О`Шакир: Күмүш жалатылган күзгү икеясы

  • 17.08.2023
  • 4960

Еврейлердин дин уламачысы (рабби) коңшу айылга жыл сайын каттап, насыят ишин жүргүзчү экен. Бардык сыйдан баш тартып, айылдагы бир гана кембагалдын үйүнө токточу дешет. Кадырлуу дин уламачы улагасын аттаганына кудуңдаган үй ээсинин төбөсү көккө жетчү экен. Анткени кадырлуу дегендердин эч биринин үйүнө токтобогон рухий лидер кайдагы бир кембагалдын босогосун аттаганына ким сыймыктанбайт.

Рабби жыл сайын кембагалдын үйүнө үзбөй каттайт. Жылдар өткөн соң баягы кембагал төрөпейил мүнөз күтө баштайт. Ал тургай баягы жепирейген үйү да кансарайга айланып заңкайып, баягы кембагал кеңкейип, рабби анын үйүн таппай калат. Издейт. Издесе дарбазасы бек. Тарсылдатат. Кызматчы бирөө чыгат.

Келген мейман өзүнүн чоо-жайын айтат. Кызматчы кожоюнга кабар билдирмекке жойпоңдоп кирип кетет. Бир далайдан кийин келет. «Кирсин» дептир. Кирет. Дарбаза сыртында күткөнү аз келгенсип, далисте да көпкө күтөт. Акыры кожоюн чыгат. Ооз учунан учурашат. «Төркү үйгө жүрү» дегендей ишарат билдирет. Жүзү салкын экен. Рабби келгенине жетине албачу баягы сыйкорлук, баягы кубанычтын жугу жок. Аны туйган рабби төргө өтөрү менен түз эле текчеде турган күзгүнү алып, күзгүнүн артын кырып, тазалап баштайт.

– Ал эмне кылганың? – дейт үй ээсинин итатайы тутулуп.

– А сен күзгү менен жөн айнектин айырмасын билесиңби? – дейт рабби суроого суроону матап. – Терезени караң… Айнекти караң… Ары-бери өткөн киши айнектен көрүнөт бекен?.. Эл көрүнөт бекен?.. А айнектин сыртын күмүш менен жалатып койсоң, андан өзүңдүн гана жүзүңдү көрөсүң. Кептин баары жалатылган күмүштө. Кел, ошол күмүштү кырып салалы, мурдагы көрөгөчтүгүң, көсөмдүгүң калыбына келсин, – дептир рабби…

Муну менен эмне айткым бар, окурман! Садыр Жапаровду ушул даражага жеткирген «раббилер» болгон дешет үч жыл мурун. Алар бүгүн бийликке суук тумшук көрүнүп калдык дешет өздөрү, күмүш жалатылган күзгүнүн аркы бетиндеги карапайым калктын кайнаган турмушун Ак үйдүн жетинчи кабатына  жеткен ажобуз көрбөй, укпай калды деп пахтакорлордун арасында кейигендер кеп кылып беришти...

Ошол күмүш жалатылган күзгүнү кырып, турмушту тунук айнектен караса болот эле дешет күрсүнүп.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз