(Бул аңгеме-фэнтезини адабий өнөктөшүм Жумадил Эгембердиевге арнайм)
Эзелки заманда эмес, бүгүнкү эле чалкеш күндөрдүн биринде көптү көрсө да көөдөнү көр Кыргыз Кудайга наалыды. Асманга кайрылды уңулдап: “Жашоо ушунчалык татаал болорбу? Эмнеге мындай? Эмнеге бийлик оңолбойт? Эл оңолбойт? Пейлибиз оңолбойт?”
Ызасына муунуп, акыры бир чечимге келди: “Кудайга барып, баарын айтпасам элеби!” деди.
Жолго чыкты. Теңир-Тоонун чокусуна жетип, салаңдаган булуттарды үзөңгүдөй теминип, көккө көкөлөйт. Шамал шуулдап-гүүлдөп, асман жолу ачылат. Ээндик. Мейкиндик. Табиятта жок сырдуу жолдо сапарын улайт.
Канча жол басканы белгисиз. Көзүн ачса, нур шооласы агылган каалга туру.
Каалганы какты. Үн чыкты:
– Кире бер.
Жараткандын өзү экен кирсе. Көзү жарык нурдан уялды. Өзү уялбады Кыргыз. Жараткан сурады:
– Келдиңби?
– Келдим, Кудай! – деди Кыргызың. – Жашообуз тозокко айланган үчүн келдим! Сага даттанайын дедим!
– Эмне датың бар?
Кыргыз шыр кетти:
– Жашообуз куруду! Болбой калды. Канча бийликти кубаладык, чекебиз жылыбады. Коррупция токтобой, соттор паракор! Шайлоодо кимиси болбосун калпычы! Эл үмүтү сууду! Өлкөбүздү тозокко айланттың го, Кудайым!
Жараткан аны үн катпай тыңшап, акырын жылмайды.
– Теңир-Тоо жергесин тозокко айланткан менби, өзүңөрбү? – деди Кудай.
Муну уккан Кыргыз селт этти:
– Кантип? Өзүбүзбү? Кандайча өзүбүз?!
— Мен силерге бейиштин төрүн ыроологомун, — деди Жараткан. — Кең өрөөндүү Ала-Тоону бергемин. Суулары мөңкүп аккан Теңир-Тоону, күмүштөй таза булактарды бергемин. Алтын кени мол, ак мөңгүсү эрибеген касиеттүү тоолорду эмне кылдыңар? Баркына жеттиңерби?
Кыргыз тил-ооздон калгансып мелтейди.
Кудай улантты кебин:
— Шайлоодо добушуңарды сатып, чычайган базаркомдорду бийликке алып келдиңер. Тааныш-билишти кызматка көтөрүп, билимдүүлөр эшикте калышты: өз тагдырыңарды миң сомго, бир кап унга алмаштырып...
Нааразы Кыргыз анда да уңулдады:
– Эч болбосо бизге эмне мунай бербедиң? Эмнеге деңиз каттамыбыз жок? Дүйнөдө байып жаткан өлкөлөрдө бизде жок нерселердин баары бар…
Жараткан булуттуу көккө бир көз чаптырды да, сабырдуу үн катты:
– Мен Израилге какыраган чөл бергемин. Алар ошол чөлгө суу чыгарып, гүл өстүрүп, дүйнөгө мөмө-жемиш сатууда. А Сингапурга таштакту, кичинекей эле аралды бергемин. Гүлдөтүп алышты. Алар дүйнөнүн чоң экономикасына айланды. Швейцариячы... жалаң тоо-таштуу жерлерди берсем, алар ошол тоолуу аймакта дүйнөлүк банктарды, илим-билим, маданиятты кандай өнүктүрдү. Силер эле менден суранганды, тиленгенди койбодуңар...
Кыргыздын башы шылк дей түштү.
Кудай кебин улады:
– Байлык – кандай жерге ээ болгонуңда эмес. Байлыкты адам өзү жаратат. Жоктон барды кылат.
Бир маалда Жараткан Кыргызды колдон алып, сыртка жетеледи. Ала-Тоого кол жаңсады:
– Карачы, – деди. – Силерге дүйнөнүн эң кенен-кесир жерин бергенимди.
– Кандайча кенен?! – Кыргыздын оозу аңырайды. – Жерибиз кенедей го… жарытпаган!
Жараткан жылмайды:
– Тоолорду карачы жакшылап. Баарын бүктөп-бүктөп, кабаттап, бир нече катмар жер бергенимди. Агер асман тиреп, ай чапчыган ошол тоолорду жазып, түздөп берсем, силер океандан да чоң, чексиз кең мейкиндиктин ээси болмоксуңар. Бирак андай чексиз жерге ээ болгондон мурда, ушул алаканымдай ырыскы төгүлгөн жерде өзүңөргө бейиш кура алдыңарбы?
Оозу ачылган Кыргыз жооп таппады.
– Бирак, – деди Жараткан Теңир, – кылымдар бою өнүкпөй келгениңердин себеби, кокту-колотто бөлүнүп-жарылып, бирикпей келген элсиңер! Өнүкпөгөнүңөр ошол. Бирин бири көралбас, талаш-тартышы бүтпөс эл кантип өнүксүн?! Кудайды карасаңар боло деги...
Кыргыз Кудайдын оозун тиктеди:
– Кудай, – деди, – демек, биз өзүбүз…
– Ооба, – деди Жараткан. –Тозокту өзүңөр курдуңар.
– А эмне кылышыбыз керек?
– Бир нерсени түшүнгүлө: макул, мага мынча даттанып келипсиң, бейишти да берейин. Аны аздектеп калуу – өз милдетиң. Коррупцияга өзүң каршы тур. Адилеттик үчүн күрөш. Жоопкерчиликти ар бир жаран өзүнө алсын, башкага жүктөбө. Добуш сатканды токтот. Ошондо оңосуң. Адилетсиздикке каршылык кылсаң, соттор оңолот, бийлик оңолот. Элдин аң-сезими ойгонмоюн – жашооң өзгөрбөйт.
Кыргыз желкесин кашыды, дагы бир нерсе айтмакчы болду эле, Жараткан кобуранды:
– Бар эми. Өз тагдырыңды өзүң өзгөрт. Кыргыздын келечеги өз колунда.
Кыргыз көзүн ачты. Ала-Тоо турат алдында. Шамал баягысындай эле, бирок желаргысы азыр башкача угулду. Тоолор кеңейе түшкөнсүп көрүндү. Ал бир нерсени эми түшүндү: Кудай жер берет экен, бирок бейишти — адам өзү курат тура.
Ноябрь, 2025.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR