Чыңгыз Төрөкулович Айтматов (1928.12.12-2008.06.10) – миң жылда бир жаралган алп талант. Залкар инсан адабий чөйрөнүн гана айкашкасы болбостон, өз кезегинде дүйнөлүк маданий, коомдук жана саясый чөйрөдө да өз ордун тапкан гений. Айтматовдун калеминен жаралган чыгармалар дүйнөнүн канча жүздөгөн тилдерине которулуп, миллиондогон окурмандарын тапты. Анын чыгармаларынын негизинде драма, балет-ораторий, сүрөт, симфония, көркөм фильм сыяктуу өнөрдүн башка жанрларында да канчалаган эмгектер жаралып, адамзаттын руханий кенчине айланды.
Асманда жаркырап тийген жылдыз сыяктуу, Айтматовдун шооласы адамзатка диахрондук жана синхрондук жарык берип турары шексиз. Алмустактан бери адамдар мына ушундай шоолалуу жылдыздардын жарыгы, деми жана сээри менен жер жүзүндө сакталып келе жатса керек. Айтматов ааламы өзүнүн ченемсиз чексиздиги менен ар бир күйөрманын кызыктырып келет. Айтматовго, анын чыгармачылыгына кызыгуу, ага маани берүү – чын мааниден алып айтканда, гумандуулукка, акыл-эстүүлүккө, абийирдүүлүккө кызыгуу, умтулуу деп айтсак жаңылышпайбыз.
Айтматовдун калеминен жаралган көркөм туундулар Кытай окурмандарынын арасында да абдан жакшы кабыл алынган. Өзгөчө, өткөн кылымдын 80-жылдарындагы адабий толкун Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын Кытайда бүтүндөй окурман чөйрөсүнө жетишине себеп болгон. Анткени, ал заман өзүнөн мурдагы катаал, олку-солку, кыйсыпыр түшкөн коомдук жана саясый чөйрөдөн, өзүнөн кийинки он жылдыктагы базар (рынок) экономикасынын арааны ачылып, дүйнөнүн саясый картасында ири өзгөрүш болуп турган кырдаалдардан айырмаланып, руханий кайра телчүүнүн, коомдук, маданий жандануунун желаргысы жүрүп турган убак болчу. Ага шыкак болуп кытайлык жазуучулардын өрнөк алышына ал убакта Айтматовдун мекенинин гана адабияттагы идеологиялык багыты төп келип турган. [1; 88]
Кытай Эл Республикасынын Маданият министрлигинин экс-министри, заманбап жазуучу Ваң Мың: «СССР жазуучуларынан мен Айтматовду абдан жакшы көрөм» – деп айтканы бар. [2;52] Ваң Мың бул сөздү жөн жерден айтпаганын анын Айтматов жөнүндө белгилеген илимий көз караштары, калыс пикирлери толуктап турат. Ошол эле учурда ал Гарсиа Маркес, Эрнест Хемингуей, Франц Кафка, Чыңгыз Айтматов катарлуу төрт жазуучу Кытай жаңы доор адабиятына орошон таасирин тийгизген деген оюн билдирген. [3]
Өз ара адабий таасир, өрнөк алуу, үлгү кармоо сыяктуулар көркөм адабий чыгармачылыкта да дайыма болуп турат. Жалпы адамзатка мүнөздүү түбөлүктүү темаларда узанган жазуучулардан өрнөк алуу жана анын негизинде өзүнүн индивидуалдыгын жаратуу – ар бир жазуучунун колунан келе бербейт. Анткени, өзгөчө жаратман жазуучу гана бирөөдөн үлгү алуу менен бирге, өзүн эч ким кайталай алгыс кылып жаратат эмеспи.
Кытайдын дүйнөгө таанымал көрүнүктүү жазуучусу, 2012-жылы адабият боюнча Нобель сыйлыгынын ээгери болгон Мо Ян да адабий чөйрөдөгү ийгилигине өткөн кылымдын 80-жылдарында жол салган жазуучулардан болуп эсептелет.
Ал өзү да ошол жылдар тууралуу «80-жылдардын алгачкы мезгили азыркы Кытай адабиятынын алтын мезгили эле» – деген оюн билдирген. [4;317] Демек, Мо Ян ошол убакта чет эл адабиятынын таасирине сөзсүз учураган. Анткени, ал убакта жалаң гана улуттук адабияттын көрөңгөсү менен заман талабына жооп берер чыгармаларды жаратуу жана ошондон улам Кытай адабиятын дүйнөлүк аренага алып чыгуу, ал тургай ички окурман чөйрөсүнүн моокумун кандыруу да мүмкүн эмес эле.
20-кылымдын 20–30-жылдарындагы Минго адабияты (1911–1949-жылдар аралыгы) Кытай улуттук адабиятынын көрөңгөсүн пайдаланып, эчак өз бийиктигин жараткан. Кытайда жаңы өкмөт бийликке келген төртүнчү он жылдыкта деле жарым кылым мурдагы изди таптай берүү калемгерлерди моралдык таразадан мүдүрүлтмөк. Анын үстүнө, идеологиялык багыттын нугунда жаңы изденүүлөрдү алып барып, ширелүү чыгармаларды жаратуу замандын талабы болуп калган.
Мо Яндын калем кармап калышына өзү айткандай, алгачында «жявзы (кургак чүчпара) жана тегирменчинин кумар көздүү кызы себепчи болгон» [4;17] менен, кийинки кездерде санаалуу түрдө жана мезгил, коом алдындагы милдетин кыраакылык менен сезип, айрым учурда канжыгага баш байлап роман жазганын айтпай кетсек болбос.
Ошондой учурда, 80-жылдары жаратмандык актап-көктөөнүн берекелүү шартындагы жазуучулардын сап башында турган Мо Ян Айтматовдун таасирине учурадыбы – жок деген суроо өзүнөн өзү туулушу бышык. Ал эми муну иликтөөнүн мааниси эч качан ким-кимден өөдө экенин далдилдөө эмес (керек болсо андай ойлонуунун өзү акмактык, анткени, бул эч качан тараза отурбаган маселе), кайра залкарлардын адабий жаратмандык ашууларындагы чыйырларга көз салып, ошол чыйырлардан келечектин, биз ойлоп, сезип көрбөгөн башка мүмкүнчүлүктөрдүн бар экенин көрө билүүдө, туя билүүдө.
Маселени кабыргасынан коёр болсок, деги эле Айтматов Мо Янга таасир бергенби? Анысына так кесе бир нерсе айтуу кыйын, бирок айрым көз караштардын эпкини бизге да илимий жоромолдук дымак багыштайт. Мо Ян өзүнүн очерк жана макалаларында Гарсиа Маркес, Томас Вулф, Карлос Фуэнтс, Шолохов, Толстой ж.б. советтик жазуучулардын таасирине учураганын айткан. Бирок Айтматовдун аты тилге алынган эмес. Ага карабастан, кытайлык атактуу аскер жазуучу, аскердик адис, сынчы Чяо Ляң Мо Янды Айтматовдун таасирине учураган деген оюн билдирет. Ал Пекин эл радио стансиясынын журналисти Лю Хуэйге берген «Мо Янды алкыштоого сараңдык керек эмес» аттуу маегинде: «Мо Яндын атагын чыгарган “Мөпмөлтүр сабиз” аталышындагы повестинде Айтматовдун “Ак кемесинин” аздыр-көптүр таасирин байкаса болот» [5] – деген.
Эске сала кетсек, «Ак кеме» повести 1970-жылы жарык көргөн. Айтматовго чыгармачылык шан-шөөкөт алып келген бул чыгарма экологиялык темага ык коюу менен бирге советтик түзүлүшкө сын айтса да, расмий тараптын көптөгөн сыйлыктарына татыктуу болгон.
Бүгүн «Ак кеме» дүйнөлүк классика катары дүйнө адабиятында олуттуу орун алып турат. Ал эми Мо Яндын «Мөпмөлтүр сабиз» повести 1985-жылы «Кытай жазуучулары» журналынын 2-санында жарык көргөн. Мо Янга атак ыроолоткон бул чыгарма «Ак кемеден» дээрлик 15 жыл кийин жарык көргөн. «Ак кеме» повестинин кытай тилине которулуп, Кытайда жарык көргөн убактысын эске алганда, аралыкта 4 жыл бар. Анткени «Ак кеме» кытай тилинде 1981-жылы “Чет эл адабияты” басмасынан жарык көргөн «Айтматов прозаларынын» 3 томдугунун алкагында жарыяланган. Демек, Мо Ян «Ак кемеден» ырааттуу өрнөк алууга убакыт жетип ашарлык десек жаңылышпайбыз.
Жогоруда айтканыбыз жазуучу Чяо Ляңдын пикирин чындыкка ыктатуучу материалык шарт толук экенин билдирүү гана. Ал эми Айтматовдун Мо Янга таасирин илимий жактан иликтөө келечектин иши болмокчу.
Албетте, Мо Ян чын эле Айтматовдон таасир алганбы? Кандай жагынан? Конкиреттүү түрдө кайсы чыгармалары деген суроолорго жооп берүү үчүн ар эки жазуучунун чыгармаларын канык окуп чыгуу эң алдыңкы шарт. Айтмакчы, эки залкардын чыгармачылык дүйнөсүнө толугу менен сүңгүш керек. Ал балким бир же бир канча муундун изденгичтик өмүрүнө тете болушу мүмкүн. Илимий изилдөөнүн өз вазыйпасы, орундай турган тапшырмасы болот. Ал эми залкарлардын аруу дүйнөсүнө ар дайым саякаттап туруу эң ириде өзүбүз үчүн керек экенин унутпоо абзел. Кимдин кимге таасир бергенин изилдөө болсо ушул өзүбүз үчүн жасаган абзел иштин алкагында аткарылып калышы мүмкүн.
Пайдаланган булактар:
[1] Dabyt Abdylbary uulu. CH.Aitmatov Research in China. Chingiz Aitmatov Universal Topics. London, 2019 pp.88-97;
[2] 陈爱香: 回顾与反思:中国语境中的艾特玛托夫研究. 河南科技大学学报(社会科学版). 2010(4):51-53 [Эстемелер жана ойлор: Кытай контекстигндеги Айтматов таануу];
[3] 钦吉斯·艾特玛托夫与中国新时期文学. 文艺报. 2019年01月16日 [Чыңгыз Айтматов жана Кытай жаңы доор адабияты];
[4] 莫言文论集/上,新疆人民出版社,2016.6,第317页 [Мо Ян макалаларынын жыйнагы];
[5] 刘慧、乔良:不要吝啬赞赏莫言(采访记录)/乔良微博 [Мо Янды алкыштоодо сараңдык керек эмес].
Бул макала 2023-жылы Өзбекстан Республикасында өткөн “Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк адабияттын кайталангыс сыймыгы” аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары» макалалар жыйнагына киргизилген.
Дабат АБДЫЛБАРЫ уулу, Филология боюнча философия доктору
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR