Шайырбек Абдырахман: Чымын

  • 23.04.2024
  • 4368

АҢГЕМЕ

Ме сага! Шапалак тарс дей түштү. Баятан зыңылдап учуп жүргөн чымын үстөлгө конгон жеринде былчыйды. Өлдү. Шапалакты силкип салып ары басты.

- Зыңылдап кулак мээни жеди акмак...

Бүттү, арадан эки мүнөт өтпөй баары унутулду. Бул чымын болгону беш күн жашады. Беш күн жарыкты көрдү, учту, конду, кубанды, мүмкүн кайгырды, күлдү, ыйлады, сүйдү, эркеледи, ач калды, ток болду, жашоо үчүн күрөштү. Аны ким эстесин...

Бир чапты, өлтүрдү. Күнөөсү кулак-мээни жеп зыңылдаганы. Анын болгон-толгону ошол. Басса-турса, учса, кыймылдаса – зыңылдайт, кыңылдайт. Ансыз болбойт. Кудай аны зыңылдаган үнү менен жараткан. Анын зыңылдаганы энесине, жакынына, журтуна, башка чымын, курт-кумурскага эч кандай өөн эмес.

Зыңылдап, кыңылдап, чырылдап, тиричилигин кылып жүрчү да. Эми өлдү. Үстүнөн күрс деген оор бирдеме басып жыгылды. Беш-алты жеринен бычырап үн чыкты. Бүткөн бою зыркырап, көзүнөн от чыкты, ага катар көзү да чанагынан чыгып кетти. Бир аз ооруган денесин сезип барып эстен танды. Эмне болгонун түшүнгөнчө өлдү. Жөн эле, жыңы эле учуп келип конгондо – тарс! Маанайы да жакшы эле, эшикте жаз, жамгырдан кийинки жалбырактарды аралай учканда сарыгып калган суулар бет алдыдан чачыраса – жыргачу.

Зз...з, ызз... зымырай учуп келип жаңы конгон. Тарс! Көзү караңгылады, кан чачырап, сай сөөк сыздады, көзүнөн жаш акты, акыркы жолу жаш акты, ичи өрттөндү, ызаланды, буулукту, коркту, жарыкты акыркы жолу бир карады, дем тартты, канатын шилтемиш этти, бүттү.

- Үйгө чымын толуптур, жапкылачы айнекти. Мына дагы он чактысы учуп жүрөт. Ме шапалакты, чап, өлтүр! Дагы кайда учуп жүрөт куурагырлар карачы!

Чымынга эч ким кайгырган жок, эстеген да жок, унутулду, шапалакты силкип салып басып кеткенде жерге тоголонуп кетти.

Байкуш чымындын өңү да, түсү да, кебетеси да, маанайы да сонун болчу...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз