Аркадий Аверченко: Балдар жөнүндө

(Психология үчүн материал)

Балдардын ой жүгүртүүсүнө чоңдор дайыма эле түшүнө беришпейт. Алардын  ойлору биздикинен бир башкача жолдор менен кетет; алардын мээсинде пайда болгон ой жоруулардан кандайдыр бир көңүлдү сергиткен жагымдуу жылуу жел согуп турат.

Анда эмесе, эсимде калган майда-барат нерселерден айтып берейин.

I

Бир кичинекей кыз алдыма келип олтурду да, моюнуман бекем кучактап алып мага жомогун айта баштады:

– Илгери-илгери бир пил болуптур. Бир жолу ал чөлдө бара жатып, чарчап уктап калат… Ал түш көрөт. Түшүндө аябагандай ч-о-оң көлгө суу ичкени барган болот. Көл жээгинде к-и-ил-тейген жүз челекте кумшекер салынып туруптур. К-и-ил-тейген челектер. Түшүндүңбү? А каптал жакта ч-о-оң тоо бар экен. Ал тоодо аябагандай жоп-жоон эмен дарагы өсүп туруптур. Ал ошол жоп-жоон эмен дарагынын у-з-уун бутагынан сындырып алып, ч-о-оң челектерди талкалай баштаптыр. Ошол учурда ага ч-о-о-оң, чоңдугу аттай болгон чиркей учуп келет...

– Ой-бой! Сеники баары эле килтейип, чоң боло береби? – дедим анын сөзүн бөлүп. – Сенин көлүң да чоң, эмен дарагың да чоң, чиркейиң аттай болуп кетти, жүз челегиң андан бетер чоң....

Ал көзүмө тике карап, менин жөнөкөй нерсени түшүнбөй жатаканыма таң калгансып, ийинин куушуруп койду:

– А сен эмне деп ойлодуң эле. Ал деген пил да!

– Пил болсо эмне экен?

– Пил деген ошон үчүн пил да, анын түшүнө ч-о-оң нерселер кирет. Анан анын түшүнө кичинекей чыны, чай кашык, бир чакмак кант кирмек беле.

Мен сүйлөй албай калдым. Минтип ойлоп койдум: «Бул кыз уктап жаткан пилдин психологиясын, чоң кишилер анын психологиясын билгенден жакшы билет окшойт».

II

Өзүн өтө маанилүү адамдай сезген үч жашар баланы тиземе алып, сөзүмдү эмнеден баштарымды билбей жөн салды эле суроо узаттым:

– Сен кандай ойлойсуң: менин атым ким?

Ал менин көзүмө карап жооп берди:

– Менин оюмча – Андрей Иваныч.

Маанисиз суроомо туура эмес болсо да, сылык жана өзүнүн баркын түшүрбөгөн жооп алдым.

III

Бир жолу жайында карындашымдыкына конокко барып, түшкү тамактан кийин жатып уктап кетиптирмин. Бир кезде башыма тийген катуу соккудан чочуп ойгондум.

Эмне болуп кеткенин түшүнбөй, көзүмдү ачсам, маңдайымда чоң таяк кармап төрт жашар жээним турган экен. Биз бир саамга бири-бирибизди тиктешишип туруп калдык.

– Сен эмне жеп жатасың? – деп сурады ал кызыгуу менен.

Менин баамымда анын жасаган жоругу менен берген суроосунун тамыры бир, себеби мындай экен: мен уктап жатып бир нерсе чайнап жаткансып оозумду кыймылдатсам керек. Ошол убакта бөлмөгө кирип мени кызыга карап калган бөбөккө менин эмне жеп жатканым кызык болгон окшойт. Анан аны кызыктырган ушул жалгыз суроого жооп алыш үчүн, таяк таап келип, мени башка чаап ойготкондон башка арга тапкан эмес экен.

– Сен эмне жеп жатасың?

Ушундай балдарды кантип жакшы көрбөйсүң?

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз