Акын жүрөгү
(Элмирбек Иманалиевдин окуясынын негизиндеги көркөм туюнтма)
– Ушул келиндин кымызы мыкты! – деди жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочу Суусамыр жээгинде каз катар тизилген четки боз үйдүн босогосун аттатып жатып.
Бейтааныш меймандарга айланта сунулду кеселер. Баары тамшана ууртап макташты:
– Мына, кымыз деген ушундай болсо!
Ошол эле меймандар Кетмен-Төбөдөн кайра кайтып, ошол эле боз үйгө токтошту. Бирок бул жолу башка айдоочу менен келишти. Кеселер айланта сунулду. Баары бири бирин тиктешти…
– Өткөндө кымызды ушул боз үйдөн ичтикпи?..
– Ооба. Керегесин, түндүгүн карабайсыңарбы… Ошол эле.
– Ушул жер, ушул боз үй болчу!
– А эмнеге кымызы суу даамданат? – төрдөгү аксакал арасат кейиди.
– Суу кошулган кымыз бул, – кесенин кырбуусуна эринин тийгизген байбиче да дадил баамдады.
Кымыз сунган келиндин жүзү кызарып кетти заматта. Аны туйган акын үн катты:
– Жо-о… бу келин кымызга суу аралаштырбаптыр… Бээлер сууну көбүрөк ичип койгон турбайбы.
Отургандар дуу күлүп жиберишти. Уялган келин сыртка чыга качты.
Декабрь, 2025-ж.
Канкор
Оң капталыңа оодарыласыңбы, сол капталыңа оодарыласыңбы – түш деген түш. Кай жагыңа оодарылып жатпа, жаман түш жаныңа жай таптырбас. Оң капталың да, сол капталың да жаман түштөн куткарбайт.
Канкорго жаман түштөр алты жылдан бери тынч уйку бербеди.
“Дагы он жыл кантип өтөт?!” – өз суроосуна жооп таппайт канкор. “Ата-энем, бир туугандарым кечирет. Кечирбегенде кайда барышат? Балдарымчы?” – басса, турса, жатса да “... балдарым кабыл алабы?” деген суроодон заарканган канкор колуктусун өлтүрүп алган күндү канчалык эстен чыгаргысы келди, бирок ал окуя тасмадай чубурат көз алдынан.
Бирөөнүн жанын кыйуу – уйку бетин көрсөтпөгөн балээ турбайбы: жыл өткөн сайын балдары, кыздары бой сунуп өсүп келатканы – ичкенин ирим, жегенин желимге айлантты.
Акыры түрмөдөн чыгып, үйүнө барганда кантти? “Апабыздан ажыратканга кантип колуң барды?” – дечү балдарынын сурагына кантип жооп табат? Соттун, тергөөчүнүн сурагы го артта калды. Кудайдын сурагын да көрө жатар. А уул-кыздарына эмне жооп тапса экен?..
Сентябрь, 2024-ж.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR