Өзбек жазуучусу Нодирабегим Иброхимованын чакан аңгемелери

  • 28.01.2022
  • 5143

Нодирабегим ИБРОХИМОВА 1989-жылы Фергана облусунун Алты-Арык районунда төрөлгөн. 2011-жылы Өзбекстан мамлекеттик дүйнөлүк тилдер университетинин эл аралык журналистика факультетин аяктаган. Өзбекстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Аңгемелери Орусия, АКШ, Индия, Въетнам, Түркия ж. б. мамлекеттердин түрдүү басылмаларында бир нече жолу басылып чыккан. Жазуучулар союзунун 2016-жылдагы «Талант мектеби – VIII» жаш жазуучулар семинарынын катышуучусу. Чыгармачылык фонд тарабынан 2017-жылы 10 миң нускада “Жаныңдагы бакыт” аңгемелер жыйнагы чыгарылган.

Ошондой эле “Көз байлоочу же миң жылдык өмүр”, “Эзүү жана сүйүү”, “Дүйнөдөгү эң бактылуу адам”, “Мен, атам жана Альцгеймер” аттуу авторлук жана “Той белеги”, “Өмүрдүн беш белеги” “Ааламдар согушу”, “Жалын ичиндеги аял”, “Боорукер дөө” аттуу котормо китептери жарык көргөн.

2018-жылы жарык көргөн “Чакан аңгемелер: кечээ жана бүгүн” китебинин түзүүчүсү жана алгы сөз ээси. 2018-жылы “Амарантус” адабий агенттиги өткөргөн сынакта өзбек тилинен англис тилине которулган “Эң мыкты котормо” номинациясында 1-орунга ээ болгон. 2017-жылдын ноябрь айында Швецияда өткөн “Европанын ачык адабияты фестивалы жана китеп форумунда” финалисттердин бири болгон. 2017-жылдын аягында Өзбекстан Жаштар союзунун сыйлыгынын проза багытында «Жылдын эң мыкты жаш калемгери» номинациясын жеңип алган.

ЭНЕ ЖӨНҮНДӨ ОДА

- "Энекем" деген ырыңыз атактуу сыйлыкка ээ болуптур! Куттуктайбыз! - деди журналист акынга.

- Чоң ыракмат! - сыймыктанды акын.

Теле берүүдө телевизордон көрүп кубанган эненин көзүнө жаш келди. Уулу – атагы чыккан акын!

Карылар үйүнүн чырагы өчтү. Эне ордуна жатты.

КАРАҢГЫЛЫК

- Эми укта, кулунум, - деди эне жарыкты өчүрүп.

- Апа! Жарыкты өчүрбө, суранам. Караңгылыктан аябай корком! - деди көзү азиз бала.

КЕЧИГҮҮ

- Такыр эле гүл бербейсиң... – деп кейиди күлгөн аялы.

- Тоюбузда берген элем го! – тамашалады эри.

- Ошого да он жыл болуптур...

- Мен сага дагы деле көп гүл берем. Биздин жашоо алдыда...

Бирок күн сайын гүл базардын жанынан өткөндө ал: "Бир күнү сөзсүз гүл алам!" – деп ойлочу.

... Ал убадасын аткарып, акыры гүлдесте алды. Аны аялынын мүрзөсүнө койду.

"АРТЫКЧА"

- Келиниңизге баланы алдырып сал деп айттым. Төрт бала жетет. Мен дагы деле күнүмдү көрө албай жатам, - деп уулу энесине кайгырды.

- Ошондой дечи... Атаң да сен туула электе бешинчи балаңды "алдырып сал" деп айтканда жакшы болмок экен. Ошондо биз сенсиз байып кетмек белек?

Баланы ток ургандай болду.

ЧОЛОК МАХАБАТ

Жигит майып эле. Дени соо кызды сүйүп калды. Ага жетишүү мүмкүн эмес... Бирок бир керемет болду. Жигит алдыда пайда болуп калган Кыдырды көрүп шашып калды.

- Сүйгөнүңө жетишесиң, уулум. Тилегиңди айт!

Кыдыр жигиттен "Менин буттарым бассын" деген тилекти күткөн эле. Бирок анын оозунан:

- Сүйгөнүм да баса албай калсын, - деген сөз чыкты.

ӨКҮНҮҮ

- Кечирип кой, балам... ошол күнү ылдамдыкты тездеткеним үчүн өкүнүчтөмүн.

Кичинекей мүрзөдөн үн чыккан жок.

АКЫРКЫ ЧАРА

Ырларымды сатам...

Апам катуу ооруп жатат.

АЧЫЛГАН СЫР

Ал киши акыркы сөздү айта электе уктап жаткан баласына жалт карады.

“Кет” деген сөз “кел” деген сөзгө алмашты.

Аял кутудагы каттарды отко ыргытты.

БООРУКЕРДИК

“Ал орозо кармаса да эртеден кечке курулушта, күндүн астында иштеди, абдан ачкаган болсо керек” – деп ойлоду аялы күйөөсүнө унчукпай карап. “Тамакты бая жеп алгам, курсагым ток деп атам”.

"Кош бойлуу болсо да, жакшы ичирип-жедирүүгө мүмкүнчүлүк болбой атат" деп ойлоду эркек аялына күнөөлүүдөй карап. «Ал эки киши үчүн тамактануусу керек. Эң макулу, досумдун үйүндө ифтарлык кылдым дейм".

Табактагы палоо күйөөсү менен аялдын ортосунда турат эле...

Өзбек тилинен которгон Нодирбек ЮЛДАШЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз