Ичинде маани катылган ойлор

  • 10.03.2024
  • 3917

Эгерде, басканга оор болсо, демек, сен тоого чыгып баратасың, эгерде жеңилдикти сезсең, туңгуюкка кулап баратканың ошол.
Генри Форд

*      *     *

Ак көңүлдүктү алсыздык, оройлукту кубаттуулук, ал эми митаамдыкты жашаганды билгендик деп кабыл алууга болбойт.

*      *     *

Бул жашоодо оңой келчү эч нерсе жок. Максатыңа жетиш үчүн курмандыкка барууга туура келет, – өз күчүңдү, убактыңды коротуп, көп нерселерге чектөө коюу зарыл. Кээ бир күнү бардыгына кол шилтеп, кыялыңдан аша кечип кеткиң келет. Ошондой көз ирмемдерде эсиңерде болсун, бараткан жолуңарды улантсаңар кандай көп утушка ээ болоруңарды, ал эми багынып токтоп калсаңар, канчалык жакшы нерселерден куру кол каларыңарды эстегиле. Эреже катары ийгиликтин баасы, кырсыктын баасынан төмөн болот.

*      *     *

Эч качан бирөөлөрдү өзгөрөт деп үмүт кылбагыла. Өзгөрүүнү дайыма өзүңдөн башта.
Раджниш Ошо

*      *     *

Көп нерсени, эч ким баалабайт.
Колин Маккалоу

*      *     *

Бирөөлөрдү туурабагыла. Өзүңдү тап, өзүң менен бол, анткени “ичи тардык – бул түркөйлүк”, а “бирөөнү тууроо – өзүн өзү өлтүрүү”.
Дейл Карнеги

*      *     *

Жашоодогу кыйын нерселердин бири, – жүрөгүңдө айтылбай турган сөздү сактай билүү.
Жеймс Эрл Жонс

*      *     *

Ар бир айтылган акылдуу ойго, анын маанисине каршы келген ошондой эле акылдуу айтылган ой болот.
Жордж Сантаяна

Жакшы менен жамандын бир эле айырмасы – ал сенин аларга болгон мамилеңде.

*      *     *

Болбой калган нерселерге – акталбаган үмүттөргө, жетпеген кыялдарга, алданган күтүүлөргө өкүнүү – келесоочулук.
Э. Л. Жеймс

*      *     *

Чыныгы сулуулук жүрөгүңдө жашайт, көздөрүңдө чагылышат, кылган аракетиңден көрүнөт.
Раджниш Ошо

*      *     *

Сен каалаганыңдай сүйлөй бер, бирок аракетиң чыныгы мамилеңди билдирет.

*      *     *

Эгерде адам сенин кыялыңды түшүнбөсө – ал сенин досуң боло албайт.
Дмитрий Гринберг

*      *     *

Багынбаган кишини жеңе албайсың.

*      *     *

Жашоо биз күткөн нерсени берүүгө милдеттүү эмес. Биз анын бергенине ыраазы болуп, мындан жаман болбогонуна кубанышыбыз керек.
Маргарет Митчелл  

*      *     *

Көп учурда дарынын эң мыктысы – бул ичилбей калган дары.
Гиппократ

*      *     *

Күндү жакшы баштоонун эң сонун каражаты, ойгонуп көзүңдү ачканда, бүгүн жок дегенде бир адамга кантип жакшылык жасап, кубанта алам деп ойлонуу.
Фридрих Ницше

*      *     *

Ар бир ыйык адамдын өткөн күнү бар, ар бир күнөөкөрдүн – келечеги бар.
Оскар Уайльд

*      *     *

Алган кишинин – алаканы кубанат, берген кишинин – жүрөгү кубанат...
Лао-Цзы

*      *     *

Бизди туура түшүнгөндөр кандай аз экенин билсең, көпчүлүк учурларда унчукпай коймоксуң.
Иоганн Гёте

*      *     *

Эреңки күнү кандай жашарың, бүгүнкү кылган ишиңе байланыштуу.
Михаил Булгаков

*      *     *

Эмне үчүн жашоону сезүүнүн ордуна, ал жөнүндө талкулайсыңар?
Эрих Мария Ремарк

*      *     *

Душман сайган канжарга чыдаса болот, жакыныңдын төөнөгүч менен сайганына чыдоо кыйын...
Виктор Гюго

*      *     *

Эгерде башка бирөөлөр алып кетет деп коркпосок, далай нерселерди ыргытып жибермекпиз.
Оскар Уайльд

*      *     *

Эч ким өзүн өзгөртө албайт, бирок ар бир адам өзүн жакшырта алат.
Эрнст Фейхтерслебен

*      *     *

Өзүңдү сыйла, ички үнүңдү ук, анын айтканын жаса. Бирок ал дайыма эле туура деп кепилдик бере албайм. Ал да көп жолу жаңылат, анткени керектүү каалганы тапкыча, адам кереги жок көп эшикти каккылап көрүшү керек. Дал ошондой. Эгерде байкабастан керектүү эшикти таап алсаң, анын керектүү эшик экендигин тааныбай өтүп кетишиң мүмкүн. Ошондуктан, эсиңде болсун, кылган аракетиңдин бири да текке кетпейт; бардык күч-аракетиң өзүңдүн өсүшүңдүн тал чокусуна жетишине салымын кошот.
Раджниш Ошо

*      *     *

Эң маанилүү купуя сырды ачайын: барыш керек деген жерге барба, баргың келген жакка бар.
Макс Фрай, Линор Горалик

*      *     *

Кийими жок жылаңач жүргөн адамдарды көп көрдүм... ошондой эле ичинде адам жок бош жүргөн кийимдерди да жетишерлик жолуктурдум.

*      *     *

Бийлеп жүргөн адамдар музыканы түшүнбөгөндөргө жиндилерге окшоп көрүнөт.
Фридрих Ницше

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз