Орхан Памук: Атамдын окуясы: бермет сырга (конкурска №11)

  • 11.03.2023
  • 5124

Cүрөт gorets-media.ru. булагынан алынды.

Июндун башында, кудалашууга тогуз күн калганда, бейшемби күнү атам менен Эмиргандагы “Абдулла Эфенди” ресторанында көпкө отуруп түштөндүк. Аба ырайы чайыттай ачык эле. Ал күн эч качан унутулбай түбөлүккө эсимде каларын ошондо эле түшүнгөм.

Ал кезде маанайы суз тартып, анысы менен апамды да ойлондурган атам “келин, алардан мурун сен экөөбүз өзүбүзчө отуруп тамактаналы, сага айтар кебим бар” деди. Мен бала кезден бери атамдын шопуру болуп жүргөн Четин эфенди айдаган 56 Chevrolet унаасында атамдын кеп-кеңештерин (мисалы, кесиптештеримди турмуштагы чыныгы дос катары көрбөшүм керек ж.б.) кудалашуу алдындагы салтанаттардын бири катары чын дилим менен угуп келаттым. Бир жагынан авто-унаанын терезесинен жайкала агып жаткан Босфорго, анын агымынын күчүнө теңселген эски “Шаар жолдору” кемелеринин кооздугуна, жыш өскөн бак-дарактардан улам чак түштө деле иңир тартып турган деңиз жээгиндеги үйлөргө көз салып бараттым. Авто-унаанын ачык терезесинен деңиз менен карагай жыттанган желдин илеби согуп турду. “Жалкоолукка, жеңил ойлуулукка, куру кыялдарга алдырба” деп кичинемден эскертип келген атам бул жолкусунда жашоо даамын татып жашашымды, Кудай берген өмүр өтө кыска экенин эскертти.

Он жыл мурун текстиль экспортунун арты менен тез эле байыган кезибизде, атам досторунун бири аркылуу Академияда мугалим, скульптор Сомташ Йонтунчту (фамилиясын Ататүрк берген эле) чакыртып, гипстен жасаттырган өзүнүн бюстун бул жерге, “Жазыксыз музейге” сиздер да күбө болсун деп жайгаштырдым. Атамды бир аз “батыштыктарча” көрсөтүү үчүн мурутун өтө эле кыскартып салган академик скульпторубуздун бул жасаган ишине анчейин ыраазы болбой, желим муруттарды өзүм чаптап койдум. Кичинемде атам менин шоктугумду тыя албай жемелегенде титиреген муруттарын көрүп, аргасыз жылмаяр элем.

Ашыкча эмгекчилдигимден жашоонун кызыгын колдон чыгарып жибербешимди кыстырган атамдын кебинен улам, “Сат-сатка” жана башка фирмаларыбызга жаңы киргизген идеяларыма ал ыраазы экенин боолгодум. Көп жылдан бери агам көз артып келаткан айрым иштерди да мен колго алышым керектигин укканда, ансыз деле ал иштерге киришүүгө ынтызар экенимди, себеби агам бир топ маселеде тартынчаак экенин, консерваттык кадамдарынын айынан бизди бир топ зыянга учуратканын айттым. Муну уккан атам гана эмес, шопур Четин да жылуу жылмайды.

“Абдулла Эфенди” рестораны мурда Бейоглуда, чоң көчөнүн боюндагы Ага мечитинин жанында болчу. Качандыр бир кездерде Бейоглуна киного келген баардык атактуулардын, байлардын түштөнүү жайына айланган бул ресторан бир топ жыл мурун кардарларынын көпчүлүгү бирден авто-унаа минип калган кезде Эмиргандын жогору жагындагы чакан жайга көчүп келген. Бул жерден Босфор кысыгы алаканга салгандай көрүнөт. Атам ресторанга кирери менен жылмайды. Башка ресторандарда жана эски “Абдулла” ресторанында иштеп, кийин бул жакка келген тааныш официанттардын ар бири менен учурашып чыкты. Чоң залда отурган тамактануучулардын арасында тааныштары барбы, жокпу – бир сыйра көз жүгүрттү. Башкы официант бизди үстөлүбүзгө карай жандап келе жатканда атам үстөлдөрдүн биринде отургандар менен саламдашты. Дагы башкасына алыстан баш ийкеди. Үчүнчү үстөлдө сулуу кызы менен улгайган аял отурган экен. Ал менин тез эле бой жеткенимди, атама аябай окшош экенимди, келишкен жигит болгонумду айтты. Атам аны менен көз жымыңдата ал-жай сурашты.

Бала чагымдан бери “Кичи бей” деп кайрылып жүрүп, кайсы бир учурдан тарта “Кемал бейге” өткөн башкы официантка атам суулуу бөрек, лакерда сыяктуу закускелер менен бирге экөөбүзгө ракы заказ кылды.

– Сага да алып келсин, макулбу? – деди атам. – Кааласаң чылым да тарт, – деп кошумчалады. Атамдын жанында тамеки чегүү маселеси мен Америкадан келгенден кийин деле өзүнөн-өзү чечилбегендей туюлду. – Кемал бейге күл табак алып келгиле, – деди официанттардын бирине ортодогу ыңгайсыздыкты жойгондой.

Ресторандын өзүнүн күнөсканасында өстүрүлгөн майда помидорлорду уучтай жыттап, ракыдан шарт тартып ийген атамдын оюнда бир нерсе бар экенин, бирок кантип сөз баштарын билбей жатканын сездим. Бир маалда экөөбүз тең терезеге көз чаптырдык. Ыраакта токтотулган авто-унаалардын шопурлары менен маектешип турган Четин эфендини көрдүк.

– Четиндин баркын бил, - деди атам мага мурас калтырып жаткандай.

– Билем, – дедим.

– Билериңди билбейм, бирок Четиндин кез-кезде айткан динаяттарына эч күлбө. Четин жакшы киши. Түз жүрөт, түз сүйлөйт. Жыйырма жылдан бери ушундай. Бир күнү мага бирдеме болсо аны кетирем дебе. Анан ыксыз бай-манаптардай экиде бир авто-унааңды алмаштыра бербе. Шевроле деле жакшы машине... Бул жер Түркия. Өкмөт чет жактан жаңы авто-унаа алып келүүгө тыюу салгандан бери Стамбул он жыл мурунку Американын эски авто-унаа музейине айланды. Бирок буга көңүл бурба, билесиң, эң мыкты авто усталары бизде.

– Ата, мен ошол авто-унаада чоңойдум, кабатыр болбо, – дедим.

– Азамат, – деди атам. Мурас калтырып жаткандай түр менен кепти баштап алгандан кийин, эми негизги маселени ачууга даярдай көрүндү. – Сибел абдан жакшы кыз, – деди. Жок, бул дагы негизи маселе эмес экен. – Мындай кыздар чанда кездешерин билсең керек. Аялзатын, болгондо да Сибелдей назик гүлдү эч качан тебелебе. Аны дайыма бөпөлөп жүрүшүң керек.

Атамдын жүзү уялгандай кызыктай өзгөрө түштү. Бир нерсеге ачуулангандай сүйлөдү:

– Баягы сулуу кыз эсиңдеби?.. Бир жолу ал экөөбүздү Бешикташтан чогуу көрбөдүң беле... Ошондо аны көргөндө оюңа эң биринчи эмне келди?

– Кайсы кыз?

Атам ачууланып кетти.

– Алтыным, он жыл мурун Бешикташтан Барбарос сейил багында мени бир сулуу кыз менен отурган жеримен көрдүң эле го!

– Ата, эсимде жок.

– Кандайча эсиңде жок, балам?! Сен экөөбүз тиктешип калбадык беле. Жанымда сулуу кыз бар болчу.

– Андан кийин эмне болду эле?

– Андан кийин сен атакеңди уялдырбаш үчүн көзүңдү ала качкансың. Эстедиңби?

– Эстей албай жатам.

– Жок, сен бизди көргөнсүң!

Мындай кездешүүнү таптакыр эстей албадым. Чындап эле эсимде жогуна атамды ынандыра да албадым. Талашыбыз көпкө созулду. Акыры мен аларды көргөндөн кийин экинчи эстегим келбей, эсимен биротоло чыгарып салсам керек деген бүтүмгө келдик. Же балким, алар күтүүсүздөн мени көрүп, тынчсызданганынан мени да аларды көрүп калды деп ойлошкондур. Негизги маселе ушундайча ачылды.

– Ал кыз он бир жыл менин сүйүктүүм болду. Өтө сулуу эле, – деди атам, дароо эле баардык суроолорго чекит койгондой.

Атам мага бул тууралуу көптөн бери айткысы келип жүргөнүн түшүндүм. Ал аялдын сулуулугун өз көзүм менен көрбөгөнүмө, андан да жаманы көрсөм дагы унутуп калганыма атамдын маанайы суз тарта түшкөнсүдү. Колун чөнтөгүнө шарт салып, кичинекей ак-кара түстөгү эски сүрөт алып чыкты. Каракөйдөгү “Шаар жолдору” кемелеринин биринде тартылган экен. Сүрөттөн кеменин арткы бетинде турган көздөрү муңдуу, кара тору жаш кызды көрдүм.

– Бул ошол кыз, - деди. – Биз таанышкан жылы түшкөн экен. Кап, бул сүрөттө маанайы суз тартып калганын карабайсыңбы, сулуулугу жакшы байкалбай калыптыр. Эми эстедиңби?

Мен унчуккан жокмун. Бул окуя атам үчүн канчалык “илгерки” болсо да баары бир сүйүктүүлөрүнөн сөз кылып отурушун жактырбадым. Бирок мунун эмнесин жактырбай жатканымды түшүнө да албадым.

– Азыр сага айта тургандарымды эч качан агаңа айтпагын, – деди атам сүрөттү чөнтөгүнө салып. – Ал адеп-ахлакты тутунган неме. Түшүнбөйт. Сен болсо Американы көрүп калдың. Анын үстүнө сени ыңгайсыз кылар бир нерсе айтайын деген деле жерим жок. Сүйлөштүкпү?

– Айта бериңиз, ата.

– Ук, анда, – деди атам. Ракысынан кичине ууртап болуп, сөзүн баштады.

Ал сулуу кызды алгач мындан он жети жарым жыл мурун 1958-жылдын январында, аппак кардуу кыш күндөрүнүн биринде көргөн экен. Анын аруу таза сулуулугу дароо арбап алат. Кыз атам жаңыдан түптөгөн “Сат-саттагы” кызматкерлердин бири болгон. Башында кесиптеш катары жылуу мамиледе болушат. Кийин жыйырма жети жылдык жаш айырмачылыгына карабай ортолорунда олуттуу сүйүү оту тутанат. Келишимдүү жетекчи менен (атам ошол кезде кырк жети жашта болгонун дароо эсептедим) сүйүү мамилеси башталган кыз бир жылдан кийин атамдын кыстоосунан улам “Сат-сатты” таштап, жумуштан чыгат. Атамдын талабына баш ийип башка жумушка да кирбейт. Ошентип, атам өзүнө сатып алган Бешикташтагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирде “бир күнү сөзсүз баш кошобуз” деген кыял менен унчукпай жашай баштайт.

– Аябай боорукер, мээримдүү, акылдуу өзгөчө жан эле, – деди атам. – Башка аялдарга окшошчу эмес. Жакындан курган анча-мынча мамилелерим болгон, бирок ага ашык болгондой эч кимге ашык болгон эмесмин. Ага үйлөнүүнү да көп ойлондум, уулум... Бирок апаң кантет эле, силер эмне болмоксуңар...

Бир азга унчукпай калдык.

– Балам, туура түшүн, силерди бактылуу болсун деп өзүмдү курмандыкка чалдым, тиги-бу дебейм. Чынында, албетте, баш кошууну мага караганда ал кыз көбүрөк каалады. Себеби мен аны узак жылдар бою куру убадалар менен алаксыттым. Ансыз жашоомду элестете алчу эмесмин. Бир күн көрбөй калсам куса болчумун. Бул кусалыгымды сага дагы, башкаларга дагы айта албадым. Бир күнү ал мага “Танда” деди. Же апаң менен ажырашып ошол кызга үйлөнүшүм керек экен, же ал кыз мени биротоло таштап кетмей болду. Өзүңө ракы алдыр.

– Андан кийин эмне болду?

– Апаңдан, силерден кете албадым. Ал мени таштап кетти, – деди атам бир саамдан соң.

Муну айтуу атам үчүн оор болсо да, жеңилдей түшкөнүн көрдүм. Мени бир карап алды. Кепти уланта берүүгө болоруна көзү жеткен атам андан бетер жеңилдеди.

– Аябай кыйналып жүрдүм. Ал ортодо агаң үйлөндү. Сен Америкада болчусуң. Албетте, ичимдеги жараатымды апаңа билгизбегенге аракеттендим. Ууру сымал эч кимге көрүнбөй бир бурчта отуруп, азап тартуунун өзү эле чоң азап. Ошентсе да апаң баарын туйду. Мурдагы аз-маз мамилелеримди билип койгондой муну да сезди. Бирок бул жолкусу олуттуу экенин түшүндү окшобойбу, ооз ачкан жок. Бир чатырдын алдында апаң, Бекри, Фатма болуп, ынтымактуу үй-бүлөнүн кейпин кийип жашадык. Ичимдеги жараат барган сайын ырбап, жанымды коёр жер таппасам дагы бир чечимге келе албай чайналдым. Бул күндөрү ал дагы (атам ал аялдын атын менден жашырып жатты) кыйналып жүрдү. Ага бир инженер баш кошууну сунуштаганын, эгер бир чечимге келе албасам анда башкага турмушка чыгарын айтты. Бирок ага маани берген жокмун... Өмүрүндөгү биринчи эркек мен болгон элем. Башкага кете албайт, жөн эле айтып жатат деп ойлодум. Анын үстүнө кырдаалды өзгөртүүгө дараметим жетмек эмес. Ошондуктан бул туурасында ойлонбогонго аракет кылдым. Бир жолу жайында баарыбыз чогуу Измирдеги көргөзмөгө барбадык беле, авто-унааны Четин айдап барган... Ошондо кайра кайтып келатканда башкага турмушка чыкканын уктум. Ишенген жокмун. Мени өкүндүрүш үчүн ушундай кабарды ойлоп чыгарды деп ойлодум. Жолугалы, сүйлөшөлү деген бардык сунуштарымды четке какты, телефонго да жооп бербеди. Мен алып берген үйдү сатып көчүп кетти. Кайда кеткенин биле албадым. Чынында эле турмушка чыктыбы? Жолдошу инженерби? Бала-чакасы барбы? Эмне менен алектенип жүрөт? Бул суроолор жүрөгүмдү өйүсө да төрт жыл бою эч кимден сурай албадым. Уга турган жооптон корктум. Бирок эч нерсе билбей жүрө берген андан бетер оор болду. Ал дагы мен сыяктуу Стамбулда жашап, мен окуган гезиттерди окуп, мен көргөн телепрограммаларды көрүп жатканын элестетип, аны менен көрүшө албаганыма ичим өрттөнчү. Бул жашоонун өзү жалгандай туюлар эле. Уулум, сен туура эмес түшүнүп алба. Албетте, силер менен, фабрикаларыбыз менен, апаң менен сыймыктанам. Бирок ичимдеги сезим таптакыр башкача оор азап болчу.

Бул окуя өткөн чакта баяндалып жаткандыктан канткен күндө да соңуна чыкканын, акыры атамдын жеңилдегенин сездим, бирок негедир ичим уйгу-туйгу болуп турду.

– Ошентип, адаттагыдай эле ал кызды оюман чыгара албай отурган күндөрдүн биринде түшкө маал анын апасына телефон чалууну чечтим. Апасы менин ким экенимди билчү. Бирок үнүмдөн таанычу эмес. Ага классташ кызынын жолдошу экенимди айтып, өзүмдү жашырдым. “Оорукчан жубайым аны менен жолугууну каалап, ооруканага чакырып жатты эле” деп алдап, кызын телефонго чакырууну көздөдүм. Энеси “Кызымдан айрылып калдык” деп эчкирип жиберди. Рактан көз жумуптур. Мен да кошо ыйлап жибербеске телефонду дароо өчүрдүм. Мындай жоопту күткөн эмесмин. Бирок андан чындап эле айрылганыбызды түшүндүм. Инженер-минженерге да турмушка чыкпаптыр... Жашоо эмне мынча коркунучтуу?! Эмне мынча жалган?! Эмне мынча маанисиз?!

Атамдын көзүнөн аккан жашты көрүп эмне кыларымды билбедид. Аны бир жагынан түшүнүп турсам, экинчи жагынан ага ачууландым. Уккандарымды бир сыйра сыдырып, ой жүгүртүүгө аракет кылып, негедир антропологдордун айтымындагы “принцип дегенди билбеген байыркы адамдар” эсиме түштү. Кандай бүтүмгө келеримди аңдай албадым. Атамдын окуясы мени кошо кайгыга салды.

– Мейли, – деди атам бир саамдан кийин өзүн колго алып. – Сени бул жакка арыз-муңумду төгөйүн, маанайыңды түшүрөйүн деп чакырган эмесмин. Кудалашуу алдында турабыз. Жакында үйлөнөсүң. Албетте, бул муңдуу окуяны билсин, атасын жакындан таанысын дедим, бирок айта турган дагы бир сөзүм бар.

– Кандай сөз?

– Азыр аябай өкүнөм, – деди атам. – Ага убагында жакшы сөзүмдү арнай албаганыма, алтындай кыз экенин, сулуу, татынакай экенин кайра-кайра миң ирет айтпаганыма өкүнөм. Боорукер, ак көңүл, акылдуу жан эле... Биздеги сулуу аялдар сыяктуу сулуулугун өзү жасап алгансып бой көтөрүү, эби жок эркелөө, кошоматтануу, мактоого татыктуу болууга умтулуу деген анда жок эле... Арадан көп жыл өтсө да, азыркыга чейин аны жоготуп алганыма ичим кандай ачышса, ага татыктуу мамиле жасай албаганыма ошончо ичим ачышат. Уулум, аялга өз учурунда жакшы мамиле кылыш керек!

Соңку сөзүн салтанаттуу айткан атам чөнтөгүнөн баркыттан капталган баалуу таш салынчу эски куту алып чыкты.

– Муну барыбыз чогуу Измирдеги көргөзмөдөн кайтып келатканда алгам. Анын ачуусун таратайын, көңүлүн алайын деген элем. Бирок буйрук эмес экен, бере албадым.

Атам кутуну ачты.

– Сырга ага куп жарашмак. Бул берметтер аябай баалуу. Жылдар бою эч кимге көрсөтпөй сактап келдим. Кийин апаң мен катып койгон жерден муну таап алышын каалабайм. Ме, алгының. Көпкө ойлонуп отуруп бул сырга Сибелге ылайыктуу болоруна көзүм жетти.

– Атаке, Сибел менин ойношум эмес. Жакында жубайым болот, – дедим. Бирок баары бир атам сунган кутунун ичине көз жүгүрттүм.

– Көп сүйлөбөй ал, – деди атам. – Сибелге бул бермет сырганын окуясын айтпасаң эле бүттү, баары жайында болот. Анын тагынганын көргөндө мени эстеп турасың. Бүгүн сага айткан кеп-кеңештеримди да унутпайсың. Болочок жубайыңа жакшы мамиле кыл... Айрым эркектер бар, аялдарды убагында баалашпайт, начар мамиле кылышат. Андайлар кийин кайра суудан кургак чыгууга аракеттенишет. Эч качан алардай болбо. Бул айткандарым эсиңде болсун.

Атам кутуну жаап, алаканыма сый акча салып жаткандай Осмон пашаларынын кыймылы менен коюп, уучтаган алаканымдын сыртынан кош колдой бекем кысты. Андан кийин официантка:

– Балам, бизге бирден ракы менен муз алып кел, – деди да мага бурулду. – Кандай сонун күн, э? Бул жердин кооздугун карачы! Жаздын илеби менен жөкө дарактын жыты тим эле буркурайт.

Андан кийинки бир сааттык убакыт, кийинкиге жылдырууга мүмкүн болбогон жолугушуум бар экенин, аны башка күнгө белгилөө үчүн атамдын башкы директор катары “Сат-сатка” телефон чалуусу туура эмес болорун түшүндүрүү менен өттү.

– Демек, Америкадан ушуларды үйрөнүп келген экенсиң да. Азамат, – деп жатты атам.

Бир жагынан атамдын суранганынан дагы бир стакан ракы ичип, аны кыя албай отурсам, экинчи жагынан саатыма улам карап, Фүсун менен жолугушчу убакыттан кечпөөгө тынчсыздандым (болгондо да ошол күнкү жолугушууну өткөрүп жибергим келген жок).

– Коё тур, балам. Карачы, ата-бала катары кандай сонун маанайда сүйлөшүп жатабыз. Жакында үйлөнүп, өзүңчө түтүн булатасың. Бизди унутасың, – деди атам.

– Ата, – дедим. – Башыңан өткөн кайгы-муңуңду түшүнүп турам. Мага айткан мазмундуу кеп-кеңештериңди да эч качан унутпайм, – дедим ордуман турарда.

Жашы өткөн сайын жан дүйнөсү козголгон учурларында эриндеринин тегереги титиреп кетчү болгон. Колун созуп, колумду бекем кысты. Мен дагы атамдын колун бекем кысканымда, жаактарынын алдында жашырылып турган нымдуу губканы сыгып алгандай көздөрүнөн жаш мончоктоп кетти. Бирок дароо көз жашын сүртүп, боюн түздөй официанттан эсепти кыйкыра сурады. Кайра кайтып келатканыбызда Четиндин бир калыпта жайма-жай айдаган авто-унаасында көшүлүп уйкуга кирди.

“Ырайымдуулук батиринде” көпкө ойлонгон жокмун. Фүсун келгенден кийин адаттагыдай эле узакка өбүштүк. Атам менен түштөнүүдө ракы ичкеним үчүн оозуман ичимдик жыттанып жатканын түшүндүргөн соң чөнтөгүмөн баркыт кутуну чыгардым.

– Ач, көр, – дедим. Фүсун дыкаттык менен кутуну ачты.

– Бул менин сыргам эмес, – деди. – Булар берметтен экен. Кымбат бул.

– Жактыбы?

– Менин сыргам кана?

– Сенин сыргаң биринчи кайдадыр жок болуп кеткен, андан кийин эртең менен карасам эле керебетимдин башында туруптур. Жанына экинчи түгөйүн да ээрчитип алыптыр. Анан экөөнү баркыт кутуга салып, ээсине алып келдим.

– Мен жаш бала эмесмин, – деди Фүсун. – Бул менин сөйкөм эмес.

– Жаным менин, булар сеники.

– Мага өзүмдүн сөйкөм керек.

– Бул сага арналган белек, – дедим.

– Муну тагынбайм. Башкалар көрсө каяктан алдың деп кечке сурашат.

– Тагынбай эле кой анда. Бирок белегимди четке какпа.

– Бирок сен муну менин сыргамдын ордуна берип жатпайсыңбы... Эгер ал жоголбогондо бул сырганы бермек эмессиң... Чынында эле жоготуп салдыңбы? Эмне кылдың?

– Бир күнү үйдөн сөзсүз табылар...

– Бир күнү... – деди Фүсун. – Кантип кебелбей айтып жатасың? Жоопкерчиликсиз экенсиң... Качан? Дагы канчага чейин күтөм?

– Көп деле эмес, – дедим абалды жөнгө сала. – Сыргаң табылган күнү велосипедди да кошо алып, атаң менен апаңды көргөнү үйүңө барам.

– Күтөм, – деди Фүсун. Андан кийин өбүштүк. – Оозуң аябай ичимдик жыттанып жатат.

Бирок мен токтобой өбө бердим. Андан ары керебетте уланган сүйүшүүбүз ортодогу баардык таарынычтарды унуттурду. Атамдын сүйүктүүсүнө алган сырганы ошол жерде калтырдым.

Үнсүздүк

Кудалашчу күн жакындаган сайын Фүсун экөөбүздүн арабыздагы үнсүздүк артып баратты. Күнүгө жок дегенде эки сааттан жолугуп, чогуу өткөргөн көз ирмемдерибиз, төшөктөгү кумарыбыз ушул үнсүздүккө ууланып жаткансыды.

– Кудалашуу салтанатына апама чакыруу келиптир, – деди Фүсун бир жолкусунда. – Апам аябай сүйүндү. Атам дагы барыш керек деп жатат. Мени дагы баргының дешти. Кудай жалгап эртеси күнү университетте сынагым бар. Сенин салтанатыңа барбаш үчүн калп ооруп жатып калууга мажбур болбойм.

– Чакырууну апам жөнөткөн, – дедим. – Сен келбегин. Чынында өзүм дагы баргым келген жок.

Фүсундан “Анда барбай эле кой” деген жоопту күттүм. Бирок ал унчукпады.

Кудалашуу жакындаган сайын мурдагыдан алда канча катуу тердей сүйүшүп жаттык. Көп жылдан бери чогуу жашап келаткан сүйүшкөндөр сымал бири-бирибизге көнүшүп калган денебизге андан бетер чаптала кучакташабыз. Кээде тек гана балкондун ачык терезесинен соккон желге желпилдеген жука көшөгөнү карап үн-сөзсүз, кыймылсыз бир калыпта жата берер элек. Кудалашканга чейин “Ырайымдуулук батиринде” белгиленген убакытта күнүнө жолугушуп, кумарга баттык. Экөөбүздүн абалыбызды, менин жакында үйлөнөрүмдү, мындан ары эмне болорубузду талкуулоодон качтык. Буларды ойго түшүрөр кептерден да алыс болууга аракеттендик. Бул абалыбыз акыры бизди үнсүз жымжырттыкка түрттү.

Сырттан футбол ойногон жаш балдардын уруш-талаштары, кыйкырыктары дайыма угулуп турар эле. Төшөктө сүйүшө баштаган алгачкы күндөрү да келечегибизди сөз кылчу эмеспиз. Абадан, суудан, жалпы тууган-туушкандарыбыздан, Нишанташынын катардагы ушактарынан, оңдо же солдо жүргөнү белгисиз эркектерден кеп салып, тамашалашар элек. Эми ал тамашалар да артта калгансыды. Эч нерседен капарсыз, жаркын маанайда өткөргөн күндөрүбүздүн сууган издери бактысыздык сезимдерин ойгото баштаганын экөөбүз тең сездик. Бирок бул оор сезим бизди бири-бирибизден алыстатпастан, тескерисинче, кызыктай түрдө бизди андан бетер ынакташтырды.

Кээде кудалашкандан кийин деле Фүсун менен көрүшө береримди кыялдана берчүмүн. Кандай болсо ошондой нукта уланып жаткан бул бейиш акырындык менен кыялдан (же фантазиядан десемби) ачык-айкын максатка айлана баштады. Бири-бирибизге жан дүйнөбүз менен чырмалыша байланышып калгандыктан Фүсун мени эч качан таштабасына өзүмдү ынандырчумун. Ачыгын айтканда бул акылдын эмес, жүрөктүн иши эле. Бирок айрым учурда Фүсундун сөздөрүнөн, кыймыл-аракеттеринен анын оюн билүүгө аракеттенчүмүн. Муну байкаган Фүсун эч шек алдырчу эмес, ортодогу үнсүздүк андан бетер созулчу. Фүсун дагы ага кылган мамилеме жараша өзүнчө тыянак чыгарып жатканын билчүмүн. Көбүрөк маалымат алууга умтулуп, эки көзүн төрт ачкан тыңчылар сыяктуу кээде экөөбүз бири-бирибизди үнсүз сыдыра карачубуз. Фүсундун ак ич кийимин, жаш балдардыкындай кооз байпактарын, кирдеген ак резинка бут кийимин да музейдеги коллекцияма коштум. Булар биздин ошондогу оор абалыбыздын үнсүз күбөлөрү.

Ар түркүн божомол-жоромолдорубузга карабастан кудалашчу күн баары бир кирип келди. Ал күнү алгач виски менен шампандарга тиешелүү маселени (сатуучу акчасы накталай төлөнбөгөнү үчүн ичимдиктерди жеткирип бербей жаткан) чечтим. Андан кийин Таксимге чыктым. Бала чагымдан тамактанып келген “Атлантик” кафесинен гамбургер менен айран ичтим. Андан ары кичинемден тааныш чач тарач Жалаяк ооз Жеватка бардым (Жеват көп сүйлөгөндүктөн биз аны Жалаяк ооз дечүбүз). Жеват 1960-жылдардын аяк ченинде чач тарачканасын Нишанташыдан Бейоглуна көчүрүп кеткен. Биз Нишанташыдан башка чач тарачты, Басрини тапканбыз. Бирок кээде Бейоглу тарапка барып калганда, Жеваттын тамашаларын сагынып, Ага мечиттин жолунда жайгашкан чач тарачына барып, чачы-башымды алдырып келчүмүн. Жеват ошол күнү кудалашканыбызды укканда чын дилинен кубанды. Чачымды салтанатка ылайыктап кыскартты. Эки жаагыма сакал жумшартуучу импорт көбүктү кылдаттык менен сүрттү, андан кийин өзү айткандай жытсыз кремден сүйкөп, жаагымда бир кыл калтырбай тазалады. Ал жактан чыгып, жөө Нишанташына, “Ырайымдуулук батирин” көздөй жөнөдүм.

Фүсун дайымкысындай эле белгиленген убакытта келди. Мындан үч-төрт күн мурун ишембиде жолукпай эле койгонубуз туура болорун, анткени эртеси анын сынагы бар экенин ооз учуман акырын айткам. Бирок Фүсун сынакка даярданып жүрүп чарчаганын, акыркы күнү бир аз мээсин эс алдыргысы келгенин айтты. Ансыз деле сынактын шылтоосу менен эки күндөн бери Шанзелизе бутигине, жумушуна бара элек болчу. Үйгө кирери менен үстөлгө отура калып, тамекисин күйгүздү.

– Сени ойлой берип мээме эч кандай математика кирбей калды, – деди тамашалай.

Чындыкка коошпогон, тек гана кинолордо айтылчу жаттама сөз айткандай каткырып күлдү, бирок аябай кызарып чыкты. Мынчалык кызарып, көздөрү мынчалык муңайбаганда мен дагы кепти тамашага бурмакмын. Бүгүн башкага сөйкө салып, кудалашуу алдында турганымды оюбузга да албачудай түр көрсөтмөкпүз. Бирок анте албадык. Экөөбүз тең ичибиздеги оор сезимди көтөрө албай турдук. Тамаша менен жеңе албаган, сөз менен жоё албаган, башкага айтып бөлүшсөк да жеңилдете албаган бул ачуу сезимден төшөктөгү кумар аркылуу гана кутула аларыбызды түшүндүк. Бирок бул кайгы ысык кумарыбызды да суутту. Фүсун көөдөнүн тыңшаган сыркоолуудай керебетте узатасынан жатты. Төбөсүндө айланган муң-зарына көз жүгүртүп жаткандай туюлду. Мен дагы жанына жатып, Фүсун менен кошо шыпты тиктедим. Футбол ойногон балдардын үнү чыккан жок, ары-бери тебилген топтун гана дабышы угулуп жатты. Көп өтпөй сайраган куштар да тынчыды. Айланада жымжырттык өкүм сүргөнсүдү. Ыраактан гана бир кеменин уултусун уктук, андан кийин экинчиси жаңырды.

Экөөбүз менин чоң атам, ал эми Фүсундун чоң тайенесинин экинчи күйөөсү Этхем Кемалдан калган стакандардын биринен бөлүшүп виски ичтик, анан өбүшө кеттик. Албетте, алтын убактыбызды жалаң гана ичибизди ачыштырган сезимдерге байлануу менен өткөргөн жокпуз. Фүсун экөөбүз адаттагыдай эле бөлмөдөгү эски буюм-тайымдар, апамдын кийилбей калган көйнөктөрү, шляпалары менен алаксыдык. Дайымкыдай таттуу өбүшүп да жаттык. Анын үстүнө өбүшкөн жагынан экөөбүз тең алда канча тажрыйбалуу болуп калганбыз. Менин эриндериме курчалган Фүсундун эриндери оозумда эрип кеткендей эле болду.

Өбүшкөн учурда оозубуздун ичинде топтолгон балдай ширин суюктук эриндерибиздин кырынан сызылып төмөн акты. Ал эми көз алдыбызда жомоктордо же кыялдарда гана боло турган, аны жүрөгү жаш баланыкындай таза адамдар гана көрө алчу бейиштей кооз жер тартылды. Кээде бирибиз таттуу инжирди тумшугуна кылдаттык менен алган сыйкырдуу куштай, экинчисинин астыңкы же үстүнкү эринин назик соруп, тиштери менен акырын кысып: “Эми сен менин туткунумдасың!” дегендей болот. Экинчиси болсо эриндеринин жоруктарынан чыдамкайлык менен ыракаттанып, жакын адамынын ырайымына багынуунун ачуу-таттуу жыргалын сезип, ага бүт денеси менен баш ийүү кандай бакыт экенин, назиктик менен багынуунун ортосунда сүйүүнүн эң сырдуу, эң терең жери орун алганын биринчи жолу түшүнгөндөй болот да, кайра ага ошондой жооп кайтарат. Ошол маалда чыдамсыздык менен туйлаган тилдерибиз тиштерибиздин арасынан бири-бирин бат эле таап, сүйүүнүн зомбулук менен эмес, назиктик, жумшактык, астейдилдик, кылдаттык менен байланышкан таттуу жагын эске салат.

Узакка созулган өбүшүүдөн кийин көзүбүз илинип кетти. Ачык балкондун эшигинен соккон мээлүүн желге көтөрүлүп, бир саамга абада калкыган желпилдек көшөгө жүзүбүздөн сылай ойготту.

– Түшүмдө күнкарама талаасында жүрүптүрмүн, – деди Фүсун. – Шамалга термелген күнкарамалар аябай коркунучтуу көрүндү. Кыйкырып жиберейин дедим, бирок үнүм чыкпады.

– Коркпо, – дедим. – Мен жаныңдамын.

Төшөктөн кантип турганыбызды, кантип кийинип, эшиктин алдына кантип келгенибизди айтып бербей эле коёюн. Ага сынакта оюн бир жерге топтошу керектигин, сынакка кирчү кагазын унутпашын, баары жакшы болорун, сынактан сөзсүз ийгиликтүү өтөрүн айткан соң, көптөн бери ойлонуп, ичимден миң жолу кайталап жүргөн сөздү кадимки калыбымды бузбай айтканга аракеттендим:

– Эртең дагы күндөгүдөй эле жолугушалы, макулбу?

– Макул, – деди Фүсун көзүн ала качып.

Артынан сүйүү толгон көздөрүм менен узаттым. Кудалашуу салтанаты ойдогудай өтөрүн түшүндүм.

“Жазыксыз музей” романынан үзүндү.

Түрк тилинен которулду.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз