Ажыкенин арам кампасы

  • 10.09.2025
  • 611

АҢГЕМЕ

Шаарга жакын айыл четиндеги чоң дарбазанын үстүнө «Халал» деген сөздү калдайтып жазып коюшкан. Ошол жазуунун артында эл ишенген таза ырыскынын ордуна чирик жыт менен туюк сыр жашынып жатканын эч ким билчү эмес.

Күндөрдүн биринде санитардык көзөмөлчүлөр капилеттен келип калышты. Дарбаза ачылары менен каңырсып сасыган жыт мурунду өрдөй берди. Кампанын короосунда каршы-терши чуркаган келемиштер жайнайт. Андан бериде муруттары сербеңдеген унга, майга аралашып алган курт-кумурскалар толтура.

Ажы сакалын сыланып, селт этип да койгон жок.

– Бул — шайтандын сынагы, — деди камаарабай.

Текшерүүчүлөрдүн бири чыдабай кетти жийиркенип:

– Уят эмеспи?.. Өзүңүздү эл ажыке деп урматтап жүрсө... А элге берген ырыскыңыз ушубу?

Ажы башын ийкеңдеткени менен, бирок унчуккан жок.

– Жооп бербейсизби? – деди экинчиси кесе. – Бул кудайга жакчу ишпи?

– Аллахымдын ырайымы чексиз… – деди ажы күбүрөп.

Текшерүүчү какшык аралаш күлдү:

– Ырайымы чексиз экенин биз деле билебиз. Бирок келемиштин заңын унга кошуп сатсаңыз, элге ырайым эмес, оору таркайт ко. Элде бекер айтылбайт: «Карын ток болсо да абийир ачка болбосун». Сиздики кардыңызга байлык толгону менен, абийириңизди курт жегени ушул эмеспи.

Экинчиси кошумчалады:

– Меккеге барып келгениңизди элге жар саласыз анан да. Бирок элде айтылат: «Адалсынган молдонун короосунан алты каман табылыптыр». Сиздин жүрөгүңүз кампадагы келемиш менен ырыскыны тең бөлүшүп жашаганы кандай...

Ажы калчылдап кетти:

– Бул жалган жалаа!

– Жалаа дейсизби? – деди текшерүүчү кагаздан баш көтөрбөй. – Элде бекеринен айтылбайт: «Ит чыкпаган жерден иттин изи табылбайт». Биз келемиштериңиздин сүрөтүн тартып албадыкпы! Сиз канча актанбаңыз, кампаңыздын өзү эле айтып турат ко баарын...

Ажы дубалга таянып, көздөрү алаңдады. Бирок анын оозунан дагы деле:

– Аллах сынап жатат… – дегенден башка сөз чыкпады.

Көзөмөлчүлөр бири-бирине карап баш чайкашты.

– Чыныгы ыйман тазалыкта. Сиздики – сыртыңыз сопу, ичиңиз чопо экен го, — деди алардын бири аргасыз.

Кампадагы келемиштер – анын жүрөгүнүн күзгүсү эле.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз