрсөткөн. Чокмор менен найзага чебердик менен ээлик кылып, аскер башчы болууну, жортуулдарга чыгууну эрегишкен душмандарын жеңүүнү кыялданган. Ал тапкыч, эпчил, чарчабаган, укмуштуудай күчтүү жана кагылыштарда, мушташтарда теңдеши жок эле. Ал адамдан, айбандан, карышкырдан, бороондуу түндөн, жаман жышаандан да коркчу эмес. Ошондон улам ал жаш кезинен баатыр деп таанылган.

Өмүрүнүн аягында кыялына жаңы жетип, эрегишкен элинен кегин ала баштаганда, не бир эр кишилер жыга албаган Күшүкбайды кара чечек деген балээ оору жыгыптыр. Оорусу узакка созулуп, төшөктөн баш көтөрө албай көпкө жатып калат. Ошол кезде Күшүкбай ооруп жатат деп уккан, көптөн бери өчүн ала албай жүргөн Уак уруусунун бир баатыры учурдан пайдаланып душманын басынткысы келип, байлоодо турган “Беш кашка” деген атын таламандын чак түшүндө тартып алып кетет. “Баланча атыңды алып кетти” деген туугандарынын айткан ызалуу кабарын угар замат жаны кашайган баатыр, оорусуна карабай жылкыдан ат алдырып, жылаңач этине төөнүн жүнүнөн токулган чепкенди кие салып, жоосунун артынан кууп жөнөйт.

“Баатырдан кегимди алдым” деп үйүнө келип жаңыдан жайланып олтурганда, атын ойдолотуп, найзасын ойноктотуп, бетинен түгү чыгып, өрт өчүрчүдөй заарын чачкан Күшүкбай жетип келет. Айылдагы самсыган сары колго “Согушам, каныңарды төгөм”, —деп ызы-чуу салат. Бирок жыйылган элдин арасындагы эстүү-баштуу аксакалдар: “Бир атанын балдарыбыз, бир тентектин кылыгы үчүн бири-бирибизди өлтүрүп урушпайлык”, —дешип Күшүкбайды сөзгө келтиришип, башына калпак, үстүнө чепкен жаап узатышат. Баатыр элине кайтып келатканда оорусу күчөп, атка өбөктөп жүрүп олтуруп, ушул азыркы бейити турган жерге жеткенде найзасын таянып аттан араң түшөт. Жүзүн кыбылага каратып жатканга чамасы араң жетип, ошол жерден жан берет.

Ага-туугандары баатырдын сөөгүн табышканда, төө жүнүнөн токулган чепкени чечектин жараларынан сызылып чыккан кан аралаш ириңге чыланып калганын көрүшөт. Баатыр көп максаттарына жетпей, күч-кубаты кайта электе, жаштайынан жайрап, арманы ичинде кеткендиктен, анын мүрзөсү турган дөңсөөнүн боорунан ызгаар суук, бороон чапкын кетпей турган болгон экен деп санжырачы аксакал сөзүн бүтүрчү эле.

Бул аңгемени айткан карыялар Күшүкбайдын ким экенин баян кылып журтка таанытып, өзү да ошол баатырдын урпактарынан экендигине сыймыктанып, бой көтөрүп, көңүлү бул күңүрттөп өтүп жаткан өмүрдүн көйгөйлөрүнөн бир аз да болсо арылып, сергип алышчу.

*     *     *

Январь айынын аяктап калган учуру. Күн батайын деп калган мезгил. Күн батыш тарап батып бараткан күндүн кызыл нуруна чайынып, кызыл тукабадай кызарат. Күндү курчаган жука булуттардын түсү көөрүккө салып кызытылган темирдей кып-кызыл. Төбөгө жакын күндөн алыс турган булуттардын четтери гана асыл нурдун буусу менен жалатып койгонсуп кызгылтым тартат. Кызыл шооласын дүйнө жүзүнө чачыратып, күндүн чарасы чети кемибей толугу менен көрүнгөнүн айт. Асман ачык. Берирек турган аз гана булут, кең дүйнөнүн жүзүн жапкан парда боло алган жок. Күн бою тынч жаткан шамал Күшүкбайдын боорунда жаңыдан жааган жумшак карды бурганактатып сапырылта баштады (Күндүн кызыл шооласы талааны да, өз өңүнө окшотуп алган. Күн батыштан бороон учурган кар да күн алдында кызгылттанып көрүнөт).

Жогоруда айтылган Күшүкбайдын ашуусундагы кара жолдо Аркалыкты бет алып калаа жактан кош ат чегилген чана келет. Үстү ачык сары чанада жеңил жүгү бар, жакшы кийинген эки жигит.(Орто эти бар эки ат чарчаганга карабай, чананы айдап келаткан жигит божуну улам кагып, шапалагын шилтеген сайын желимиш болушат).

Жүргүнчүлөрдүн биринин кийгени жаңы түлкү тумак. Кемселинин сыртынан кийген калың боз чепкендин жакасы кара баркыт. Бутунда кончунан баркыт байпагынын чыгарып бүктөп койгон келишкен өтүк. Биринчи көргөндө эле мырза экени билинип турат.

Бул жигиттин жашы отуздар чамасында. Орто бойлуу, толмочунан келген чымыр денелүү, кыска муруту, чочко сакалы бар, сурунан келген, жалпак жүздүү жигит эле. Анын кыйшыгынан келип, адамды тик караган өткүр көздөрүнөн, түктүйгөн каштары жаап турган салыңкы кабагынан өзгөчө таш боордук байкалат. Кичинекей мурду көз, кабагына жарашпагандай таасир калтырат. Ал эми калың эриндеринен аялзатына карата ашкере кумарпоздугун аныктоо кыйын эмес.

Бул жигит – Акан мырза. Калаага барып элден чогулган салыктарды казынага төгүп, иштерин тегиз бүтүрүп, үйүнө келаткан кези. Жанындагысы Калтай – ар дайым жанынан алыс чыгарбай ээрчитип жүргөн жигити. Акан болуш болгондон бери аны ат кошчу кылып, мурдагысынан да жакындатып алган. Калтай ишке бышык, сөзгө чебер, тамашакөй, негизгиси Акандын түнкү жүрүштөрүндө өтө керектүү, ары куу, ары тилдүү, эпчил эр жигит.

Акан күн бою жолдо көп сүйлөбөй, бир нерсени телмирип ойлонгондой олтурду. Бирок түпсүз терең ой түйүнүн чече албай олтурган кишинин кебетесин кийген менен, Акандын ою кайда жүргөнү белгилүү. Ал көбүнесе ошонтип терең ойго түшкөндө, кыялында бир сулууну элестетип, ошого тигиндей деп сүйлөсөм, баландай кылып тамашаласам, анан минтип кучактасам, сүйсөм деп кыялына мас жыргап олтура берчү. Калтай мырзасынын эмне ойлоп олтурганын билсе да, жаштайынан жалтаң өскөн неме, ачуусуна тийип аламбы деп чочулап, кожоюнун көңүлүн оорутуп алчу сөздөрдү мындай убактарда айтчу эмес. Ошондуктан Акан сүйлөбөй олтургандан кийин, ал да унчукпай келет.

Жолоочулар күн бою жылуу келе жатышса да, кечке жуук күн сууктап, бороон күчөй үшүп чыгышты. Божу кармап, чананы башкарып келаткан Калтай бетин ушалап, бурулуп Аканга карады:

– Баатыр Күшүкбай “мени өлтүргөн чечек – ушул Ш. калаасы” дейби? Эмне, муну биринчи жолу көрүп жаттык беле, качан болсо ызылдап, бороону басылбайт, – деп күлдү. Акан да бир аз жылмайып, оюнан алаксыгандай болду. Бир аз убакыттан соң кайрадан үндөбөй, күн бою келе жаткан адаты менен тунжуроосу башталды.

Ушундай алыс жолдон тажап, тоңуп-үшүп, бири-бирин сүйбөй келаткан жолоочуларга Күшүкбайдын ашуусунун түшө беришинен бир ичке сызык шекилденип Канайдын жалгыз короосу көрүндү. Узак жол баскан жолоочулар ушул көзгө араң илешкен кичинекей сызыкты көргөндө, конор үйдүн ар кандай жагымсыз жактарын эстеп, мурдагыдан да тунжурай түшүштү. Көңүлдөрү чөктү.

Канайдын короосу ашуудан түшкөнчө мында адамдар жашаарын билгизбейт. Ээсиз бош, унутулуп калган эски журт сыяктанат. Короодон жарты чакырымдай жерде төбөсү такырайган кичинекей дөңчөнүн үстүндө томпоюп жаткан бир чоң кишинин, бир баланын мүрзөсү бар. Жолоочулар өтүп баратып, алиги бейитердин жанынан эриндерин кыбыратып, тоңгон алакандарын жайып, беттерин сылап бата кылып өтүшөт.

Күшүкбайдын ашуусунун башынан ылдый соккон бороон жаңы бейитти кар менен көөмүп, аны карагандардын көзүнөн жашыруунун аракетин көрүп жаткан. Дагы бир аздан кийин ал максатына жетип, бейит таптакыр көрүнбөй калчудай. Кээде себелеп, кээде бурганактап өтүп жаткан жумшак майда кар өзүнүн аёону билбеген мээримсиз, муздак, бирок эркин экендигин билдирип жаткансыйт.

Бейиттен жарты чакырымдай жерде жайгашкан эки кичинекей короонун да бейиттен айырмасы жоктой. Чатыры эскилигинен кулачудай араң турат. Бурч-бурчтарындагы дубалдын кыры жаанга эзилип түшүп, үйүлө баштаган топурак ансыз да жапыз короону ого бетер жепирейте баштаптыр. Айланасындагы кар кыш башталгандан бери күрөлбөгөндүктөн короону биротоло басып калчудай үйүлөт.

Эшик алдындагы абал бир аз башкача эле. Алакандай жер күрөлүп, күрөлгөн кар дөмпөйөт. Ошол жердеги тапталган кичинекей тар жол гана мында адамдар жашаганынан кабар берип турду. Кыштоонун тескей жак бурчтагы короонун төбөсү оюлуп түшүп, тоодон аша соккон бороон алиги тешиктин үстүндө бирде ак куюн болуп уюлгуп, бирде түтүндөй созулуп өйдө көтөрүлүп, бирде майда карды тешик аркылуу ичкери айдап киргизип, короону толтургусу келгендей. Короо ичинде бир-эки чөмөлөдөй чөп. Чөп түбүндө тумшугу жеткен жеринен жулмалап жеп, кабыргасы саналган арык кызыл торпок менен эки-үч арык токту.

Короо сыртынан байкалган ушул сыяктуу адам жүрөгүн титиреткен көрүнүштү көргөн адам: “бечаралар, мындай жерде кандай жашоо өткөзөт болду экен?” деген аянычтуу суроого эрксизден кабылчу. Ушунтип ойлогон адам үйгө кирип, үйдө жашаган адамдарды көргөндө, алиги сезимдин чындыгына көзү жетчү эле.

Күндүз биз көргөн жолоочулар күн батып кой короого кайткан учурда ушул үйдүн алдына токтошту. Чанадан түшүп, үстүлөрүндөгү карды силкип күбүнгөн соң Акан мырза короонун түрүн көрүп көңүлсүз үн катты:

– Калтай, бул үйгө эмнеге алып келдиң? Киши олтурар жери бар дейсиңби? Башка эле үйлөргө барсак болмок.

Калтай аттарды чанадан чыгарып байлап жатып табышмактата жооп берди:

– Коё тур, эмнеге алып келгенимди кийин билесиң.

Кулагы жакшы нерсени үмүттөндүргөн сөздү уккан соң Акан үйгө кирүүгө шашты. Аттан түшүштү. Эми коноктор караңгы короонун ичине кирип, боолголоп барып эшикти таап үйгө киришти. Үй – оозгу үй, төркү үй болуп эки бөлмөлүү экен. Бирок ооздогу бөлмө адегенде жашоого арналып салынса да, азыркы калыбында ашкана, бир чети короонун милдетин аткарып калгандай. Үйдүн белгиси айнектелген жалгыз терезе менен от чыгып жаткан бурчтагы кичинекей кемегеден гана байкалат. Ичи караңгы. Бурч-бурчунда кеберленген муз, дубалы кара шыбагы шыбалган боюнча, кир. Шыбындагы карагай устун түтүнгө ыштала берип капкара болуп бүтүптүр. Терезе жактагы бурчта жаңы туулган бир козу менен жонуна кийиз жабуу таңылган арык музоо.

Төркү үйдүн абалы бир аз жакшыраак. Көп тургандыктан майланышып кирдеп, карайып кеткен кичинекей тар эшиктен киргенде, оң жак бурчта эптеп салып койгон чоң меш, мештин жогору жагында эскилигинен сыры түшө баштаган жыгач керебет. Үстүндө эски боз жууркан, кылдат колдор менен жыйналган эки-үч көрпө төшөк, жаздык... Болгон мүлк ушул. Эшиктин каршысындагы дубалга жабыштыра коюлган боз кийиз менен жабылган эки эски сандык турат, үйдүн калган бөлүгүндө адаттан тыш эч нерсе жок.

Төр дегени эки-үч жерге салынган эски, өңү өчкөн кийиз, анын үстүнө бир-эки шырдак салыныптыр. Үйдүн болгон жасалгасы ушул. Бул үйдүн да дубалдары көп жылдардан бери акталбагандыктан ар жеринин кара шыбагы чыгып, шалтактап кир.

Меш да эскилиги жетиптир, үстүн көө менен дат басып, кырлары сынып түшө баштаптыр. Түштүктү караган эки көзү жабык терезенин айнектерин кыроо басып, аппак. Жыртык-тешигинен тоонун муздак шамалы ызылдап кирип, үй ичи бир топ суук эле.

Меш кырында турган кичинекей, панары сынык чырактан үлпүлдөп жанган жарыгы үй ичиндеги караңгылыкты жирей албай, бир аз желпилдеп, күңүрт, кызгылт шооласын чачылганы.

Бул үйдүн бардык жашоочулары – үч ургаачы. Меш түбүндө бири-бирине жөлөнүп бүрүшүп олтурушкан. Алардын бири – жашы сексенден ашкан, карылыгы жеткен кемпир, экинчиси кырктар чамасындагы аял, үчүнчүсү он жаштагы тестиер кыз. Кемпир картайып, кубаты азайса да, жүзүндө айрыкча бир эркектерге таандык кайрат байкалат. Жазы маңдайлуу бетинде кочкор тумшук келген муруну коңкойот. Такырайган суюк каштуу кабагынын астынан көрүнгөн жүлжүйгөн өткүр көздөрү чарчап, нуру качкансып бозорот. Маңдайы менен эки бетине түшкөн катмары калың, терең бырыштары өмүрүндө көргөн далай кайгы, далай мээнеттин күбөсү сыяктуу. Бул үйдүн азыркы ээси ушул кемпир.

Тигил аял – келини, бирөө – ошол аял тууган небере кызы. Келиндин жүзүндө же жакшылыгына, же жаманчылыгына айгак болгон чоң белги жок: бирок мунун жүзүндө өзгөлөрдөн башкача нерсе бар. Туңгуюкту караган кара көздөрүн бир жерди тиктеген боюнча албай турганын көргөн адам бечаранын сокур экенин көрөт. Ал жакын арада эле эки көзүнөн айрылган. Бул эки аялга эрмек, таяныч болуп олтурган – жаш кыз. Бул сыпайы, назик өсүп келаткан, ичке, шыңга бойлуу, тогологунан келген ак жуумал жүзүн бир аз сепкил баскан кыздын ысымы Газиза. Көргөн көзгө эң алгачкы көз ирмемден эле сүйкүмдүүлүгүн сездирген ууздай таза жаш кыз. Анын уялчаак, жумшак көрүнгөн кара көздөрүндө жана ар дайым чытып, кирбеңдеген кабагында көп убайымдын изи жатат. Жүзү кайгылуу, жүдөө. Жаш башына түшкөн кайгы, жүрөгүн жеген дарт сыртына чыгып тургансыйт.

Бул кызды убайымга салган эмне? Ал – ушул үйдөгү үч аялдын маңдайына жазылган жесирлик, жетимдик. Булардын башынан тагдырдын добулу жаңы гана согуп өткөн. Короодон алыс эмес жердеги жаңы мүрзөлөр ошол добулдун салдары. Бул аялдардын кубаныч-кызыгы да, үмүт-коргону да ошол муздак кабырга өлүктөр менен кошо көмүлгөн. Ал кабырда жаткан – Газизанын атасы Жакып менен жалгыз иниси Мукаш. Мындан бир ай мурда келте оорусуна чалдыгып, атасы менен иниси катары менен жыгылган. Газизанын атам өлсө күнүбүз кандай деп күнү-түнү тыным албай, кудайга ичинен сыйынып, сыртка чыгып көрүнбөй ыйлап келгени, кемпирдин басса-турса ата-бабасынын арбагына жалынганы да себеп болбой, экөө тең өлүп тынышкан.

Ээсиз короодо кубат-күчү жок, коргоосуз үч аял зарлап ыйлап, чогулуп келишкен коңшу-колоңу сүйүктүү адамдарынын сөөгүн муздак кабырга алпарып көмүшкөнүн ойлогондо, Газизанын жүрөгү сыздап, өңү кубарып, көзүнөн ысык жашы тамчылап кетчү.

Ал бала кезинен атасынын жалгыздыгын, агайындарынын кайрымсыз, катуулугун ойлоп, сыртына чыгарып эч кимге айтпаса да, атасына жаны ачып, анын тилегин тилеп өскөн. Атасы көңүлдүү болсо, мунун да көңүлү көтөрүлүп, кубанса кошо кубанып олтурчу. Жашынан сезимтал бала атасынын жалгыздыгын, чарбасында кыйналганын сезгенден тартып, ага колунан келишинче жардамдашып, үй иштерин Газиза толук өз мойнуна алган.

Азыркы күндө атасы жасап жүргөн жумуштун баары Газизанын мойнунда. Эркек киши иштечү чарбанын баарын өзү жасап, алынын келишинче үй чарбасын кармаган ошол. Акыркы учурларда сырттагы жумуштардын үстүнө, үй ичиндеги жумуштар да биротоло мойнуна илинди. Мурда сырттагы жумуштарга көмөктөшүп, үйдөгү бардык чарбаны тейлеген апасы жыйырма күндөн бери көзүнөн ажырап, сокур болуп калды. Жакыптын тирүү кезинде көзү анда-санда ооруп калып: “чөп түштү”, “көз оорулуу болдум”, “жел тийиптир” – деп жүрө берчү. Жакып өлгөндөн кийин басылбай боздоп ыйлап жүрүп акыры көзү көрбөй калды. Үй ичинин кайгысы мурдагысынан ашты (Жетим-жесирге эш болуп олтурган кемпир, башынан айланган кара туман кетпей, үстү-үстүнө кайгы жеп, кабат өлүмдөн кийин “Кудайым-ай, мен сага кайсынымдан жаздым? Кайсы күнөөм үчүн ушундай жазага кабылттың?” – деп кудайга, тагдырга таарынычын айтып, оор күрсүнүп, көкүрөгүн жарып чыкчудай муң зарынына эч кимден жооп алалбасын билсе да, кайра-кайра кайталап, кокуйлап олтуруп калган).

Газиза да эки энесине кошулуп, жүрөктөрүн эзген кайгыларын чыгарып сүйлөшө кетишкенде, мурдакы өткөн күндөрүн сагынчу эле. Кемпир ал күндөрдү эскерип: ал күндөрдө өзүнчө бир доорон сүрүптүрбүз да, Жакып тирүүсүндө кимден кем элек да, кимге кор элек? – деп каңырыгы түтөп, эми минтип тиштегендин оозунда, кармагандын колунда болуп калбадыкпы, – деп үн чыгарбай көз жашын төгүп-төгүп алчу болгон.

Бечара аялдар күндөгү калыбында убайымга батып олтурушканда, оозгу үйдүн каалгасы ачылды. Үчөө бирдей: “Бул ким?” дегенсип эшик жакты элейе карап калышканда, булар олтурган үйдүн эшиги ачылып, үйгө түлкү тумак, жакшы кийинген эки адам кирип келди.

Газизанын сокур апасы Газизаны түртүп, ким келгенин сурады. Газиза келген адамдарга таң кала карап “билбейм, тааныбайт экенмин!” – деп жооп берди. Кирген адамдар кийимдеринде жабышкан карды кагып, төргө өтүп отурушту. Акан куран окуду. Андан кийин Акан да, Калтай да үй ичиндегилер менен амандашып, кемпирге карап:

– Кудайдын буйругу экен, эми артын берсин! – деп көңүл айтты.

Үйдөгүлөр алгач мындай капысынан келген сыйлуу конокторго таң калып абдырай түшүшкөн, бир аздан кийин эстерин жыйып, шашкалактап калышты. Эркектери өлгөндөн бери бул бейбактардын сарсанааларын бир аз да болсо унуткан учурлары ушу сыяктуу бөтөн кишилер келгенде гана боло турган. Үчөө үйдө өздөрү калганда жетимчилик менен жалгыздык да, коргоп алаары жок шордуулук да даана сезилип, көңүлдөрүн муң-зар ээлеп алчу. Азыркы коноктор келгенде убайымынан бир аз алаксып, кабактары ачылгансыганы да ошол себептен.

Газиза илбериңки кыймылдап сыйлуу коноктордун алдына үйдөгү болгон жалгыз баалуу дасторконун жайып, болгон ашын: бир аз сары май менен кара нан коюп, чай куя баштады. Кемпир үй ээси катары коноктор менен ар нерсенин жайын козгоп маектешип олтурду. Кемпирдин жылуу мамилесинен конокторго сый көргөзгүсү келген ыкласын, кайраттуу жүзүн байкаган Акан да жайбаракат олтуруп сөзгө аралашты. Башында калаанын, андагы элдин жайынан кыска-кыска кабар айтып олтурган Калтай эле. Чайдан кийин эки конок көбүнчө кемпирдин сөзүнө кулак төшөп олтурду.

Кемпир, коногу бир элдин болушу, сөзүнүн салмагы чоң адам болгон соң, мындан ары да ары-бери өткөндө, бирде болбосо бирде жардамы тийип калабы деген үмүт менен өз баласы өлгөндөн берки көргөн азап-тозогун билдирип коюуну чечти. Ушул ою менен өзүнүн арыз-арманын айта баштады. Кемпирдин аңгемеси уккулуктуу жорго тил менен бир далайга чейин айтылды. Добушун бирде тийиштүү жерде үнүн бийик чыгарып, өңүн ажарлантып, бирде акырындап келип, аягын шыбырап, үнүн улам кубултуп шыктануу менен сүйлөдү.

Кемпирдин үнүндө адам жүрөгүн титиреткен ыза да, жонунан баскан кайгы да, жакшылыктан күдөр үзбөгөн үмүт да бар эле. Тагдырына наалыды, бирок өзүн басмырлап, деңгээлин түшүрбөй, эски уламышты айтып жаткансып кабелтең сүйлөдү. Аңгеме өмүрү менен коштошуп жаны кыйналып жаткан убакта, аябай жакын санаган адамына үмүтүн артып, ишенип айткан керээз сөзүнө окшоду...

"Карагым, – деди ал Аканга карап, – карагым... Сен биздин ал-жайыбызды өз көзүң менен көрүп жатасың го”, – деп тагдырдын бардык ысык-суугуна, азабына чыдап бышкан кайраттуу, сабырлуу кемпир күрсүнүп алды. “Жетим-жесир бечарабыз, бардык оокаттын жүгүн көтөргөн балам – мына бул кызым. Мен болсо зарлаган тилимден башкага күч-кубатым калбаган, кайратым качкан, бир аягым көрдө, бир аягым жерде турган бир куураган кемпирмин. Эки көзүн алып, кудайым мөгдүрөтүп койгон келиним, – тигил. Өзү жардамга муктаж болгон ал бир шордуу. Ары өтүп, бери өтүп жүргөндө ушул жерде бир бечаралар бар эле деп эсине ала жүрсүн деп айтып коёюн дегеним. Балким күндөрдүн биринде бирөөлөрдөн зордук-зомбулук, бирөөлөрдөн кордук көрүп отурганыбыздын үстүнөн чыксаң, көзүңдүн кырын саларсың... Жайымды айтып коёюн: эң болбосо жылуу сөзүңдү айтарсың. Бөтөн немелердин ишине эмнеге киришем дебессиң. Силердин сөзүңөрдү укпай коёр Уактын баласы жок ко, бул чөлкөмдө.

Бул арада олтурган элде адамдык касиетин сактаган жан барбы? Бардыгы катын сыяктуу майдачыл, коркок. Коркконуна гана жооп берип, корксо гана айтканыңды жасаган шумдар эмеспи?! Мына, менин Жакыбымдын өлгөнүнө эки ай болду. Бирөө туугандай болуп: бечаралар, ал-жайыңар кандай, чарбаң кантип жатат деп баш бакты бекен? Кайта тескерисинче, келсе, кыйынсынып, кыр көрсөтүп келишет. Жетим-жесир деп басынтып, колуна илинсе бир нерселерибизди жулуп кеткенге даяр. Уяты жоктор колдорунан келсе уялбай бизди баса калып жегиси бар. Мен шорлуу балам өлгөндөн бери ошолордон көргөн кордугумду айтайын деп олтурам.

Жакып өлдү. Андан бир жумадан кийин өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, Мукашым өлдү. Күнү-түнү ыйлап боздоп эсибиз эңгиреп отурганыбызда: эми бул үйдө эркек жок, жалаң ургаачылар өзүнчө тура алышпайт; дүнүйөсүн бөлүп алабыз, катындарын ар кайсы үйгө бөлүп кетебиз дешип балдарымдын мүрзөсүнүн топурагы сууй электе суук сөздөрүн айтышты го. Баламдын көзүнүн тирүүсүндө агайын ичинде жакын көрүп, бооруна тартып, колуна тийген азын-оолак тапканынын жартысын бөлүп берип, ишенип жүргөн Ысмагул эмне кылды? “Жакып өлгөндө бата кылганы келген элге мен коюмду сойгом” деп Мукашым ооруп жатканда эт түгөнсө союп алсак деп жүргөн жалгыз эттүү коюмду алып кетпедиби. Мына бул келинимди: “Чарбага ээ болом деп койкоктобосун, Жакыпты жоктогонду билсин, ал эмне малга ээ болом деп жүрөбү өзү?!” – деп айтат дейт.

Балам тирүүсүндө ошонун колун карап жалдырап олтурчу эле. Багалектеги биттин башка чыкканын карабайсыңбы? Булар үчүн карагым эмнелерди гана көрбөдү эле? – деп келип кабагын чытып күрсүнүп алды. – Ал тирүү болсо ушундай кылат беле? Баарынан да... богун жууп, жакшысын ашырып, жаманын жашырып адамдай кылып, ушул айылдагы элдин катарына кошкон ошол эмес беле? Жок болсо да үйүн – базар, түзүн – той кылып олтургандан тажачу беле. Момундугуң, сыпайгерчилигиң бир башкача эле го, топурагың торко болгур, карагым!

Бул жаман арамдардын арасында анын тырмагына татый ала турганы бар бекен? Жакыбым ушул жолу ооруганда ошолордун азабынан ооруган жокпу?! Менин кайнимдин мылжың Дүйшөн деген баласы бар. Катындардай көп сүйлөгөндөн башка, адам сыяктуу бир касиети жок же кылган бир тыңгылыктуу иши жок. Жандан ашкан дүнүйөкор. Үйүнө бир конок консо, ага аскан бир жиликке жаны чыгып, кабагын ачпай олтурат. Үйүнө конок келип кеткенден кийин катынына тынчтык жок: этти көп салып койдуң, мени курутмай болдуң деп мээсин жейт. Ошонун үйүнө кыш башында чоң уруулардын биринен кудай конок болуп бирөө келет.

Мылжың: тамагым жок, жаткыза турган жерим жок деп түн ичинде, бороондо киргизбей кууп жиберет. Эзелтеден Уакты киши ордуна көрбөй, эки сөзүнүн биринде “Чаап алам, айып салам!” – деп турчу элдин өктөм баласы бул кордукка чыдамак беле? “Өлгөнүң менен ишим жок” – деп талаага кубалап салгандын кийинки түнү эле келип, баягы адам короосун талкалап, төрт-беш семиз коюн, малга минип жүргөн эки атын алып кеткен. Артынан өзү баргандан коркуп: “Барсам минген атымды жыгып алат” – деп Жакыпка келбедиби жалдырап. “Сен ал элдин аксакалдары менен жакшы мамиледесиң, алар сенин сөзүңдү жерге таштабайт. Менин малымды көрүнөө жерден эле алдыртып коюп олтуруп албассың?” – деп асылып олтуруп алды. Аны Жакыбым жер-жебирине чейин жетип урушуп:

– Кудайга жагар кылган бир ишиң жок. Үйдө баатыр, жоодо жок казан үстүндө үй-тентексиң. Кишинин ичин жылытар мээримиң жок, анан кайсы арыңа кишимин деп жүрөсүң?! Бир күнү болбосо, бир күнү кереги тиер агайындан качан болсо бир жилик этиңди аяйсың. Кыйын болсоң, адам болсоң, ушул Аркалыктын жолунда өткөн-кеткен бирөө менен эмне ырылдашып олтурасың? Дүнүйөнүн астын-үстүн оодарып, түкүрсө түкүрүгү жерге түшпөй  турган чоң уруу Тобыктыга сенин жол боюнда турган жаман алачыгың керек болуп калыптырбы? “Иштебеген баш – денесине зыян кыларын” ушуга чейин билбейсиңби? – деп жерден алып көргө салган.

Аягында мойнун шылкыйтып: “Өзүңдөн башка ишенерим жок” – деген соң, алиги иттин малын издеп кетти, Тобыктынын айылында жыйырма күнү жүрүп, барбаган кишиси калбай, кадырын салып, акыры малын алып келди. Ууру да өзүн эрдин биримин деген немелерден экен. Башында эл кишилеринин сөзүнө көнбөй, “Дүйшөн мылжыңдын ызасы жаныма батты”, – деп кашайып болбой коёт. Ошондо айыл аксакалдары: “Буга кыз берип куда болгула, антпесең малың колуңа тийбейт” – деп кеңеш беришкенден кийин, мылжыңдын 9-10 жашар кызын уруунун солкулдаган бир азаматына бермек болуп, сөз бекитип, малын алып кайтыптыр. Ошол ууру менен мылжың азыр бал жалашкан куда болуп олтурат. Жакып ошондо жолдон суук тийгизип алып, өңү кубарып, куу чүпүрөктөй болуп келди. Бир-эки күндөн кийин катуу жыгылып, төшөккө жатып калды. Аягы мынакей – ушундай болуп калды. Мына! Ошол мылжың бул күндө эмне иш кылды?

Менин балам колунда жоктугуна карабай, аягына да, биягына да аралашып, эртели кеч карап олтурбай соода кылар эле. Бирөөнөн алып, бирөөнө берип мамиле түзчү. Кимге эмне берип жүргөнүн биз кайдан билебиз? Карагым, кээде эмне иштеп жүрөсүң деп, соодасынын жайын сурасам, сыр кылып: “Апа, аны эмне кыласыз, мен тирүү болсом, ачтан өлүп, көчтөн калбайсыз” деп күлүп койчу. Бүгүн башыбызга иш түшкөндө анын кадырын билдик ко. Болбосо ичкен-жегенден башка менен ишибиз болчу беле? Бир гана көзү өтөрдөн бир күн мурда колуна кагаз, карандашын алып, эсеп-кысабын жазды. Эсеп-кысап китебинде бересеси да, аласасы да бар экен. Балам дүнүйө салып кете берди. Артында калган мал-мүлкүн эсептеп чыгып, жарымын сатып сөөгүн жашырдым, бир тыйын да калтырбай бересесин жаптым. Ушул күндө колубузда калганы он чакты туяк майда жандык, эки-үч бодо мал. Элде калган аласасын бул күндө издеп алар бизде дарман жок.

Ошондо уулумдун карызын эл менен эсептешип төлөп жатканыбызда Марден деген бучуктун үч кара малдын баасынчалык аласасы бар экен, мен кургур аны байкабай калган экемин. Он чакты күн болду, күндө келип мал бер деп сурайт. Колдо калган азыноолак малыбыз – тигил. Андан берелик десек, караманча шыпырылып олтуруп кала турганбыз. Карагымдын моюнуна карыз кылып, өзү жыйнаган малын өзүнөн аяйын деп олтурган жерим жок. Бир гана дүнүйөсү кургурдун тарлыгы жалтаң көз кылып өлтүрүп барат. Элден аласасын жыйнагыча күтө тур деп ал-жайыбызды айтсам, бучук түшүнчүдөй. Бирок аны мени менен сүйлөштүрбөй, алиги Дүйшөн мылжың, дагы толуп жүргөн Бөрала сыяктуу туугандарыбыз – баары баш кошушту. Айткан сөздөрү бул: Марден – Тобыктын чоң айылынын кишиси, ал акысын жедирбейт. Ал Жакыптын үй-бүлөсүнүн абалын көрүп-билип турат: аларды ыйлатып эч нерсе албайт, акыры балээнин баары үйүлүп келип биздин башыбызга түшөт. Башы аман, малы түгөл, Жакыптын отуна чогуу күйөрү ушул туугандары деп бизди кармайт. Биз булардан башыбызды аман алып калбасак болбойт дешиптир. Бул максатына жетүү үчүн жасаган айласы кайсы дебейсиңби!?

Карагым, айтууга ооз барбаган шумдук. “Мышыкка оюн, чычкандын өлүм” дегендей, эки көзүмдүн кареги – жалгызым Газизамды ыйлатмак болушуптур. “Жакыптын арбагы кыйналбасын, Марден да ыраазы болсун: быйыл анын катыны өлгөн, Газизаны ошого берелик” дешиптир.

Арам өлгүрлөрдүн бул сөзүн укканда мына бул олтурган балам боздоп-боздоп жиберди...”

Бул сөздү айтканда кемпир маңдайына жазылган жазмышты, өздөрүнүн ошол жазмыштын колунда бир оюнчук болуп олтурганын жаңы эле сезип жаткансып, ызасына чыдабай көзүнүн жашы шорголоп агып кетти.

Акан менен Калтай бул аңгеме айтылып жатканда, жайланып, чыканактап жантайып жатып алып, астыртадан көздөрүн Газиза тарапка салып отурушту. Кемпирдин сөзүн бузбай тыңшап олтурса да Газизага караган жүздөрүнөн көңүлдөгү бир арамдык менен ичтерине жашырынган жат ойдун белгиси байкалат. Газиза анда-санда оозгу үйгө чыгып, отту карап жан башка майда-барат иштерин бүтүрүп келип жатты. Коноктор алгачкы келгендеги бир жаман сезим Газизаны таштаган жок. Өзүнүн өзгөчө сыпайычылыгы, уялчактыгы менен ичтеги сырын сыртына чыгарбай кымырылып олтурду.

Кемпир кызарган көзүн сүртүп алып, аңгемесин улантты. Эми анын добушу ачуулу да, бекем да чыкты:

— Жалгыз баламдан калган кара көзүм – бул ыйлап турса бизде эмне ырыс. Бул ыйлап турса куураган куу өмүрдүн баасы канча? Ошол сөздү айтып жаткан шумдарды каргадым, уруштум. Андан башка биздин колубуздан эмне келет? Ыйладык, аягында ошол боюнча турабыз. Мына, эки-үч күн болду, ал бучук алигиче кете элек дешти. Эми жанагы мылжыңдын аялы ортого түшүп, жеңе болуп, жеңкетай жегиси келсе керек. Карагыма келип кеп айтат дейт: “Энелериңе жан ачыса, Марденге тийип алганың жөн. Байтал чуркап байге албайт дейт, сен жигит болуп, үйүңдүн жумушун бүтүрө албассың? Анан да сен бирөөгө таянып-жөлөнсөң, ага сенин энелериң да сүйөнүп жөлөнөт да” — дейт имиш. Айткан сөзүн карабайсыңбы! Ошондо мен кызымды бир бучукка беришим керек экен да!? Катынынын, мылжыңдын өзүнүн ою да, менин кызым макулдугун берсе болду, бизден сурап олтурбай эле бучукка жетелетип жиберишмек окшойт.

Адамдык касиет барбы аларда! Каапыр болбосо ойлонушпайбы! Урматтуум, билип коюңуз: биз айылыбыздын улуу ата-бабаларынын түздөн-түз урпактарыбыз. Менин бүлөм – бул айылдагы тектүү бүлөдөн. Балким менин баламда да, анын баласында да Күшүкпайдын каны агып жаткандыр! Бирок бул бузукуларды карабайсыңбы! Жок дегенде ошолордун арбагын сыйлашпайбы! Бүгүн анын куттуу чамгарагынын курутуп жатышканы ушул.

Бул дүйнөдө карыбаган ким бар? Бул үйдүн абалын ойлосом, тумшугум ташка тийгендей болгон жокпу? Эми калган тирүүбүз: “Баламдын изин жоготпоймун; журтун сактап, куранын үзбөйбүз” десек аны уккан жан жок. Укса да өзүнүн кулкуну куурап “бул айткандарыңды жасатпаймын”, – деп омуроолоп, колубуздагы азын-оолак оокатыбызга көзү түшүп, ошону бөлүп алууга ашыгат.

Алиги менин баламды жанагы бучукка берем дегенинин төркүнү кайда дебейсиңби? Карагым, бүгүнкү дүнүйөгө ээ болуп, бизди өлтүрбөй ушул бир аз чарбага баш-көз болуп олтурган Газиза эмеспи. Ошону бирдеңке кылып көзүн тазаласам, мына бул кемпир менен көзүнөн айрылып карайлап олтурган катын чарбасын жүргүзө албайт; андан кийин бар малы менен дүнүйөсү өз колума тиет деп жатканы да. Менин баламдын ыйлаганы менен алардын иши канча? Жакыптын арбагы ыраазы болбой, күңгүрөнгөнү менен кимдин жумушу бар?  Куураган кулкунун ыраазы кылса болду. Мынакей, “өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман” деген ушул. 

Калп эле момун болуп жүргөнү менен мылжыңдын кылган иши ушундай. Көөдөнү толгону – сасып жаткан быкшыган арамдык. “Баласы макул болсо болду”, – деп айтат дейт. Ал макул болсо, катындарга айтпай эле баланы учкаштырып, качырып жиберебиз деп ойлойт окшойт. Мынакей, карагым, ушул айтылып жаткан туугандарымдын душмандыгын ойлогондо акылыбыз алтыга, оюбуз онго бөлүнөт. Алардын мындай кордугун ойлогондо ушул жерде өлүп калгым келет.

Кемпирдин көзүнөн жашы мончоктоп агып жатты.

– Кудайга мен бейбак кайсы жеримден жаздым экен? Жашымда энем өлүп, өгөй эненин колунда калып, жетимдиктин азабын тарттым. Өмүрүм ый менен күйүттөн арылган эмес. Эми картайып төрүмдөн көрүм жакын калганда кудайдан эртели кеч тилегеним: “Жакыбымдын жаман жагын угузба, ушунун алдында ал!” – дечү элем. Ал тилегим да таш капты, – деп көзүнөн аккан жашты жеңи менен сүртүп, мурдунан куюлган сууну тартып койду, – Тилеги куураган мен шорлуу бул күйүттү, бул азапты көргүчө чирип өлсөм дейм! – деп сөзүн аяктагансыды.

Кемпир муң-зарын айтып жатканда бир калыпта, унчукпай тыңшап олтурган Акан аңгемесин аяктаган кемпирди сооротуу үчүн бир нече сөз айтымыш болду. Сөзүн угулар-угулмаксан, ооз учу менен айткандыктан, анысы угумсуз бирдеме болуп чыкты. Сезимтал адамдын жүрөгүн оорутуп, көңүлдү ирээнжитип, чөгөргөн катаал жагдайлар, оор жагдайлар Аканга эч кандай таасир берген жок. Болгону, ошол айтылып өткөн аңгемедеги кордук-зомбулуктар, күч-кубаты аз, бечара кемпирдин өз жүрөгүнө таасир берип, тынчтыгын бузуп алгансыды.

Акан күнүмдүк жашоосунда буга окшогон зордук-зомбулуктарды көп көрүп, өзү да ошолордун арасында жүргөндүктөн, уккандарынын баары ага тааныш, таң калыштуу эч нерсеси жок эле. Бул ага мурда өтүлгөн сабак сыяктуу. Кемпир ар нерсени айтып ыйлап, муңканган кыз менен келиндин абалын көргөндө: «Адамдын жаны ачыгыдай экен!» – деп бир аз селт эте түшкөнсүдү. Бирок жүрөгүн күч менен жумшартууга канча аракет кылса да, бир аздан кийин эле кайра өзүнүн муздак, сезимсиз абалына келди. (Бул адамдын жүрөгү жакшы сезимдерге жат караңгы дүйнө сыяктуу эле. Өз башына түшпөгөн соң, башка бирөөнүн башына түшкөн азапты майда-барат нерседей кабыл алчу. Башканын тарткан азабы аны толкундатпайт, сезимдерине сиңбейт, ал тургай түшүнчү эмес).

Бул саатта кемпирдин жүзүндөгү калың убайым, анын жүрөгүндө кандай толкун барын көрсөтүп турду. Аңгемесин айтып бүтсө да, көңүлүндө анын аягына чыга албай, ойго батып, кайгынын кабат-кабат торунан чыга албай олтурду. Бул убакта ойлоп олтурганы – өтүп кеткен күн эмес, келе жаткан күндүн камы. Кемпир келечекте күтүлгөн оор турмуштун, кайгынын баарын көз алдынан чууртуп өткөзүп, ичинен: “Ушунун баарын көрөрүм ырас, мындай азап-кайгыны тартарым чындык”,— деп баш ийип олтурду. Бирок адам жүрөгүн жүзүнөн тааныган адам болсо, кемпирдин жүзүндөгү кайратын көргөндө, өз эркинен тышкары, бул адамды чын дили менен урматтап калмак.

Добулдун кара булутундай болуп анын башына удаа-удаа түшкөн кайгы-муңду көрүп, анын алдында айласыз-алсыз экенин билип турса да, кемпирдин жүзүндө чоң сабырдуулук байкалат. Күйүп-бышып жашыгандыктын белгиси жок. Сынбаган ажар, кажыбаган кайрат, майтарылбаган эрдик бар...

Акан Газизаны тымызын тиктегенинен танган жок. Кемпир башка жакты карап же көз жашын сүртүп алаксый калган учурларда, анын көзү Газизада. Көңүлүндөгү оюн көз карашы менен билдиргиси келгендей Газизага астыртадан тийишкенсип кадала тиктейт. Бирок турмуштун ачуу-таттуусун татып көрбөгөн аруу кыз Газиза ал көз караштын маанисин түшүнүп, билбейт болчу. Анын кебетесинде чочулоонун белгилери жок эле. Болгону Акандын көз карашын байкаган сайын кымырылып, кысылып, кыз адебин сактаганы.

Бир аздан соң аш да даяр болду. Кемпирдин конокторун сыйламак болуп салдырган сүр эти коноктордун алдына тартылды. Бир далай убакыт өттү. Меймандар тамагын жеп бүтүшүп, жайланып бир аз олтурушкан соң, жатканга камданышып, конок адебин жасап тышка чыгып келмей болушту.

Кемпир айылдыктардын меймандостук жөрөлгөсүн сактап, сый-урмат көргөзүү иретинде Газизага кайрылып: “Карагым, коноктор аттарына чөп салышсын, өзүң шам алып бирге чыгып, чөп алаар жерди көргөзүп бер” – деди. Газиза буга чейин оюна эч нерсе келбесе да, Акандын жанатан бери кайра-кайра көзүн албай тиктеп жатканын эстеп, бир нерседен чочугандай азга үн катпай туруп калды. Акыры чыкпаска аргасы жогун билип, энесинин айтканына айласыздан көнүп, коноктордун артынан чыкты.

Акан Газизанын үйүндө отургандагы кебетесинен үмүттөнөрлүк эч нерсе көрбөгөн соң, сыртка чыкканда Калтайга шыбырап бир далай сөз айтты. Калтай башын ийкеп, анын айтканына макул болуп жатты. Газиза муну уккан жок. Бир аздан соң Акан короонун ичиндеги эшиктин оозунда калып, Калтай менен Газиза шам көтөрүп, чөп жыйылган короого киришти. Чөп короонун шыпка жетпеген тосмо менен тосулган тар бурчунда жыйылып, бир чети тырмалап жулуп алып жатып, кеңдиги бир-эки киши баткандай, адам эңкеймейинче кире албаган, жапыс кичинекей үңкүргө айланган эле.

Газиза шам кармап ошол үңкүрдүн оозунда турган. Ал чыракты көтөрүп, ушул жерден ала бериңиз дегенсип колу менен жаңсап Калтайга чөптү көрсөттү.

Калтай жылмайып, көзүн кысып, аны белден алды. Анан кыздын кулагына эңкейип, маселе, чөптө эмес, башка нерседе экенин айтып шыбырады. Газиза бир чети мындай шылдың сөздү биринчи жолу угуп жаткандыктан коркуп кетсе, бир чети намыстанып, ачуусу келди.

Анан бул кожоюндун кулу, албетте, аны тамашалап жатпаганын сезип, кыйкырып жиберди:

— Сенин арам оюңду билбей жатат деп ойлойсуңбу? Мага жакындаба! Мазактай турган кишиң мен эмесмин... – Ал чыракты жерге ыргытып, үйдү көздөй чуркап жөнөдү.

Калтай кыздан мындай ыкчам аракетти күтпөгөндүктөн, жылмаюусу жыйыла элек жүзүнө, аң-таң болгон сезимдин белгилери кошулуп, оюна эч нерсе келбей, бир аз далдырап туруп калды. Газиза жүгүрүп, экинчи короонун эшигинен чыга бергенде, эшиктин алдында экөөнүн сөзүн тыңшап турган Акан кармап калды. Үрөйү учуп коркуп кеткен Газиза эсин жыйып алгыча, Акан аны көтөргөн боюнча чөпканага кирип кетти. Бүт дүйнөнү караңгы түн чүмкөдү.

Газиза коркконунан эмне айла кыларын билбей, “кантип кутулам!” – дегенден башка ой келбей, тепкилеп, жулкунуп, алынын жетишинче каршылык көргөзүп жатты. Бирок сезимсиз, ырайымды билбеген жоон билектүү кол коё бербеди. Эрксизден өз эркине көндүрдү. Караңгыда бирде жардам сурап, бирде аёо сурап жалынып-жалбарган, бирде эс-учунан танып, жүрөгү жанчылган, ар-намысы, абийири тебеленип, өксүп-өксүп ыйлаган Газизанын үнү угулуп турду. Сезими жок, таш боор кара күчтүн кылган күнөөсү менен зулумдугуна катуу жер, тоң топурак, көрдөй капкараңгы түн күбө болду.

Калтай эңкейип, жерден чыракты алып үйлөп өчүрдү. Кызыл жарык жалп өчтү. Ал уурдана, бутунун башы менен басып каптал жактагы аттарга барып, андан ары сыртка чыкты. Шамал дагы эле басылбай улуп жаткан экен. Кар бурганактап жаап, бороон өз күчүнө кирип алгандай. Бет алдынан соккон шамал этек-жеңин делбектетип, муздак кар бетке чаба жаап, ызгаар бети-колун тызылдатып жиберген Калтай, кайрадан короого киргенче шашты. Алдынан энтигип, бети дуулдап кызарып, жаңы гана айбандык кумарын кандырып, өзүнө-өзү ыраазы боло менменсинген Акан чыга келди. Экөө сүйлөшкөн жок. Бирок бири-бирин айттырбай түшүнүштү... Бир мүнөттөй туруп, унчукпай үйгө киришти. Мырза Акан баарынан мурда уйкуга кетти.

Газиза зордукталып, Акан сыртка чыгып кеткен соң, эси эңгиреп, өзүн жоготуп, бул дүйнөнүн бары жогу эми ага баары бирдей, ал аны кайрылгыс болуп таштап кеткендей туюлду. Бул сезим – бул убакытка чейин оюна келбеген таптакыр жат, суук сезим эле. Бийиктен тайгаланып кулап келаткандагы сезимдей чолок, жагымсыз сезим болчу. Эмне кыларын билбей өксүп-өксүп ыйлап, жерге башын салып көпкө олтурду. Бир топтон кийин акырындан өзүнө келе баштагандай болду. Бирок өзүнө келген сайын оюна өзгөчө жаман нерселер кире баштады.

Адегенде атасы өлгөндөн берки башына түшкөн оор абал толугу менен көз алдынан чууруп өттү. Андан соң сокур болуп, мөгдүрөп олтурган апасы, картайып кайратынан жанып, алсыз кемпирге айланган чоң энеси эсине түштү. Адегенде энелерине барып, көргөн кордугун айтып, тарткан азабын боздоп-ыйлап айтып берем деген ой келди. Бирок экөөнүн алсыздыгын, бул кайгыны алардын чыдап көтөрө албасын ойлогондо, ичи ызага толуп, жаш жүрөгү жанчылып, бул күнгө чейин көрбөгөн азаптын даамын сезди. Жаш күнүнөн бир үйдүн алаканына салып эркелеткен жалгыз кызы эле. Ушул убакка чейин канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай багып келишти. Жүрөгүндө ар-уяты да, жигер-намысы да бирге өскөн. Кедейлигинен, коргоочусу жоктугунан башка жазыгы жок, биринчи жааган ак кардай аруу, таза, тарбия көргөн кыздын – бул күндөн кийин көргөн күнү кайсы?

Атасы өлгөндөн берки: “Оо, кудай, бирөөнүн зордугун, бирөөнүн кордугун көргөзө көрбө!” – деп тилеген ууз тилеги кайда кетти? Мурунку тарткан азап, бечаралык мындай турсун, мына бул кылган мазагы кандай? Ушунтип кордоп, басмырлай берсе болобу? Бүгүнкү өмүрүндө угуп-көрбөгөн зордукту, зулумдукту көргүдөй кандай күнөө жасады? Мындай шермендечиликти мындан ары кантип чыдап көтөрүп жүрөт? Бир суроосуна да жооп жок. Бирок кайда жүрсө да, артынан көлөкөсүндөй ээрчиген шордуу жашоодон, ый-менен муң зардан кутула албасын жакшы түшүнүп турду.

Бул айтылгандын баарын Газиза сыртка чыгарып айтпаса да, ал ойлор жүлүнүн аралап, жүрөгүн тилип өттү. Улам барган сайын ызасы көөдөнүнө батпай тээп чыкты. Жүрөгүндөгү күчтүү ар-намысы силкинип ойгондой болду. Башынан өткөзкөн бардык азап-тозокторго: жетимчиликке, жокчулукка, жалгыздыкка, кайгы-муңга жан дүйнөсүндө каршылык жаралды. Өмүрүндө сыртка чыкпаган ачуусу, ызасы, намысы бүт эркин бийлеп, дуулдап башына чыкты. Кордук, мазактоо Газизанын жашоого болгон кумарын өчүрдү. Жаштыгына мүнөздүү үмүт, кыялдарынын бардыгын оюн ээлеген караңгылык каптады, көңүлүндөгү өмүр сүрсөм деген жалындын отун өчүрдү...

Газизанын көңүлүн бул ой улам тереңдеп аралаган сайын, үйгө кирүүнүн кажети жок эле. Эми үйгө киргенде табарым эмне? Үйдө мен көрөр эмне кызык калды? Бечара апаларым менин акыркы кайгымды көрбөсүн! Кайгылуу сырым өзүм менен көрүмө кошо кетсин деген удургуган ойлор аны сыртка алып чыкты. Күн алиги калыбында: ак куюн болуп, бороон улуп турган. Бирде өкүрүп, бирде гүүлдөп, кутургандай соккон катуу шамал Газизаны “жүрү-жүрү!” дегенсип делдектетип алып жөнөдү.

Газиза кетип баратып артына бурулуп, бечаралыктын тонун жамынган кичинекей эски короосун кылчайып бир карап алды. Уюлгуп асманга учкан кар тозоңу барган сайын ал короону ага көргөзгүсү келбегендей жашырат. Үстүнөн ышкырып соккон катуу шамал карды айланасына чогултуп, короону көмүп барат. Бечаралыктын, ээсиз калгандыктын, жакырчылыктын тамгасы басылган эски короонун ичинде Газизанын балалыгы, эркелиги, жана кайгы-муңу калды. Ал да өзү менен кошо көмүлмөк. Жүрөгүнө жылуулук тартуулап турчу жакындары, эркелетип өстүргөн уясы калды...

Газиза эми суук, катаал табигаттын эркинде. Өмүрүнүн акыркы калган жарыгы кай жерде, кай убакта өчөрү белгисиз. Суук шамал жука кийиминен өтүп, калчылдатып үшүтө баштады. Газизанын акыркы жолу оюна түшкөнү, атасы менен бир тууганын бейитине барып, экөөнө дүйнөдө жалгыз калгандан берки башынан өткөзгөн кайгысын, көргөн кордугун айтып, зарлап ыйлап дартын чыгаруу болду.(Газиза бейитти көздөй бет алып: Оо кудай, акыркы тилегим – атам менен бир тууганымдын жанына жеткиз!” – деп кудайга жалынып барат).

Биз Газизаны мындай коё туруп, үйдөгү аңгемеге келели. Акан сырттан кирип, баарынан мурун жатып калды. Бирок тышта болгон окуя эмне менен бүтөрүн билбей, бир эсе күдүк ойлорунан коркуп, бир эсе бир аз өкүнгөнсүп, тынсызданып, ооналактап жатты. Газизанын келчү маалы болуп калды. Бирок бир топ убакыт өтсө да келген жок.

Кемпир менен келин да Газизанын кечиккенине тынсызданып, акыры чыдабай издеп чыгууга камдана баштаган эле. Ошол убакта аттарды сугарып, чөбүн салып жайлап болгон Калтай үйгө кирди. Үйдөгүлөр жарыша: “Газиза кайда?” – деп чуулдап жиберишти. Калтай шашпаган, камырабаган түр көргөзүп: “Жана эле кетпеди беле, келген жокпу?” – деди.

Кемпир менен келини эми чындап тынчсыздана башташты. Калтай бул иштен эртелеп өз баштарын куткаруунун амалын ойлоп, бир балээнин болорун билгендей, алдын-ала даярдап алган сөзүн чындай кылып шатыратып айтып кирди:

— Мен аттарга чөп салгандан кийин, кудуктун кайда экенин билбей, ошону сурадым. Кызыңыз көрсөтүп бермей болуп артыман бир далай жерге ээрчип барды. Катуу бороон, күн суук болгондуктан үшүбөсүн дедим да, кудук кайда экенин билген соң, аны кайра кете бер деп үйгө жибергем. Эмдигиче келип, үйдө олтурат деп ойлогом, ал эмне дагы эле жокпу? –тынсыздаган адамдай суроо узатты.

Кемпир менен сокур эне: «Карагым-ай! Тоңуп калды го? Кудай-ай, дагы эмне балээге кабылдык?» – дешип, бир жерге олтуралбай, кийинип тышка чыгууга камданышты. Акан башын көтөрүп Калтайга карап: «Тышка чык, айлананы кара, кыйкырып дабышыңды чыгар, тез бар!» – деп шаштырды. Алсыз, жарым-жан аялдар бири-бирин жөлөп-таяп, өң-алеттен кетип, кудайга кайра-кайра жалынып, Калтайдын артынан ээрчий чыгышты. Бурганактаган бороон Калтайдын сөзүн чынга чыгарып, кутуруп турган экен. Эшик төрдөй жердеги караан көрүнбөйт. Уюлгуп келип бетке соккон майда кар көз ачырбайт.

Кемпир күндүн түрүн көрүп боздоп жиберди: «Кудайым-ай, дагы төбөмдөн урайын деген экенсиң го! Карагым адашып кеткен го. Тоңуп өлдү го. Арбактарым колдой көр! Аксарбашыл! – деп кызын чакырып бакырып жатты. Келини да дубасын тынымсыз айтып, зарланып, сокур көзүнөн чыккан жашын тыя албай ыйлап турду. Калтай короодон ат минип чыгып, улам кыйкырып чапкылап жөнөдү. Бир аздан кийин карааны билинбей, бороонду аралап кирип кетти. Кыйкырган добушу да алыстап барып угулбай калды.

Аялдар Калтайдын добуш угулбай калган соң да, ичтеринен кан өтүп, зарлап-ыйлап бир далайга турушту. Булардын болгон алы кыйкырганга гана жеткендиктен, кайта-кайта кыйкырып, Газизалап чакырып жатышты. Убакыт токтобой өтүп жатты. «Ээ, теңири, табылбай калды, өлдү», – дешип, үнү кудайга жетип ыйлаган аялдар акыры үйгө киришти.

Мурунку кайгылардын баарынан бул жаңы кайгы күчтүү болду. Өлүмгө кыя алышпай, келер деген үмүттөрүнө ишенгилери келсе да, ойлорун ээлеп алган коркунучтуу божомол жүрөктөрүн лакылдатып, бүт эрктерин бийлеп алды. Терезени жулуп алчудай желпилдетип үйлөгөн катуу шамал калыбынан жазган жок.

Бир далай убактан кийин түрсүлдөтүп Калтай кирди. Анын жалгыз келгенин көрүшкөндө эми эч жакшылык күтүп болбосуна көздөрү жетти. Калтай: «Өзүм адашып жүрүп, айылды араң таптым. Эч жерде жок», – деди.

Ал түнү аялдар таң аткыча шам жагып, уктабай олтуруп, кудайга жалынып, дуба кылышты. Бир сооронуп, бир ыйлакташат. Бирок эч бир жардам болгон жок. Чыдамдары кетип зарлаган шордууларга кыштын узак түнү түбөлүккө бүтпөчүдөй сезилди. Акыры таң да атты.

Коноктор эрте туруп, кетүүгө камданды. Эртең менен таң заарынан туруп, дагы бир сыйра короонун айланасын кыдырып, эч нерсе таба албай келген Калтай булардын туугандарына кабар берген. Тургандан кийин Акан кемпирдин сөөк сыздаткан ыйына чыдай албай, аттарын тез дайындата салып жөнөп кетишти.

Жыйылган агайын-туугандары көпкө издешкен жок, Газизанын өлүп калган денесин эки жаңы мүрзөнүн арасынан таап келишти. Үстүндөгү ансыз да жука кийими ит талагансып тытылыптыр, тизеден жогору катып калган кандын издери… Чачтарына муз тоңуп, чокмороктошуп калган. Денесинин жарымын кар басып калыптыр. Атасынын мүрзөсүн кучактап, азаптуу өмүрдүн акыркы көз ирмемдерин ушул жерге берген экен. Бир аз сепкил баскан жүзүндө өлөр саатына чейин башына түшкөн кайгы-муңдун изи да жок. Анын жүзү жайбаракат, тынч уктап жаткан наристе баланыкы сыяктуу бейкүнөө, тунук, таза эле.

Зөөкүрлүктүн жаш курмандыгы азаптуу турмушун ак бороондо адаштырып, түбөлүк уйкуга кеткенсийт.

1921  

Казакчадан оодарылды.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.


Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз