Марк Аврелийдин эң мерчемдүү ой-толгоолору

  • 13.09.2025
  • 116

7-китеп мында >>>>>

СЕГИЗИНЧИ КИТЕП

1. Жашооңду философияга арнабаганыңды жана андан алыс экениңди моюнга алсаң, текеберчиликтен арыласың. Эми сен "өмүр бою же жаш кезимден философ болуп жашадым" дей албайсың. Чынында, адамдарга да, өзүңө да философиядан алыс экениңди далилдеп койдуң. Сен баткакка баттың, эми философ катары атак-даңкка ээ болуу оңой эмес, абалың да оор. Эгер чындап эле жашоо маңызын түшүнгөн болсоң, анда башка бирөө болуп көрүнүүгө аракет кылба. Калган өмүрүңдү жаратылышың каалагандай жашасаң, ошол сага жетиштүү. Сен ушунча тентиреп жүрүп, эч жерден бактылуу жашоо таба албадың.

Эми табиятың каалаган нерсени гана изде, башка эч нерсе сени тынчсыздандырбасын бил. Анткени, байкадың го: мынчалык адашкандан кийин бактылуу жашоо ой жүгүртүү, байлык, даңк, ыракаттан да табылган жок. Анда ал кайда? Ал адамдын табияты талап кылган нерсеге баш ийүүдө. Анда бактылуу жашоону кантип жаратабыз? Умтулууларыбызды, аракеттерибизди жетектеген негизги принциптерди кармануу менен. Кайсы принциптер? Жакшылык-жамандыкка тиешелүү болгондор. Сени адилеттүү, акылдуу, эр жүрөк, эркин кылбаган нерседе жакшылык жок. Тескерисинче, жамандык алып келбеген нерседе жамандык жок.

2. Ар ишти баштоодо өзүңө суроо бер: бул иш мага төп келеби? Кийин өкүнбөймбү? Анткени, бул дүйнөдө баары өтөт, эч нерсе түбөлүк эмес. Анда сен акыл-эстүү, коомдо өз орду бар, Кудайдын сүйүктүү кулу катары эмнени көздөйсүң? Эмне үчүн учурдагы ишиңден башка нерсени издейсиң?

3. Ойлоп көрсөң, Александр, Гай, Помпей сыяктуу тарыхта аты калган инсандар Диоген, Гераклит, Сократтын жанында ким? Алар сырткы нерселерди гана көрүшкөн: нерселерди, алардын себептерин, материяны. Аларды өздөрүнөн тышкары жайгашкан нерселер жетелеп жүргөн. Ал эми ал жерде (сырткы нерселер жана себептер дүйнөсүндө) акылмандык канчалык көп болсо, кулчулук да ошончолук арбын.

4. Баары бир эле нерсени жасайт, мага десең жарылып кет. Биринчиден, адашуудан кутул. Анткени бардыгыбыз бир бүтүндүктүн табиятыбыз, жакында сен да эч ким болбойсуң, эч жерде болбойсуң – Адриан, Август сыяктуу. Андан кийин өз ишиңе көңүл бур, аны терең түшүн. Адам катары өзүңдү татыктуу алып жүрүүң керектигин жана табияттын бизден эмнени талап кыларын эсте. Артка кылчактабай, өзүңө эң туура келген жолду танда – бул үчүн жөн гана жакшы ниет, абийирдүүлүк жана чынчылдык жетиштүү.

5. Дүйнөнүн табияты – бул бир нерсени экинчисине алмаштырып, өзгөртүп, бир жерден алып, экинчи жерге которуу. Бул өзгөрүүлөрдөн коркпо, анткени баары тааныш жана ар кимге өз үлүшү бөлүнгөн.

6. Ар бир адам өзүнө ылайыктуу жолдо баратканда бактылуу. Асыл ойлуу адам, эгерде ал өзүнүн туура эмес же жалган түшүнүктөрүнө алдырбаса, умтулуусун коомдук иштерге арнаса, жеке каалоолорун жана кемчиликтерин өз ичинде сактап, жалпы табияттын мыйзамдарын толук кабыл алса, анда анын чыныгы жолдо болгону ошо. Анткени, жалбырак өсүмдүктүн бир бөлүгү болгон сыяктуу, ал да жалпы жашоонун бир бөлүгү. Эгер жалбырак табияты сезимсиз, акылсыз жана тышкы күчтөргө оңой моюн сунган табияттын бир бөлүгү болсо, адам табияты бузулбаган, рухий жана адилеттүүлүккө негизделген табияттын бир бөлүгү. Себеби ал ар бир жанга убакыт, табият, себеп-натыйжа, иш-аракет жана жагдайлар боюнча тең жана татыктуу үлүштөрдү бөлүп берет. Албетте, бул жердеги теңчилик майда-чүйдөсүнө чейинки бирдейлик эмес, жалпысынан алганда, ар бир адам өз ордун жана татыктуу үлүшүн табуусун билдирет.

7. Окууга мүмкүн болбогонду четке кагуу, ырахатты жана ооруну жеңүү, алардын даңкынан жогору туруу – мунун баары мүмкүн. Ошондой эле сезимсиз, шүгүрсүз адамдарга ачууланбай, тескерисинче, аларга кам көрүү да мүмкүн.

8. Эч ким хансарай жашоосун жамандаганыңды сенден укпасын, ал тургай өзүң да.

9. Өкүнүү – бул бир пайдалуу нерсени колдон чыгарганыңды түшүнгөндө. Ал эми жакшы нерсе – бул сөзсүз пайдалуу, жана татыктуу, сулуу адам ага жетиш үчүн аракет кылышы керек. Бирок сулуу, татыктуу адам ырахатты колдон чыгарганына эч өкүнбөйт, демек, ырахат иш да, жакшылык да эмес.

10. Сен эмнеден турасың? Негизги табиятың, материалдык түзүлүшүң кандай? Бул абалга алып келген себептер кайсы? Алар эмнеден келип чыккан? Бул дүйнөдө миссияң же аткарар ишиң эмне? Сен канча убакыттан бери бул дүйнөдө барсың?

11. Эгер ойгонуу оор болсо, анда эсиңде тут: коомдук иштерди аткаруу – бул сенин адамдык табиятыңа, жаратылышыңа ылайыктуу нерсе. Ал эми уктоо – жаныбарлар менен жалпылык. Демек, табиятыңа көбүрөк жагымдуу нерсе –өзүңдүн чыныгы жаратылышыңа жакындатат жана сага көбүрөк ыраазычылык алып келет.

12. Ар дайым жана мүмкүнчүлүк болгон сайын, табият сырлары, адам кумары жана билимдин мааниси жөнүндө ой жүгүрт.

13. Ар бир адам менен жолукканда алдын ала ойлон: анын жакшылык-жамандык түшүнүктөрү кандай? Эгер ал ырахат менен азап, аларды жараткан нерселер, атак-даңк, уят, өмүр, өлүм тууралуу өзгөчө ойлорду карманса, анда ал кандайдыр бир иш жасаганда мен үчүн таң калыштуу же кызыктуу болбошу керек. Анткени ал ошондой кылууга аргасыз болгонун унутпайм.

14. Эсиңде болсун: инжир дарагынын инжир бергенине таң калуу канчалык акылсыздык болсо, дүйнө өз табиятынан бир нерсе бергенде да ошондой. Мисалы, дарыгердин же кеме башкаруучунун оорулуу адамга же бетке соккон шамалга таң калышы уят да, туурабы?

15. Эсиңде болсун: өзгөрүүгө көнүү жана сага туура келген нерсеге баш ийүү – экөө тең эркин адамга жарашат. Анткени бул өз ишиң, сенин умтулууң, чечимиң жана сенин акылың менен ишке ашат.

16. Эгер сенден көз каранды болсо, эмне үчүн кылып жатасың? Эгер башка бирөөдөн болсо, кимге ачууланасың? Атомдоргобу же Кудайгабы?! Экөө тең акылсыздык. Эч кимди жамандаба. Эгер мүмкүн болсо, абалды оңдо; муну жасай албасаң, анда жок дегенде өз ишиңди кыл. Жасай албасаң, анда эмне үчүн жамандайсың? Жөн эле эч нерсе кылбай отура бер.

17. Өлгөн нерсе дүйнөдөн жоголуп кетпейт. Эгер ал бул жерде калса, анда ушул жерде эле өзгөрүп, өзүнүн алгачкы элементтерине – жалпыга жана сага таандык нерселерге бөлүнөт. Алар да өзгөрөт, бирок эч качан ыйлактабайт.

18. Баары максат үчүн жаралган: ат – аттын кызматын кылат, жүзүм – жүзүмдүн. Эмнеге таң каласың? Күн өзү айтат: "Мен ушул үчүн жаралдым". Башка нерселер да ошондой. Ал эми сен эмнеге жаралдың? Ырахат алуу үчүнбү? Бул ойдун тууралыгын ойлонуп көр.

19. Ар бир жаратылыш өз башталышын жана бүт жолун, топ ыргыткан адам сыяктуу эле, токтоочу жеринен бери белгилеп койгон. Анда топтун жогору учушунун кандай жакшылыгы бар, ал эми ылдый учушунун же кулашынын кандай жамандыгы бар? Көбүктүн пайда болгону жакшылыкпы? Ал жарылып кеткени – жамандыкпы? Чырак менен да ушундай.

20. Аңтарып карап көр, эски, оорулуу, эскирген нерсе кандай, эмне болуп жатканын байка. Мактаган да, макталган да; эстеген да, эскерилген да – өмүрлөр кандай кыска. Бул биздин кичинекей дүйнөбүз, бул бурчта баары бири-бирине жана ар кимиси өзү менен макул эмес. Ал эми бүт жер – болгону бир чекит.

21. Өзүңдү жана жасаган ишиңди бекем карма. Сен буга татыктуусуң жана ар дайым, бүгүн да, эртең да жакшы болууну каалайсың.

22. Мен бир нерсе кылар болсом, аны адамзаттын жалпы жыргалчылыгына ылайык жасайм. Мага эмне болсо, аны кудайдын жана бардык нерсенин түпкү булагы болгон универсалдуу мыйзамга ылайык кабыл алам.

23. Мына, жууп тазалоо керек болгон нерселерге көз чаптырып көрчү: май, тер, кир, майлуу заттар – булардын баары жагымсыз. Бирок жашоодогу ар бир нерсе, ар бир көрүнүш ушундай эле табиятка ээ.

24. Луцилла Верадан Люсилага, Секунда Максимадан Секундага, Эпиктит Диотимадан Эпиктитке, Фаустина Антонинден Антониге өткөн. Ошол сыяктуу сен да Адриандан Селерге өтөсүң. А ошол акылдуу, алдын ала көрө билгендер кайда? Харакс, Деметрий Платоник, Эвдемон жана башкалар. Баары убактылуу, баары өттү. Кээси такыр унутулду, кээси мифке, кээси тамсилге айланып, жакында унутулат. Муну эсиңден чыгарба, анткени денең да майда бөлүкчөлөргө чачырайт, же демиң токтолот, же башка жерде пайда болосуң.

25. Адамдын жүрөгү өзүнө жакын ишти жасаганда кубанычка толот. Боорукердик, сезимталдык, акыл-эстин тунуктугу, табият менен шайкештик – булар баары адамдык асыл сапаттар.

26. Үч асыл жол бар: бири – бизди курчаган ааламга болгон сүйүү, экинчиси – бардык жаратылыштын башаты болгон Кудайга болгон ыраазычылык, үчүнчүсү – адамдарга болгон боорукерлик.

27. Азап эки түрдүү болушу мүмкүн: денеге байланыштуу же жан дүйнөгө байланыштуу. Эгер азап денеге таасир этсе, анда дене өзүнүн ички ресурстарын колдонуп, андан кутулуунун жолун табышы керек. А азап жан дүйнөгө байланыштуу болсо, анда ал тынчтыкты, туруктуулукту сактоо менен, аны жамандык катары кабыл албоо күчүнө ээ болот. Себеби биздин бардык баа берүү, умтулуу, каалоо жана жийиркеничтерибиз ички дүйнөбүздө жана эч кандай тышкы жамандык ал ыйык жайга кире албайт.

28. Өзүңдү тынымсыз көзөмөлдөп, жаман ойлорду кууп чыгар: "Жан дүйнөмдө пас сезимдерге, кумарга жана дүрбөлөңгө орун жок. Бардыгын кандай болсо ошондой кабылдап, татыктуу башкарам". Бул табияттын сага берген бийлиги, аны эч качан унутпа.

29. Сенаттабы же жөнөкөй адамдар мененби, ар дайым сылык жана чын жүрөктөн мамиле жаса, сөздөрүң таза болсун.

30. Августтун сарайы, анын аялы, кызы, неберелери, өгөй балдары, эжеси, Агриппа, туугандары, достору, дарыгерлери, төлгөчүлөрү – баары өлүмгө моюн сунушкан. Башкаларга көз чаптырсаң, адамдардын өлүмү биринин артынан бири келет, кудум Помпейдегидей. Эстеликтерге жазылгандар да унутулат. Кандайдыр бир мураскердин ата-бабалары канчалык азап тартканын элестет, бирок баары бир акыркысы кимдир бирөө болот. Андан кийин бүтүндөй тукум жоголот.

31. Жашоо – үзгүлтүксүз аракет, ар бир иш өз жемишин берет. Эгер кимдир бирөө сага тоскоолдук кылса да, адилеттүүлүктү, акылмандыкты, эстүүлүктү колдон. Тоскоолдукка туш болсоң да, колуңдан келгенди жасап, ошол замат башка иш-аракетке өт, ошол абалга ылайыкташкан жаңы чечим тап.

32. Көзүңдү ирмебей, жашоо менен жеңил коштош.

33. Эч качан кол, бутуңду же башыңды кесип, алар денеден бөлөк жатканын көргөн эмессиң. Мындай кадамга коомдон четтеп, обочолонууга умтулган адам гана барышы мүмкүн. Ошондой учурда сен жаратылган табияттын биримдигинен ажырап, өзүңдү бөлөкчө сезесиң. Бирок мында бир өзгөчө жагдай бар: сен кайрадан бириге аласың. Кудай жаратылыштын башка эч бир бөлүгүнө алгач бөлүнүп, анан кайрадан биригүү мүмкүнчүлүгүн берген эмес. Кудай адамды кандай улуу сүйүү менен жаратканын карагыла: Адамга бүтүндүктөн ажырабай туруу бийлигин берген, эгер ажырап калса, кайрадан кайтып, биригип, бир бүтүндүн бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүн тартуулаган.

34. Акылдуу жандын жөндөмдүүлүгү – бул анын өз табиятынын күзгүсү. Жапайы жаратылыш сыяктуу эле, ал өз жолунда пайда болгон же ага каршы нерселердин баарын өзүнө сиңирип, тагдырына кошуп, өзүнүн бир бөлүгү кылып алат. Ошол сыяктуу акылдуу жан да ар кандай тоскоолдукту өз материалына айлантып, өзүнүн алгачкы умтулуусуна ылайык колдонот.

35. Жашоонун жалпы көрүнүшү сени түйшөлтпөсүн. Келечекте канча жана кандай иш кыларыңды ойлоп отурба. Тескерисинче, ар бир учурда өзүңөн сура: "Бул учурда мени эң көп кыйнаган же жагымсыз сезимдерди пайда кылган эмне?" Чындыкты моюнга алуудан уялуунун кереги жок! Жана эсиңде болсун, сага келечектеги же өткөндөгү окуялар эмес, азыркы учурдун өзү басым кылат. Эгер учурдун чектелгендигин түшүнүп, бул кичинекей кыйынчылыкка туруштук берериңди далилдесең, ал көйгөй өзүнөн өзү азаят.

36. Эмне, Пантия же Пергам кожоюнунун мүрзөсүндө отурабы? Же Хабриас менен Диотим Адриандын кабырында жүргөндүр?! Күлкүлүү. Мейли, алар отурушса, бир нерсе сезеби? Макул, сезишсин дейли, ошондо алар сүйүнөбү? Эгер алар сүйүнүшсө, өлбөс болуп калмакпы? Булар да адегенде кемпир, чал болуп, анан өлгөн жокпу? Алар өлгөндөн кийин эмне болушкан? Мунун баары сасык, ыплас жана эч нерсеге арзыбайт.

37. Акылдын көзү менен карасаң, элде айтылгандай, терең ойлонуп көр.

38. Акылдуу жандыктын табиятында адилеттүүлүккө каршы жакшылыкты көрбөйм, бирок ырахатка каршы сабырдуулукту көрөм.

39. Эгер кайгы-капа алып келген нерселерди кабыл албасаң, анда өзүң толук коопсуздукта болосуң. – Бул ким өзү? – Акыл. – Мен акыл эмесмин да. – Анда акыл бол. Акыл өзүн өзү эч качан кайгыга салбайт. Эгер бир нерсе жаман болсо, ал өз жамандыгы үчүн жооп берсин.

40. Сезимдерге тоскоолдук – жаныбар табиятынын азабы. Умтулууга тоскоолдук – дагы жаныбар табиятынын кесепети. Мындай тоскоолдуктарды жана азаптарды өсүмдүктөрдүн түзүлүшү да сезет. Демек, акылга тоскоолдук – бул акылдуу табияттын азабы. Мунун баарын өзүңө байланыштырып кара. Ооруну же ырахатты сездиңби? Сезимдериңе көңүл бур. Максатыңа жетүүгө тоскоолдук чыктыбы? Эгер чечкиндүү болсоң, анда бул акыл-эстүү жандын сыноосу. Эгер жалпыны ойлосоң, анда зыян да, тоскоолдук да жок. Анткени акылга ээ адамга эч ким тоскоолдук кылбайт. От да, темир да, зулум да, жалаа да ага таасир бербейт. Эгер акыл-эс тегерек сфера болсо, ал ошол бойдон калат.

41. Татыксыз болсом да, өзүмдү эч качан кайгыга салбайм; башканы да өз каалоом менен эч качан капа кылган эмесмин.

42. Ар кимдин өз кубанычы бар. Менин кубанычым – жол көрсөтүүчүмдүн (акылым) дени сак болгондо жана адамдардан да, алардын башына келген нерселерден да баш тартпаганда, тескерисинче, баарына ыкластуу көз караш менен карап, баарын кабыл алып, баарын татыктуу башкарганда.

43. Өзүңө ушул учурду тартуула. Келечектеги атак-даңкты көксөгөндөр, ал жолдун башкача, оор жана кооптуу болорун ойлошпойт. Алар тууралуу башкалар кандай ойдо болору, алар сени кандай тааный турганы сага эмне үчүн маанилүү?

44. Мени каалаган жериңе таштап кет. Анткени ал жерде да менин генийим мага ырайым кылат, башкача айтканда, тагдырымдын буйругуна ылайык жаралган абалга же жасаган ишиме ыраазы болом. Болбогон нерселер үчүн жан дүйнөмдү дүрбөлөңгө салып, өзүмдү пас, ач көз, майдачыл, коркок сезишиме себеп барбы? Ушуга татыктуу бир жооп таба аласыңбы?

45. Адамга адамдык сапаттар гана таандык, букага – букалык, жүзүмгө – жүзүмдүк, ташка – таштык сыяктуу эле. Эгер ар бир нерсе өзүнө таандык нерсеге ээ болсо, анда эмнеге нааразы болосуң? Табият сага чыдабай турган эч нерсе берген жок.

46. Эгер сырткы жагдайлар сени капалантса, анда күнөөлүү ал нерсе эмес, ага болгон жеке кабылдооң. Бул кабылдоону өзгөртүү толугу менен сенин бийлигиңде. Эгер ички дүйнөңдөгү бир нерсе сага тынчтык бербесе, анда негизги принципти оңдоого эмне тоскоолдук кылат? Эгер дагы эле капа болсоң, бирок өзүң туура деп билген ишти аткарбасаң, анда капа болуп отургандан көрө, ошол ишти жасоо артык эмеспи?

  • Бирок бул жерде күчтүү тоскоолдук бар.
  • Анда капа болбо, демек, себеп сенде эмес.
  • Муну жасабай койгондо, жашоонун кереги эмне.
  • Анда турмуштан өз ыкласың менен кет, кимдин иши ишке ашса, ошол сыяктуу тоскоолдукка моюн сунуп өл.

47. Эсиңде болсун, өзүн токтоолук менен башкарган, каалоосуна ээ, өзү жактырбаган ишти жасабаган адамды эч ким жеңалбайт. Анын акылсыз каршылыгы да эч нерсеге жарабайт. А өзү акылдуулук менен, терең ойлонуп чечим кабыл алса, анын күчү чексиз. Ошондуктан, ар кандай кыял-пикирлерден, кумардан эркин болгон акыл – бекем чеп сыяктуу. Мындай адам эч кимге баш ийбейт. Муну түшүнбөгөн же түшүнүп туруп качкан адам бактысыз.

48. Эгер бир нерсе жагымсыз тоскоолдук жаратса, андан арыл. Мисалы, жолдо тикенек турса, четтеп өт. Эмне үчүн мындай болгонун талдап отурба. Табияттын терең сырларын билген адам мындай суроолорду күлкүлүү деп эсептейт. Мисалы, устаканасында жыгач уста же тери иштетүүчүлөр калдыктарды ыргытпай, аларды кайра колдонушат. Эгер аларды бул үчүн айыптасаң, алар сага күлөт. Анткени аларда калдыктарды ыргытар жер бар. А табияттын өзүндө мындай жер жок. Ал бардыгын өзүнө сиңирип, эскирген, жараксыз нерселерди кайрадан жаңы, жаш нерселерге айлантат. Ошондуктан табиятка сырттан эч кандай кошумча материал же таштанды ыргытар жердин кереги жок. Ал өзүнүн жаратылышы, материалы, чеберчилиги менен канааттанат.

49. Баштапкы түшүнүктөрдү гана билдир, алардан ашыкча эч нерсе кошумчалаба. Эгер башка бирөө сени сөгүп жатат десең, бул жөн гана кабарлоо. Бирок бул кабардын сага кандай терс таасир тийгизери же зыяны тууралуу эч нерсе айтылбайт. Мисалы, мен баламдын ооруп жатканын көрүп турам, бирок анын абалы канчалык оор же коркунучтуу – билбейм. Ошондуктан, баштапкы, так маалыматтар менен гана чектел, өз ойуңду же божомолуңду кошпо, ошондо эч кандай көйгөй жаралбайт. Андан да жакшысы, дүйнөдө болуп жаткан бардык окуяларды билип, баары сага тааныш экенин кошумчалап кой.

50. Ишиңе бекем бол, сөзгө алдырба, ойдо адашпа. Анткени жан бир заматта жыйрылып, өз башынан секирбейт. Жашоодо бош убактыңды текке кетирбе. Жаман сөздөр, каргыштар адамды өлтүрүп, кыйнап, ууландырат. Ооба, ойлонсоң, бул кайдагы тазалык, кыраакылык, акыл-эстүүлүк, адилеттүүлүк дейм да!

Бул, мисалы, тунук, мөлтүр булактын жанында туруп, аны жамандай баштаган адамга окшош. Аккан сууну ичүүгө мүмкүн болбой калабы? Жок! Алар ал жерге кир-когун ыргытышы мүмкүн, бирок андан да жаманды – суу баарын өз нугу менен таштан-ташка агызып, жууп кетет, эч качан булганбайт. Сен дагы кудук болбой, дал ушундай таза булак боло аласың! Ал үчүн асылдыгыңды ар дайым сактап, боорукер, карапайым, акыл-эстүү бол.

51. Дүйнө тууралуу түшүнүгү жоктор өз ордун да билбейт. Жашоо маңызын түшүнбөгөн адам өзү ким экенин, дүйнө эмне – билбейт. Бул эки суроонун бирин четке каккан, жашоодон эмнени күтөрүн айталбайт. Анда айтчы, өз ордун да, ким экенин да билбегендердин мактоосуна жетүүгө аракет кылган же алардан качкан адам кандай адам деп ойлойсуң?

52. Бир саат ичинде өзүн үч жолу сындаган адамдын мактоосуна арзыгың келеби? Өзү жактырбаган адамга жагууну каалайсыңбы? Же кылган ишине дайым өкүнгөн адам өзүн кантип сыйлайт?

53. Дем алуу бизди курчаган аба менен байланыштыргандай эле, акыл да айланабыздагы бардык акылга сыяр нерселер менен байланыштырат. Анткени акылга сыяр күч бардык жерде жайылып, аны кабыл алган адамга жеткиликтүү, ошол сыяктуу эле дем алууга аба бардык жерде бар.

54. Бузукулук жалпысынан дүйнөгө эч кандай зыян келтирбейт, айрыкча башкаларга эч кандай зыян келтирбейт. Ал өзүнө гана зыян, өз ишениминен баш тарткан жана каалаган убакта андан кетер адамга гана зыяндуу.

55. Менин каалоом кошунамдын каалоосуна, анын денеси жана жаны сыяктуу эле, эч кандай тиешеси жок. Биз бири-бирибиз үчүн жаралганыбыз менен, ар бирибиздин жетектөөчү күчүбүз өзүбүз үчүн жооптуу. Болбосо кошунамдын жамандыгы мага да жамандык алып келип, өзүмдөн башка бирөөдөн бактысыз болушум Кудайга да жакмак эмес.

56. Күн нуру баарын каптап, төгүлүп-чачылгандай сезилет, чындыгында ал төгүлбөйт. Анткени бул – чыңалуу. Күн нурунун жаркын нурлары – бул чыңалган жаадан атылган жебе сыяктуу. Нур деген эмне экенин түшүнүү үчүн, күн нурунун тар жарака аркылуу караңгы бөлмөгө кантип кирерин элестетип көр. Нур бетке катуу тийгенде, ал токтойт, абага өтпөйт. Нур ошол жерде токтолот, бирок тайып кетпейт. Ушундай эле түшүнүк да агып, төгүлүп турушу керек, бирок ал токтоп калбай, чыңалуу менен алдыга умтулушу зарыл. Ар бир тоскоолдукка катуу жана күтүүсүз тийгенде тайып кетпей, тескерисинче, тийген жерин жарык кылып, алдыга жылышы керек. Анткени, аны өткөрбөгөн нерсе өзүн жарык нурдан ажыратат.

57. Өлүмдөн корккон адам же сезимсиздиктен, же башка бир сезимдерден коркот. Эгер сен эч нерсени сезбесең, анда эч кандай кыйынчылыкты да сезбейсиң. Башка бир сезимге ээ болсоң, анда башка адам болосуң жана жашооң башкача уланат.

58. Адамдар бири-бири үчүн жаралат. Ошондуктан же өзгөрүл, же ага чыда.

59. Ой менен жебе эки башка жол менен учат. Ой этият болгону менен, кээде бир нерсени айланып өтүп, алаксып калышы мүмкүн. Бирок баары бир, ал өзү жетүүнү каалаган жерине түз барууга умтулат.

60. Ар биринин жан дүйнөсүнө кир, ошол эле учурда башкаларга да өз жан дүйнөңө кирүүгө уруксат бер.

Сегизинчи китептин соңу

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз