Бул эмгекти автор Н.Ежовго терең ызаат менен арнайт… "Исторический Вестникте" жарык көргөн Чехов жөнүндөгү акылдуу эмгектин автору катары.
I.
Бир жолу Антон Павлович экөөбүз анын багында жайбаракат сүйлөшүп отурганбыз.
– Сизди сурап жатышат… Киргизе берсем болобу? – деп кабарлады карт кызматчы.
Бул сөздөрдөн кийин эле кызматчынын артынан шайыр үн угулду:
– Сурап эмне кереги бар?! Хо-хо! Ушу кытайдын каада-салттарын өлгүдөй жаман көрөм! Кабарла, анан кабыл ал, анан да балким, визиттик карточкаларды талап кылышат... – ушундай мээ чаккан нерселерди жактырбайм. Салам, Антоша!
Антон Павлович ордунан турду да, калпагын кыйшайта кийген, шайыр, бирок бир аз көздөрү тунарган, көрктүү, бирок бир аз ашыкча кыймылдуу шуулдаган мырзаны таң калуу менен карап калды…
– Кечиресиз… – деди күмөн саноо менен Антон Павлович.
– Тааныбай калдыңбы, тентек?! Даңк… кандай десем экен… башыңды айланттыбы? Текеберленип калдыңбы? Хо-хо! Өлгүдөй жаман көрөм, ушундай… эки буттуулардын мурдун өйдө көтөргөнүн!!!
– Ким экениңизди айтсаңыз жакшы болмок, – деди Чехов жумшак үн менен, мага карап жылмайып, – тааный албай жатам. Жаш өткөн сайын, билесиз… эс тутум начарлайт.
– Хо-хо! Кандай дечү эле: Изабелла – алсырады! Сен болсо, иним, өзгөрүлүп, арыктап кетиптирсиң. Эмне болду кургак учугуң күчөдүбү? Кан түкүрүп жаткан жоксуңбу?
– Сиз ким экениңизди айтыңызчы, – дедим алдыга чыгып, – анткени Антон Павлович сизди тааныбай жатат.
– А! Сиз дагы бул жердесизби… жакшы мырза! Кандай жашап жатасыз? Сиз дагы жазып жүргөндөрдөн эмессизби? Жазуучулар көбөйдү азыр… ар ким өзүн гений ойлойт. Туурабы, Антоша? Эсиңдеби, сени мурда кандай деп атачумун: Антошка-картошка? Ооба, иним, кандай гана замандар өттү…
Шайыр мырза менин ордума отурду да, ойлуу түрдө балта сымал таягы менен гүлдөрдүн башын чаап жатып, сөзүн улады:
– Мына көрүп жатасыңбы, Антоша… мени унуттуң, ал эми сен менин эсимдесиң. Коляны унуттуңбу, тентек!? Бир гезитте иштедик эле го. Мен ар кандай кеме кыйроолору жөнүндө, кутурган иттер жөнүндө жазчумун, ал эми сен аңгемелерди шилтечүсүң. Хо-хо! Чеберсиң, иним! Мурунуң бар. Ошондуктан алдыга жылдың, анткени мурунуң бар. Шамалдын багытын билесиң… Мен дагы, иним… ар кандай фельетондук нерселерди жазып жүрөм. Окудуңбу, жакында шаар башчыларын шаардык бактар үчүн кандай талкаладым? Ванька Арепьев көп айтчу: калемиң өткүр, Коля… Ох, өткүр! Ванька Арепьевди эстейсиңби?
Чехов кабагын бүркөдү.
– Эмнегедир эсимде жок… Тилекке каршы, сиздин бактар жөнүндөгү фельетонуңузду да окубаптырмын.
Шайыр мырза созулта ышкырып койду.
– Эмне дейсиң, Антоша… Чындап эле атак-даңкка жетүүнү көздөп жатасыңбы? Адабиятты байкабайсың, мурунку досторуңду тааныбайсың… Ошон үчүнбү – түрүң ушундай… кургак учук болгон немедей! Мен болсо иним, сага бир нерсе алып келдим. Керемет аңгеме. Өзүм жаздым, кымбаттуу Антуан, өз колум менен. Окуп, өзүңдүн акылман сөзүңдү айт. Балким, "Русское Богатствого" киргизип коёрсуң.
Антон Павлович үшкүрүнүп туруп, саргарган, тытылган, тамтыгы чыккан кол жазманы алып, ачты.
– Ал сизде… ммм… иштелип чыккан эмес го.
– Кантип иштелип чыккан эмес? Калп айтпа, иним, акыркы үтүрүнө чейин иштелип чыккан!
– Мына бул жерде… биринчи эле сүйлөм: “Бийик үңкүргө караңгы, сырдуу тереңдикке ачылган киши келди”.
Ким караңгы? Ким ачылган?
– Албетте, үңкүр. Маанисине бир караганда эле түшүнсө болот. Мен болсо иним, сен шылтоо издеп жатканыңды көрүп турам. Жакшы эмес, Антоша… Чын ыкластан эмес! Албетте, доско болгон мындай мамиле менен – "Русское Богатство" эч нерсе жарыялабайт. Мейли, Кудай колдосун! Менде сага дагы бир достук өтүнүч бар… мага беш жүз сом бер!
– Эмне үчүн беш жүз сом?
– Карызга. Кийин эсептешебиз.
– Менде андай сумма жок, чын эле…
– Калп айтпа! Жылына беш эсе көп табасың го. Беш жүз жок болсо, үч жүз бер. Мен сага кол жазмамды калтырам… Ал үчүн кайсы гана басмакана болбосун, он эсе көп берет!
– Ишендирем сизди… Жанымда болгону отуз-кырк сом бар. Буга мен бүт жума жашашым керек. Бирок жарымын бере алам.
– Эх, Антоша! Сени даңк бузуптур! Майдаланып калыпсың: жолдошторуңа көз артасың, акча мамилелеринде орустун жан дүйнөсүнүн кенендигин жоготупсуң… Кысылып жатасың, иним! Эмне кылсаң дагы – жөтөлүп, жөтөлүп, жакында өлүп каласың… Өз миллиондоруңду кимге калтырасың?
Шайыр мырза мени өз ырастоосунун күбөсү катары ийинге таптады, башын чайкап таарынып, кандай келсе ошондой эле күтүүсүздөн жок болду.
Биз аны менен андан кийин жолуккан жокпуз…
II.
Куприн, Бунин жана Горький Чехов тууралуу эскерүүлөрүн басма сөзгө жарыялаганда, шайыр мырза да өз кезеги келди деп ойлоду.
"Эмнеси бар экен..." – деп ойлонду ал. – "Ванька Арепьевдин менин калемим өткүр деп көп жолу айтканы бекеринен эмес. Аракет кылып көрөлү!"
Шайыр мырза шаар башчыларынын суу түтүк маселесине жоопкерчиликсиз мамилеси тууралуу баштаган фельетонду четке жылдырып, мындай деп жазууга киришти:
Чехов тууралуу эскерүүлөр
Айта кетейин, Чеховду абдан жакын билчүмүн. Биз бир гезитте чогуу иштеп баштаганбыз. Достук мамиледе болгондуктан, мен аны "Антоша" деп эле атачумун.
"Эй, сен, Антошка-картошка!" – деп тамашалачумун.
Аны жакын билгендиктен айта алам, достору аны курчап алган сыйы, сырткы көрүнүшүнө байланыштуу ашыкча мактоолору жана ага сыйынуу сыяктуу мамилелери чындыгында акталбаган нерсе.
Антон Петровичтин боорукерлиги, назиктиги тууралуу айтылган ушактардын көпчүлүгү чындыкка дал келбесин аз эле киши билет. Тескерисинче, маркум жазуучу өзүнүн мурунку кесиптештерине теңсинбегендей, жада калса жек көрүү менен мамиле кылчу, жолугушканда аларды араң таанычудай түр көрсөтчү.
Андан тышкары, жашоосунун акыркы күндөрүндөгү жазуучу сараң болуп калган. Көп учурда чөнтөгүндөгү тыйындарын шылдыратып, жада калса жакынкы муктаж досторуна да акча берүүдөн баш тартчу.
Маркумдун айырмалоочу өзгөчөлүктөрүнүн бири – оройлугу, кээде ал уятсыздыкка чейин жетчү. Мисалы, ушул саптарды жазган адам Антон Павлович белгилүү бир жазуучунун мыкты аңгемесин кандайча орой сынга алганына күбө. Ал жерде болгондордун баарына бул сындын адилетсиз экени, кургак учук менен ооруган жазуучунун таланттуу кесиптештерине болгон оорулуу көрө албастыгынан улам чыкканы айтпаса да түшүнүктүү болчу.
Маркум, албетте, өзүнүн тажатма, созулган ойлоп чыгаруулары, алар элементардык билимсиздиктен алыс болгонуна карабай, белгилүү автордун турмуш чындыгына толгон сонун чыгармаларынын жанында дароо жоголуп кетерин түшүнгөн. "Эмне үчүн биздин шаар башчылары шаардык канализациянын уят абалына көңүл бурбай" деген сыяктуу темалар анын чыгармаларына караганда алда канча актуалдуу болчу.
Баарына кымбат маркумдун терс сапаттарынын катарына, жакындарына белгилүү болгон – спирт ичимдиктерин жакшы көрүүсүн жана өзүнүкүн башканыкынан айырмалай албоосун да кошуу керек. (Ушул саптарды жазган адам унутулгус жазуучунун өзүнүн эски галошторун анын жаңысына кантип алмаштырганын, бир жолу кокусунан эле жүз аарчысынын ордуна таптакыр жаңы салфетканы кантип жашырып алганын жакшы эстейт).
Келечекте Чехов жөнүндөгү ушул эскерүүлөрдүн автору жазуучунун денелик жана адеп-ахлактык келбетин терең жана толук сүрөттөөгө аракет кылат, ал өтө эле эрте өчүп калган (ушунчалык эрте кеткендиктен, ал ушул эскерүүлөрдүн авторунун күмүш портсигарын жана уурдап кеткен үч сом акчасын кайтарып берүүнү унутуп калган)...
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR