Абуталип Амир: Музоо

  • 16.01.2026
  • 138

АҢГЕМЕ

Кара уй түссүз, жупжука тону жаңы жарылып, бүт денесин каптаган былжыраган чарайнасы кургай элек, кулактары башына жабыша, алдыга карай бир аз созулган ичке буттарына ээгин такап кыймылсыз жаткан кара музоого карап, бир аз турду да, бул дүйнөгө керемет бир тирүү жанды алып келгенине ыраазы болгонсуп мөөрөп койду. Анан аны энелик мээрим менен жалай баштады. Музоо эч нерсени түшүнө элек, өң менен түштүн ортосунда, эч нерседен капарсыз жатты.

Уй өз ишин өтө дыкат аткарды. Илешкек чарайнаны шашпай кургата жалап бүтүп, бир гана уйга таандык камкор үн менен "мө-ө" деген кыска үн чыгарды. Мунусу "Кел, кана, аракет кылып тур, эми баарын өзүң үйрөнүшүң керек" дегени. Музоо жашоого жаңы келген башка тирүү жандар сыяктуу эле алсыз аракет жасап, ичке үн менен "мө-ө" деп жооп берди. Анын үнү өтө ишенимсиз, кардыгып чыкты. Бирок мунун "ооба, байкап көрөйүн" деген жооп экенин энеси жазбай түшүндү. Музоо талпынып, ордунан обдулуп турайын деди да, бирок муундары бекип жетише элек алсыз буттары тайталаңдап, эки жолу жамбашы менен жыгылып түштү. "Мө-ө-өө". Бул жолу уй үнүн созо муңайды: "Жыгылып үйрөнгөн туура, жашоодо далай жыгылган учурлар болот… Эң башкысы тең салмактуулукту сактай бил. Негизги салмак арткы буттарга түшөт, ошого баса көңүл бур". "Мө-ө". "Макул, айтканыңызды түшүндүм".

Жаңы эле тонунун ичинде өлүк менен тириктин ортосунда эч нерседен, таптакыр эч нерседен бейкапар жаткан жансыз дене, эми төрөлгөндөн кийин кара баркыттай жылтыраган, капкара жүндүү, ай кабактуу, калкан кулак кара музоого айланып, жээгин жыш өскөн калың тал каптаган дарыянын имерилишиндеги кичинекей аянтта назик, алсыз буттары калт-култ этип, энесинин жанында титиреп турду.

Кара уй бут алдында жаткан көк майсаңды таноосунан чыккан дем менен үйлөп, оттой баштады. Эртең менен күн чыгыш тараптагы асманды толук каптаган кара булуттар акырындык менен тарап, алыстан дарыянын аркы бетинде бири-бирине жөлөнүп созулуп жаткан дөңсөөлөрдүн үстүнөн күн көрүндү. Бүт аалам кызгылт нурга бөлөнүп, айлана күлүмсүрөп коё берди.

Музоо бутуна турса да, дароо басып кетүүгө батына албай, айланадагынын баарына таңыркап, башын бир аз кыйшайтып кыймылсыз, тигиле карап турду: абада ийри-буйру жол сызып, бирин бири кубалаган учушкан ак канаттуу көпөлөктөрдүн жубу мунун бул жашоого келгени менен иши жоктой жарыша узап кетишти; кызыл кабыкчаларында ийненин учундай эле кара чекиттери бар кип-кичинекей кызыл коңуз дал өзүндөй экинчи бир коңузду тескери каратып алып, музоого такыр көңүл бурбастан, бир жакка сүйрөп баратат; шамал тынчып, кайдан экени белгисиз майда чымындар пайда болду; арыраакта, дөңсөөнү каптаган айылды карай созулуп жаткан ийри-буйру жол жээгинде өзү казып чыгарган жаш топурактын үстүнө кагылган казыктай какайып отурган суур ачуу үн менен аңкыштайт; жогоруда түпсүз, туңгуюк көк асман, анын ар кай жеринде самсаалаган булуттар каалгыйт. "Му-өө". "Эй, туугандар, мен жашоого келдим го", - музоо моюнун алдыга созо, алсыз үн салды.

Күтүлбөгөн жерден музоо дарыя тараптан соккон салкын желден, бийиктеген сайын ысыгы артып келаткан күн нурунан дене боюна кубат куюлуп жатканын сезди. Анан мурдуна таноосун жарчудай аңкыган көк чөп жыты, оозуна өмүрү татып көрбөсө да, кандайдыр бир эркинен тышкары туюм менен сезилип турган жылуу ууз-сүттүн даамы келди. Дал азыр күч топтоо үчүн энесинин уузга толуп тырсыйган желинин боркулдатып сормокчу. Бирок ал дароо эле бара койбойт, себеби анын өзү менен кошо туулган, музоого гана таандык кежирлиги кармап турат.

"Тирүүлүк" аталган ааламдын эшигин жаңы эле ачкан музоо, өзү жарык дүйнөгө келген бул өлкөдө азыр базар мамилелерине өтүү процесси жүрүп жатканын, ал эми мындай кескин бурулушка даярдыксыз келген эл, эртең кыска убакыт ичинде аргасыздан муну союп, шаардан келген соодагерлерге жарым кап кантка алмаштырып жибереринен кабарсыз эле.

Казакчадан оодарган Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз