О'Шакир: Бийликтин айыбын издөө – менин хоббим

  • 22.04.2024
  • 323
  • 1

Адабияттын миссиясына кайрадан келели, окурман! Ортодо сөз башкага бурулуп кеткенин туюп аткардырсыз. Адабияттын чоң артыкчылыгы ошондо, анын чабыты кенен, турмушту баардык ракурстан карай алат ал. Анын тили узун дегеним ошол, тили гана узун эмес, өмүрү да узун, мерчемдеген багыты андан бетер. Алыска көз чаптырат.

Укуругу узун деген бийлик атам замандан эле адабиятка өч экени да ошол. Адабиятка чалмасын ыргытып, сары изине чөп салып келген. Ага болбой сөздүн күчү, адабияттын маңызы улам өсүп, арышы узарып, тили узарып, көркөм тунютмалар аркылуу адабияттын калемпир-мурчтуу, туздуу тили бийликтин жанын ачыткан. Бечара бийлик эмне кыла алсын: адабиятка өчөшүп өрттөп, камап жазаласа болбой нечендеген тирандарга уйку берген эмес.

Алп адабиятка эчен тирандардын, деспоттордун бийлиги, күчү корогон. Ошондо да кашкөй адабият көгөрүп, өжөрлөнүп, тилин тарткан эмес наадандыктан. Адабият бул – абийир, ар-намыс. Адамзаттын эс-акыл, аң-сезимин улам толуктап турар көрөңгө. Адамды акылга, абийирге чакырып турган устат. Адам баласы үчүн китептен өткөн мугалим, устат барбы?..

Баарыбыз мектеп, бала бакча, орто жана жогорку окуу жайлардын билимин белгилүү бир мөөнөткө чейин гана алабыз. А адабиятта өмүр бою үйрөнөр сабактар канча?..

***

Адабияттын сүрөткери менен өкүмдарлардын айырмасы эмнеде болгон? Бийлик эгеси өз бийлигин колдон чыгарбоо үчүн баарына барган. Бийлик кумарына мас болгондор баарын садагага чабышкан. Четинен. Жакшы, жаманына карашкан эмес. Өзүнө эмне жакпаса, эмне коркунуч  жаратса, баарын жолунан тазалаган. Мындай наадандыкка адабий сүрөткерлер чыдаган эмес. Бийликтин абийирин, жүзүн сыйыра турган адил кебин кандан, бектен кайра тартпай өз маалында айтып турган... Бул адабий принцип атам замандан жок болуп кетпей, адабият өз миссиясын баардык доордо аткарып келет.

Учур адабиятыбыз сенек, шалтурук экенин көрүп баштадыңызбы эми? Дегеле улуттук адабиятыбызды жаратуучулар жогоруда мен үстүрт кеп кылган өз миссиясын аркалап келдиби, жокпу маселесин какшап келатканым ошол. Көркөм сөздүн кооздугуна салып мекенге, эл-жерге болгон сүйүүңдү билдирип коюу оңой. Мен андай ыр-пырларды дааратканада бир отуруп турганча чүргөп сала алам. “От дегенден ооз күйбөйт” демекчи, жаны-оттуу сөздөрдү бүркүп коё берүү баардык иштен жеңил. Арийне, иш жүзүндө өзүңдү адабияттын чыныгы өкүлү катары көрсөтө аласыңбы – биздин кеп ошол туурасында.

***

Буга дейре бийликтин да, оппозиция терисин жамынган демократтардын да кемчилигине үстүртөн токтолдук. Мен адабият өкүлү катары ортодогу калыс позицияны тутунууга ар дайым бекем болгум бар. Бийлик тобундагылар эле эмес, дал ошол бийликке умтулгандардын да абийирн козгоп турар коомдук катмар калыптанмайын, элдин ээрчимелигин койдура албайбыз. Эл тиягына да, биягына да алданып калбас үчүн адабияттын өкүлдөрү  сергек болууга тийишпиз. Биз аркылуу эл массасы сабаттуу, сапаттуу мүнөзүн калыптайт, ак-караны ажыратат. Аң-сезимдүү тандайт өз жолун.

Эл өз тагдырын чечүүдө сабаттуу болбосо, элди мал сыяктуу алдыга салып айдоо оңой экенин гуманисттик билимдер, таанымдар эбак эскерткен. Эл массасы- мээ кайык, калакты каякка шилесе, агымга түшүп кете берет. Диктаторлук бийлик эл массасын каалагандай мээ кайык кылып коё алат. Анын амалы көп: диктаторлор  алдоо жолун да билет. Алардын да тили балдай ширин, элди баладай алдоо керек болгон учурда баланын каалоосун аткарымыш болот. Жазалоо керек болгондобу, аянбапйт. Жүрөгүң калыбынан чыгып кетер каарын көрсөтөт.

Адабият элге мына ушуну жеткирген чоң күч. Анын тагдыры ошон үчүн катаал, оор сыноолорго кабылып келген. Адабий сүрөткерлер өздөрүн курмандыкка салып келгени да ошол... Алар өз баштарын курмандыкка салып келген үчүн эл массасы малга айланып кетпестен, селт этип уйкудан ойгонуп, өзүнүн адамдык касиетин туйган. Адабият менен Бийликтин эзелтен эрегиши бүтпөй келгени ошол.

***

Күндөлүк эссемдин биринде: эң биринчи жолу конвойлор колума темир кишен кийгизгенде өзүмдү чыныгы ойчул-жазуучу сезип, көөдөнүм сыйлыкка толгонун жазганым бар. Абак жайда мен өз психологиямды, өздүгүмдү таанууга сонун шарт болгонун башынан эле туюнтуп келем. Мынча болду окурман алдында ымандай сырымды дагы ачайын, менде да катылып жаткан чоң дымак  бар: ким-бирөөлөр жалган атак үчүн эмнеге гана барып атышкан жок?.. Кээси кошомат жолу менен бийлик колунан сыйлык-наамга жетүүдө. Кээси плагиаттык жол менен башкалардын идеясын уурдап, көчүрүп атакка умтулса, кээси китеп артынан китеп чыгарсам атагым чыгар деген жижиң калемге айланып тынууда. А мен көздөгөн атак таптакыр башка. Мен эл сүймөнчүлүгүнө жеткен, эл таламын коргогон, элдин келечегине тынчсызданган сүрөткер болгум бар. Жаман кыял эмес бекен?..

Китеп бетин ачпас ар бир кыргыздын үйүндө колдон колго өтүп жыртылган, уурдалган, белекке тартууланган китептердин автору болсом дейм. Анысы ал дейли, китептеримдин тиражы млн. Сандаган көлөмдө чыкканга жеткен авторго айлансам кандай укмуш?... Сонун кыял бекен? Кыялдар орундалат! Бул кыялдар мен жетпей турган бийиктик эмес: жинди деген жинди да, мен ошого кайда болсом күч үрөйм. Мейли, темир тордун аркасындабы, боштондукта болобу, менин эркиндигиме, ишмердигиме чек жок.

Жалпы адамзаттын орток баалуулугу -  эркиндиктин жарчысы болуп келген акындар, жазуучулар, ойчулдар, гуманисттер басып өткөн жол бул! Мен ошол улуу сапарга аттанып, миллиондогон окурмандардын жүрөгүнө чыйыр издеген жиндилигим менен: о далай сапарды карыткым бар, окурманым!

***

“Адабиятың менен эле тынч оокат кылып, саясатка аралашпачы” деген келжирек кебин, акылын айткандарга берер жообум кыска. Ал мындай: атам замандан элдерди эмне  шорлоткон, сыздаткан, кан какшаткан? Албетте, бийлик. Бийлик бар жерде саясаттын уюгу жатат. Ошол саясый уюкта эмне болуп жатканы менен иши жок эл тагдыры шорлобой коёбу? Бийликтин түрдүүчө модели көп: империализм, монархизм, фашизм, коммунизм ж.б... Бирок ошол саясый пакеттердин, концепциялардын баары кылымдар бою элди саясаттан оолак тутуп, саясатты бийлик курчоосундагылар гана жүргүзүп, элди каалагандай калчоого мүмкүн болгон. Акыры демократия модели гана эл массасын  саясатка аралашууга түрткү боло алды. Бийликти эл өзү көзөмөлгө алуусу керек деген доктринаны жайылтты жалпы Адамзатка. Мунун жаман эмнеси бар? Элди бийлик каалагандай эзгени жакшыбы же эл саясатка аралашып, бийликти көзөмөлдөгөнү жакшыбы?.. Адабият мына ушуну элдин аң-сезимине жеткирүүгө милдеттүү.

Элиңе, жериңе болгон сүйүүнү ооз учуңдагы жалын менен эмес, жүрөгүң менен дал ушул акыйкатты жеткире алган калемгер болсоң, демек Мекенге, элге болгон чыныгы сүйүү ушул!

***

Эл тагдыры -  бийлик колунда. Элди кандай бийлик башкарбасын, эл ага ар дайым сергек болгону ийги. Эл саясатта сергек болсун үчүн интеллектуалдар, жарандык коом качан болбосун кара кылды как жарып турса, Кыргыз Мамлекети өз көчүн тез эле түзөйт. Бийлик башына жакшы адам келеби, жаман адам келеби – О’ Шакир деген жиндиге айырмасы жок. Бийликтин айыбын издөө -  менин хоббим. Өлкөбүздүн 30 жылдык эгемендигинде кайсы бийликке ода арнап, бийликке шыйпаңдапмын – факты таппайсыңар. Мен эч бир бийликке эбедейим эзилген учур боло элек. Болбойт дагы. Мыкты көсөм  деген эл башчы маңдайыбызга буюрса да, мен жинди бийликтен айып издеген адатымды таштабайм. Агер бүгүн С.Жапаровдун ордунда кандай көсөм эл башкарып турса да, менин кыртышым сүйбөй, кычаштыгымды кармата бермекмин.

Арийне, ууга чыккан мергенчи кийиктердин арасынан сөзсүз семизин аңдыйт. Туурабы? Менин аңдыганым да тыртайган арык, араң жан бирөөнү бутага алуу эмес. Байкасаңар, менин айрым адабий каармандарым да өзүмдөй кежир, теңирден тетири жүргөндөр... Мен да өз заманымдын агымын ээрчигим келбейт: өлгөн балыктай.

Мен өзүм жашаган коомдун өзүн жактырбайм көп учурда. Элди андан бетер, анын алдында бийлик эмне болуп калыптыр. Бийлик деген сөздүн өзүн жек көрөм, себеби ар качандан бир качан – бийлик башына гуманисттер келбейт, келсе да көпкө турбайт. Бийлик – гуманисттердин табиятына туура келбеген сасык чөйрө. Бийлик башкаруу өнөрүндө түрдүүчө амалдар, куулук-шумдуктар толтура. Ал ошон үчүн бийлик. Ал көп учурда күчкө таянат, ошон үчүн акылга каршы иштерди кылат. Ошол себептен кандай адам бийлик кылат. Ошол себептен кандай адам бийлик башына келбесин, элибиз сергек болсо дейм. 06.02.24

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Гүкү

    Бали, О'Шакир! Чын эле саясат, бийлик таза кишилерди батыра албайт, же бузат. Анын үстүнө тилекке каршы бизде кыйраткан бийлик боло элек. :'(

Комментарий калтырыңыз