Абуталип Амир: Айт намазындагы куттуктоо

  • 21.01.2026
  • 775

(Мыскылдуу аңгемелер)

Урматтуу мусулман калкым! Бүгүн биздер асмандан Алланын нуру жааган күнү, рамазан айындагы орозо туткан отуз күн артта калып, мына, айт намазына чогулуп, Жаратканга сыйынууга келдик. Алды менен ушул улуу майрам менен сиздерди куттуктап коюуга уруксат этиңиздер! Өзүңүздөр азыр эле күбө болгондой, бүгүнкү күн абдан өзгөчө. Ушул майрамыбызды барктап, биздер менен сиздерди куттуктоого атайлап көңүл буруп, алтын убактысын бөлүп, жаш болсо да баш болуп, аймагыбыздын жетекчиси, абдан кадырлуу Жакыбай мырзанын өзү келип отурат…

Ушул жагдайда ал кишиге, өзүнүн мына Алланын ак ниет үйүнө баш бакканы аркылуу – бизди чексиз кубанычка бөлөгөнү үчүн, барктап-баалаганы үчүн, аймагыбыздагы бирден-бир эч кимге жагынбай, эч кимге көз каранды болбой, эч кимдин атак-даңкына, бийлик-мансабына карабай чындыкты түз, бетке айтар "Кайтпас кыраандар" коому атынан жана анын жооптуу төрагасы катары жеке өз атымдан көптөн-көп ыраазычылыгымды айтамын…

Мен бул киши биздин өлкөгө келгени бүтүрүп жаткан, жаркыраган абдан көп иштерине токтолуп отурбаймын. Кылган иштерин санап олтуруу ылайыктуу жер бул эмес, муну мен түшүнөм, агайындар, бирок "жакшынын жакшылыгын айт, нуру ташысын" деген, азаматтын биз үчүн жасап жаткан тоодой иштерин айтпай, кантип аттап кете аласың…

Өзүңүздөр билесиздер, шаарыбыздагы, кала берсе аймагыбыздагы бардык жакшылык ушул кишинин ысымы менен, ушул кишинин даанышман жетекчилиги менен түздөн-түз байланыштуу. Атүгүл башканы мындай койгондо да, быйылкы жылдын жетишкендиктерине эле көңүл буруңуздарчы: Эгин кандай?! Мен өзүмдү билем, эгиндин мындай түшүмүн мурда-кийин көргөн эмесмин. Башка аймактын эгинин, тукуму туздай соолугур чегиртке жалмап, андан калганын коомубуздагы чегиртке сымал зыянкечтер уурдап жатканда (бетке айтам!) мына ушул Жакыбай мырзанын даанышман жетекчилигинин аркасында биздин эгиндин бир башы да корогон жок! Түшүмдү сактап калдык! Келечекте дагы коротпойбуз! Бизге муну, урматтуу мусулмандар, дал бүгүн, төбөдөн жараткандын ырайымы төгүлгөн күнү, Айт күнү айтпай кетүү күнөө, билсеңиздер бул кудайга да жакпайт.

Эми кийинки бир маселе – жылуулук маселеси. Кечээ, кылычын сүйрөп кыш келгенде эл ичинде "облусубузда отун жок экен, жетекчибиздин кечээги айтканы жөн эле көз боёмочулук экен, быйыл кыш бою мектептерде окуу болбойт, тиги экен, бул экен" дегендер да чыкты. Ошондо мен айттым: "Эй, абайласаңарчы, аттан түшө электе “ооп”дебегиле, жөжөнү күздө санайт, Жакыбай мырза "бар" деп айткан экен, демек баары бар, баары бардыгы табылат", - дегем. А эми айткылачы, ушул сөзүм калп болдубу? Шүгүр дейлик, кыш ортосунда от казаны тоңуп калып жаткан, тиги жетекчиге ырыскысы жок башка шаарлардай болгондон кудай сактасын. Өткөндө Жакыбай мырза аймагыбыздын эң алыскы аймагы – Сарысай жеринде болуп кайтты. Жакшы адам жүргөн жер көрктөнүп, гүлдөп кетери белгилүү эмеспи, ошол жерлерде Жакыбай мырза барып кайтканы, ал жактын да көп жылдан бери оңолбой келаткан тиричилиги оңолуп, иштери алдыга жылып, жарыгы жанып, жолдорунун кары күрөлүп, турмуш шарттары оңолууга бурулуш жасагандарын угуп кубанып жатабыз…

Урматтуу айт намазына жыгылам, кудайга сыйынам деп келген мусулман санаалаштар! Бүгүнкү асмандан Жасаган эгемдин ырайымы нур болуп куюлган күнү, Жакыбай мырза тууралуу дагы көп айтса болот эле, ага кийинки сүйлөймүн дегендердин кезеги, байкасам, узарып баратат. Ошондуктан, мына айт намазынын урматына арналган сөзүмдү жыйынтыктап, бүгүнкү күндүн эң башкы, эң маанилүү маселесине өтмөкмүн. Өзүңүздөр билесиздер, күндүзү эч нерсе бүткөрбөй, мээнеткеч элибиздин бары-жогун тартып алуудан башкага акылы жетпей (бетке айтам!), тарап кеткен өкмөтүбүздү алмаштырып, мына куттуу ордуна конуп жаткан айнанайын жаңы өкмөтүбүз, даанышман Элбашы менен макулдаша отуруп, мына биздин Жакыбай мырзаны үзүрлүү эмгеги үчүн өлкөбүздүн эң жогорку ордендеринин бири менен сыйлады. Бул окуя жаңы гана башталып жаткан жылдын алдында болду. Ооба, кымбаттуу мусулмандар, кеч болсо да жакшы дегендей, биз ушул зор, күчтүү эмгектин бааланганына ыраазыбыз, бирок бизге калса, биз Жакыбай мырзага "Элдик Баатырдын" өзүн ылайык көрмөкпүз…

Ошондуктан, ушул кемчиликтин ордун толтуруу үчүн, биз Жакыбай мырзага, "Кайтпас кыраандар" коомунун "Жыл адамы" деген ардактуу наамын тапшырмакчыбыз. Уруксат этиңиздер! Сөз арасында айтып кетүү керек, бул наамдын ээси ким болорун былтыркы жылдын башында эле чечип койгонбуз… Эми аны ушул наамдын ээсине тапшыруу аземи бүгүнкү Жараткандын берекелүү күнүнө туш келгени – бул киши Кудайдын да сүйүктүү кулу экенинин талашсыз далилидир… Наамыңыз кут болсун, Жакыбай мырза! Жараткан эгем, ар дайым Сизге болгон боорукерлик, ырайымын аябасын! Кайсы күндө да даңкыңызды үстөм кылып, душманыңызды бутуңузга таптоо кылып, ырайымы менен бардык жакшылыгын бир башыңызга төгө берсин! Оомийн! Сөзүмдүн соңунда дагы айтарым, бүгүнкү айт намаздарыңар кабыл болсун! Жашасын Жакыбай мырза!!!

Геометрия сабагы

Саламатсыңарбы, балдар, отургула. Бүгүнкү өтүүчү сабагыбыздын темасын жазып алгыла: Сүйрү бурчтун косинусу. Сүйрү бурчтун косинусу деп, жанаша жаткан катеттин гипотенузага болгон катышын айтабыз… катышын айтабыз. Жаздыңарбы?… Токто, токто, эмнеге сабакта төртөөңөр элесиңер, калгандары кайда?.. Жок, сасык тумоолоп жаткандарды сурап жатканым жок, башкаларчы… Мейли, жети адам Нооруз майрамына даярданып жатыптыр, так-так… а калгандары эмнеге келген жок? Кимдин, кимдин чөбүнө? Кимден уруксат сураптыр, ким уруксат бериптир?.. Кудай өзү сактасын, кокус чөпкө, камышка барабыз деп жүрүп, ошолордун бири кырсыкка учураса мени, башкача айтканда мектеп директорун, жоопко тартарын билеби булар? А, кимдин? Төкөнүн чөбүнөбү? Кой ай, аз го, үч бала деген… а-а, 9-класстан дагы төрт бала барбы, анда жакшы, аба ырайы ачык, жол жакшы, кечке жетпей келип калышат…

А тиги экинчи партадагы Аяганова кайда? Мектепке кийүүчү бут кийими жокпу? Ы-мм… Сарбашовчу? Үй бүлөсү көчүп жатыптырбы? Кайда? Шааргабы? Үй сатып ала турган акчасы бар бекен булардын? Уже сатып алып коюшуптурбу? Эл оңой эмес, унчукпай жүрүп… Жарайт, сабагыбызды андан ары улантабыз… Карасаң, "акча жок, акча жок", - деп ыйлаганда көз жашын көл кылат эле го… Сүйрү бурчтун синусу деп… эмне? А, косинусту өтүп жатабызбы?!. Мейли, жаза бергиле, косинус болсо, косинус. Теорема: Сүйрү бурчтун косинусу анын градустук өлчөмүнө… Каап, сындырды го тигил кашка уй тосмону, эй, ким, Окатаев, айдачы тигини… Экөөңөрбү? Экөөңөр барсаңар, экөөңөр баргыла, кимдики өзү? Салимгерейдикиби?.. Элдин чөбүнүн эрте түгөнгөнү кыйын болду, малдарын каңгытып, көчөгө жөн эле коё беришет… "Тосмонун эмне кереги бар" дейсиңерби? "Баары өсүп жаткан дарак жок дейсиңби?" Жок болсо эртең олтургузабыз… Мына силер олтургузасыңар… Келечекти курар силер, эртеңки күндүн ээси, мына силерсиңер… "Жыл сайын жаз сайын олтургузабыз, баары бир өспөйт?" Анда эмнеси бар экен, баягыда мен окуучу кезимде деле олтургузчу элек… ушул жерге. Өспөсө өспөсүн, андан силердин эчтекеңер кетпейт, үйрөнгөнүңөр өздөрүңөргө жакшы… Кыйынчылыкка моюн сунбоо керек… "Ура берсе кудай да өлөт" деген… быйыл чыкпаса, кийинки жылы чыгат… Маселенин өзү ошондо, багыш керек, күтүү керек. Жаш чыбык – өсүп келаткан бала сыяктуу, багууну талап кылат…

Анда эмесе, кайсы жерге келдик өзү? А, ооба, сүйрү бурчтун косинусу анын градустук өлчөмүнө көз каранды эмес дедик. Эми муну далилдейбиз. Адегенде, сүйрү бурч сызабыз да… Тигилер кайда жүрөт эй? Ашканага суу ташып жүргөн трактор кетип калат ко эми. Жарыкбаш мүнөзү кежир неме, ачууланса такыр эле алып келбей коюшу мүмкүн… Бар, чурка Серик, бол, сага айтып атам, дарбазаны ач. Запхозду көрсөң, айткын, бардык идишке суу толтуруп алсын… Кожамсейитов айтыптыр го, быйыл суу ташылбайт, кургакчылык болушу мүмкүн деп… Сыздыңарбы? Сызып койгула… а, сен жалгыз калдыңбы? Жалгыз өзүң жазганда жүрөгүң түшүп калабы, эмнеге сызбайсың? Сызгычың жокпу? Эмнеси болсо да жакшылап тыңдап отур. Эсиңде болсун, сүйрү бурчтун косинусу көз карандысыз чоңдук, себеби… Сауле, сенби? Ооба, эмне болуп кетти? Ким чакырып жатат? Канча жолу айтам силерге, мен сабак берип жатканда телефонго чакырбагыла деп? Ким болсо да баары бир! Мага десе президент болсун! Баары бир, Бушпу, Путинби, анын ар жагында ким дагы ким бар, баары бир!!! Сабак деген сабак!!! А, РайОНОдонбу? Ойбай-ай, айтпайсыңбы, дароо ошентип айтпайт белең жанатадан бери… Инспекторлор келатыптыр дейби? Качан? Каап!.. Ыңгайсыз убакта келаткандарын карачы… Узун сарынын убагы, элдин эти да түгөнүп калгандыр… Мейли, аны бир нерсе кылып чечербиз… Тиги ооруп жаткан мугалимдердин баарына кабар жөнөт, тез кийинип, мектепке жетишсин. Ооруларын инспекторлор кеткенден кийин оорушат, жетишет, өргүүгө чейин бир аз убакыт бар али… Биздин үйгө телефон чалгын, коноктор келатат дегин райондон, итти байласын десең, өздөрү түшүнөт… Завучка айт, үйүндөгү телевизорду, биздикиндеги видикти, уюштуруучунун үйүндөгү журнальный столикти, запхоздун үйүндөгү жумшак орундуктар менен кызыл ала килемчелерди алдыра келип, тигил жабык турган эс алуу бөлмөсүндөгү өздөрүнүн орундарына койдурсун.

Андагы сынган парталарды эмне кылабыз? Аларды подвалга түшүрүп, эшигин мык менен уруп салгыла. Васяга айт, менин жигулимдеги аккумуляторду ордуна салып, мектептин машинесин чыгарсын… Унутпай запхозго айткын, туалетти тазалаттырсын… Тамекинин калдыктарын жок кылсын… Жогорку класстагыларга эскертсин, инспекторлор кеткенче никаких тамеки! Эркек балдарбы? Эркек балдар эмне, кыздардан артык бекен?.. Чыдашсын эки-үч күн, мурундарын курт жеп түшүп калбайт… Тиги Фаина Салимовнанын гүлдөрүн өткөндөгүдөй убактылуу биология кабинетине сурап алсын… Сен коңгуроого чейин ызы-чуу кылбай отура тур, теореманын калганын кийинки жолу далилдейбиз… Көрүп турасың го жумуш көп…

Казакчадан оодарган Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз