
Азыркы учурда коомчулук чоң көйгөйлөрдү баштан өткөрүү менен билим берүү жаатында жүргүзүлүп аткан реформаларга үмүт кылууда. Бирок дүйнөлүк алкактагы реформаларды талдоодо курулай үмүт менен үстүртөн жазылган мыйзамдар билим берүү тармагын, анын ичинде мектептерди олуттуу өзгөртө албагандыгын айкын көрсөттү.
Ошондуктан, биз Кыргызстандын жагдайында ийгиликтүү реформалар кандай болушу керек деген суроого так жооп беришибиз керек. Калкыбыз, жаш муундун өкүлдөрү чыныгы адистерге абдан муктаж. Ошондуктан билим берүү тармагында иштеген адистер ийри отуруп түз кеңешип, өлкөбүз үчүн зарыл, туруктуу жана жугумдуу реформаларды жүргүзүшүбүз керек. Ал үчүн эл аралык тажрыйбага таянып, көп суроого жооп издеп көрөлү.
Азыркы учурда билим берүү тармагында толгон токой маселелер бар, ошол эле мезгилде ондогон реформалык аракеттер жасалууда жана алардын дээрлик көпчүлүгү күтүлгөн натыйжаны бербей жатат. Анын негизги себептеринин бири, бул системалуулуктун жоктугу. Демек, маселе жаңычыл аракеттердин болбой жаткандыгында эмес, тескерисинче, бири-бири менен байланышпаган, үстүртөн жана фрагменттешкен реформалык аракеттердин чаржайыт жүргүзүлгөндүгүндө.
Бул макалада реформалардын кайсы убакта жемиштүү же майнапсыз болору талдоого алынат. Билим берүү тармагындагы реформалар боюнча атактуу адис-окумуштуулар Майкл Фуллан, Мэтью Майлз жана Энди Харгревиздердин эмгектерине таяналы.
1. Реформанын туура эмес картасы же элес долбоору
Эгер сапарга чыксаңыз багытыңызды көргөзүүчү карта туура эмес болсо, анда барчу жерди так мерчемдөө абдан эле кыйын. Ошондой эле мектеп реформасына тиешеси бар ар бир тарап (мугалимдер, мектеп администрациясы, ата-эне, билим берүү башкармалыгы, илимпоздор, ж.б.) реформа кандай болуусу керектиги тууралуу ар кимдин өз картасы болот. Ошолорду эске алуу зарыл.
Билим берүүнүн көйгөйлөрүн терең түшүнүп, аны өнүктүрүүгө кандай кадамдарды жасоо зарыл, анын так жана түшүнүктүү планын же картасын түзүү керек. Бүдөмүк пландар, бүдөмүк жол менен бүдөмүк жыйынтыкка алып барат. Англис тилинде «People fail to plan, but they do not plan to fail» деген учкул сөз бар жана анын мааниси “Адамдар план түзүүдө жаңылат, ал эми жаңылыш болсун деп пландаштырышпайт”.
Ошондуктан, мыкты түзүлгөн план – ийгиликтин жарымы десек болот, ансыз майнап чыкпайт.
2. Символдор маңыздан артыкпы?
Тилекке каршы, кээде инновациялар мектеп көйгөйүн чечүү үчүн эмес, адамдардын ыңгайына, каалоосуна байланыштуу болуп калат. Мисалы, сырттан келген донорлор, долбоорлор менен иштөөдө бул жагдайларды байкоого болот. Бул иш-аракет мектепке сырттан каражат-ресурстарды алып келет, бирок алар максатка ылайыктуу да, ылайыксыз да иштетилет, иш-чаралар отчёт үчүн, үстүртөдөн жүргүзүлөт. Реформалардын майнабына басым жасалбайт.
Инноваторлордун жеке карьерасын алдыга сүрөйт (реформа ийгиликке жетпесе да). Көп учурда реформанын маңызына эмес, анын сырткы көрүнүшүнө же символдорго басым жасалат. Албетте, символдор да керек – алардын жардамы менен реформа эмне жөнүндө экенин коомчулукка, анын ичинде билим берүүдөгү атка минерлерге жеткизип берүүдө жардам берет. Бирок ошол эле учурда – эгер реформанын маани-маңызына жакшы көӊүл бурулбаса, анда реформанын символдору тез эле өзүнөн өзү жоголот.
3. Шашылыш жана үстүртөдөн жүргүзүлгөн реформалар
Реформанын бул түрү өзгөчө биздин өлкөдө көп жүргүзүлдү. Реформалар кимдир бирөөнүн түрткүлөөсү менен же кризистик жагдайлардан улам кескин чаралар кабыл алынат. Бул иш-аракеттер үстүртөн жасалгандыгы үчүн көпчүлүк учурда маселени татаалдаштырып жиберет. Шашылыш реформалардын жүрүшүнө саясатчылардын тез жыйынтык күтүүсү негизги себеп. Ошол эле учурда эл аралык билим берүү долбоорлорун да айта кетсе болот. Алардын негизги кемчилиги – кыска мөөнөттүүлүгү.
Алар бир тармакты тандап алып, 4-5 жыл иштегенден кийин долбоор токтогондо, башталган иштер дээрлик уланбайт. Шашылыш реформалардын маани-маӊызын коомчулук толугу менен аӊдабай калат. Үстүртөдөн жүрүп, башкаларга отчёт үчүн гана жүргүзүлгөндөй болот.
4. Реформа мода катары
Реформалардын проблемасынын дагы бири алардын мода катары кабыл алынышы. Мектептер жана райондук билим берүү бөлүмдөрү дайыма жаңыланып, реформалоо басымында турушат. Ошол эле учурда реформа жана инновациялар бул чоң саясый жана финансылык мүмкүнүлүктөргө жол ачат. Албетте, тез арада көзгө урунар жыйынтык көргөзүү азгырыгы бар, ошондой эле модадан (башкалардан) артта калбайын жана жогорудан сөгүш укпайын деп көп учурда жаңылыкты жакшы түшүнбөстөн, талдоосуз кабыл алуу да болуп калат. Бул учурда, реформа же инновация тез эле жок болушуна өбөлгө түзөт, себеби алар модадан чыгат да, кийинки мода келет дегендей.
Акыркы 20-25 жылда көптөгөн реформалык аракеттер болду. Бир эле мисал, мугалимдердин билим өркүндөтүүсүндө «ваучерди» колдонобуз деп айткан реформаны азыр көпчүлүк эстей да албашы мүмкүн.
5. Каршылыктардын маңызын түшүнбөө
Реформа иш чарасы албетте, оңой-олтоң нерсе эмес. Реформадагы өзгөрүштөр адамдарга жана алардын ойлору, адаттары жана баалуулуктарына байланыштуу болгондуктан, реформа татаал болот. Бирок өзгөрүүлөр биз ойлогондон жай жүрүп калса, анда аны дароо эле башка адамдардын каршылыгы же консервативдүүлүгүнө шылтап коюу көп учурайт.
Башкалар биздин ойдогудай иштебесе дароо эле «каршылык» деп коюшубуз мүмкүн. Бирок баарын эле каршылыкка шылтоо туура эмес. Себеби, бул реформа жүргүзүүдө маселенин маңызын түшүнүүгө аракет кылбастан, негизги проблемадан буйтап качуу дегендик болот: проблема максаттын так, ачык айкын жана анык болбошунан, же жетишерлик аткаруу жөндөмүнүн жоктугунан, же ресурстардын жетишсиздигинен да болушу мүмкүн.
Проблеманы кечеңдетүү же андан качуу эч качан жакшылыкка, ийгиликке алып келбестиги баарыбызга маалым. Ошондой эле «каршылык» деп айтуу күнөөнү башкаларга оодаруунун оңой жолу. Бул адамдардын көңүлүн калтырып, «эгер андай болгондо» деген ой жүгүртүүлөргө гана жетелейт. Дагы айта кетчү нерсе, реформалык өзгөрүүлөр, адамдардын жаңы нерселерди кабыл алуусун, эски көз караш жана адаттарынан арылуусун жана жаңы түшүнүктөрдү кабыл алуусун талап кылып, алардын туруктуу абалын бузуп, ыңгайсыздыктарды жаратат.
Ушул жагдайларда, адамдарга көмөк, жылуу сөз жана сабырдуулук керек. «Каршылык» деп дароо күнөө коюу, адамдардын жаңы нерсени кантип үйрөнүп жана колдонууга аракет кылуусун түшүнүүдөн арылтат. Ошол учурда, тилекке каршы, көптөгөн реформалар кылдаттык менен ойлонуп киргизилбейт. Албетте, мындай реформаларга эң табигый реакция бул «каршылык» болот. Демек, көптөгөн реформалар каршылыктын өзөгүн түшүнбөсөк, анда реформанын ийгиликтүү болушуна эч кепилдик жок.
Бул учурда көптөгөн реформалар каршылык кылгандарды «оңдобостон», реформанын өзүн оңдош керек.
6. Ийгилик аралчалары
Мектептердеги жагдайларды байкаштырсак, кээде жалгыз мектепте же бир нече мектептерде эң сонун натыйжаны көрүүгө болот. Бул жеке ийгиликтер ошол жерде эмгектенген новатор мугалимдерге, изденген мектеп жетекчилерине же жаңылыктарга умтулган ата-энелерге байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок ал жакшы иштин көп жылга ийгиликтүү жана үзгүлтүксүз жашайт деген кепилдиги жоктугунда. Себеби, жеке инсан же инсандар демилгеси менен жасалган ийгиликтер келечекте жок болуп кетүүсү ыктымал. Мисалы, новатор мугалимдердин ийгиликтүү иштеши, алардын демилгелүү тобу мектептен кеткенде, уланбай калышы мүмкүн.
Жер-жерде эмгектенген новатор мугалимдер дайыма колдоого муктаж – эгер алар күйүгүп жасаган эмгегин эч ким баалап колдобосо, анда жакшы өрөлгө көпкө узабайт. Демек, ар бир жакшы демилгени жалпыга кеңири жайылтып, эмгектенген адамдарды жаңы нерсени өзүнүкү катары кабыл алып, реформаны институтташтырыш (системага киргизиш) керек.
7. Өзгөрүүнүн кыйыр жолдору
Реформа эч качан оңой олтоң болбойт. Реформа жасагандар – биз баарын билебиз, башкалар билбейт жана биз аларды үйрөтөбүз, себеби, алар караңгы деген мамиле кылса, анда алар башка адамдардын реформаны түшүнүп баалоосуна бөгөт коюшат. Реформаторлор өздөрү да жүргүзүп жаткан реформаны түшүнүүгө канча мээнет жана убакыт кеткен, жана башкаларга да мындай мүмкүнчүлүк бербей коюу, аларды түшүнбөгөндүк жана куурчак катары кабыл алууга тете.
Адамдар бир нерсени терең өздөштүргөндө гана ошол нерсени түшүнүп жана өздүк кылып ээ боло алат. Демек, реформа жолу түздөн-түз болбостон, ар кандай бурулуштары менен кыйыр болот. Ал жолду эрикпестен басып өтүү – ийгиликтин өзөгү.
8. Проблемалар биздин досубуз
Бул идея чынында биринчиден абсурд көрүнүшү мүмкүн – «кантип эле проблемалар биздин досубуз болушу керек, алар биздин душманыбыз да» дегендер да болушу ыктымал. Бирок чынында, проблема – көйгөйлөрдү чечүү үчүн аларды жакындан түшүнүш керек жана аларды табигый же мыйзам ченемдүү көрүнүш, ийгиликке алып баруучу мүмкүнчүлүк катары кабыл алуу керек. Проблемалар, маселени тереңирек түшүнүп, жакшы натыйжага жетүүгө көмөк берет. Ошондуктан, проблемалардан коркуп качуунун ордуна, алар менен иштөө керек.
9. Өзгөрүү системалуу түрдө болуусу зарыл
Саясый басым же кысым мектептерден дайыма жаңылыктарды жана өзгөрүүлөрдү талап кылат. Бирок көп учурларда фрагменттешкен, бири-бири менен байланышы жок «проект» тибиндеги реформаларды кабыл алууга түртөт. Эпизоддук инновациялар келет да кетет, а бирок алардын таасири болбостон, жукпастан, убакыт өткөндөн кийин билинбей эстен чыгып да калат.
Коомчулукта инновация жана реформалар жөнүндө ирээнжиген же ишенбеген мамиле пайда болот. Ошондуктан, реформаны системалуу жүргүзүп, анын туруктуулугуна жетиш керек. Өзгөрүү системага жугуп, адамдар аны өз адатына айландырганда, пайдасын көрө баштаганда ийгилик жаралды деп айтууга болот.
10. Пикирлеш эместер ийгиликке жеткизет
Сиз менен макул болгон адамдарга караганда сиз менен ойлору дал келбеген жана каршы пикирдегилерден көбүрөк үйрөнөсүз. Адатта биздин коомубузда биз менен макул болгондор менен гана иштешип, макул эместерди такыр укпайбыз. Бул жаңылыштык ийгиликке алып келбейт. Бирдей ойлонгон, пикирлеш новаторлордун аракети келечектүү болбой калат. Бул жөнүндө Эльмор (1995) өз изилдөөлөрүндө далилдер менен тастыктаган. Ага ылайык өздөрүн өздөрү эле тандап же шайлап алган чакан топтор башкаларга кеңири таасир бере алышпайт.
Бул макала белгилүү профессор Дүйшөн Шаматовдун "Билимге умтулуу" аттуу китебинен алынды.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.