Азезил жана актриса

  • 05.01.2026
  • 328

Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 2025-жылдын декабрь айында Жалил Садыковдун «Адам жана азезил» драмасынын премьерасы болуп өткөн. Режиссёру Абылбек Болорбек уулу.

Аталган драма мурда бул театрларда коюлганда көбүнчө азезилдин ролун эркек актёрлор аткарар эле. Бул сапар азезилдин ролун актриса Жанар Борисова ойноду. Бул көрүнүш кыргыз театрында өзгөчө жаңылык болду. Андыктан актриса Борисова Жанарага бир канча суроолор менен кайрылдык...

– Азезилдин ролун аткаруу үчүн негизи моралдык даярдык күчтүү болушу керек эмеспи, бул ролго өзүңдү даярдап жүрдүң беле же кокустан роль берилип калдыбы?

– Мага күтүлбөгөн жерден келди. Мен үчүн мойнума эң чоң жоопкерчилик илингендей болду. Негизи бул ролдо эле эмес, кичинекей же чоң роль берилеби, албетте, жоопкерчилик чоң. Бирок бул Азезилдин ролу мага өзгөчө күтүүсүз болду.

– Ролду алып жатканда чочулоо болдубу? Себеби, мындай күчтүү терс ролдорду көбүнчө эркектер аткарат эмеспи.

– Албетте, чынын айтайын, алгач өзүмө ишенбедим, ойной аламбы, колуман келеби деп. Бирок мен актрисамын, колуман келет, жасай алам, ойношум керек деп, болгон аракетимди жумшадым. Мурун да коюлуптур, бирок көргөн эмесмин. Бир чети мага көрбөгөнүм жакшы болуптур, антпесе изденүүм азырак болуп калат беле… Бул ирет колдон келишинче белимди бекем бууп, аябай изденгенге аракет кылдым.

Бул өтө оор образ. Адам моралдык жактан бир топ эле запкы жесе керек. Даярдык учурунда сага кыйын болдубу? Түшкө кирип, жанды кыйнап, бу дүйнөдөн алыстап, өзүнчө түйшүк да тарттыңбы?

– Чынын айтсам, аябай эле кыйналдым. Өзүнчө эле башка дүйнөдө жүргөнсүп, бир нерсе эле болуп жаттым.

Кандай болгон күндө да образ өтө мыкты иштелип чыккан экен. Балким, бул ролду аткаруу менен өзүңө бир жаңы ачылыштарды жасадың?

– Ооба, көп нерсени түшүнгөндөй болдум… Өзүм аябай шашмамын. Мурун “текебер”, “напси”, “өзүмчүл” деген сөздөр жөнүндө кенен түшүнүгүм жок экен, ушул ролдун аркасында түшүндүм. Эң негизгиси – сабырдуулукка үйрөндүм!

– Терс ролдордо актрисалык кудурет күч толук ачылат эмеспи, келечекте Клеопатра, Мария Стюарт, Жанна д`Арк сыяктуу мүнөздүү образдарды жаратууга мүмкүнчүлүгүң бар экенин далилдедиң. Дагы кандай ролду аткаруу кыялың бар?

– Ар бир актрисанын кыялында өз ролу болсо керек. Менин да кыялым бар! Буюрса, ойнойм... Ачык айтпай эле коёюн, айтсам оорундалбай калчудай боло берет. Кийин көрөсүздөр...

Маектешкен Кыял Тажиева

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз