Дүйшөмамбет Орозалиев: Кудайдын буттары

  • 20.11.2025
  • 296

АҢГЕМЕ

– Элнур ыйлап атыптыр.

– Неге? Таятасы менен жүрө берчү эле го?

– Сагынган окшойт.

– Алып келелиби?

– Жакшы болот эле. Убактыңыз барбы?

– Макул, алып келем.

Шаардан анча алыс эмес тоо түбүндөгү айылга тез эле жетип бардым. Эшик алдында элдикиндей тосмо дубалы да, дарбазасы да жок, бирок башкалардан айырмаланып кире бериште тигилген арчалары бийик теректей өскөн үйгө токтодум. Жаздын күнү көлөкөлөп тамаркасындагы бакта чыгар деген ой менен түз эле ошол жакка бет алдым.

Тартайган эски бактардан ары кошунанын чегарасына чейин кеңири эгилген малина тим эле бажыраят. Алмурут багынын жоон бутагында селкинчек билинер билинбес селкилдейт. Азыр эле балдар селкинчек тээп анан бир жакка басып кетишкендей. Оң тарапта өрүк горолору жапжашыл болуп шилекейиңди күрмөтөт. Тузга малып жесең барбы. Ахх, чиркин...

Алма түйө элек экен. Үйдө эч ким жок. Кызык. Өздөрү тоодо туруп да; андан өйдө пикникке кетишиптир. Телефондон айтып жол көрсөткөн жагына бардым. Желим баштыкка биртке боорсок карматкан тайэнеси машинага салып берди. Боорсоктон сунуп мага да ооз тийгизди тайэнеси. Уулумдун колундагы миң сомду бир аз кечигип байкап калдым. Карасам, бир жума мурун мен келгенде балмуздак алып же деп берип кеттим эле, ошол купюра экенин жазбай тааныдым. Беш жашар уулум экөөбүз сүйлөшүп келаттык шаарды көздөй. Аябай сүйлөп берди.

– Акчаңды короткон жоксуңбу?

– Тайэнем катып койгон да, тиги муздак чоң үйү бар го, ошого. Ал жакта эч ким жатпайт да.

– Балмуздак, конфетти ким алып берди?

– Таку байкемдин акчасы көп экен.

– Аа. Жакшы экен.

– Неге ыйладың? Сагындыңбы?

– Ооба.

– Кимди сагындың?

– Эжемди.

– Меничи?

– Сизди дагы, апамды дагы.

– Аа. Жакшы.

– Ата.

– Ов.

– Тиги жеңем Кудай жок деди да. Шайтан дагы жок деди.

– Анан.

– Анан мен да жок деп койдум.

– Неге? Кудай бар да.

– Мен Кудай бар, шайтан дагы бар десем Аделя да, Накинай да, жеңем да ишенбеди. Анан мен Кудай жок деп койдум. Ишеништи. Бирок ичимден Кудай бар, шайтан да бар дедим. Апам айткан болчу Кудай бар, шайтан да бар деп.

– Кудай бар, балам. Шайтан да бар.

– Эжем дагы айткан Кудай бар деп.

– Эжең туура айтат.

– Эжем айтат Кудай да, шайтан да өйдө жакта деп. Тээтиги чо-оң бийи-ик дарактарчы...

– Ии.

– Ошолор Кудайдын буттары деген.

– Хе-хе-хе. Ошенттиби эжең? Эжеңдин фантазиясы күчтүү, ээ балам?

– Ооба.

– Ошон үчүн эжеңди сагыныпсың да ээ?

– Ии.

– Эжең туура айтыптыр, балам. Кудайдын буттары, колдору, көзү бардык жерде бар. Эмне иш кылсаң көрүп турат.

– Азыр экөөбүздү көрүп турат, ээ?

– Ии.

– Ата.

– Ов.

– Телефондон оюн ойноп, мультик көрүп отура берсе, балдар зомби болуп калат экен да, ээ?

– Аа. Ким айтты?

– Таку байкем.

– Туура айтыптыр.  

– Ии.

Калган сөздөрү кайдагы бир мультиктин каармандары же чогуу ойногон балдар, күчүк жөнүндө болду.

– Ата.

– Ов.

– Сиздин жумушка барайын дегем.

– Ии.

– Эжем менен байкем барганга болбойт деп койду.

– Аа. Азыр барабыз ээ. Барасыңбы?

– Ии.

Өзүм ушинтип алып эми кооптоно баштадым. Аялым ооруканадан чыккан эжесин сурап келгени жөнөп аткан эртең менен. Келип калбады бекен? Муну көрсө не дейт? Бетинен өөп коймок беле? Жалабыңдын баласыбы десечи?.. Жолотпо бул жерге десечи. Балдар көрсө не дейт? Бир тууган да – энеси башка болсо да... Чоң уулума тааныштырсамбы, жокпу?..

Үйлөнө элек неме азырынча мындай мамилеге даяр болбосо керек деп ойлоп жүрчүмүн. Ишкананын алдына келип токтодум. Үч уулум өздөрү мен табыштаган боюнча объекттин бирөөсүн бузуп, темир тезегин ишкананын чыгыш тарабындагы бастырмага ташып атышкан экен. Ортончусу менен кичүү уулум бир нерселерди ташып атышты. Биз машинадан чыкпай отурдук. Негедир алардын көрүшүн каалабадым. Алардын маанайын бузуп, жан дүйнөлөрүн талкалап алуудан абайладым. Бирок чоң уулум мурда ушул тема боюнча тополоң болгондо аралашып бир аз бышы кулак болуп калган. Терезеден башымды чыгарып, чоң уулумду чакырып койгула дедим. Бир аздан кийин иштеп аткан неме тердеп-булап келип калды.

– Неге чакырдыңыз?

– Отур машинага.

Ал алдыңкы орундукка отуруп суроолуу карады. Мен үндөбөй арткы орундукта отурган уулума ээк шилтедим. Ал карап эле өңү өзгөрө түштү.

– Бул ким?

– Таанышып алсын дедим сени менен,– жылмайымыш болгонум менен кандайдыр бир өзүмдү жек көргөн жийиркеничтүү сезим өзүмдү жемелегенсиди. Чоң уулум оңтойсуз абалда түшүнүп-түшүнбөй, өңү бузулду.

– Азырынча эрте эмеспи...

– Не бар, не жок... Сен эми... Чоң уулумсуң да.

– “Не бар, не жокко” деле эртерек да...

– Ошентсе да...

Ортобузда бир саамга жымжырттык турду. Мен дагы, ал дагы тунжурадык. Негедир кулагымда бир чыңырык жаңырып турду. Чоң уулум эми өзүнө келдиби, бир колу менен желкесин кашыды:

– Эмне максатта алып келдиңиз эле?

Не дээримди билбей, оозуман сөзүм түшүп апкаарып калдым:

– Эми... Сени көрүп койсун дедим да...

Уулум эми жылмая баштады инисин карап:

– Атың ким?

– Элнур...— деди берки да не болуп атканын түшүнбөй. Бир нерсени боолголодубу же түшүндүбү – билбейм, айтор бир башкача ойлуу карап турду агасын. Ал да инисин көпкө карап, мага окшоштурдубу же өзүнүн кичине кезине окшоштурдубу, айтор сырдуу, бирок оңтойсуздана жылмайып:

– Канчада? — деп сураган болду.

– Беште.

Абалды оңдош үчүн сөздү башкага бурдум:

– Бузуп атасыңарбы?

– Ооба. Бүтөйүн деп калдык.

Сөзүбүз уланганы менен ушул ирмем мен үчүн кылымга тете болду. Көзүмдүн тирүүсүндө ушуларды бир тууган катары катыштырып коё алаар бекемин деген ой мээмди жеген тейде кичинекейин апасына жеткирип берүүгө шаардын түндүк чыгыш жагындагы айылга жөнөдүм.

Бир нерсени түшүндүбү билбейм, бир топко чейин үндөбөй отурду. Буга чейин токтобой сүйлөп келаткан эле. Шаардын чоң проспектиси менен шаар четиндеги айланма жолду бириктирген көчөнү оңдоп-түзөп атышкан экен. Кеңейтишет окшойт. Жолдун эки тарабында каз катар тизилип, жайында күндүн табынан, кышында бурганак шамалдан сактоочу асман тиреген кара бактар бир топ суюла түшүптүр. Дарактарды кран, экскаватор өңдүү зор техникалар тамыры менен жулуп жатышыптыр. Көчө бойлоп тамырлары тартайып сулап жатышат көбү. Уулум көрөрү менен кыйкырып жиберди:

– Ата, карасаңыз... Кудайдын буттарын жулуп салышыптыр...

Көздөрү бакырайып, бир нерседен кооптонгондой мени суроолуу карады.

– Алар жаман адамдар тура, балам. Кудайдын буттарына тийбеш керек болчу. Эми Кудай жазасын бергиси бардыр аларга...

Ушинтип айтарым менен кайра эле мээмди “Аларды айтып коём дагы. Жаман адамдар дегидей укукту ким берди мага. Өзүм жакшы адам белем? Өз ачкөздүгүмдү дал ушул бакты жулгандай тамыры менен жулуп таштасам кана...” деген ой чарпып өттү.

Көөдөнүм бир булкуп алгансыды. Уулум терезеден экскаваторду туурап бармагы менен сөөмөйүн улам бириктире чымчый кармап, бир нерсени жулуп салгансып ойноп баратты. Балким ушул ирмемде ал дагы адамдардан “кудайдын буттарын” жулуп алганды үйрөнүп бараткандыр.

Кайра кайткан кезде батыштагы кыпкызыл күндүн узун-кыска нурлары азырынча жулуна элек кара бактардын үстүнөн секирип баратканын карап, бетим да кызарып, айлана да кызарып турду. Алдымдагы жол да узарып, менден качып бараткансыды.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз