Дүйшөн Керимов: Жакыпбек баатыр моңолдорду чогултканы

  • 17.06.2023
  • 0

САНЖЫРА

Адегенде моңолдор уруусунун тек жайы тууралуу угуп, билгендерибизди кыскача ортого салалы. Азыркы алатоолук кыргыздардын негизги тобун тарыхчы, санжырачылар кадимки Чынгызхандын чапкынынан оошуп келген Долон бийден бөлгөнү маалым. Долон бийден Ак уул, Куу уул же Оң менен Сол. Оңдон — Адигине, Тагай жана Моңолдордун энеси Наал эже. Кыргыз санжырасында кыз же аялзаты кемде кем эскерилет. Наал эже Моңолдун (“дор” көптүк “лор” мүчөсүнүн ыңгай айтылышы) энеси болгон үчүн гана эл оозунда калдыбы?

Наал эже акылман, намыс ариеттүү жан экен, атадан эрте ажыраган эки иниси Адигине, Тагайды жетелеп, эрезеге жеткирген. Ошондой эле Черик, Азык сыяктуу тукумдарды асырап, бир туугандарына, баласына бир боор тарбиялаган. Ал инилерине карамалап жүрүп, эрге тиер курагы өтүп бараткан кезинде өз атасы Кылычхандын түшүнбөстүк зомбулугунан качып келип Адигине, Тагайдын колунда жигит жүрүшкөн Көкө, Дайыр аттуу бир туугандардын кенжеси – Көкө баатырга турмушка чыккан.

Наал эже менен Көкө баатырдын баш кошушу уламада мындай айтылат: Түн караңгысында уктап жаткан Көкөнүн төбөсүнөн кээде жарык нур жанчу экен. Муну кыраакы эже байкап жүрөт. Ошол учурда кыргыз, калмак тирешип, журт талашып турган доор эле. Бир кезде касташкан эки тарап сөзгө келишип, талаш аймагы үчүн балбан чыгарып күрөштүрмөй болушат. Ким жыкса, жер ошонуку. Ошондо кайран эжең Наал арзыганына алдын ала айтат: “Жакында күрөш болот. Калмактын балбанына өзүңдөн башка эч ким даабайт. Сенде касиет бар, жыгасың. Бирок балбан таппай карайлап турган Адигине менен Тагайга, “Мен чыгып, жыгып берем” деп шарт кой. Тентип келген сага эжесин бергенди намыс көрүшөт. Коркпо, шартыңа аргасыз макул болушат”.

Ошол ошол болду. Наал эженин айтканы келди. Бир гана Дайыр – “менден озунуп аял аласың деп инисине таарынды да, казакка ооп кетти.
Эл башы Адигине, Тагайдын таасиринен уламбы, Көкө атанын ысымы анча айтылбай, калк назарында Наалы эже калды. Экинчиден эгелерин туурап, бүт журту, эже деген адам даанышман, ары өнөр ээси да болгон экен. Ал күлүк ат таптаган саяпкер, алгыр тайган таптаган кыраан аңчы катары аты чыккан. Бул өнөрүнүн үзүрүн кичүү иниси Тагай бий көбүрөк көргөн жана уланткан.

Эми Көкө, Дайырдын атасы Кылычхандын теги тууралуу кош пикир айтылат. Биринчиси, Букара тарапта эл башкарган катагандар уркунан делсе, экинчиси, айтылуу чагатай тукумунан делет. Кандай делсе да Долон бийден мурда дагы бир далай уруулар тарых карытып келатканы, ал гана эмес Чынгызхандын түпкү атасы кыргыздан жаралганын айрым олуттуу окумуштуулар тарабынан божомол далилденип жазылганын тарыхый китеп барактары тастыктап турат. Демек, моңолдор элин кыргыз тукуму экенинен шек санаган айрым санжырбайчыларды кыргыздын кыргыз экенинен адашып, окуп билгенине эмес, ар кимдин божомол айтканына арбын ээрчиген сабатсыз “оттогондор” деп койсо тек жарашар беле…

Кийин моңолдор тукумунан Самансурдай (каймана аты — “Каракементай”) эл башы чыккан. Анын убагында кыргыз каада-салт, ырым-жырымдарынын далайы пайда болгондугун, акыйкат жана калыс башкаруучулугун дээрлик баардык санжырачылардын эмгектеринен жолуктурасың. Дегеле уруудагы куулук-шумдуксуз, калыс мүнөз ошол Самансур бабадай эл башчыларынан улам калыптанса керек.

Алиги эл арасында “Моңолдор элдин уюткусу”, “Моңолду кыйнаса, коломтодон күкүрт табат” деген учкул жана аския сөздөр айтылып келет. Мааниси ушул, бул ууру кыргыздын байыркы урпактарынын катарына кошулат жана республиканын баардык аймактарында туушкан урууларга аралаш жашап келет. Ошондой эле “Моңолмун” деген жамааттар коңшу Казакстан, Өзбекстан, Кытайда кездешет. Эми “…коломтодон күкүрт табат” деген аския кеп кайдан чыккан? Айтымда, ошол эле калмак, манжуулар кыргызды каратып алып, аркандай салык жүктөп, зомбулук көрсөтүп турган мезгилде коломтосуна катып жүргөн бир чети дары, бир чети от тутантар эң зарыл күкүртүн баскынчыларга берип, элин кыргындан арачалап калган Моңол карыянын сарамжалы кийин ушундай тамашага айланып кеткен делет.

Оо кийин, кыргыз журтчулугу падышалык Орусиянын букаралыгында күн кечирген XIX кылымдын 70-жылдарында Каракол-Нарын уездинин Ат-Башы аймагынын башкаруучусу сарбагыш Кайдуу бийде жигит жүргөн моңолдордун улуу кыйрасынын Бакы уулу уругунан чыккан Жакыпбек баатыр чачырап жүргөн уруулаштарын бир аймакка топтоп, эл кылууга бүткүл акыл-күчүн арнаган. Анда жылыга элден алык-салык (мал, жүн, тери) жыйналып, адегенде Балыкчыга, андан ары казак аркылуу Орунборго (Оренбург) жөнөтүлүп турчу экен. Бир жолу мындай алыс сапарга жүк артылган жүз төөнүн кербен башчылыгына Кайдуу бий Жакыпбекти дайындайт. Узак жол жүргөн кербен Орунборго эсен жеткирилет. Жүккө ыраазы болгон орус төрөсү Жакыпбекти жигиттери менен өргүтүп, жакшы сыйлайт.

Ошол учурда кербендин төөлөрүн көрүп, кызыгып калган бир түркмөн байы “Нарларыңды мага сат” деп кербен башын бучкактап калат. Сооданын пулун өздөрүнчө эсептеп көрүшсө, ар төөнүн баасы өз наркынан алда канча эсе арбын. Төө эмне, Нарын тарапта толтура. Ошондо Жакыпбек баатыр тобокелге салат да, төөлөрдөн түшкөн ак падышанын алтын теңгелерин куржундун эки көзүнө солоп, кыраан жигиттери менен күндөп-түндөп жол жүрүп олтуруп, Кайдуу бийдин үйүнө түшөт. Иш жайын уккан бий улуу байбичесин чакырат да, “Ырымга бир уучтап ал, калганы бүт Жакыпбек баатырдын эрдигинин сыйы болсун, ал баатыр, оокатыңды тыңдап ал” деген экен.

Башчысынын барктоосуна татыган Жакыпбек куржунду бийдин алдына кайра коюп, көптөн берки көкүрөк көксөөсүн айтат: “Пейлиңизге ыраазымын! Элим чачылып жүргөндө менин керт башым курусун. Колуңуздан келип турат, оезго ушул пулду берип да болсо туугандарымды бир жерге чогултканга жарлык чыгарып бериңиз” деп таазим эте сабылган экен атабыз…

Кайдуу бий убадасына туруп, Алматыдан жарлык чыгартып берет. Ошондон тарта Жакыпбек баатыр жеткенине өзү барып, жетпегенине жигиттерин чаптырып, Ала-Тоо айдыңына таруудай чачылган моңолдор уруусунун негизин жыйнап, бир аймакка отурукташтырганга бар дараметин жумшайт. Эми байыртан байырлаган конушун баары эле таштай коймокпу. Ынанганы көчөт, ынанбаганы кала берет. Ошентсе да эл уулунун агадил мээнети кайтып, Ат-Башы, Нарын аймагына бир болуш эл (район) жыйналат. Жакыпбек баатыр акылмандыгы жана үзөңгүлөш черик уруусунун башы Матай досунун көмөгү менен алыс-жууктан көчүп келген жаңы туугандары үчүн эки суунун аралы – Ат-Башы, Нарын дарыяларынын ортосун ошол кездеги бийликтен кестирип алат.

Кийин ал эл, жер Шаркыратма болуштугу аталып, Жакыпбектин уулу, улуу ырчы Боогачы болуштукка шайланган. Ал эми кайран атабыз Жакыпбек баатырдын сөөгү эки дайранын толтосу – Кызыл белдин туу жонунда жатат.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз