(Чыгарманы алдыңкы демократ Өмүрбек Абдырахманга арнайм)
АҢГЕМЕ
Ак калпактуу калк болуптур; эрдиги бар – эси жок. Мактанчаак. Алабарман дейт. Ооба, ошол ак калпактын алдындагы мээсин иштетпегендер жөнүндө аңгемебиз бар...
Ишке салынбаган темирди дат баскандай, мээдеги нейрондорду деле дат басат. Магдырайт. Уктуңар бекен? Мээни илим менен билим гана ишке салат дейт. Илимсиз-билимсиз мээни туман каптап, жолунан көп адашат. Жеке адамды да, бүтүндөй улутту да кылымдар бою адаштырган караңгылык деген балекет болуптур. Анык каражолтой ошол дешет. Ээрчиме, оома мүнөздү калыптандырат бул балээ.
Илимсиз-билимсиз элди башкаруу бийликтегилердин көктөн издегени экен илгертен. Анткени караңгы калкты башкаруу жанга жайлуу, кулкуга майлуу болорун кимдер билген? Бийлик эгелери, чегелери. Кан-бектерге, королдорго, императорлорго атам замандан оңой болуптур бул. Кылымдарды карыткан караңгылык бүгүн да бийликтегилердин мураты, мүдөөсү. Мээлерди куру кыялга ишендирүү – мансапкорлор курган сепил. Ал сепилди илим-билимге жеткендер гана уратат. Илим-билимдүү эл гана эркин ойлонот. Өзүнүн элдик баалуулугун жалпы адамзат баалуулуктары менен жуурулуштурат. А калк канчалык караңгы болсо, мактанганын койбойт. Мансапкорлорго майдай жагат бул. Ал эл эркиндиктен корккон кулга айланат. Бийлик ээси ким болсо, ошого кулдук урушат.
Кул мүнөздүү элден акыл чыгышы кайдан. Чанда бир мээлер гана чымыркана ойлонуп ийгиликке жетпесе, далай мээлер көргүлүктү көргөн дүрбөлөң замандар көп кайталаныптыр. Мээни илим-билим ишке салганда гана идеялар жаралып, адам аткыр алыскы сапарларга каттайт. Дүйнөнү чабагандап кыдырат. Ал бир бурчта камалып жатпайт. Изденет. Тааныйт. Ааламдын төрт кыйыр – чар тарабына канат кагат.
А илим-билимге салынбаган мээ кымызга магдырап, казы-картага карт кекиргенине коркстон. Андай мээлердин мактанганы эмне – ак калпак, элечек, жөө жомоктор, эпостор, эне тил, элдик мурастар, элдик салттар! Ошол татынакай ак калпак алдындагы мээни ишке салбагандар, жалаң тулку бойдун гана булчуңдарына ишенчү турбайбы. Андай мээлер кара жумуштан баштары чыкпай: малай болот, кул болот ар кимге. Кедей жашайт. Бирок ошол элдин элдик майрамдары көп болгон дейт.
Дүйнөдө роботторду, IT технологияны жараткан элдерде жок элдик майрамдарды эч бир жаратмандык кылбаган ала-тоолук ак калпак эл ойлоп тапкан дешет. Анткени өз тилинде илим жарата албаган үчүн Эне тил майрамын белгилешчү экен. Кийин Эне тил майрамынан да ашып түшкөн Ак калпак майрамы белгиленчү салтты жаратышат.
– Ак калпак майрамын белгилөөнүн мааниси эмнеде деген? – бир Бузуку суроо салат элге.
– Ак калпак – Ала-Тообуздун символу! – дейт ала көөдөк улутчул. – Элибиз Ала-Тоодой бийик! Дүйнө элинен биз улуубуз, бийикпиз, ак мөңгүлүү чокулардай аруубуз, тазабыз! – деп чечмелейт. – Ошон үчүн Ак калпак майрамын белгилейбиз, – дейт көкүрөгүн күрсүлдөтүп.
– Макул, – дептир Бузуку ошондо. – Символуңар жакшы экен. Анчалык Ала-Тоодой бийик, ак мөңгүдөй аруу, таза эл болсок, эмнеге ак калпактуу мырзаларыбыз сай ташындай майда? Эмнеге Ала-Тоодон үлгү албайбыз?
– Ак калпактуу жигиттерибизге асылба эй! Ак калпак элди кемсинтпе! – деп Бузукуну омуроолойт улутчулу. – Биз Ала-Тоодой үлгүлүү элбиз дүйнөгө.
– Бери кара, – дейт тилин тартпас Бузуку. – Сага суроом бар.
– Бер! Эмне суроо?..
– Ала-Тоонун сай-сайында, кокту-колотунда шарылдап аккан суулар биринен бири жийиркенеби?
– Кандай бул?.. Жийиркенеби?..
– Аккан сууда эмне гана жок... Бир сайдын суусунда иттин өлүгү, биринде өлгөн малдын тарпы, биринде кашкулактын өлүгү агат, туурабы?
– Туура.
– Бирок ошого карабай суулар бирине бири кошулуп, аралашып, улуу дайрага айланат. Туурабы?
– Туура! – дейт улутчулу өз тузагына өзү илинип калары оюна келбей.
– Демек, Ала-Тоонун кокту-колотунан шарылдап аккан суулар биздин элден да бийик экен да.
– Кантип бийик экен?
– Эмнеге анда кокту-колот, уруу-уруу, түндүк-түштүккө бөлүнгөн ак калпактуу элибиз ошол сай-сайда аккан сууча жок?.. Суулар биринен бири жийиркенбей кошулган үчүн улуу дайрага айланса, а биз неге улуу элге айлана албайбыз?..
Бирок Бузукунун бул айтканы улутчулдардын кулагына кирбейт. Маңдайындагы шаңшайган Ала-Тоо деген устаттан эч өрнөк албай, болгону ак калпагы Ала-Тоого окшош экенине сыймыктанып, кылымдарды карытып келишиптир. Ак мөңгүлүү тоолордон ылдыйга мөңкүп аккан суулардын насыйкатын эшитпеген экен. Шаңкайган аска тоолордун алдында кибиреп, майдаланып, бечара, мажүрө улутка айланган дешет.
Акыры жүрүп ошол ак калпак алдындагы иштебеген мээлердин мекени да опурталдуу тагдырга кептелет. Келечеги туңгуюкка түшөт. Анткени аларды да иштебеген мээлер башкарчу дешет жалаң. Андай амалдуулар чоң-чоң кызматка эптеп бир жол таап жеткенден кийин эле иштебей калчу болуптур. А иштебеген мээлер өз чегарасынан аркы келечекке сереп салбай, мээлери чегарага чейин эле иштейт. Чегарадан алыскы керемет жашоо курган элдердин жаратмандыгына суктанышат. Ал эми илим-билим артынан кууган мээлер чегарадан алыс, Батыш менен Чыгыштын өнүккөн өлкөлөрүнө саякаттап, окуп-чокуйт да, өздөрүнүн ак калпакчан элине кайткысы жок заман келет.
Мына анан жалаң иштебеген мээлердин кейиштүү жашоосу башталат. Иштебеген мээлерди башкаруу бийлик эгелерине оңой болуп, куру убада, куру кыялдарга жетелеп, жалган ураандарга ишендиришет. Шаңкайган тоолорду казып, оюп, тешип, түбүнөн алтын издеп, бирок тоодой алтын, тоодой кен байлыктардын күкүмдөй пайдасын көрбөгөн шордуу калкка айланышат.
Бадыраңды тузга ашыкча чыласаң, шор даамы кетпейт. Калктын шор тагдыры деле тузга ашыкча чыланган бадыраңдай, – караламан калктын аң-сезимине түркөйлүк теориясын сиңиришет. Дин менен улуттук салт, адеп-аклак деген казыкка байлашат. Аркандалган мал казыкты гана айланып оттосо, улуттук “баалуулуктар” менен диний “баалуулуктарга” аркандалган калк да жалпы адамзат жеткен ийгиликтерге кайдан умтулсун?! Улуттук “баалуулуктар” менен динге табынган калктар карт тарыхта ар дайым баш ийигүүгө гана үйрөтүлгөн.
Анан көрүп ал: мээсиздердин жеткен дарамети эмне? Наалымай да. Калкты кул мүнөзгө айлантуунун эң оңой жолу – пропаганда! Караңгылык, түркөйлүк теориясын күнү-түнү пропагандалаган жугундукор журналиситтер бийлик эгелери үчүн какылдап-какшайт.
А эл тагдырына нааразы болуп уңулдап-уңшуп, иштеген мээлердин ийгилигин көрө албай ичтери тарыйт. Күнөөнү өзүнөн эмес, башкалардан издейт. Аларга ак калпактуу мээсиздердин чегарасынан алыстагы мээси иштеген калктардын гана жашоосу бейиш көрүнөт. А мээ иштетер жаш муундар өз мекенин таштап, алыска кетүүнү самашат. Жаш муунду токтотуу кыйындап, мээсиздер мекенинде чоң дүрбөлөңдөр башталат. Ошол дүрбөлөң түшкөндөр жөнүндө күндөрдүн бир күнүндө пьесамды театрга барсаңыздар көрөсүздөр. Пьесамдын каармандары жалаң өзүңүздөр болосуздар!
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.