Мусакун Айбек: Көлөкөдө жашынган буйрук

  • 22.12.2025
  • 23
  • 1

АҢГЕМЕ

Кыш. Айыл четиндеги эски почта бөлмөсүндө жалгыз адам сокоюп отурду. Терезеден түшкөн боз жарык үстөл үстүндөгү кызыл мөөр басылган жука папкага тик сайылды. Андагы кагаздар эл үчүн эмес, мамлекет үчүн жазылган. Ар бир саптын артында адам өмүрү турганын катчы жакшы билчү. Ичинде балчайта басылган кызыл мөөр бар. Кол тамга – датасы коюлган, бирок адамдын аты жок.

Катчы карыя бул папканы биринчи ирет көрүп отурган жок. Бирок ар жолу ачкан сайын ичи “тыз” дей түшкөнсүйт. Анткени бул кагаздарда күнөө жок, болгону таңууланган тагдырлар бар эле.

“№ 00447. Эл душмандарын аныктоо жана тазалоо.”

Карыянын эсине дароо айыл адамдары түштү: мектептеги тынч мугалим, китепканачы жигит, мечитти тазалап жүргөн кары молдо, согуштан жарадар болуп кайтып, араң баскан жоокер…

Эл душманы деген сөз алардын эч бирине төп келбейт эле. Бирок кагазга туура келчү.

Эртеси түн ортосунда НКВДнын кара машинеси келди. Ал машине кадамдын үнүн узузбайт. Ыйды басып, ысымдарды жок кылчу машине. Бир түндө бир нече үй бош калды. Эртең менен эшиктер жабык, короолордо издер гана калды.

Балдар суроо берди:

— Атам кайда?

Чоңдор жооп бербейт мындайда. Анткени жооптун өзү да кылмыштай туюлат.

Ошол эле күндөрү шаарда парад жүрүп жатты. Үн күчөткүчтөн шаңдуу ыр жаңырып, плакаттарда бир эле жүз — муруттуу, муздак көз караш жылмайып турду.

“Сталин — Советтик элдердин атасы.”

Атасыбы… Ал бирок “аталык” колу менен элди ачарчылыкка салбадыбы... Дан болгону менен, бирок план андан жогору турду. Кампалар кулпуланды, айылдар ээндеди. Суюлду. Балдар шишиктен өлүп, карыялар үнсүз томолонду. Расмий тилде бул “убактылуу кыйынчылык” деп аталды...

Сүргүнгө айдалган күндөрдүн келгеничи: бир түндө бөтөн элдер кайда гана сүрүлбөдү… Поюз вагондордо аба жетпей, суу жок. Бар болгону – номерлер. Документтерде: “Көчүрүү ийгиликтүү өттү. Ким үчүн ийгиликтүү?

Катчы карыя папканы акырын жабарда, колдору калтырап кетти. Бул кагаздардын баары бир адамдын кол тамгасы менен мыйзамга айланганын дадил билчү ал. Бирок ал адамды эч ким суракка албайт. Аны сүрөттөргө илишти, ысымын ырларга кошушту.

Жылдар өттү. Карыя көз жумду. Папкалар архивге кетти. Айылда соңку муундар өсүп чыкты.

Мектеп мугалим тактага жазды: “Улуу Ата Мекендик согушта биз жеңдик! балдар муну жадыбалдай жаттады. Суроо беришкен жок. Уруксат жок эле андай. А суроо бергендердин тагдыры тууралуу тарых да эч унчуккан жок...

Бир бала гана үйүнө келип, чоң атасынан сурады:

— Чоң ата, эмнеге биздин урууда эски сүрөттөр жок?

Чоң атасы узакка унчукпай отурду да, жай үндөдү шыбырап:

— Сүрөттөрдү эмес, адамдарды өчүрүшкөн... – деди сырдуу.

Башка үн катпады. Бала түшүнгөн жок. Бирок ошол эле күнү ал дубалда илинген портретке кадалды. Портрет да унчуккан жок. Анткени – коркунуч мыйзамга, мыйзам адатка, адат сыйынууга айланды. Эл эстебегенди адилет деп, суроо бербегенди тынчтык деп ойлоду. Ошентип Сталин өлбөс адамга айланды.

Ал архивде эмес, унчукпаган эстөөлөрдө, ыйлабаган жетимдерде, “жеңиш” деп гана айтылган тарыхта жашап калды.

Тоталитардык доордун эң чоң кылмышы — кан төгүүдөн мурда эстутумду өлтүрүү болчу. А эстутуму жок коом — өзүнө өзү кайрадан буйрук жазып алган коом.

… Архивдин чаң баскан текчелеринде дагы бир папка бар эле. Анын сыртына “айрыкча маанилүү” деп жазылган эмес. Жөн гана фамилиялар. Кээсине кызыл сызык тартылган. Кээси — кол тийгис…

Ал ысымдар элге тааныш эмес болчу. Аларды атоого тыюу салынган. Алар китеп жазган, мектеп ачкан, эне тилди сактоону кыялданган, элди ойготкусу келгендер эле. Алардын күнөөсү — ой жүгүртүү болгон.

1937-жылдары түн кайрадан калыңдады. Бул ирет эл эмес, элдин эстутуму туткундалды. “Улутчул”, “буржуазиячыл”, “эл душманы” деген сөздөр мурункудай эле даяр турду. Далил талап кылынган жок. Анткени суроо берүүнүн өзү — шек жаратчу.

Атылган денелер көмүлдү. А көмүлгөн нерсе дене эмес болчу. Үн көмүлдү. Сөз көмүлдү. Сөз үчүн күрөшүүгө мүмкүн болбоду.

Жылдар өттү. Айылдарда көчөлөргө алардын аты берилген жок. Китептерден барактары жыртылды. Сүрөттөрдөн жүздөрү кыркылды. Ошентип, далай муун кимге таянып өсөрүн билбей чоңойду.

Кийин, көптөн кийин эл “жеңиш” деп сүйлөй баштады. Бирок ал жеңиштин ичинде кимдердин үнү жок экенин эч ким сураган жок. Суроо бербеген элге жооп да керек эмес болчу.

А портреттер дубалда калды. Архивдер жабык турду. Ал эми маңкурттук — мыйзамсыз эмес, ыңгайлуу абал катары жашай берди. Анткени эстөө оор. Эстебөө — жеңил.

Тоталитардык доор бүттү деп айтылды. Бирок ал доордун эң ишенимдүү мураскери калды, ал — унчукпаган коом.

Эгер бир күн келип, эл архивди эмес, өз эстутумун ачса, эгер “жеңиш” деген сөздүн көлөкөсүнө үңүлүп аңдоого батынса, эгер көмүлгөн ысымдарды кайрадан атаганга жараса, анда бул аңгеме жазылбайт эле...

Азырынча ал тарых уланып жатат...

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Исмаил

    Бул аңгеме — өткөндү эскерүү үчүн эмес, бүгүн унчукпоо кандай коркунучтуу экенин эскертүү үчүн жазылган чыгарма.

Комментарий калтырыңыз