Кыял Тажиева: Эх-эх-эхе-ей!

  • 08.01.2023
  • 2341

- Тургула! Эшикте кар эки метр жааптыр!

Жыргал бир укмуш таза дем менен эшикти ачып жиберди. Эшиктен кирген таза аба телефон тиктеп отурган балдарыма жан киргизгенсиди.

- Чын эле мындай кар жаай элегине көп болбодубу!

Мен сүйүнүп эшикке чуркап чыктым. Эки метр эмес, эки карыш кар жааптыр. "Аа Жыргалым, Кочкордо өскөндүк кылат да. Эки метр карды көрө элек экен", - деп ичимден күлдүм. Эки карыш кар болсо да, чын эле мындай кар жаай элегине канча болду.

Кичинекей огороддо куурап калган розаларды, ары дубалдын түбүнө биз төгүп аткан күлдү дагы эки карыш кар бир укмуш керемет акка бөлөптүр. Айлана жаралгандан эле ушундай таза, ушундай аруу, тебелесе да булганбаган, ариет бир жайдай унчукпай мемирейт. Көкүрөгүмө таза дүйнө кирип чыккандай болду. Таза абаны дем алып жетишпей апкаарыдым.

- Мм-ахх!

Чын эле мындай кар жаай элегине канча болду?! Ушундайда тээ бийик тоонун чокусуна чыгып, бир укмуш керилип жаткан талаанын тазарган учурун көрсөң оов! Кана эми ошол талаа?! Кана эми ошол керемет?!

*     *     *

Бала кезимде тоо-талаанын аппак дүйнөсү мени дайыма коштоп жүрөр эле. Ошондо кар чын эле эки метр жаачу. Оо анда кар күрөмөй деген чоң жумуш эле да. Эшик ачылбай калганча кар жаачу. Ошол убакта баары ошондой болчу. Элдин пейили да эки метр кардай эле.

Тоодо Таш-Сарайда, кыштоодо мал бакчубуз. Каникул бүткөндө, кээде айылга түшүп келатканда жөө келчүбүз. Өтө кызыктуу эле да. Бордунун белине жеткенде бүтүндөй Жумгал өрөөнү көрүнөт. Ак бубакка чулганып жаткан Ата-Журт. Сүрөтчү болсом дал ушул көз ирмемди бир урчугун калтырбай тартаар белем. Азыр дүйнөм тарып, кейиген учурда ошол көз ирмемди эстесем баары унутула түшөт. Бир тазарып алам.

Ылдый түшкүм келбей, ошол көз ирмемди көкүрөгүмө сыйдырып алмайынча көпкө тиктеп тура берер элем. Мен ушул керемет үчүн жаралганымы сезчүмүн. Сырдуу да, сүрдүү да дүйнө менен мага көп нерсе айтчудай, ак сакалдуу карыядай калдайып карап турчу.

Күн төбөдө, маңдайыман жайдын күнүндөгүдөй жайдары тийип турат. Бирок ал дагы бу укмуш кереметке суктанып турабы, айтор, карды эритип жиберейин дебей, алпейим жылмаят. Анан ылдыйды көздөй чуркап жөнөйбүз. Ыңгайы келген жерден муз тебебиз. Нуку, Урус, Асел алдыда барат. Кужулдашып бир нерселерди талашып. Болду болбоду алардын талашы Учар жөнүндө. Же атамдын Гүлсарысы менен Тарзаны.

Нуку Урусту чычалатып, улам шакаба чегет. Урустун жини жетер жерине жетти окшойт, Нукуну кууган бойдон кетти. Нуку тоонун боорун көздөй качты. Урус көз жашы менен аралаш кар мен уруп, чуркап баратат. Асел Урус байкесинин ыйлаганына жүрөгү чыдабады окшойт, Нукуну алдынан торой чыгып кармады. Урус жетип барып, экөөлөп аны карга жыгышты. Бийик жааган кар үстүндө күрөшүп жатышат. Оой, киши бою кар экен да. Алар белчесинен өйдө кардан баса албай калгандарына карабай күрөшүп жатышты. А мен тоо-ташты жаңыртып, булардын кылыктарына каткырып бүтпөйм. Булар бири-бирин аруулукка, тазалыкка, мол түшүмгө оонатып жатышкан болчу.

Ээх, бир тууган деген ушу турбайбы. Мен аларга кошулган жокмун. Мени тиги ак карлуу Теңир-Тоо керемети кучагынан чыгарбады. Аны мен унуткум келбей, жолдон да, колдон да түшүрүп жибергенден коркуп кетип баратпаймынбы. Айылга жеткиче дагы үч сааттык жол. Али таза жолдо сапарыбыз узак. Денебизге аппак талаанын таптаза жашоосу сиңип барат.

Биз үшүгөн жокпуз. Ачка болдукпу, жокпу, айтор, тамакты деле эстеген жан жок. Дагы кеч киргенче көп бар. Айылга күүгүм талаш кирип барсак болгону. Анан Нуку боорун көздөй качкан тоонун чокусуна чыгып алып, үйгө жол тартмай болдук. Тоонун чокусуна бири-бирибизге жармашып отуруп, бат эле жеттик. Белчеден карды баскан бизге кызык болду да. Болгондо да өрдү көздөй. Чокуну көздөй! Тоонун чокусуна жеткенде жолдогу чарчаганыбыз бир паста унутулуп эле көңүлүбүз өсө түшүп, кыйкырдык.

- Эх-эх-эхе-ей!

Канча кылымдан бери бир козголбой жашап келаткан тегеректеги аскалар, тоолор биздин үнүбүздү коштоду.

- Эх-эх-эхе-ей!

*     *     *

Ошол кезди эстеп, азыр эле аппак талаа кезип кетким келди. Анан эрксизден:

- Эх-эх-эхе-ей! - деп кыйкырып жибердим.

Баягыдай менин кыйкырыгымды эч ким коштогон жок. Үйдүн дубалдарына, дарбазага жутулуп кеткенсиди. Балам эшикке чуркап чыкты:

- Апа, эмне кыйкырып жатасыз?

Мен ага эч нерсе дебей эле, аны кар менен уруп жибердим. Чочуп кетти. Дагы урдум.

- Аа-аа-аа! - деп кыйкырып келип ал мени кар менен урду.

- Ме сага! Ме сага! - Мен анын кичинекей экенин унутуп эле, кадимкидей аны кар менен катуу ургулай баштадым. Мектептеги классташтар менен кар менен урушкандай эле.

Чын эле мен алар менен ойногонду сагынбадымбы. Мен эми ким менен ойномок элем анан.

- Ии, ии! Мына сага! Мына сага!

Аны чоңдугумду салып карга көөмп салдым. Балам үшүдү окшойт. Ыйлап кирди.

- Үү-үү-үү-үү! Үү-үү-үү-үү! Карачы киймим суу болду! Үү-үү-үү-үү!

Мен болсо моокумум канып, карга чалкаман жатып, каткырып атам. Көңүлүм өсүп кыйкырдым:

- Эх-эх-эхе-ей!

Менин каткырыгыман баламдын ыйы жоголуп кетти. Ал дагы мени коштоп, тура калып, көз жашын аачып атып кыйкырды:

- Эх-эх-эхе-ей!

- Эх-эх-эхе-ей!

- Эх-эх-эхе-ей!

Бишкек. 4-январь. 2023-жыл.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз