Мухтар Магауин: Ай талаадагы кыштоо

  • 13.04.2022
  • 3576

АҢГЕМЕ

Едиге дал кулагынын түбүнөн чыккандай аркардын дүбүртүнөн чочуп ойгонду. Дүбүрт уламдан-улам алыстап барып, бир оокумда бычак менен шарт кескендей үзүлүп калды. Карлуу мейкиндикке сиңип кетти – деп ойлоду Едиге. Сыртта таң атып келаткан: оймо-чийме кыроо тоңгон кичинекей терезе бозорот. Бөлмөгө эми гана алсыз жарык түшө баштаган. Бурчтарында караңгылык мышык сымал али уктап жатат.

Едиге өзүнүн жалгыз экенин байкады, демек, чоң энеси небак турган. Төрдөгү энесинин төшөгү да бош. Оймолуу туш кийиздин дал ортосунда оозу өйдө карап, кыйшык илинген кош ооз мылтык көзгө көрүнүп калыптыр. Ал – атасыныкы. Ага көпчүлүк: «Кандуу мылтык» – деп ат коюшкан дешет. Атасы эч жаза кетирбес, көзгө атар мерген болуптур. Едиге аны көрбөй калды, эл ошентип айтышат. Бир жолкусунда, ал айылдын үстүнөн учуп бараткан үч өрдөктү бир атып түшүргөн экен. Эки ок менен дароо үч өрдөктү кантип атып түшүрдү, түшүнүксүз. Айтылып калган соң, демек, чындык. Жаңыдан туруп, уйкусу канып сыртка чыккан көп эле кишилер өз көздөрү менен көрүшүптүр. Өрдөктөрдү мылтыктын үнүн угуп чуркап келишкен балдарга кармата бериптир. Жетпей калгандарына: "Ыйлактабагыла, эртең дагы ар бириңе бирден атып беремин", - дептир. Атасы эч качан жалган айтчу эмес. Айттыбы, бүттү. Берешен да болуптур.

Коңшу айылдын жанынан бир ирет дароо төрт аркарды атып алыптыр. Албетте, төрт жолу ок чыгарып. Ошондо бүт айыл жаңы эт жыттанып эле калган дешет. Ак май менен кызыл этке туйтунушуптур ошондо...

Үйгө болсо атасы бир кесим эле эт көтөрүп келиптир. Чыныгы мергендин мүнөзү дал ошондой болууга тийиш – дейт чоң энеси. Бул аймакта атасынан ашкан мерген эч качан болгон эмес. Көзгө атаар мерген болчу дешет. Эмнеге көзгө аткан, түшүнүксүз. Балким, кандай кыйын мергенчи экенимди эл көрсүн десе керек. Бирок атасы антип мактанчу эмес. Жөн гана теңтуштарынын арасында биринчи болгон – дейт, чоң энеси. Аскерге да эч ким бара электе, алгач кеткен. Чакырык кагаз келери менен дароо кете берген. Биз ал кезде Керман[1] менен дос болчубуз дейт чоң энеси.

Ошондон улам мылтыгын калтырып, согуш болорун билбей кетсе керек. Аскер оюндары менен ойноп, жер кыдырып, кайра келе беремин деген го. Атасы кеткенден төрт айдан соң, кыш чилдеде сен төрөлгөнсүң, бир жарым жашка чыкканыңда согуш башталган болчу, – дейт чоң энеси. Үч жыл болду, атасынан кат жок. Колу тийбей жатса керек. Ысык-суукка, күн-түнгө карабай, күлкү-кубаныч дегенди билбей тиякта согушуп жатат.

Жалаң күчтүү, тың жигиттер. Согуштан баштары чыкпайт, ошону үчүн кат жазууга алардын чолосу жок. Чоң энеси ошентип айтат. Апасы болсо андай эчтемени айтпайт, дегеле унчукпайт. Үндөбөстөн олтура берет. Кээде эч ким көрбөйт дейби, ыйлап-ыйлап алат. Чоң атасы да ошентет. Бирок ал ыйлабайт, эркек да. Болгондо да чоңдордун чоңу. Ал ыйлабайт, бирок капалуу тунжурап олтура берет. Кээде гана оор үшкүрүнүп коёт. Ал, албетте, чарчаганынан. Керээли-кечке ат үстүндө, кой кайтарып жүрсө чарчайт да. Кийинки кездери жатаар алдында жомок айтпай, эски уламыштарды ырдабай калды.

Тышкы үйдөн бышылдаган үн чыкты. Ал, кайнаган чай, ташып, мешке төгүлүп жатат. Анын жанында чоң энесинин күйпөлөңдөп жүргөнү угулубатат. Эшик кыйчылдап ачылды, ушинтип көпкө чейин жабылбаганда гана түйдөктөшкөн сууктун буусу ички үйгө чейин сойлоп кирет, акыры жабылды. Чаканын жертөлөгө койгон үнү угулду.

– Булак тоңуп калыптыр, сууну араң алдым. Лом менен чукулап, колум такыр тоңуп калды.

– Ай, карагым айе! Чоң атаңа айтсаң болмок.

– Апа! Сиз аркарды көрдүңүзбү?

– Ой, бу ойгонуп алган турбайбы! Эликтайым, – деген чоң энесинин үнү чыкты, – меш ысыганча жата тур, тоңуп каласың.

– Аркарды көрдүңүзбү? – деп жатпаймынбы, апа.

– Э-э, аркарды күнүгө эле көрүп жүрбөйбүзбү, – деди чоң энеси көңүлкош, – алар койго кошулуп оттоп жүрүшөт деп жатпайбы, чоң атаңар.

Едиге чоң атасынын бир жолу: «Аялдын чачы узун, акылы кыска» дегенин эстеди, бирок унчуккан жок. Сурайсыңбы, сурабайсыңбы - пайда жок. Үйдү кире бериш менен төркү бөлмөгө бөлүп турган ортодогу чоң, узун меш отунду жеп гүүлдөйт. Едиге колдорун анын быдырлуу капталына тийгизип көрдү эле, жылып калыптыр. Керебеттин алдынан кытыраган үн чыкты. Ал – чычкан. Анын тиштери кычышат дешет.

Едиге экинчи капталына оодарылды эле, кытырак басылып калды. Төрдөгү ак, бетине сөөктөн оймо салынган бийик керебет, кош ооз мылтыктын иймейген аткычына, кундагынын түшүп калган боёгуна чейин эми даана көрүнүп калыптыр. Эшик кайра ачылды. Кимдир бирөө босогону аттай албай машакаттанып жаткансыйт. Үйгө ичиркенткен суук дагы агып кирди. Бөлмөдө көтөрүлгөн буу асмандагы боз булуттарга окшош. Кыязы, эшик ачылып, бөлмөнү үшүтүп турганды жакшы көрөт окшойт, – көңүлсүз, узак чыйкылдап, араң жабылды. Үйгө кирген киши босогодо өтүгүнөн карды кагып жатты. Чоң атам, андан бөлөк бу, алыскы, ай-талаадагы унутулган кыштоого ким келмек эле?

– Ата, сен аркарды көрдүңбү?

– Көрдүм, Эликтай.

Едиге баш жагында жаткан көйнөгүн шашыла кие салып, жерге түштү. Ал бешке толгондогу туулган күнүнө энеси өзүнүн калың, эски кызыл жол-жол жоолугунан тигип берген жаңы шымын эптеп кие сала тышкы үйгө чыга жөнөдү. Чоң атасы бурчтагы өзүнүн дат баскан темир керебетине тонун таштап, ар бири чыпалактай болуп салаңдап, тоңуп калган муздарды акырын алып жатыптыр.

– Сен аны кантип көрдүң, ата?

– Үйдүн бурчунан чыга калсам, аркар терезенин жанында туруптур, килейген үч жылдык букасы экен.

– Кечээ күнкүбү?

– Ооба. Беш же алты күн болду го, түн киргени биздин короону тегеренип жүрөт.

– Ал эмне издеп жүрөт? – деп сурады Едиге, мештин жанындагы жапыз, тегерек үстөлдү тегерегине баары олтургандан кийин.

– Кыш эмнегедир кечигип жатат, Эликтай, тоодо болсо чөп улам азайып барат. Ошон үчүн биздин малдын чөбүнөн бирдеме мага да артып калабы деп келип жатпайбы. Короону да тоо тосуп, ылдыйда эмеспи, тоодогудай же жакадагыдай суук эмес. Эки күн болду түндүк тараптан шамал урганына. Түндө болсо бороон болуп, кар басып калды. Балким, аны бул жакка суук айдап келгендир... А балким, ал карышкырдан бизге жашынгандыр. Ким билет. Эмнеси болсо да ал биздин короого көнүп алды.

– Мурат болгондо биринчи күнү эле аны атып салбайт беле, – деп, кепке аралашты Эдигенин апасы.

– Жок, Анаржан, сага корголоп келгенди, мейли адам эле эмес, жаныбар болсо дагы өлтүрүү жарабайт. Мурат андай таш боор эмес болчу. Бирок Кайберен тукумун аяган жок, ал да көп атты. Кудай уруп, эми ал башыбызга жамандык болуп тийбесе экен...

– Кой, Маке... – чоң эне анын сөзүн бөлдү, – койгун, Эдигенин чоң атасы, жаман сөздү оозанба. Ансыз деле келиниң тигине, капаланып олтурат. «Ичээр суусу түгөнбөсө, кырк жыл кырчылдашса да аман калат» деген бар. Жамандык болсо небак бизге жетмек. Мага жакшы түштөр кирип атат, былтыркыдай эмес. Муратым тирүү. «Өлгөндөр гана кайрылбайт, чыныгы эр жигит тирүү болсо, кандай болгон күндө да, кишендеп койсо да үйүнө жолун табат», – деп илгеркилер айтышчу. Жакында келет. Согуштун да күнү бүтөт. Биздикилер Керман жерине кирди деп айтып жатышпайбы.

– Э, ким билет. Немистер да советтердин жерине киришкен. Москвага чейин жетишпеди беле. Бирок согуш ошону менен эле бүткөн жок, тескерисинче, кайра тутанган. Ошентсе да качан эки дөө көпкө алышып, бирине бири алы жетпей калганда кимиси катылган кайратын тапса ошонусу жеңет. Мен ошондой болот деп ишенемин. О, Алла, ушул урушту токтотууга бир гана сенин кудуретиң жетет... Ой, биз эмне жайбаракаттанып... күн көтөрүлүп калды, койлорду чыгаралык, – деген карт Мамай кечээки кечки тамактан калган бир үзүм этти жеп бүтүп, кеседеги курут эзилген майлуу сорпону жутуп жиберди да, тура жөнөдү. Ал эки-үч жолу обдулган менен тура албай, ордунан араң турду. – Эликтай, күн суук, көп ойнобо, өткөндөгүдөй бетиңди суукка үшүтүп аласың.

– Айланайын, сен чоң атаңды билесиң да, ал жаман айтайын деген жок. Анын айткандары ошондой эмеспи, жүрөгүңө терең алба, – деди карыган Орункүл Анарга качан Мамай тонунун үстүнөн төө чепкенин кийип, белин чалдыбары чыгып бүткөн жазы куру менен курчанып, буттарын араң сүйрөп үйдөн чыгып кеткен соң. – Бу байкушка да оор. Атка өзү мине албай калды, таштын үстүнө чыкмайын. Бир күнү талаада жалгыз калып калабы деп корком... Жашында кандай жер болсо да шартылдап, баарын башына көтөрүп кетчү, аң уулаганды, куш салганды жакшы көрүп, тайган кармачу эле. Эми карыды, аксакал болуп калды... Илгери: «Ат арыса сөөгү чыгат, эркек карыса денеси кургайт» – дешчү. Мына эми, кандай күнгө жеттик, куураган абышка эртеден-кечке кой кайтарып... Муратжан аман келсе экен. Баары унутулат, түштөй болуп. Эликтай, эмне тамак жебейсиң? Же, бадырагыңды, майдан көбүрөөк кошуп ал.

Эдиге өзүнүн кичинекей, чети сынып, өңү өчкөн жыгач кесесин карады. Көөп, кызарып бышкан буудайдын бадырагы толуп туруптур. Аны апасы чарынан аябай тазалаган соң чоң энеси казанга жакшылап кууруган болучу. Ал бул бүлөнүн эң сыйлуу азыгы. Жалгыз Едигеге гана берилет. Тентек Едиге бул, таңсык тамактын чыныгы баркын кайдан билсин. Чыгдан тарапта кол менен токулган жол-жол бөздөн шырылган узун баштык бар. Ал, ачакей эки учу шыпка бекитилген баканда эки учунан илинип турат. Баштык буудай менен толтурулган. Чоң энеси күнүгө андан эки-үч кочуштап алат да ага ошол буудайдан кууруп берет. Кээде ал баштык жарымына чейин, андан да бөксөрүп кетет. Качан үч-төрт түнөп жетчү өрөөндөгү алыскы колхоздун борборунан ким бирөөлөр келгендин эртеси кайрадан толуп калат. Бирок бакандын эт илген бутагынын көптөн бери бош калганы Едигеге белгисиз. Ал эми чаар баштык ага чоң энесинин жомогундагы жайыл дасторкондой сезилет.

... Кимдир бирөө ийининен акырын жөөлөгөнүн Едиге сезе койду. Ал, Көкдобул деген тайганы. Тамак сурап жатат. «Бирдеме берсең боло!» – дегенсип аянычтуу кыңшылайт. Качан ал оозун ачканда андан сынык, саргарган эски азуулары көрүнөт. Мындай аңчы иттердин башкы куралы болгон узун, курч, алдыңкы тиштери небак түшүп калган. Оозунун четиндеги боз жүнү абышканын кыска алынган муруту сымал жыдып, түлөп бүткөн. Карып бүттү, ит. Аны бир кезде карышкырды коёндой эле баса калчу эле дешет. Түлкүнү алыстан көрө сала кууп, тез эле буйдамга келтирбей жетип алчу экен. Ээгинде да агарып бүткөн бир тал кылы бар. Бул, анын кыраандыгы. Мындай белгиси бар тайгандар мурда эле сейрек эле, азыр такыр эле калбай калды, – дейт, чоң атасы.

Эми кезинде эч нерседен кайра тартпас, жарыштан чарчабас, жүздөгөн таймашта жеңип чыккан кыраандан аркайган сөөктөрү менен өзгөчө чоң, калжайган башы гана калган. Жарымынан жулунуп, азырга чейин айыкпай салбырап жүргөн оң кулагы акыркы, жеңилип калган маскаралуу соңку кармашынын күбөсү. Жаш, азуулары бычактай курч, кайрат-күчү ашып-ташып турган короочу ит Алыпсок Көкдобулдун салтанаттуу жеңиштерин кайдан билсин, аны сыйлабастыгы да ошондон. Негедир сыйлуу бул алжыган немеге бир жолу жугундуну көбүрөөк куюп бергенде Алыпсоктун ичкүптүсү кайнап кетти белем, картаң итти баса калды. Тиштери күбүлгөн жаагы менен өткөн атагы ага эш боло алган жок. Жаш ит Көкдобулду өлтүрө чайнап коймок, иттердин алышканына, арсылдап-каңкылдаганына чуркап чыккан чоң энеси сактап калды. Байкуш Алыпсокко токмок алгач тийди. Ал, бүлөдөгүлөрдүн баарына жек көрүндү, ага баары каршы эле.

Короону дайыма акмалап жүрүүчү карышкырлар аны ошол түнү сүйрөп кетишти. Чоң атасы менен чоң энеси жападан жалгыз короочу итинен ажырап калышканына аябай ичтери ачып жүрүштү. Ошондо Едиге чоң энесинин бирөөгө кара санаба, ал өз башыңа кайрылып тиет дегенин эстеп, Алыпсок дал ошондой болду, – деп ойлоп калды. Ошондо Көкдобул чоң атасынын тышкы бөлмөдөгү керебетинин алдында алты күндөй жатты. Муктаждыгы болмоюн эми да короого чыкпайт. Тамак да жебеди. Кээде гана оор жаратынанбы, кыңшылап алат да, кан толуп жартылай сокур болгон көздөрү менен күнөөлүү тиктеп коюп унчукпай жата берет. Кыязы, кезинде бир серпүү менен өлтүрүп салуучу кайдагы бир короочудан жеңилип калганынан уялып, намыстанып жаткан сымал. Чоң энеси ошентип түшүндүрдү. Ошондон кийин Көкдобул такыр өзгөрдү. Буттарынын чыгып турганы гана болбосо түпкүчтөй түйүлүп алып, мештин жанында жата берет. Уктаганы же ойгоосу билинбейт.

Соксоюп олтуруп алган Көкдобул алдыңкы буттары менен Едигенин ийинин дагы акырын басып койду. «Ачка болуп кеттим, бирдеме берчи» – дегенсийт. Едиге мыртыйган манжалуу колу менен бадырактан кочуштап алып, кийизге төгүп койду. Ит аны жыттап коюп, буту менен дагы Едигенин ийинин басты. Эми Едиге дасторкондун үстүндөгү куруттун сыныктарынан тиштеп көрүп эң катуусун итке таштады.

– Бул байкушка улпактан атала жасап берсек болот эле, эми кайдан... – деди апасы Көкдобулдун тиши өтпөй, улам бир жаагына салып курутту жей албай жатканын карап. – Ун салбасак улпак кайдан болсун.

– Ага түндөгүдөн калган эттин сорпосун көбүрөөк кылып берип койчу, – деди чоң энеси.

Едиге качан таманына сөөк салынган кооз жыгач чананы сүйрөп алып короого чыкканда Көкдобул да анын артынан чуркап чыкты. Таңкы суук жумшара баштаптыр. Чоң, сары тегерек күн Кара-Үңкүр тоосуна араңдап чыгып бараткан сымал. Чокуга чейинки жолдун жарымынан өтүп, жар үстүндө бир алабаканчалык бийикте асылып туруптур. Асман мунарык.

Алсыз күндүн нурларына чагылып, күмүштөй жылтылдаган кар абаны тазалагансып жеңил да, эркин да дем аласың. Айлананы жымжырттык толук баскан. Ак мунарык. Табигат түнкү уйкусунан али ойгоно элек сымал. Үн да, кыймыл да жок... Бул, ак мунарык алдындагы дүйнөнүн дал чордонунда адашып калган эски таш короо, койлордун чаташкан издери, алардын ак карда карарган корголдору бул жерде жашоонун барлыгын кабарлагансыйт.

Едиге бурулуп, каршысындагы Жубар-Тоо тарапка тигилди. Эже-сиңдилердей окшош эки кыр бири-бирине айкалыша суналып жатат. Кечээ эле анын кыштоо тарапты караган күңгөй капталы жарака, учтары менен карарып жатса, бүгүн ак шейшепке оронуп алышкан. Көк-Күрөң аскалары жарым-жартылай карга көмүлүп, кар алдынан көкүрөк кере бой созуп турат. Едиге учу жалпак кесилген асканын биринде аркар кароолдо тикчийип турганын байкай койду. Көгүлтүр-күңүрт асманда ал араң көрүнөт. Едиге кунт коё карап, кароолчунун дал буту алдында дагы бир андан алысыраак та баштарын бир тарапка буруп эс алып жатышкан топ аркарларды көрө салды. Едиге бир бутуна тизелей калып, төө мээлейин чечип ыргытып жиберип, мылтыкты суна мээлеп жаткансып колун сунуп, сөөмөйү менен «машаны» бир нече ирет басып-басып жиберди.

– Пух! Пух! Пух!

Аңгычакты жылуу, нымдашкан жумшак бир нерсе бетин жалмап жиберди, аны Көкдобул жалап жаткан.

– Фу, жинди! – деди Едиге, итиркейи келе бети-башын жыйрып, бетиндеги шилекейди кар менен шашыла аарчыды. – Сен жеткен жалкоосуң, койлорду да кайтарбайсың. Ал тургай оозуңа салып берген тамакты да өзүң жутпайсың. Уктаганды гана билесиң. Андан көрө тоого барып бир-эки аркар кармап келсең боло.

Көкдобул узун, кызыл тили менен жаланып алып, куйругун шыйпаңдата жер карап, ордунан жылган жок.

– Эмне, карыдым дегиң келип турабы? Атам деле карыды, бирок ал кой кайтарып жүрбөйбү. Энем да карыган менен дайыма бир нерседен колу бошобойт. Куке келсин, ошондо көргүлүктү көрөсүң.

Көкдобул кыңшылай карга жата калып оонай кетти, күнөөлүүмүн, туура эмес кылып жүрөмүн, кечирип кой дегенсийт.

– И-и! Коркуп кеттиңби! Болуптур, ыйлактаба. Анда жок дегенде түлкү кармасаң боло. Килейген, чоң, кыпкызыл, узун куйруктуусунан. Кукеге тумак тиктирет элек. Эмнеге башыңды ийкебейсиң? Мээңе эчтеме жетпей жатабы? Акылың жок. Болуптур, анда чана тепкенге кеттик.

Канчалык оюнга кызыккан менен Едиге үйдөн алыс кетпейт. Кыштоонун жанында анча бийик эмес дөңсөө бар, аны Жылгаяк деп атап алган.

Ал, таштан үйүлгөн эски коргон. Азыр ал дагы калың, ак кардын алдында басылып калган. Дөңсөөнүн чокусунда чоң, боз таш – балбал бар. Анын ийини, моюну, башы денесинен ажыратылбай бир, чулу таш, беттери да даана көрүнбөй калган: күн күйгүзүп, шамал үйлөп, жамгыр менен кар жылмалап, адамдык кейпи араң байкалат. Бирок аны Едиге жалаңгыч, өтмө катарыңа чейин өткөн муздак бороондон, жалгыз болсо да караңгы түндөн, карышкырлардын денени ичиркенткен коркунучтуу улуганынан коркпогон эр жүрөк баатыр элестетет. Аны кар жарымына чейин басып калыптыр, куруна тагынган кылычынын сабы гана көрүнөт. Ошондо да ал кейип койбойт, дың дебестен төшүн керип, зыңкыйып турат. Минтип керелден-кечке тикийип турууну ал каалабайт дечи, бирок ал шек алдырбайт. Едигенин ага боору ооруп кетип, башынан сылап койду. Тоңуп калыптыр. Мээлейинен да колдору муздай түштү. Көкдобулдун болсо балбал менен иши жок. Ит эмеспи. Бул ага кадимки эле таш.

– Жүрү, кеттик!

Көкдобул Едигени ээрчий эки-үч секирип, токтой калды. Түндө жааган калың кар эски жылгаякты басып, чананы төмөн сыйгалантпай жатты. Едиге эптеп бир нече жолу төмөн түшкөн соң гана жылгаяк бир аз ачылды. Ошентсе да чана баштагысындай зуулдап жеңил кетпей жатты. Көкдобул болсо аларга байланып алган сымал. Качан Едиге төмөн жылбышканда ал улам бир капталына чыгып, кубана кыңшылап чуркап алса, өйдөгө да кошо машакаттанып чыгат. Бу жолу чана мурдагысынан алда канча алыс барып токтоду. Едиге Көкдобулду күтсө, жок. Келбеди. Артына бурулуп караса – ит кулактарын тикчийтип, мурдун созуп Жуар-Тоо жакты карап туруптур.

Едиге чанасын таштап салып, жогору чыкты. Аркарлардын тобу башаламан Жуар-Тоонун этеги тарапка түшүп келатышыптыр. Едиге Көкдобулду карады, ит тигилерди бакмабы же жапайы мал экенин ажырата албай жаткан сымал. Аркарлар Кара-Үңкүргө алып барчу жолдогу чуңкурга жетип, котолошо токтой калышты. Көпкө турушкан жок. Топтон узун мүйүзү буралган чоң бука алга бөлүнүп чыкты да, калың күрткүнү кечип жөнөдү, артынан калгандары ээрчишти.

Ылдыйда кар терең. Жол башчы бука топтон бир укурук алдыда баратты, ал жиреген күрткүдөн терең из калып барат. Кээде анын денеси карга бүт көмүлүп, аркайган жоон мүйүздүү башы гана араң көрүнөт. Ошондо ал катары менен удаа секирип-секирип, алга жүткүнөт. Анын ак боз төшүнө шагырап муз тоңуп, алар күнгө күмүштөй чагылыша жарк-журк этип, карды чачырата жиреп баратты. Жол башчысын ээрчиген үйүрдө ар кыл: килеңдеген ири букалары да, көрүнүшү көрксүз, чабал мүйүзү артка саал ийрийген ургаачы кулжалары да, мүйүздөрү жаңы гана чыга баштаган бир-эки жылдык жаштары да бар. Букалары кудум сууда сүзүп бараткандай, кардын үстүнөн алардын кара күрөң жону гана көрүнөт. Баары тең каадалуу менменсинишет. Кулжалары менен жаштары канчалык шашып, улам секиришкен менен жол арбыта алышпайт. Манжаларын улам жумуп Едиге аларды санап кирди: «Бир, эки, үч... тогуз, он...» Манжалары жетпей калды. Аркарлар болсо али көп. Төөлөрдүн кербениндей тизиле ээрчишет. Арткылары эми гана төмөнгө аяк шилтешти.

Жол башчысы болсо кургакка чыга келди. Ал силкинип алып, артындагы өз үйүрүнө көз салат, келбети сөөлөттүү, текебер, эркин. Ал, кыязы Едиге менен Көкдобулду байкаса керек, бир аз тынчсыздангансыйт. Алдыга туруп алып: «Тезирээк! Тезирээк! Болгула!» – деп өз тилинде шаштырып жаткандай. Кардан чыга келишкен аркарлар Кара-Үңкүрдүн жантайышы менен кыштоону жандай улам алыстап желип кете беришти.

Капыстан эле Көкдобул төмөн карай атырылып жөнөдү. Едиге аны аркарларды көздөй кетти го деген, бирок ал тетири, кыштоо тарапты көздөй кетти. Едиге эми гана аркарлардын жакын эле жерде экенин байкай койду, бирок ортодо калың күрткү, ит андан өтө албайт. Далайды көргөн ит кары аз тоонун этеги тарапка бет алды. Ал кар чачыратып алыстан айланып баратты. Аркарлар коркунучту сезе коюшуп жөөлөшүп, чуңкурдан чыкканча шашып, чыгаары менен чоң-чоң секирип качып жөнөштү. Жол башчы гана кебелбейт. Ошенткен менен баатырга да жашоо керек окшобойбу, эки-үч чебичтин топтон артта калып, али кардан чыга электигине карабастан оор, карт сөксөөлдөй буралган мүйүзүн артка таштап, мурдун асманга көтөрө алынын бардыгынча тоо тарапка атырылып жөнөй берди. Бирок кезинде далай аркарды камап, алардын сырын жакшы билген ит, көрсө, аны алдаптыр: ал жонго кетчү кары жука жалгыз жолду утурлай чыккан экен, бука артка кайтууга аргасыз болду.

Артта калып, коркконунан баштарын жоготкон чебичтер бири-бирин жөөлөшүп, жол талашып, өздөрү жаңы эле чыккан чуңкурду көздөй кайрадан кача беришти. Чалынып жыгылып бир жылдык улактары жаңы гана салынган терең карлуу жолго удургуй кайтып киришти. Алардын баштары эле араң көрүнүп калды. Жол башчы алардын артынан кирейин дегенсип, бирок антсе ажалын табарын биле койдубу, четке жалт берди. Анын артынан мылтык атым кууп бараткан Көкдобул ачып-көздү жумганча аркардын жолун кесип, теңеле түштү. Едиге буканын чандырына тиш салган итти көргөн жок. Эгерде анын тиштери бүтүн, күчү ашып-ташып турган мурдагы кези болгондо аркардын ичи небак жарылып, ак кар кызыл канга боёло түшмөк. Бирок ал күндөр небак өтүп кеткен, аркар бир секирип алды да зуулап кете берди. Ошентсе да Көкдобул андан калган жок, буканын артынан кууп кырга чыга келди.

Экөөнүн ортосу бир чылбырлык эле болучу. Эми, куушкандар түз, ачык кырга чыга келишкенде Көкдобул мурдагысындай кийиктин артынан сая түшпөстөн саал капталдай кууганын, аркардын болсо сол жакка, Кара-Үңкүр тараптагы жарлуу, өтө алгыс жакка ыктай баштаганын Едиге байкады. Көп өтпөстөн алар көрүнбөй калышты. Едиге канчалык тигилген менен эч нерсе көрө алган жок. Эми оюн да кызыксыз эле. Едиге бир аз чанасын тепкен болду да, саамга ойлонуп туруп, чанасын сүйрөй үйгө жөнөдү.

– Көкдобул аркарларды кубалап кетти, – деди ал кыктарды тазалап, демейде карыган, арык койлор менен али оттогонду биле элек козулар турчу чырпык кашаанын нары жагына чөп салып жатышкан апасы менен чоң энесине. Көрсө, аркарлардын чуңкурду кантип өтүп жатышканын, иттин кубалаганын алар да көрүшкөн экен. Анчейин деле кубанышкан жок.

– Аркарды алгысы бар, өзү карышкырларга жем болуп калбагай эле, – деп кейип койду чоң энеси.

– Э, он беш кыш кечирип, алжып калган итке жапайы кийиктер алдырбай калсын. Өзү жалгыз эле чуркап жүрө бермек беле, жетпей калганда келет азыр, – деген болду апасы.

– Аркарды алмайын ал келбейт, – деп туйтуңдады Едиге.

Чоң энеси да, апасы да үндөшкөн жок.

– Шыйрактан тиштеп алып, жонуна салып алат, – Едиге өзүнчө сүйлөнө берди. – Тамактан тиштеп, жарып салат. Мен аны ат менен барып алып келемин.

Аялдар дагы унчугушкан жок. Акырга чөп салганын уланта беришти.

– Анан үйгө келип: «Эй, ким бар биякта, аркарды аттан түшүр гүлө» – деп кыйкырам. Чоң атам чуркап чыгып түшүрөт. Анан аркарды соёбуз. Терисин сыйрып туруп, эт бышырабыз. Боорун өзүм жейм, кулагын Кукеге жөнөтөмүн. Ал аябай тоюп: «Менин Едигем аркар кармап, чыныгы жигит болуптур!» – дейт.

Аялдар үндөшкөн жок. Чоң энеси нары карап кетти. Апасы батыш тарапка карап улутунуп алды да, дат баскан сынык айрысы менен чөптү шашыла сузуп алып, акырга ыргытып кирди. Анан ал да бурулуп кетти.

– Көкдобул күлүк, – деди Едиге, – ал, айбандардын эң күлүгү коёнго тез эле жетип, куу түлкүнү бат эле басчу деген чоң атам.

Тигил экөө тең унчугушпайт. Нары карап алып күлүп жатышкандай. Атургай апасынын ийиндери да силкилдейт.

– Көкдобул күчтүү, – деп Едиге муштумдарын түйдү, – капталда кой жайып жүргөнүмдө карышкырлар жеп кеткен аркарлардын тарпын күнүгө көрөм, – дейт чоң атам. Эгерде карышкырлар болбогондо аркарлар миң-миң болуп кетмек – дейт, ал. А Көкдобул жок кылган карышкырлардын эсеби жок. Көкдобулга аркар кеп эмес... алардын далайын алган. Өзүңөр деле айпадыңар беле.

Аңгычакты кайдандыр иттин үргөнү угула түштү. Ал үзүл-кесил, аскаларга жаңырып угулуп жатты. Баары демдерин ичине катып, тыңшап калышты. Эми иттин үргөнү ачык угула баштады. Ал, КараҮңкүрдүн киши өтө алгыс аскалары тараптан чыгып жатты. Көкдобул. Ал ачуулуу, көпкө тынып үрүп жатты. Көп өтпөй такыр унчукпай калды. Кайрадан жымжырттык өкүм сүрдү. Кулак кескен жымжырттык. Козулардын чөп кытыратканы, койлордун чүчкүргөнү эле угулат.

Бир козу маарап калды, бирөөсү сүзүп жиберсе керек, басылып калды. Едиге араңдап жатып тепкич менен чатырга чыкты да, асманга көк түтүн буралткан мордун жанына туруп алып Кара-Үңкүр тарапты көпкө карады.

Күн небак тоо үстүнөн көтөрүлүп, асмандагы жүрүшүн улантып жаткан. Айланада күндөн бөлөк жашоонун мыдыр эткен белгиси жок, – дүйнө жымжырт мунарыкка тунуп калган. Көмкөрүлгөн чоң чыныга окшош тоо каардуу; жанагыл аркарларды, буканы да, Көкдобулду да – баарын кошуп жутуп жиберип, эмнеңер бар, дагы бергиле – деп тургансыйт.

Аңгыча жымжырттыкты бузуп иттин үргөнү кайрадан угулду. Эми анын үнүндө алсыздык менен аянычтуу өтүнүч бар эле. Жардамга чакырып жаткан сымал.

– Байкушту карышкырлар курчап алды бекен, – деди чоң энеси. Ал иттин үргөнүн тыңшап турду да: – Жок, карышкырлар жок көрүнөт, –деп кошумчалады.

– Балким, Көкдобул аркар алган чыгар? – деди апасы.

– Ал байкуштун ага тиши калды дейсиңби? Еликтай, четтен алыс тур, кулап кетесиң. Болбосо түш, баары бир эчтеме көрүнбөйт. Анар, түшүрүп койчу, тепкичке жете албайт. Карачы, мурду кызарып, бети көгөрүп кетиптир. Үшүгөн жоксуңбу?

Кара-Үңкүр тараптан Көкдобулдун үргөнү дагы угулду.

– Ал аркар алды, – деди апасы.

– Бир аз күтөлү, балким, келип калар, – деди чоң энеси.

Көпкө күтүштү. Көкдобул келген жок. Мурдагысындай эле үнү бүткөнчө өжөрлөнө үрө берди. Аны ошол жакка байлап койгон сымал.

– Ал аркардын ичин жарып, кетип кала албай кайтарып жатат, – деди апасы.

– Балким, аскадан кулап түшүп жардам сурап жатса керек... – чоң энеси тоо тарапка карап: – Болуптур, – деди да, – кыязы, өзү келбейт көрүнөт, сен барбасаң болбойт, коркпойсуңбу? Ит үрүп жатпайбы, корко турган эчтеме жок. Мен өзүм эле барат элем, карылык да, тоого чыккыдай ал жок.

– Бычагыңызды бериңизчи?– деди апасы.

– Чын эле... ким билет, шайтан алгырдыкы... – Чоң энеси курун чечип, тонун ачты да жеңи жогунун чөнтөгүнөн макисин алып чыкты. – Эгер ал али тирүү болсо кан чыгарып кой. Эркек жок кезде аялга уруксат. «Быссымылда» дегенди унутпа. Бар эми. Таяк алып алгын, басканыңа жеңил, коргонгонуңа да жакшы.

– Койлорду карап тургула.

– Жолуң болсун! Едиге сен чанаң менен кайда баратасың? Тентек болбо, алтыным. Опе-ей, энеңден калгың келбей жатабы, мына, кимдин тууганы көрүнүп турат. Мейли, эне сеники, эч ким талашпайт. Ал азыр келет, үшүп кетиптирсиң, жүрү үйгө, жылынып алып кайра чыгабыз.

... Эт бышымдай убакыт өткөндө гана апасы келди. Колу бош, артында араң баскан Көкдобул. Аксап калыптыр, ар кадамы оорго туруп жатты, таманынан кан агат, жүндөрү жабышып, түйдөктөшүп калыптыр. Апасынын көздөрү кызарып, шишиген.

– Секиргенин эле көрүп калдык,– деди ал, – мени көмөлөтө коюп кете жаздады. – Короонун кашаасына таянып, демин саал басты да: – Көкдобул аны таш буктурмага камап алыптыр. Килейген, алты жашар бука экен, тайдай эле бар. Андай чоң аркарды эч көргөн эмесмин. Мүйүздөрү жоон, калжайып үч буралган экен. Артын аскага такап, итти келтирбей туруптур. Мени алыстан көрө салды. Бир аз туруп, ордунда солгуду да секирген бойдон качып жоголду. Көкдобул кубалап калган жок, качан гана кары жок, жалаң таштакка жеткенде аркар жеткирбей кетти. Көкдобул тамандарынын баарын ташка тилгизип алды. Байкуштун үйгө жеткенге араң алы жетти... – бир саамдык жымжырттыктан кийин: – Бу, каргыш тийгир согуш кыргын болду го, эркектерге, – деди өзүнчө, эч кимге карап да койбостон, – эми бизди минтип, айбандар да шылдыңдачу болушту.

Орункүл байбиче үндөгөн жок. Баарын угуп турса да, Едиге башын колдоруна коюп капталдап жаткан итин моюнунан сүймөнчүктүү кучактады. Ал, жерди тимеле көөдөнү менен көтөрүп тургансыйт. Мен согушка такыр барбаймын – деп ойлоду Едиге, барбайм. Ошенткен менен дал ошол күнү анын көкүрөк тереңинде каалайсыңбы, каалабайсыңбы, адам болуп төрөлгөн соң жашоо үчүн эч талбастан күрөшүүнүн, алтургай керек болсо ал үчүн аянбастан согушуунун да керектиги, жашоонун маңызы да, ачуусу да ошондо экендиги аян сымал келип-кетти.

Которгон Айдарбек САРМАНБЕТОВ

Мухтар МАГАУИН 1940-жылы Семипалатинск облусунун Чубартау районунда туулган. 1962-жылы Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетин, 1965-жылы аспирантурасын бүтүргөн. «Казак адабияты» гезитинде адабий сын бөлүмүн башкарган. Казакстандын Эл жазуучусу, Абай атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Мыкты котормочу. 1997-жылы түрк дүйнөсүнүн мыкты жазуучусу деп табылып, Түркиянын искусство жана жазуучулар фондунун эл аралык «Түрк дүйнөсүнө сиңирген эмгеги үчүн» сыйланган. «Казак тарыхынын алиппеси», «Комуз күүлөрү», «Комуз жана найза», «Көгүлтүр таң», «Тулпардын өлүмү», «Аяндуу кар», «Коогалуу мезгил», «Шахан шер» – адам жолборс», тарыхый «Казак ордосу» ж.б. китептердин автору.

[1] Керман – Германия дегени.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз