О`Шакир: Акын-жазуучу, илимпоздорго собол

  • 14.01.2026
  • 306

Абийир болор журт элеңер улутка,
силер ошол озуйпаны унуткан
коом болдуңар кошоматчы, айлакер,
бир-бириңден доолап: “наам майлап бер”.
Кайда экен деп издеп көнгөн пайданы –
силер абийир болмоксуңар кайдагы?
Көтөрдүкпү адабият кадырын?
Бийликтин чаап камчысын да, арыгын:
күткөнүңөр наам, сыйлык, атакпы? –
Баштап не бир ызы-чууну, чатакты.
Жетиш үчүн даражалуу мансапка,
жексурларга мейли жүгүн, жалпакта.
Көтөргөндөй өз даража, баркыңды –
көтөрдүңбү түркөй, баёо калкыңды?
Өстүргөндөй өз беделиң, зоболоң –
эмне жаздың өз элиңди оңогон?
Өрнөгү жок карысы да, жаштары
өзүмчүлдүк өзүңөрдөн ашпады!
Элге керек илим түбүн каздыңбы?
Эл агартар эмгек, китеп жаздыңбы?
Элге мейли болгон менен атактуу,
эмгектерди жайылттыкпы сапаттуу?
Ыр, жомоксуз мектеп, бала бакчалар,
кыргыз тилин тил дейбизби мактанар?
Маңызыңар ким экенин билгизген –
маңкурт болуп өсүп жатат “киргиздер”!
Жеткинчекке шаар, айыл, конуштун
тили артык кыргыз эмес, орустун!
Өз тарыхын билбес элбиз – алсызбыз!
Силер менен сыймыктанган – арсызбыз!
Силерди мен окшоштурам дудукка,
окшоштурам, соолуп калган кудукка!
Силер жазган эмгектердин калпы көп,
силер жеткен наам, сыйлыктын баркы жок!
19.03.23

Адабият журтуна

Бешигиңер – советтик адабият,
баарыңарды мунжу же майып кылган.
Бешигиңер – советтик маданият,
маңкурттуктун үрөнүн жайып тынган!

СССР термелип бешигинен –
мээ чайкалган “таланттар” чыга берген.
СССР гонорар кешигинен –
халтурщиктер жамырап чыга келген!

Там-туң басып, ордуңан кас-кас туруп,
тамтаңдаган башканы туурадыңар.
Том-том китеп жазууну максат кылып,
сыйлык, наамын алсак деп куурадыңар!

Араңардан диссидент чыккан эмес,
эч бирөөсү түрмөгө камалбаган.
Оозуңарга толтура тыккан кебез –
баарың момун, жоош элең. Амал жалаң...

Жазуучулар союзу корооң эле:
кишенетип, маара же мөөрө деген.
Коммунисттер корсулдап ороң эле,
азоо чыкса: тебеле, жөөлө деген!

Жем-чөбүн жеп бийликтин акырынан,
айдагынан ойт берип чыкпадыңар.
Камчы тагы кетпеген такымынан
мал сыяктуу улутту кыктадыңар!

Кык болдуңар кыртышка, кык болдуңар!
Жазуучулар союзу бүгүн дагы
калемгерге жасакер жыш толдуңар!
Өкүмөткө арткың бар жүгүң дагы!

Жүгүнгүлө жаш, карың жүгүнгүлө!
Наам, сыйлыкка жарыша жүгүргүлө!
Атпай журтту караңгы, түркөй кылган
таксырлардын алдына бүгүлгүлө!

Бешигиңер – советтик адабият,
баарыңарды мунжу же майып кылган.
Бешигиңер – советтик маданият,
маңкурттуктун үрөнүн жайып тынган!

P.S:

Жаш калемгер, эркиндик – бешигиңер!
Устакана, дөөтүң бул – адабият!
Тапкыла жол, өзүнчө кешигиңер...
Эски көчтү ээрчиген – арам, уят!
25.10.23

Даанышман

(Авторитардык билим берүү системасына 30 жыл мурда каршылык аракетин кылган белгилүү агартуучу, гуманист Орозали Сайдилканга арноо)

  1.  

Таазим Сизге гуманист!
Көрөгөчсүз, кеменгерсиз, көсөмсүз...
Идеяңыз – урагыс!

  1.  

Биз чоңойдук: башты өйдө көтөрбөй,
мугалимге үн чыгарбай,
оорусак да жөтөлбөй.
Бейбаш, тентек, шок мүнөздүү окуучу
суук тумшук бөтөндөй,
мугалимдин жедик далай муштумун:
таяктарын учтугуй.
Көзгө такап саяр эле,
сөгүш бизге даяр эле!

Мугалимдин жазасына ызалуу,
үйгө келсем, апам кургур,
чебелектеп аяр эле:
“Атаң муну укпасын!
Анык чатак чыкпасын!
Эми жейсиң ур-токмогун атаңдын...” –
апам анан артын жаап катамдын,
түшүп келчү мугалимдин алдына:
талкан, чайын ташынып,
ыр-чырымды ырбатпоого шашылып.

Биз чоңойдук: мугалимге калп айтып,
үйгө келип, үйдө калпты жалпайтып,
жанымды жеп атама:
“Окуум жакшы, андан жакшы тартибим”.
Бир жумада калп айтчумун алты күн!

Биз чоңойдук: эки жүздүү, калпычы!
Бейбаштыктын болбос үчүн арты чуу:
аргасыздан калп айтып,
калпты жымсал жалпайтып...

Биз чоңойдук: жалтак муун,
мугалимдер ийлеп кудум камырдай,
бизди коргой турган адам табылбай...
Дене сыздап келтектен,
көп ыйладым,
сыртка чыгып мектептен...

Жаза күтүп үйдөгү:
койгон үчүн мени бейбаш жаратып,
сөктүм канча Кудайды!
Сөктүм далай дүйнөнү!

Шайтан-шабыр отургансып
эки ийнимдин биринде:
“Азгырба, – деп – болду башка балээге!”
Эртесинде кабылчумун жалаага...

Биз чоңойдук: жерди карап, жалтактап,
шылтоо издеп кайпактап:
калканычтай көрүп калпты, жалганды,
оюбуздан шарт чыгарган шылтоого
мугалимдер, ата-энелер алданды.
Ошол муундун өкүлдөрү
коом мүчөсү болуп канча карганды:
“Өлүп гана кетейин – уурдабадым!”
“Өлүп гана кетейин – билгеним жок!”
“Өлүп гана кетейин – көргөнүм жок!”

Өлгөнү жок бири дагы уурунун,
билбес, көрбөс карматышып куулугун –
улут болдук ошентип жанын жеген,
уурдап мүлкүн, башканын нанын жеген,
калп айткандар – калкынын камын жеген!

  1.  

Сиз көсөмсүз, улутман!
Түбүбүздү куруткан –
калпычылык калбайт калкта оболу –
жайылтмайын Сиздин Усул, Жобону!
Сиз Инсансыз. Даанышмансыз кеменгер...
Нарк, насилдүү баарыбыздан жогору!
11.10.23.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз