О’Шакир: Адабият тили

  • 02.05.2024
  • 363

(Белгилүү журналист Амирбек Азам уулуна арнайм)

Келинчегим кат жазыптыр муңайым.

“Тилиң курч”дейт, “тилиң өрт, - дейт, - абайла!”

Түшүнөмүн жаншеригим, жубайым.

 

Не дмекмин бурадарлар, билгиле:

адабият тили өрт, курч эзелтен,

мокотушум керек бекен тилди не?..

 

“Тилиңди тарт, кылалы, - дейт, -мунаса...

каяшаңды айтпачы!- дейт, -бийликке”.

Адабият тили – өрт, курч, тубаса.

 

Жообум кыска, жүргүлөчү унутпай:

мокок, кыска, тили чолок дудуктай

адабият тилин а мен курутпайм!

 

Укуругу узун бийлик чынында...

Андан узун адабият тиличи –

кылымдардан жетип келген кылымга.

 

Адабият тили буулбайт түрмөдөн,

анын тилин өчүралбайт зындан да,

узун тили жетет элге түрлөгөн.

 

Адабият чарк айланып дүйнөнү,

континеттен континетти аралап,

сөздүн күчү жеңип келген түрмөнү.

Адабият тили далай буулганда:

өкүмдарлар өрттөттүрүп китепти –

акын сөзү жеткен канча муундарга...

 

Найза мизин өткөрбөгөн калкандай,

эркин ойду коргогула элдеги

адабият өкүлдөрү, жалтанбай!

 

Акын эрки жеңген далай буйрукту,

сөздүн күчү жеңип келген бийликти,

О’Шакир не сызгыргыдай куйрукпу?!

 

Мен мокобойм көзүмдөн өрт жаркырап,

балким мага бир бечара кол салар –

жүрөгү да, колдору да калтырап...

 

Сындырабыз дешет балким эркимди,

жок, жок, жок, жок – наадандыктын алдында

көрсөтпөймүн аянычтуу кейпимди!

 

Адабият – таберик бир мурастай,

мурас үчүн жашашым бар татыктуу,

асыл, бийик зоболосун кулатпай.

 

Кандай болсо болсун соттун өкүмү,

а мен эркин ой-пикирден кайтпаймын,

майышпаган адабият өкүлү!        11.02.24

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз