О’Шакир: Камчы

  • 14.09.2023
  • 3574

                                                      (аңгеме)

I

- Ии... ушуну көрмөксүң! Сооп болот. Тентектигиң калбасабы?!.

- Атакебай, урбачы! – бала чыңырып ыйлады.

- Мугалимиңе баш ийесиңби эми?!

- Баш ийем, ата-а! Баш ийем.

- Айтканды айткандай аткарасыңбы?

- Ооба, мугалим эмне айтса аткарам!

“Чып-чып” камчы баланын жонун дагы бир жолу тилип өткөндөй ачыштырды.

- Сизге да, апама да, мугалимге да баш ийем, - чыркырап ыйлап аткан бойдон уйкусунан чочуп ойгонду.

Бала кезин түшүндө көрүп жатыптыр ал. Денеси камчы тийгендей ооруган үчүн ойгондубу же коркунучтуу түшүнөн улам ойгондубу - белгисиз. Абакта жаткан демократтын алдындагы төшөгү жылышып кетип, керебеттин узун жоон темири жонунан өтүп кетиптир.

Кайрадан көзүн жумуп, түшүндө көргөндөрүн эстеп баштады.

Үйдө атасы камчы менен чыпылдатып сабаганга чейин мектептеги мугалими аны доскага чыгарып алып чыбык менен тызылдатып сабагандагы түшүн кино тасмадай эсинен сыдырды.

Ооба ал, бала кезинен атасынын камчысын, мугалимдердин таягын көп жеди. Камчы менен таяктан корккон үчүн ата-энесине, мугалимдерине аргасыз баш ийер эле.

Түшү жөн жеринен кирбегенин демократ мындайча жоруду: “Камчы менен таяк адамды баш ийүүгө үйрөтөр символ эмей эмне... Бала күнүнөн мага окшоп камчы, таяктын уусунан коркуп чоңойгондор канча? Алардын баарын баш ийип жашоого үйрөтүү үчүн эне-аталарыбыз, мугалимдерибиздин жаза колдонуу ыкмасын канча муун көрүп өстү? Жалпы коом, жалпы улутту кул мүнөздүккө, баш ийүүгө тарбиялап келген  эне-аталар, мугалимдер эмей ким?”

Өз суроосуна өзү жооп издеген демократтын уйкусу ачылып кетти заматта. Оюнда жаңыча ассоциациялар жаралды.

Камчы менен таяк аны бала күнүнөн баш ийүүгө үйрөткөн курал сыяктуу эле... коомду, элди баш ийүүгө, сестенүүгө үйрөткөн бийликтин колундагы курал бар экен көрсө. Ал курал өзү жаткан темир тор артындагы абак эмей эмне?.. Түрмөлөр, колониялар, лагерлер кандай бийликтин болбосун элди баш ийдирүүгө тарбиялап, кулга айлантчу куралы экенин ал абакка кабылган күндөн тарта жон терисинен сезди. Атасы аны камчы менен баш ийүүгө үйрөткөндөй, бийлик деле өз элин баш ийүүгө үйрөтөр жаза колдонуу үчүн түрмөлөрдү, колонияларды ойлоп тапканын кара, түгөт...

Жонун сыздаткан абактын темир керебетинде жатып көргөндөгү түшүндө атасы жондон ары тартып ийген камчынын уусунан улам ушул ой келди ага. Көрсө, жонуна камчынын уусу эмес, керебеттеги темирдин мизи өткөн тура.

II

Андан аркысы түш беле, мистикабы, элеспи, арбакпы – аны окурмандар ажыратып алаар.

Зынданды өйдөдөн ылдыйга тиктеп турду ал. Зындандын түбүндө олтурган XIII-XIV кылымдар аралыгында жашап өткөн кара жаак акын Токтогул экен. Жаныбек кандын каарына кабылган айтылуу Толубай сынчынын агасы Токтогул акын деп кимдир бирөө кулагына шыбырады. Муну ким шыбыраганын билбейт.

Токтогулдун салаа-салаа канталап тилинген жонун көрдү. Камчынын издери калыптыр.

Арыдан жасоол көрүндү. Өз атасы экен ал. Даана таныды: мурдараак түшүндө көргөн өз атасы зындандагы Токтогул акындын жонуна камчы шилесе керек. Уулуна карап күңк этти.

- Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол, уулум, - атасы бүктөлгөн камчысын кончуна салды да,  ары бурулуп узап кетти.

- Кантип Токтогул болмок элем. Камчынын уусу менен Токтогул кыла аласызбы мени?! – атасынын артынан кыйкырып кала берди. Бул кепти атасы уктубу, укпадыбы...

Демократ зынданга эңкейди. Токтогул акын ага атасынан да урматтуу, атасынан да жакын кишидей сезилди.

- Суудан жутуп алыңыз. Сизге алып келдим. - Колундагы керден кесеге толтура сууну Токтогулга сунду.

 - Өзүң ич, балам. Менин ичээр суум эбак түгөнгөнүн билбейсиңби...- оозу кургап калса да суудан баш тартты.

- Эч болбосо бир ууртаңыз, - деген демократтын кебин кыйбай суудан чоң бир ууртап, кайра сунду.

- Акыйкаттын мөлтүр суусу бул. Өмүрүң узун болсун. Суудай тунук, суудай шар, суудай ийкем бол. Суу жеңет баарын.

“Акыйкаттын мөлтүр суусу бул”  - ичинен кайталады да, Токтогулдай акыйкатчы болууну каалаган демократ кеседеги суунун түбүнө чейин кере тартып жутту.

- Ийеп бала! Ылайым оозуңдан акыйкат чубурсун. Оомийин! - демократка батасын берди.

- Абакка эмне болуп келип калдың?..

“Акыйкатты айтканым үчүн” - деген кеп оозунан чыгып кете жаздап, эрдин кымтынган демократтын жообу бул болду:

- Миң уккандан бир көргөнүм артык деп, сиз жаткан зынданды көрүүнү самадым. А сизди кайсы айыбыңыз үчүн зынданга салышты экен?

- Жаныбек кандын каарына кабылгандардын орду зындан.

- Биздин заман деле ошол: бийликтин каарына ким кабылса, орду абакта. Калкты кул мүнөздүктөн чыкпасын деп коммунисттер курган абак мен жаткан жай.

Токтогул экөөнүн сөзү ушул жерден үзулдү. “Бул кайсы Токтогул? Кара жаак Токтогулбу, булбул Токтогулбу?.” - “А бул кара жаак Токтогул” өз суроосуна өзү жооп тапты демократ. Эки Токтогул тең бийликке жакпаганы үчүн абакка кабылганы ойлондурду.

Демократ көзүн ачты. Ойгонуп караса, зындандын темир тору өз маңдайындагы терезе экен. 

Темир тор артынан таң шооласы тамып турду. Көз алдында камчынын элеси менен темир тор терезе турду.

Сентябрь, 2023-ж.

Эгер “РухЭш” сайтын колдогуңуз келсе, өз каалооңузга жараша акчалай жардам бере аласыз.

Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз