Вольфганг Хильдесгеймер: Камсыздандыруу агентинин гастролу

  • 15.08.2025
  • 473

АҢГЕМЕ

Пианист Франтишек Хрдланын ойногонун уккан ар бир адам, каалайбы, жокпу – андан алган ыракатын эзели унутпайт. Анын өрттөй жанган виртуоздук техникасы өз доорунун эң чоң сынчылары Антон Рубинштейн, музыка жазуучулары Нестор, Эдуард Вацникке салыштырууга мажбур кыларын (ал азыр 104 жашта, бирок кээде чыгармаларынын санын чаташтырганы гана болбосо, эс-акылы али тунук) Вацник бир курдай көкөлөткөнүнчө эле бар: “Көзүңдү жумсаң, кудум Листти угуп жаткандай болосуң!”

Лондон, Каир, Париж жана Канберрадабы – бардык жерде, музыкасы тып басылар замат, кудай сүйгөн бул пендени чексиз кол чабуулар менен тосушат. Ошондо да ал чарчап-чаалыкканына карабай, тикесинен тик туруп кичипейил, жупуну десең – бүткүл жаратман композиторлордун атынан. Айтмакчы, элге жүгүнүп, эриндеринде муңайым жылмаюу турганычы. «Мына, чыныгы сүрөткер» — дешти аны мурда көрүп-билбеген концерт көрүүчүлөр да шыпшынышып, — «мына ал муза сүйүүчүлөрдүн наристеси!»

Анын кайгылуу жылмайган себебин бир нече адам, алардын арасында мен да анын кенедейден бирге өскөн досу ошондо гана билдик: көрсө, Хрдланын трагедиясы – ишке ашпай калган камсыздандыруу агенти болгон экен.

Франтишек Мария Хрдла музыканттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы төрт колдуу[1] фортепиано үчүн классикалык чыгармаларды аранжировкалоочу атактуу музыкант-мугалим эле. (Бирок ал композитор катары “тырышчаак” болгону менен, анын симфониялары бүгүн унутулду.) Апасы – Иоганна Непомук Гуммелдин алты кызынын бирөөсү, жашоодо ал да арфа музыканты катары өз орду бар.

Кенедей Франтишек эми гана тай-тай басканда пианино үйрөнүүгө отургузушат да, төрт жашында ал «Шайыр жердеш» аттуу көлөмдүү антологияны билгеничи. А төрт жылдан кийин ага вундеркинд баланын баркыт шымын кийгизишет. Опурталдуу мындай өнүгүп-өсүү күтүүсүз үзгүлтүккө кабылтып, тестиер Франтишек кокусунан камсыздандыруу агентине кезиккен он жашында эле камсыздандыруунун түйүндүү маселесине кызыгуусу ойгоно баштайт. Чатак ошондон пайда болот, анын чен-өлчөмүн окурман элестетип аткан болсо, ойлоп көрүңүз: баралына жете элек курагынан тартып кол жеткис идеал үчүн күрөшүп, эч түшүнгүсү да жок өз атасы менен тил табышпай каршылашканын.

Ашкере катаал атасы бул кесиптин ээлери менен мамиле күтүүгө тыюу салганына карабастан, жаш өспүрүм өзүн өзү жазалап, камсыздандыруу агенттери жана статистиктер менен тымызын кезиккеничи. Мындайда жан кейитер көр жемелерди көтөрүү кандай оор экенин элестете бериңиз эми.

Анысы албы, кийинчерек Франтишек мага өзү айтып бергени боюнча: Баумгартнердин “Камсыздандыруу маселелери боюнча практикалык ишин” түнү бою чүмкөнүп жатып окуп, “Капитал резервдери жана салык жүктөө системасы” деген чыгарманы (айтмакчы, кыйла кызыктуу) жазган учуру анын өмүрүнүн эң жаркын мезгили эмей не...

Бирок бир дагы жан дүйнөсү назик жаралган адам каршылык көрсөтүү жөндөмүнө канчалык ээлик кылбасын, мындай мүшкүлдүү сыноого узакка туруштук бералбас. Жеңилген, көңүлү сууган жаш Франтишек жазмышына баш ийүүгө аргасыз болсо да, көп өтпөй планетанын чар тарабында лавр гүлчамбарларынын ороосунда коштолгон триумфалдык жүрүшү башталат. Ал мага көпкө чейин көрүнбөй жүрдү, бирок гезит беттеринен анын сүрөттөрүн удаама удаа көргөндө, ал өзү менен өзү убайымга түшүп жүрүп өзүн танып, көптөн бери жок болуп кеткен идеалга терең эңсөөсүн билдирген чарчаган көрүнүштө жүргөндөй туюлчу.

Ал досумду кечээ көп жылдык тыныгуудан кийин, четөлкөлүк гастролдон кайтып келгенде кайрадан уктум, Малинчевскинин тогузунчу фортепиано концертин аткарганда. Бул чыгарма да мурунку сегиз жолку концерт сыяктуу эле, Франтишек Хрдлеге арналды. Ал ушунчалык касиеттүү, керемет ойноого кирип кетти дейсиң, жадесе бейтааныш адамдар да бири-биринин колдорун кысышып, ал тургай мен-мен деген музыканттарыңдын көздөрүнөн жаш айланып турбадыбы.

Тыныгуу маалында “Эрдик” чыгармасына чейин андан колтамга аңдып жөөлөшкөн топту колчатырым менен жырып өтүп, анын артисттик бөлмөсүнө араңдан зорго жеттим. Картая түшкөн Франтишек досум лавр гүлчамбарларынын алдында отуруптур; гүлчамбарларды кудум түшүндөгүдөй акырын жиреп. Ага жакын барып эки бетинен өөп, бүгүнкү ойногону мага ачылыш болгонун айттым. Ал суз гана үн катты:

– Башкача болот дедиң беле?

– Жок! – дедим так кесе – Малинчевскини так ушинтип ойнобосо болбойт! 

Бул композитор темпти өзгөртүүнү, рубато нуктарына кирүүнү таптакыр жокко чыгарат деген дооматтар акылга сыйбайт. Ал эми мына ошол коммерциялык пианизмдеги ашыкча “моторика”... бирок ал мени уккан да жок, кайдыгер карап сыртты тиктеди. Мен сөзүмдү ортосунан токтоттум. Көз карашын баамдасам – кооптуу кадамга барууга даяр, коопсуздандыруу агентинин тиктөөсү эмеспи?.. Бир аз ыңгайсыздана, кайра сөзүмдү улап, анын таңгаларлык техникасы менен табигый экспрессиясынын айкалышын баса белгиледим. Ал дагы эле кайдыгер көрүндү.

Сөздөрүм жаңырып турса да, ага жетпей, ободо калкып тургансып туюлду. Өзүмдү колго алып ордуман турдум да, колун кайра кыстым. Чыгууга камынып, эшикте күтүп турган колтамга сурагандарга жол берейин дедим. Ушул учурда ал жасалма кайдыгер үн менен сурады:

– Айтчы азил досум, деги өзүңдү камсыздандырдың бекен?

Үнүм жеңил буулуккандай чыкты:

– Жок.

Ошондо гана анын көздөрү жарк этип, өңүнө жан кирди. Ал бир аттап үстөлүнө жетип барды да, суурмадан бир нече камсыздандыруу бланктарын сууруп чыкты. Мен ооз ачууга үлгүргөнчө, ал мага капилеттен тооруй турган ажал келип калар болсо, капкайдагы балакеттерден, жугуштуу оору, апааттардан жана жазмыштын “жогорку күчтөрүнүн” кудурет-күчтөрүнөн камсыздандырып салды…

Орусчадан оодарган Нарынбек Жусупов

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

 

[1] Эки киши бир фортепианодо чогуу ойногон ансамбь.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз