Кыял Тажиева: Желмаян

  • 18.12.2025
  • 343
  • 1

АҢГЕМЕ

Бурул бул ооруканада иштегенине үчүнчү жыл болот. Мына бүгүн дагы кир шейшептерди жонуна көтөрүп алып чоң корпустун бешинчи корпусуна баратат. Ошол жактан бул шейшептерди жууп, тазалап, үтүктөп, кайра палаталарга алып келет. Былтыр бир аз алдуу-күчтүү болчу, бирок быйыл мурдагыдай эмес. Тизеси какшап ооруй турган болду. Эки тизесинин тең майы кургап бараткан имиш. Көп басса эле, денесин көтөрө албай ооруйт. Жумушту таштап салайын десе, батирдин акчасына тыгын болуп атпайбы алган айлыгы. Баласы-келини менен турат. Күйөөдөн бой калганына көп жылдын жүзү болду.

Кызы Александровка айылында турмушка чыккан. Бир күнү ошол айылга баратса, жолдон эки дунган келиндин кичинекей бир мотоцикл сыяктуу машине айдап кетип баратканын көргөн. Ал мотоциклдин артына кичинекей араба чиркелген экен.

Аял кишинин мындай унаа айдап алганын биринчи көрүшү, көрүп күлүп жибериптир.

- Муну карасаң! - деп маршрутта жанында отуруп бараткан келинди түрттү.

- Ии булар дунгандар. Талаадан түшүмдү ушуну менен эле ташып алышат, - деди бейтааныш келин.

- Аа жакшы экен да. Май деле көп кетпесе керек ээ?

- Мунун электр энергиясы менен иштей тургандары да бар.

- Ал кандай?

- Токко сайып, энергия толтуруп алып, анан айдап жүрө берсе болот. Муну желмаян деп коёт.

- Укмуш го желмаян дегени.

Бурул жонунда көтөрүп бараткан жүгүн көтөрө албай, буту сыздап кетти. Эс алмакка бир аз отура калды.

Анан көпкө ойлонуп отуруп, ошол желмаян болсо кана деп ойлоду. Чын эле ошол желмаян болсо го, минтип куурап оор жүк көтөрбөй, жакшы эле болбойт беле.

Эки жумадан бери эле Өкмөттөн киши келет дешип, жетекчилик жанды койсочу. Качан, кайсы күнү кирип келери белгисиз. Анан күн сайын эле ушу. Тырпырашып, жолуна килем төшөп, кире бериштин айнектерин жаркыратып жуудуруп, шейшептерди эки-күндө бир которттуруп эле тынбай калышты. Жаны тынбай жүрүп, бүт оорусун унутуп калгандай болгон. Эми кайра башталганын кара.

Бурул оордунан араң турду. Баягы оор жүктү кайра жонуна салды. Ушул сапар баары өзгөрүп кетчүдөй эле эс алып жаткансыган. Кайра эле баягы жол, баягы оор жүк, баягы ой. Бир гана ошол жакшы бир идея тапканы. Эми желмаян табыш керек. Ошол оңой экен, ооба. Желмаян табыш керек.

Ушул күнү баягы күтүп жаткан Өкмөт келди. Чоң жыйын болуп жатты.

Бир маалда Өкмөттө иштеген Ташы уулу Булдурсунга сөз берилди.

- Урматтуу догдурлар жана жалпы оорукананын кызматкерлери. Дүйнөдө согуш болуп жатат. Кудая шүгүр биздин өлкө тынч. Ошентсе да сиздер ажалга согуш ачып, өмүр бою тынбай кармашты токтотпой келаткан жоокерсиңер! Биз сиздер менен ар дайым сыймыктанабыз! Биздин өлкөнүн ар бир жаранынын тагдыры, өмүрү сиздердин колунуздарда. Биз өлкө башчысынын атайын эсебинен ооруканага он автобус тапшырабыз!

Булдурсун мырза оорукана директорунун колуна автобустун ачкычтарын тапшырды. Жыйында отургандар дуулдап кетишти.

Булдурсун мырза сөзүн улантты:

- Бул дүйнөдө баарынан да ооруп жаткан адамдын жанында болуу - чоң адамгерчилик! Мен сиздер менен бетме-бет жүз көрүшүп отурганыма сыймыктанып турам. Биз ар бир мекеменин көйгөйүн өзүбүз барып, жеринен чечип келатабыз. Тартынбагыла, жашырбагыла. Эмне маселе жүрөгүңөрдү өйүйт? Ачык айтып, көп маселелерди чечип алсаңар дейм. Себеби, биз бара турган жерлер да көп, чече турган маселелер да арбын. Убагында учуру келип турганда айтып калсаңыздар. Кайра бул ооруканага кайрылууга бизге мүмкүнчүлүк болбой калышы мүмкүн.

Жыйындагылардын көбү сөз алып сүйлөштү. Баардыгы Ташы уулу Булдурсунга каалоо-тилектерин айтып, ыраазычылыгын билдирип жатышты. Бирок бири да талылуу маселе жөнүндө сөз кылышпады. Бурул да булардын арасында болчу. Ооруканада аябай көп го көйгөй. Эмнеге ачык айтышпайт. Көпкө жетекчилик тарапты карап турду. Бири да чечилип бир жанын кыйнап жүргөн иштери жөнүндө жарылып айта алышпай, бултуюп турушат. Бурулдун аябай жини кайнап чыкты:

- Булдурсун мырза! Менде сөз бар! - деп кыйкырып жиберди.

Элдин баары аны дуу карап калышты.

Элдин эң артына да туруп алыптыр, ошончо элдин аралап Булдурсун мырза жакка жеткиче эле бир топ окуя болуп кеткенсиди. Элдин баары аны "Эми буга эмне жок?", "Эми мында эмненин көйгөйү" дегенсип, сүйбөгөндөй узатып карап турушту.

Бурул жеткиче эле элдин мындай мамилесинен жүдөй түштү. Бирок ошентсе да айтмакчы болду.

Бети кызарып, колдору калчылдап, үнү титиреп:

- Булдурсун мырза! Автобус бергениңизге рахмат. Бирок билесизби...- деп энтигип кетти. - Биздин ооруканада биринчи керек нерсе, тазалык эмеспи. Биз оорукананы таза кармаш үчүн көп жан үрөп келебиз, бирок билесизби, биздин корпустар алыс-алыс жайгашкан. Ал корпустан бул корпуска дайыма кир шейшептерди, лабораториялык приборлорду ташыйбыз. Билесизби, биз жөө ташыйбыз. Санитаркалардын көбү улгайып калган адамдар. Бизге негизи кыйын эле. Ошого бир эми он желмаян алып берсеңиз.

Булдурсун күлүп жиберди:

- Желмаян дейсизби?

- Ооба, желмаян. Ага май да кетпейт экен. Анан бизге окшогон аялдар деле айдаса болот экен.

Булдурсун күлүп жиберген соң, кудай берип салды көрүнөт, эл Бурулдун сөзүн аягына чыгара койбой баары кыраан-каткы түшүп күлүп калды.

Бурул элдин мындай реакциясына аябай уялып, бети чымырап, кулагы чуулдап чыкты. Булдурсун эмне жооп айтканын деле уккан жок. Кыскасы, элди аралап жөнөдү. Аба жетпей тамагы кысылып, бир кызык болуп, эшикке атып чыкты.

Өзү олтурчу бөлмөгө кантип жеткенин билбейт. Жүрөгү лакылдап чыгыптыр. Денесинин калтырагы басылбай көпкө отурду. Бир маалда жетекчилик чакырып кетти.

Оорукана директору кабинетинде жини менен ары-бери басып туруптур:

- Эже, сизге ким сөз сүйлөгөнгө уруксат берди? Сөз деп эле сүйлөй бересизби?

- Эмне болду?

- Жок, сизге ким уруксат берди сүйлөгөнгө? - коёнду төбөсүнөн баса калган калтардай опурулду.

- Жанагы Өкмөт өзү айтпадыбы, көйгөйлөрдү...

- Эмне, айт десе эле, былжырап, ойго келгенди оттой бериш керекпи?

- Ой мен ойго келгенин эмес эле, мээмди оорутуп жүргөн эле ишти айттым.

- Сүйлөбөңүз! - деп чаңырып жиберди директор, - Сүйлөбөңүз, жок дегенде мага сүйлөбөй эле коюнузчу... макулбу?

Бурул унчуга албай отуруп калды.

- Кете берсеңиз болот. Мындан кийин сүйлөгүңүз келсе, заведующийге айтыңыз, мага да келбеңиз.Чыга берсеңиз болот!

Директор креслосуна чалкалап, ары жакка карап айланды.

Бурул буулугуп, көп нерсе айткысы келди. Бирок бул келесоонун уга турган деле түрү жок ко.

Бурул унчукпай чыкты.

Өз бөлмөсүнө барса, заведуюший күтүп туруптур.

Деги балээге калган турбаймынбы деп заарканып турду.

Заведуюший да аны уккусу келген жок, бирок анын башын аттап барып сүйлөгөнүнө аябай нааразы болуп, жаш болсо да тил тийгизгенден кайра тартпады.

Бурул ага да унчуга албады.

Иштен айдап жиберсе курубадыбы. Эми ага карыганда ким эле ардактап жумуш бермек эле.

Ушундан соң Бурулга асылбаган киши калган жок.

- Жөн эле отура бербейт белеңиз.

- Кызыксыз, сизге эми эмне кереги бар эле?

- Андай чоң жерде, чоң маселелер чечилип жатканда, андай майда-барат нерселерди айтпаш керек да, - дешип, аябай көпкө ачууланышты.

Бирок Бурулга бул өтө чоң маселе болчу.

Ал эч нерсе эмес, эми ага Желмаян деп ат да коюп алышты.

Бурулга баягы оор жүктү жонуна көтөргөнү кеп болбой калбадыбы. Эми ал элдин шылдыңын, элдин ачуусун анан Желмаян деген атын да көтөрүп жүрүүгө туура келди.

Көзүнө көрүнгөндүн баары эле ошол күн жөнүндө сөз кыла бергендиктен, больничныйга чыгып кетти.

Он күндөн кийин бухгалтериядан бир кыз телефон чалды.

- Жакшысызбы эже, жумушка чыгасызбы?

- Ооба, буюрса эртең чыгам.

- Больничный ачтырдыңыз беле ээ?

Бурул унчукпады.

- Эже, эмне болуп оорудуңуз?

- Негизи мен ооруган жокмун, коом ооруду.

- Коом?

- Ооба.

- Эмнеге?

Оор үшкүрдү:

- Көптөн бери эле ооруйт эмеспи. Бирок жетер жерине жетиптир.

- Сиз оорубасаңыз анда неге жумушка чыкпай жатып алдыңыз?

- Келесоодон жинди болуп кутулдум дегендей болду да, - деп көпкө күлдү Бурул.

Түшүнүп-түшүнбөй тиги кыз деле күлдү.

Жөн эле улуу адамды коштоп койду көрүнөт. Жок дегенде ушунда бир аз эс-акыл бар окшойт деп койду Бурул.

Эртеси Бурул ооруканага жумушка чыкты. Аппак кар жаап коюптур. Эми баягы жүктү кайра жонго көтөрмөй. Жол да тайгак окшойт. Тизесинин оорусу кайра башталат эмеспи...

18.12.2025.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - ChatGPT

    Аңгеменин идеясы (негизги ой) Автор төмөнкү ойлорду жеткиргиси келет: Коом чындыкты айткан адамды эмес, ыңгайлуу унчукпаганды жакшы көрөт. Жөнөкөй эмгек адамдары эң оор ишти аткарып, эң аз бааланат. Коом өзү ооруп калган, бирок муну моюнга алгысы келбейт. Бурулдун: «Негизи мен ооруган жокмун, коом ооруду» деген сөзү — аңгеменин эң күчтүү философиялык жыйынтыгы. Тарбиялык мааниси Акыйкатты айтуудан коркпоо керек Эмгек адамына сый-урмат көрсөтүү зарыл Коом майда деп эсептеген маселе бирөөнүн тагдыры болушу мүмкүн

Комментарий калтырыңыз