Милдет конок. Качан келер кабарын билдирип келет, канча күнгө каларын билдирип келет. Адатта, булар мансаптагы адамдар болуп, ылдыйкы даражадагыларга конок болот. Кошоматчылар кой соёт, колунда жилик койкоёт. Түйшүк көбүнесе караламан калктын мойнуна түшөт. «Пил көтөрбөгөндү дил көтөрөт» эмеспи, үй ээси айла жоктон эптеп түтөт.
Илдет конок. Кээде милдет конокко жабышып келет, кээде өзүнчө, бирок башка коноктор менен жарышып келет. Андайды кыргыз «Беймаал конок душмандан жаман» деп коёт. Келмеги оңой болот, кетмеги «ой-оой!» болот. Конгон үйдү жадатып бүтөт, үй ээси ага да түтөт.
Сыпайы конок. Коноктун эсептүүсү сыпайы конок. Анткени алар куда-сөөк, дос-жар, урук-туугандын ортосунда болот. Сыйламайын кылышып, «кыйнамайын» куюшуп, бири-бири менен эсептешип алышып, кезектешип барышып турушат.
Кудайы конок. Баскан-турган кылыгы конок, баштан-аяк чыныгы конок. Кайда болсо жумушу менен жүргөн, кайда консо ырысы белен жүргөн конок. Жүрөккө конгон кыздай сыпаа, түнөккө конгон куштай момун мындай конокту кудай өзү жиберет дешет.
Өкүм конок. Доолап келген доосу бар, жоолап келген жоосу бар конок. Үйдүн ээсин кемитип келет, үтүрөңдөп демитип келет. Канча күнү болорун айтпайт, канча түнү конорун айтпайт. Капилет баскан үшүктөй болуп, каректи жапкан шишиктей болуп, айланы алты, эсти эки кетирет. Доолаганын өндүрмөйүн үйдөн кетпейт, домуң менен жерге кир деп, үй ээси жектейт.
Жетим конок. Мойнунан байланган иттей, койнуңан кармалган биттей болуп, айласыз барган конок. Адатта бул конок жалгыз болот. Башкаларга аралаш барса да, үй ээси капарга албай коёт. Көбүнесе айтайын десе кептен жок, тартайын десе эттен жок калгандыктан, бул конокту «унут конок», «дудук конок» деп да аташат.
Жут конок. Күүгүмдө жүргөн тумандай, күйгүлтүк кылган ылаңдай, кешиги жок, кесири көп конок. Чынында, мындайдын аты конок – арты домок. Алдындагыны аймап жеген, жанындагыны жалмап жеген опкоктугу болбосо да, мындай конок менен балакет кошо келет.
Кут конок. Милдет конокту күтө билген, илдет конокко түтө билген, сыпайы конокту сыйлаганды билген, кудайы конокту кудайындай сүйгөн, өкүм конокту кет дебеген, жетим конокту жектебеген, жут конокко бүлүнбөгөн, конок үчүн күлүңдөгөн үйгө кут конок келет. Андай коноктун башында пайгамбар туруп, кызыр кызматын кылып, колдоочусу колтугунан жөлөп, периштеси бетинен өбөт. Андай конок ырчы же, чечен болот, баатыр же, көсөм болот. Ал кирген үйгө нур кирет, авазы менен ыр кирет. Таалай тапырап кирет, бакыт бапырап кирет. Андай үйдөн кут конок кетсе да, кут кетпейт.
ЫЛАЙЫМ, КУТ КОНОК КУБАНЫП ТУРГАН, КУТ-ЫРЫС УЛАНЫП ТУРГАН ҮЙ КӨП БОЛСУН!
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR