Мусакун Айбек: Орустун оторчулук доору

  • 17.12.2025
  • 579

(1916-жылдагы Үркүн трагедиясы тууралуу публицистикалык аңгеме)

I.

Кара булуттай каптаган күндөр келди бейпил жаткан калкка. Теңир-Тоо этегинде чакан өңүр Көксай бар эле. Анын жайлоосу бейиштей болчу кадимден калган. Бирок ошол бейиш жери акырындап орус оторчуларынын таманына тебеленди.

Алгач алар “землемер” деген ченеми катуу кишилерин жиберишти. Колдорунда узун жер ченегич шаймандары, тилдеринде жүрөк үшүн алчу сөздөрүн айт баарынан.

— Бул жер бийликтин карамагына өтөт, — дешти опулдаган атчандары. — Элге башка жайыттар жетиштүү.

Эл эмне демек:

— Бул биздин ата-бабанын жери! — деп күңкүлдөшкөнү менен, эл үнү ак падышанын күлтүңдөгөн кишилеринин кулагына шоона эшпеди.

Жайлоолорду «мамлекеттик муктаждык» деп, эгиндик жерлерди «мыйзамдуу көчүрүү» дешчү болду. Кезинде эркин-эмин көчүп-конгон журт эми өз жеринде сырттан келген опузачы оторчуларга жалынып-жалбарар абалга түштү.

Салык көбөйдү. Ар бир төөнүн көлөкөсүнөн, майда малдын туягынан өйдө салык төлөтөр болушту. Болуш-бийлер жалтаңдап, орус администрациясынын буйругуна кыңк этпес болушту. Кара таман эл кантсин мындайда. «Кудай оңунан берсе, бул да өтө турган турмуштур» — деп өзүн өзү сооротконсуйт улам…

II.

Бир күнү эле эл арасында уу-дуу имиш күчөндү:

— Орус падышасы кыргыздарды кара жумушка алат экен!

Бул күчкө толгон эркектерди окоп деген балакет жумушуна тартуу экен.

– Окоп дегени эмне?

– Куралчан аскерлер коргоно турган арык казуу иши…

Журт эмне дээрин билбей, капсалаңдуу күнгө кабылганынан кооптонуулар күчөдү.

— Барбайбыз! Мал-жан, бала-чаканын көргөн күнү эмне болот биз кетсек? – деди кара таман эл.

Элди басынтуу ансайын күчөй берди. Өз эрки менен жашап көнгөн журт тагдырын эми алыста отурган падыша чечип турганы акылына сыйбады караламан калктын.

Бирок бийлик баш ийбегендерди жазалоо керек деп чечти…

III.

1916-жылдын саратан жайында Көксайга түн ичинде орус аскерлери күтүрөп кирип келди. Куралчан. А элдин колунда куу таяк, куу камчыдан бөлөк курал жок эле.

Эл тоо беттеп качты. Кээси чырылдап ыйлаган баласын көтөрүп, кээси малын айдай качып, кээси кары-картаң чал-кемпирлерди аттап-жондоп ала качты карайлап. Чылгый караңгы түндө карбаластаган эл биринен-биринин үнүн ажырата албай, бир гана үрөй учурган кыйкырык жаңырып турду:

— Качгыла-а-аа! Көчкүлө!

Аскерлер куралсыз калктын артынан түшүп, башаламан кыйкырыкта боз үйлөр өрттөлүп, аялдар ыйлап-боздоп, Теңир-Тоо ошол түнү эл муңун көктөгү жылдыздарга кабарлап, кыргыздарга кыямат келгенин түнөргөн караңгы түн да сезди. Баарын жашырды караңгы койнуна…

IV.

Кайда баш калкаларын билбеген калктын бир гана айласы – Кытайга качуу болду. Ашуудан өтпөй каламбы-жокпу деген коркунучтан мурда арттан кууган орус аскеринин сүрү ажал болуп элестеди көзгө. Шордуу кээси жан этинен бүткөн баласын ала кете албай, улоосу жоктон улуп-уңшуп, чыркыраган наристесин жол боюна таштап баса берүүгө мажбур болду.

– Кокус бирөө-жарым боору ачыса, баламды аман-эсен уул кылып алгысы бардыр… – деп Кудайга зарлап, Кудайга тапшырып жөнөй берди кылчактап боздоп.

V.

Кытайга жеткендердин да тагдыры оңой болбоду. Бөлөк эл, бөтөн жер курусун, ачарчылык элди кыйнап турду туш-туштан. Кимдир бирөө ыгын таап жашап кетти, кимдир бирөө жашоо эбин таба албай көз жумуп тынды.

Падыша бийлиги кулаганын укканда гана самсыган эл кайра Теңир-Тоону карай беттеди. Бирок кайсы өрөөнгө барбасын, таланган жер, өрттөлгөн үй, мал-жан аттуу ырыскы калбаптыр.

Эл кайрадан жаңы жашоого үмүт артып, боз үйлөр тигилди, жүрөктөрү акырындап жамалды. Бирок кыргынга кабылгандагы кордук, зар ый — элдин жүрөк толтосуна жебедей сайылган бойдон калды.

Түтөгөн коломтого кайрадан от жагылган менен, коломтонун оту да мурдагыдай жылуу болбой калды элге... Тойгузбай калды...

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз