Аркадий Аверченко: Индустриянын рыцары

  • 17.06.2021
  • 2931

АҢГЕМЕ

Экөөбүздүн биринчи таанышуубуз, ал экинчи кабаттагы ижаралардын терезелеринин биринен, ошол учурда мен жашаган биринчи кабаттагы бөлмөмдүн терезесинен учуп өтүп — таш жолго кулап түшкөн кезден башталды.

Терезеден башымды чыгарып, ооруп калган жамбашын ушалап жаткан бейтааныш адамдан сылык сурадым:

– Эч жериңиз ооруган жокпу? Балким жардамым тийип жүрбөсүн?

– Кантип жардам керек болбосун? – деди ал мени жылмая карап, экинчи кабаттын терезеси жакка сөөмөйүн кесеп, башы менен ал тарапты көргөзүп койду. – Албетте, жардам керек.

– Андай болсо үйгө кириңиз, – дедим да, терезени жаап, эшикти көздөй бастым.

Ал күлүп-жайнап, көңүлдүү кирди. Колун сунуп, тааныша кетти:

– Цацкин.

– Таанышканыбызга кубанычтуумун... Катуу тийдиңизби?

– Кандай десем, жакшы эле түштүм, бирок чыдаса болот!

– Татынакай аялдын айынан болсо керек?– дедим мен ага көзүмдү кысып. – Хе-хе.

–Хе-хе! Сиз ушул сыяктуу окуяларды жакшы көрсөңүз керек ээ, хе-хе?! Каалайсызбы, мен сизге ага окшогон, биринен-бири кызык аңгемелердин сериясын айтып берейин? Тим эле немис жанры! Түшүнгөн адамдар аны француздардыкынан да жакшы деп жүрүшөт ко.

–Жок, анын мага эмне кереги бар,– дедим ага таң кала карап. – Токтоңузчу… сизди бир жерден көргөндөймүн. Кечээ трамвайдан бир адам сизди түртүп чыгарып салган эмес беле?..

– Сиз жаңылышасыз! Ал үч күн мурда болгон окуя. А кечээ силердин эле көчөдөгү бир үйдүн тепкичинен түртүп жиберишкен. Чынын айтсам, тепкич деген эле аты болбосо... Болгону майда-майда жети тепкичи бар экен.

Менин түшүнбөй аңырайып калганыма бир ар тырчый түшкөн Цацкин бирөөлөргө таарынгансып мындай деди:

–Балакеттин баары, мен алардын өмүрүн камсыздандырып коёюн дегенимден чыкпадыбы. Деги эл деген кызык экен: мен алардын өмүрү жөнүндө кам көрүп жүрөм, алар мени түз эле өлүмгө түртүшөт.

– А сиз  – өмүрдү камсыздандыруу боюнча агент турбайсызбы? – деп тактап сурап койдум жактырбагандай. – Сизге эмне жардам керек?

–Сиз мага бир кичинекей суроого жооп берсеңиз эле жардамыңыз ошол: айтыңызчы, камсыздандыруунун кайсы түрүн тандайсыз — чогулган акчаңызды өмүрүңүздүн аягында аласызбы же кудай өмүрүңүздү узун кылсын,— өлгөндөн кийин мураскорлоруңузга калтырасызбы?

– Эч кандай камсыздандырбайм, – башымды чайкадым. – Тигинисинин да, мунусунун да кереги жок. Калтыргандай жакындарым да жок… мен жалгызмын.

– Аялыңызчы?

– Бойдокмун.

–Анда үйлөнбөйсүзбү, бул оңой эле! Кааласаңыз сонун кыз таап берем, тим эле жутуп жиберчүдөй! Себи он эки миң сомдук, атасынын эки дүкөнү бар! Агасы бир аз алдамчы, бирок өзү ушундай татынакай кыз, таңгаласың. Эртең бошсузбу? Эртең эле барып көрсөңүз болот. Кемсел, ак бешмант кийиңиз. Жок болсо – даярын сатып алсаңыз болот.  «Оборот» – деген дүкөн бар… Биздин фирманыкы…

–Цацкин, мен үйлөнөйүн деген оюм жок, үйлөнө да албайм! Мен үй-бүлөдө жашоо үчүн жаралган жан эмесмин…

– Ой! Эмне үчүн? Эмнеге антип айтасыз? Балким, буга чейин ызы-чуу ичинде жашагансыз го? А сиз коркпоңуз… Муну оңой эле оңдосо болот. Сиздей тынч жашоону жактырган адамдарга кубаныч тартуулачу башка каражат бар. Алты миң китепти бекер таап берем! Андан тышкары да кубаныч тартуулачу толтура нерселер бар! Сыноого коюлган флакончик…

– Флакончигиңизди өзүңүзгө калтырыңыз,– дедим туталанып.

– Мага анын кереги жок. Көрүп турбайсызбы кебетемди. Төбө чачым түшүп, кулактарым делдейип, чекемди бырыш басканы аз келгенсип, кодоюп боюм да кыска…

– Чачыңызбы? Аны оңой эле оңдосо болот. Биздин фирма чыгарган май менен майлап турсаңыз, жаңгак токоюндай коюу чач өсүп чыгат! А бырыштарыңыз менен кулактарыңызбы? Биздин укмуштай аппаратыбыздан алып, жатаарда кийип алсаңыз… Кандай кулак болсо да оңдойт, бырыштарыңыз да жоголот! Боюңузбу? Биздин гимнастикалык жабдыгыбызды пайдалансаңыз, ар бир алты айда эки вершокко өсүп турасыз. Эки жылдан кийин үйлөнсөңүз, а беш жылдан кийин сахнага чыксаңыз болот!

– Мага эч нерсенин кереги жок! – дедим чекемди ушалап.– Кечиресиз, сиз менин нервимди жаман козгоп жатасыз да…

– Нервиңиздиби? Аны тынчтандырабыз!.. Патенттелген бүктөмө муздак душ бар! Краны жана чачыраткычы менен. Сиз интеллегенттүү, жагымдуу адам экенсиз, чачыраткычы менен бир аз кымбат, бирок сизге ошол ылайыктуу!

Мен башымды мыкчыдым.

– Эмне башыңыз ооруйбу? Айтып эле коюңуз: биздин баш ооруга сыйпачу «Мигренин» деген пастабыз бар, канча керек болсо, фирма үйүңүзгө жеткизип берет…

– Кечиресиз,– дедим тиштенип, – суранам, кетип калыңыз. Менин убактым жок. Ансыз да чарчап турам, ишим чачтан көп, макала жазышым керек…

– Чарчайсызбы? – деди ал боору ооруган кишидей. – Мен сизге айтып коёюн, биздин жыйнап-жазып коймо китеп койгон тактабызды алсаңыз чарчабайт болчусуз, окуйсузбу же жазасызбы – каалагандай өйдө-ылдый жылдырып ыңгайлаштырып аласыз... Экөө жети сом, үчтү алсаңыз он сом...

– Жогол!– деп кыйкырдым, жиниме чыдабай титиреп кеттим.– Азыр мобул сыя соргуч менен башыңды талкалай коём!

– Ушул да сыя соргучпу?– деди Цацкин, менин үстөлүмдө турган сыя соргучту кармалап көрүп шылдыңдагансып.– Муну үйлөп койсо учуп кетет ко! Эгерде кааласаңыз, мен сизге малахиттен жасалган оор сыя соргучтардын түрлөрүн сунуш кылам…

Электр коңгуроосунун кнопкасын бастым.

– Азыр келип көчөгө айдап чыгышат!

Цацкин башын ылдый кылып, унчукпай олтуруп калды. Эки мүнөттөй убакыт өттү, мен коңгуроону кайра бастым.

– Коңгуроо болбосоң коё кал,– башын чайкады Цацкин.– Ушундай иштебеген коңгуроонун кереги барбы? Мен сизге мыкты коңгуроо сунуштайм, өзүбүз келип орнотобуз. Болгону жети сом алтымыш тыйын төлөйсүз. Көрүнүшү да мыкты…

Мен тура калып Цацкинди жеңинен кармап эшикке карай сүйрөдүм.

– Кетип калыңыз! Болбосо, азыр менин жүрөгүм жарылып кетиши мүмкүн…

–Кудай сактасын деңизчи, бирок сиз ойлонбой эле коюңуз! Сизди татынакай кылып, экинчи разряд менен көөмп коёбуз. Унаа биринчи разряддай кооздолбойт дечи, бирок жарайт…

Цацкинди сыртка түртүп чыгарып, эшикти бекитип, кайра келип ордума олтурдум.

Бир мүнөттөй убакыт өттү, мен эшик кылдырап жатканын байкап карай койсом, капыстан эле каалга акырын ачылып, Цацкиндин карааны пайда болду:

– Сизге айтып коюшум керек, бул кулпуңуз болбогон нерсе турбайбы... бир чукуп эле ачып алса болот экен! Менде мыкты англис кулпулары бар – бирөө эки сом кырк тыйын, үчтү алсаңыз, алты сом элүү тыйын, а бешөө…

Үстөл тартмасынан револьверимди сууруп чыгып, тишимди кычыратып кыйкырдым:

– Атып салам, иттин баласы!

Цацкин жылмайып жооп кайтарды:

– Мен октон сактоочу зооттун сапатына өзүңүз күбө болор жагдай түзүлгөнүнө абдан кубанып жатам, аны мен азыр кийип турам, атып көрүңүз да, сатып алыңыз. Арзан берем, бир даанасы он сегиз сом, экөө арзан, үчөө андан да арзан. Атыңыз, азыр сапатын өз көзүңүз менен көрөсүз!..

Револьверди таштадым да, жинденген боюнча Цацкинди белинен кучактап, терезеден сыртка ыргыттым. Кулап баратып ал мага кыйкырганга үлгүрдү:

– Жеңиңиздеги илме топчуңуз сапатсыз экен! Учтуу бурчтары бетимди тытып кетти. Африка алтынынан кооздолуп жасалган илме топчуну сунуш кылам, бир даанасы эки сом, үч даанасы...

Мен терезени жаап алдым.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз