
АҢГЕМЕ
Кайсы жандыктын, же бодонун баласы болбосун, алгач татынакай, сүйкүмдүү болот эмеспи. Ошондой көзгө сүйкүм көрүнгөн Болот менен Темирдин ынак досу, узун кулак ала козу азыр көздөрү жашылданып кыйналып турду.
Жаш козу Болот менен Темирди жазбай таанычу. Ал экөө да ала козуну аябай жакшы көрүшө турган. Керели кечке үчөө ээрчишип ойношчу. Үчөөнүн оюнуна көчөдөн өткөн кишилер да элжирей карап өтүшөр эле. Алардын оюнун бир гана апасы жактырчу эмес. Мына, ошол оюнкараак козу түйнөк болгон көрүнөт, көздөрү жаман болуп кыйналып турат. Козу менен алек болуп жаткан чоң энесине беш жашар Болот:
– Эне, дуктур чакырып келейинби? – деди. Анын бакыракай көздөрүнөн козуга боору ооругандыгы көрүнүп турду.
– Тим эле кой, уулум, козуң азыр эле сакайып кетет, – деди чоң энеси, небересинин боорукердигине ичи элжиреп.
Үч жашар Темир болсо алайган көздөрүн козудан албайт. Анын азыр эле ыйлап жиберчүдөй түрү бар. Козунун бул түрүн көрүп, Темир чыдай албай ыйлап жиберди. Чоң энесине: “Эне, узун кулак ыйлап атат бейм?” деп жатты ый аралаш. Болот ошол замат эшикке “тыз” коюп, түз эле оорукананы көздөй чуркады.
Жолдо мектептен келе жаткан апасына (ал мугалим эле) карп-курп кездеше калып, буйтап өтө берерде, апасы Болотту шап билектен алып токтотуп:
– Кайда? – деп зекий сурады.
– Козу ооруп атат, дуктурга барам! – деп булкунду бала.
Баласынын аңкоолугунан шериктеринин жанында сына түшкөн келин баласын эптеп алдоонун аракетинде болду. Бирок Болоттун такыр көнө турган түрү жок. Апасынын колунан эптеп чыгып кетүүнү ойлоп, бар күчү менен булкунат. Жанында күтүп турган келиндер “бала да!” деген кыязда бири-бирине жылмая карашып, бирок бирөө да “коё берсеңизчи баланы, барса барар да” деп кийгилишкен жок. Анткени алар Болоттун апасынын пейилин жакшы билишчү. Ал эми тиги жылмаюлар апасына шылдың катары сезилди.
– Бас, азыр үйгө, келесоо!
Анын алаканы баласынын жаагына үстөккө-босток чабылды. Апасы “эми көнөт ко” деген ойдо Болотту колдон тартты эле, бала ансайын тырмышты. Ачуусу куп эле келген келин баласын көкүрөктөн ары түртүп жиберди да: “Бул ушундай эси жок өсүп келе жатат” дегенди билдиргендей, күлө басты шериктери менен. Бирок анын күлкүсү чыныгы күлкүгө окшободу...
Болот болсо жерге катуу жыгылса да, жаагынын ооруганы менен кымындай иши жок “козум өлүп калат эми” деп ыйлап жатты.
Көчөдөн эле жини келип кирген келин чоң энесинин алдында ыйлап олтурган кичүү уулун көргөндө биротоло жарылып кетти. Темирди колунан алып тигиндей ыргытып:
– Окшошкон гана келесоолор! Мал үчүн ыйлап! Силер да жаман атаңар сымал мал артынан мал болот экенсиңер да! “Алма сабагынан алыс түшпөйт” деген туура экен да! – деди.
Кемпир алсыз, арык колдору менен баланы ала коюп, келинине салабаттуу унчукту:
– Кой, балам, балага минтип азар бербе. Бала деген бала. Бала боорукер болот. Баланын дили ушундай таза болот. Ошону кантип түшүнбөйсүң?!
Чала-була жалбырттап турган отко май куюп жибергенде “лап” эте алоолонгон сыяктуу, келин ого бетер албууттанды:
– Ооба, мен түшүнбөйм! Эл башкарган, журт башкарган менин атам да түшүнбөйт аны! Баары кадырлаган апам да түшүнбөйт! Сен түшүнөсүң, как баш! Сенин сайда саны жок балаң түшүнөт! Ошол экөөң билесиң аны!
Кайненеси баягысындай эле эч нерсе болбогондой:
– Туура айтасың, балам, сендей немени тарбиялаган ата-энең деле түшүнбөстүр, – деди да, токтоло калып: – Балам, мага тил тийгизсең, эки дүнүйөдө жакшылык көрбөйсүң! – деп койду.
Муну уккан келин уят-сыйытты жыйыштырып, тили менен картаң кайын энесине заарын чачып кирди.
Кемпир бөкчөңдөп эшикке жөнөгөндө да кошо чыкты урушуп. Бул учурда Темир үйдөгү жаңжал менен таптакыр иши жок, жаны жай алып, тынчый түшкөн козусу менен “сүйлөшүп” отурду...
“Ош жаңырыгы” гезити,
1991-жыл, 26-ноябрь
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.