Дилазык: Кудайга барчу жол жөнүндө икая

  • 11.03.2024
  • 3835

Бир кембагал карыяга барып айтыптыр:

– Мага Кудайды сүйгөндү үйрөтчү!

Карыя айтат:

– Эң мурда ким-бирөөнү сүйдүң беле, айтчы?

– Сүйүү-пүйүү деген ар балээ кызыктырбайт мени. Мен Кудайга барчу жолго түшкүм келет, – дейт кембагал.

Карыя кайра айтат:

– Эстеп көрчү жакшылап: куру дегенде бир жолу аялзатын сүйдүң бекен, же бир наристени, же бир кимдир-бирөөнү?  

Кембагалдын жообу:

– Айттым го: мен жөн адам эмесмин, мен деген динчил адаммын деп. Мени Кудайга барчу жол гана кызыктырат.

– Бул азырынча мүмкүн эмес. Эң мурда бирөө-жарымды сүйүшүң керек, – дептир карыя. – Биринчи кадамдагы тепкичиң ошондон башталат. А сен түз эле те төбөсүнө жеткиң бар. Кой, адегенде бирөө-жарымды сүйүп көр, – деген экен.

Которгон О`ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз